Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-ноябры № 785
Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу жөнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4 жана 20-беренелерине жана "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Кѳл облусундагы ыйгарым укуктуу өкулүнүн 2015-жылдын 13-ноябрындагы № 453 буйругун көңүлгө алуу менен, дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Бостери айыл аймагында жайгашкан жалпы аянты 7,4 га болгон сугат айдоо жерлери дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төменкүлѳрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда керсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппаратынын агроѳнѳр жай комплекси жана экология бѳлγмγнѳ жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |