Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 792
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү женүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 "Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгертүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ири салык төлөөчүлөрдү аныктоонун критерийлери жана тартиби жѳнүндө жободо:
- 6-пунктунун төртүнчү абзацындагы "20,0 млн сомду жана андан ашыкты;" деген цифралар жана сѳздѳр "30,0 млн сомдон ашыкты;" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |