ТоктомКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 774 «Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция17.11.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 17-ноябры № 774

Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев