КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-ноябры № 784
"Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкметү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине езгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Ведомосттору, 2000-ж„ № 3, 156-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
52-берене төмөнкүдөй мазмундагы 21-бөлүк менен толукталсын:
"(21) Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 226-2263, 227, 229, 294, 299-2993-беренелеринде каралган кылмыштар үчүн соттолгондор башка соттолгондордон бөлөк кармалып, камераларга жайгаштырылат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти