Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 798
“Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене. Максаттары жана колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзам кооптуу өндүрүштүк объекттерди коопсуз пайдаланууну камсыздоонун укуктук, экономикалык жана социалдык негиздерин аныктайт жана кооптуу өндүрүштүк объектилерде авариялардын алдын алууга жана кооптуу өндүрүштүк объектилерди пайдаланган юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин аталган аварияларды токтотууга жана кесепеттерин жоюуга даярдыктарын камсыздоого багытталган.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөндөгү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) авария – кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган курулмалардын, коммуникациялардын, жабдуулардын, транспорттук жана башка техникалык каражаттардын кыйрашы, бузулушу, контролдонбогон жарылуу, өрт же кооптуу заттардын абага чыгышы;
2) кооптуу өндүрүштүк объекттердин мамлекеттик реестри (мындан ары - мамлекеттик реестр) – бирдиктүү методологиялык жана программалык-техникалык принциптерге негизделген жана Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактар же жеке ишкерлер тарабынан (мындан ары - уюмдар тарабынан) эксплуатацияланган кооптуу өндүрүш объекттери жөнүндө маалыматтар камтылган бирдиктүү маалыматтык банк (маалыматтар базасын башкаруу системасы жана өндүрүштүк объекттердин бирдиктүү маалымат базасы);
3) кооптуу өндүрүштүк объекттерди идентификациялоо (мындан ары - идентификациялоо) – объектини табуу жана кооптуу өндүрүштүк объектинин категориясындагы уюмдун курамына киргизүү жана анын тибин ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныктоо;
4) инцидент – кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулган техникалык түзүлүштөрдүн иштебей калышы же бузулушу, технологиялык процесстин режиминен четтеши, кооптуу өндүрүштүк объектиде иш жүргүзүүнүн эрежелерин белгилеген ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жоболорунун бузулушу;
5) кооптуу өндүрүштүк объект – адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, алардын мүлкүнө, жаратылыш чөйрөсүнө потенциалдуу коркунучу бар жана ал коркунуч авария учурунда ишке ашышы мүмкүн болгон өндүрүштүк объект (ишкана, цех, участок, аянт, ошондой эле өтө кооптуу башка объект);
6) кооптуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жай коопсуздугу (мындан ары – өнөр жай коопсуздугу) – адамдын жана коомдун кооптуу өндүрүштүк объекттердеги авариялардан жана андай авариялардын кесепеттеринен корголгон абалы;
7) кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулуучу техникалык түзүлүштөр – кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууда колдонулуучу машиналар, технологиялык жабдуу, машиналардын жана (же) жабдуулардын системасы, агрегаттар, аппаратура, механизмдер;
8) кооптуу өндүрүштүк объектини техникалык кайра жабдуу - кооптуу өндүрүштүк объекттеги технологиялык процессти өзгөртүүгө алып келүүчү жаңы технологияны киргизүү, кооптуу өндүрүштүк объектини же анын айрым бөлүктөрүн автоматташтыруу, кооптуу өндүрүштүк объектиде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү модернизациялоо же алмаштыруу;
9) өнөр жай коопсуздугунун талаптары – ушул Мыйзамда жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларда камтылган шарттар, тыюу салуулар, чектөөлөр жана башка милдеттүү талаптар;
10) өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы – ушул Мыйзамдын 14-беренесинин 1-бөлүгүндө аталган өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын объекттеринин аларга карата коюлуучу өнөр жай коопсуздугунун талаптарына шайкештигин аныктоо;
11) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперт – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аттестацияланган, өнөр жай коопсуздугу жаатында атайын билимге ээ болгон, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен белгиленген талаптарга шайкеш келген жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын өткөрө турган жеке адам.
3-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук жөнгө салуу
1. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы укуктук жөнгө салуу ушул Мыйзам жана өнөр жай коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылар менен ишке ашырылат.
2. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар төмөндөгүлөргө карата милдеттүү талаптарды белгилейт:
өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ишке, анын ичинде кооптуу өндүрүштүк объекттердин кызматкерлерине, өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперттерге;
кооптуу өндүрүштүк объекттердин технологиялык процесстеринин коопсуздугуна, анын ичинде кооптуу өндүрүштүк объектте авария же инцидент болгон учурдагы аракеттердин тартибине.
4-берене. Өнөр жай коопсуздугунун талаптары
Өнөр жай коопсуздугунун талаптары калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коопсуздук, өрт коопсуздугу, эмгекти жана курулушту коргоо жаатындагы ченемдерге шайкеш келиши керек.
5-берене. Кооптуу өндүрүштүк объекттер
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттерге төмөндөгү объекттер кирет, андан:
1) төмөндөгүдөй түрдөгү кооптуу заттар алынат, пайдаланылат, иштетилет, жасалат, сакталат, ташылат, жок кылынат:
а) тутануучу заттар - кадыресе басымда жана аба менен аралашканда тутануучу жана кадыресе басымдагы кайноо температурасы 20 градус Цельсия же андан төмөн болгон газдар;
б) кычкылдантуучу заттар - кычкылдантуучу-калыбына келтирүүчү экзометриялык реакциянын натыйжасында башка заттардын күйүшүн шарттаган, тутанышын пайда кылуучу жана (же) тутануусуна өбөлгө түзүүчү заттар;
в) күйүүчү заттар - өзүнөн өзү тутанып кете турган, ошондой эле күйгүзүү булагынан тутануучу жана аны алып салгандан кийин өзүнчө күйө берүүчү суюктуктар, газдар;
г) жарылгыч заттар - белгилүү таасирлердин же ички процесстердин натыйжасында жылуулук бөлүп чыгаруу жана катуу күйгөн газдарды пайда кылуу менен жарылууга жөндөмдүү заттар же мындай заттардын аралашмасы;
д) уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлүмгө дуушарлантууга жөндөмдүү жана төмөндөгүдөй мүнөздөмөлөргө сапаттарга ээ заттар:
- ашказанга киргенде өлүмгө дуушар кылуучу орточо дозасы килограммга 15 миллиграммдан тартып килограммга 200 миллиграммга чейинкини кошуп алганда;
- териге тийгенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 50 миллиграммдан 400 миллиграммга чейин;
- өлүмгө дуушарлантуучу абадагы орточо концентрациясы бир литрге 0,5 миллиграммдан 2 миллиграммга чейин;
е) өтө уулуу заттар - тирүү организмдерге таасир этүүдө аларды өлтүрүүчү жана төмөнкүдөй сапаттарга ээ заттар:
- ашказанга киргенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 15 миллиграммдан көп эмес;
- териге тийгенде өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир килограммга 50 миллиграммдан көп эмес;
- өлүмгө дуушарлантуучу абадагы орточо концентрациясы бир литрге 0,5 миллиграммдан көп эмес;
ж) айлана-чөйрө үчүн коркунучтуу заттар – суулуу чөйрөдө төмөнкүдөй өтө уулуу көрсөткүчтөр менен мүнөздөлгөн заттар:
- балыкка 96 саат бою ингаляциялык таасир этүүдөгү өлүмгө дуушарлантуучу орточо дозасы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
- дафнияларга 48 саат бою таасир этүүдө белгилүү таасирди пайда кыла турган уунун орточо концентрациясы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
- балырларга 72 саат бою таасир этүүдө орточо ингибирлөөчү концентрациясы бир литрге 10 миллиграммдан көп эмес;
2) 0,05 мегапаскалдан ашык басымда иштеген жабдуу пайдаланылат:
а) буу, газ (газ өңдүү, күйгүзүлгөн абалда);
б) 110 градус Цельсиядан ашык ысытуу температурасындагы суу;
в) 0,05 мегапаскалдан ашык басымда алардын кайноо температурасынан ашкан температурадагы башка суюктуктар;
3) стационардык түрдө орнотулган жүк көтөрүүчү кыймылдуу механизмдер, эскалаторлор, аркан жолдор, фуникулерлер, лифттер, аттракциондор пайдаланылат;
4) кара жана түстүү металлдардын эритмелери, ушул эритмелердин негизиндеги куймалар алынат, ташылат, пайдаланылат;
5) кен иштери (жалпы жайылган пайдалуу кенди казууну жана жардыруу иштерин колдонбостон ачык жол менен жүргүзүлүүчү, пайдалуу кен бар жерди иштетүүдөн тышкары), пайдалуу кенди байытуу боюнча иштер жүргүзүлөт;
6) өсүмдүк чийки заттарын сактоо же иштетүү жүргүзүлөт, ал процессте өзүнөн өзү тутанууга, күйгүзүү булагынан тутанууга жана аны алгандан кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү жарылууга кооптуу чаң аба аралашмасы калыптанат, ошондой эле өзүнөн өзү ысыганга жана өзүнөн өзү тутанууга жөндөмдүү буудайды, аны иштетүү азыктарын жана аралаш тоют чийки заттарын сактоо жүргүзүлөт;
7) адамдын жашоо-тиричилиги жана айлана-чөйрө үчүн кооптуу заттарды камтыган тоо-металлургия өндүрүшүнүн калдыктарын көмүү жүргүзүлөт.
2. Кооптуу өндүрүштүк объекттерге электр тармактык чарба объекттери кирбейт.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектини идентификациялоону бул объекттерди пайдаланган уюмдар ишке ашырат.
4. Кооптуу өндүрүштүк объекттерди калктын жашоосунун жана ден соолугунун, айлана-чөйрөнүн коопсуздугу үчүн тобокелдик даражалары боюнча бөлүштүрүүнүн критерийлери, ошондой эле аларды мамлекеттик реестрде каттоонун жана идентификациялоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
6-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы аткаруу бийлигинин органдары
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы атайын уруксат берүү функцияларына ээ болгон жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ченемдик укуктук жөнгө салууну жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган);
2) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы контролдоо жана көзөмөлдөө функцияларына ээ болгон ыйгарым укуктуу контролдоочу орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу контролдоочу орган).
7-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иш
Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы иштин түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
1) кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоо, куруу, пайдаланууга берүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу;
2) кооптуу өндүрүштүк объектте колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү жасоо, монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо;
3) өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүү;
4) кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлерин билим берүүчү эмес мекемелерде даярдоо жана кайра даярдоо.
8-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектини долбоорлоого коюлуучу талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга долбоордук документтерде (мындан ары – долбоордук документтер) зарыл болгон негиздемелер жана эсептөөлөр менен өнөр жай коопсуздугун камсыздоо, авариялардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча талаптар жана иш-чаралар камтылышы керек. Бул талаптар объектини консервациялоо же жоюу процессинде, ошондой эле аларды аяктагандан кийин дагы сакталышы керек.
2. Долбоордук документтерде курулуштун өзгөчө татаал геологиялык жана гидрогеологиялык шарттарын, сейсмикалуулугун, жер көчкү жана башка кубулуштарды эске алуу менен өндүрүштүк коопсуздукту камсыздоо боюнча негиздүү жана жетиштүү чечимдер караштырылат.
3. Долбоордук документтер жана ага киргизилүүчү өзгөртүүлөр өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан өтүүгө тийиш.
9-берене. Кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, пайдаланууга берүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу иштерин баштоо жөнүндө чечимди кабыл алуунун милдеттүү шарты болуп белгиленген тартипте өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундуларынын реестрине киргизилген, долбоордук документтердин өнөр жайлык коопсуздугуна экспертизанын оң корутундусунун болушу саналат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, пайдаланууга берүү, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процессинде долбоордук документтерден четтөөгө жол берилбейт жана долбоордук уюм тарабынан төмөнкүлөр камсыздалат:
1) куруу жана монтаждоо жумуштарынын сапатын контролдоо;
2) долбоордук чечимдердин аткарылышын автордук көзөмөлдөө.
3. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу аяктагандан кийин кооптуу өндүрүштүк объект Кыргыз Республикасынын шаар куруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте пайдаланууга кабыл алынат. Кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга кабыл алуунун жүрүшүндө төмөнкүлөр контролдонот: өнөр жай коопсуздугун камсыздоо боюнча долбоордук чечимдерге аткарылган иштердин шайкеш келүүсү; авариялардын алдын алууну жана анын кесепеттерин токтотууну камсыздоочу техникалык түзүлүштөргө жана жабдууларга сыноолордун өткөрүлүшү; авариялардын кесепеттерин токтотуу жана жоюу боюнча иштерге персоналдын жана авариялык-куткаруучу кызматтардын даярдыгы.
4. Жөнгө салуу-иштетүү жумуштары үчүн монтаждоочу уюм тарабынан коопсуздуктун зарыл чараларын караштыруучу атайын технологиялык документтер иштелип чыгат.
5. Кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга карата талаптар иштин түрлөрү боюнча ченемдик укуктук актылар менен белгиленет.
6. Кооптуу өндүрүштүк объектини консервациялоо же жоюу боюнча иштер долбоордук документтерге ылайык жүргүзүлөт.
10-берене. Өнөр жай коопсуздугу жаатында иш жүргүзүүчү уюмдарга коюлуучу талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объектилердин өнөр жай коопсуздугу жаатында иштеген уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууга;
2) Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык лицензияланууга тийиш болгон өнөр жай коопсуздугу жаатында иш жүргүзүүгө лицензияга жана/же уруксатка ээ болууга;
3) тийиштүү квалификациялык талаптарга ылайык келген, бул иште иштөөгө медициналык тыюу салуулары жок, өнөр жай коопсуздугу жаатында даярдалган жана аттестацияланган адамдарга кооптуу өндүрүштүк объектте иштөөгө уруксат берүүгө;
4) ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын жана анын кызмат адамдарынын өз ыйгарым укуктарына ылайык берген буйруктарын (көрсөтмөлөрүн, кабарлоолорун) аткарууга;
5) кооптуу өндүрүштүк объектилерди мамлекеттик реестрге каттоо үчүн керектүү маалыматтарды берүүгө;
6) имараттардын жана курулмалардын өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүгө, кен жана жер астындагы геологиялык чалгындоо иштеринин өнүктүрүү пландарын макулдашууга, кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулуучу курулмаларды жана техникалык түзүлүштөрдү, анын ичинде техникалык ресурсу иштетилип бүткөн техникалык түзүлүштөрдү андан ары коопсуз пайдалануунун мүмкүн болгон мөөнөтүн аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген мөөнөттө диагностикалоого, сыноого, күбөлөндүрүүгө;
7) өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарга ылайык зарыл болгон приборлордун жана өндүрүштүк процесстерди контролдоо системаларынын болушун жана иштөөсүн камсыздоого;
8) кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууда зыян келтирилгендиги үчүн жоопкерчилик тобокелин камсыздандыруу келишимин түзүүгө;
9) кооптуу өндүрүштүк объектиге бөлөк адамдардын киришине жол бербөөгө;
10) өндүрүштүк контролду уюштурууга жана ишке ашырууга;
11) авариянын кесепеттерин токтотуу жана жоюу боюнча иш-чараларды пландоого жана ишке ашырууга, авариялардын себептерин иликтөөдө мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүүгө;
12) кесипкөй авариялык-куткаруучу кызматтар (түзүлүштөр) менен тейлөө жөнүндө келишим түзүүгө, ал эми жарандык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда каралган учурларда – өздөрүнүн кесипкөй авариялык-куткаруучу түзүмдөрүн жана кызматкерлердин ичинен штаттан тышкары авариялык-куткаруу түзүмдөрүн түзүүгө;
13) кооптуу заттарды сактоого карата өнөр жай коопсуздугунун талаптарын аткарууну камсыздоого;
14) авариялардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн финансы каражаттарынын жана материалдык ресурстардын резервине ээ болууга;
15) байкоо, кабарлоо, байланыш системаларын жана авария учурундагы жеке коргонуу каражаттарын түзүүгө жана тийиштүү абалда кармоого;
16) объекттеги авариялардын, жарылгыч материалдардын жана күчтүү таасир берүүчү уулуу заттардын жоголушунун жана өндүрүштөгү кырсыктардын себептерин техникалык иликтөөгө катышууга;
17) ыйгарым укуктуу органдарга өндүрүштөгү авариялар, инциденттер жана кырсыктар, алардын болгон себептери жана көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берүүгө;
18) кооптуу өндүрүштүк объектинин финансылык-экономикалык ишинин планын иштеп чыгууда өнөр жай коопсуздугун камсыздоого чыгымдарды караштырууга;
19) кооптуу өндүрүштүк объектинин кызматкерлеринин штатын иштерди коопсуз аткаруу үчүн керектүү санда комплекттелгендигин камсыздоого;
20) кооптуу өндүрүштүк объекттерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген техникалык түзүлүштөрдү колдонуунун тартибин жана шарттарын сактоого.
11-берене. Өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоону жана өнөр жай коопсуздугун башкарууну уюштурууга карата талаптар
Кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген талаптарга ылайык өнөр жай коопсуздугунун талаптарын сактоого өндүрүштүк контролду уюштурууга жана жүргүзүүгө милдеттүү.
12-берене. Авариялардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө карата талаптар
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттеги авариянын пайда болушунун ар бир фактысы боюнча анын себептерине техникалык иликтөө жүргүзүлөт.
2. Авариялардын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө ылайыктуу өндүрүш тармагындагы ыйгарым укуктуу орган же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү түзүүчү мамлекеттик комиссия тарабынан жүргүзүлөт.
3. Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөр киргизилет:
1) аймагында кооптуу өндүрүштүк объект жайгашкан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү;
2) тармактык профсоюздун өкүлдөрү;
3) кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюмдун же жогору турган уюмдун (эгерде мындай болсо) өкүлдөрү.
4. Атайын комиссиянын курамына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү да кириши мүмкүн.
5. Кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөө боюнча комиссияга бардык керектүү маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
6. Авариянын себептерин техникалык иликтөөнүн, техникалык иликтөө боюнча комиссияларды түзүүнүн, аварияны иликтөө актысын тариздөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
7. Авариянын жана инциденттердин себептерин техникалык иликтөөгө кеткен чыгымдарды ошол авария болгон кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланган уюм каржылайт.
13-берене. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасы
1. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынан төмөндөгүлөр өтүүгө тийиш: кооптуу өндүрүштүк объектини курууга, кеңейтүүгө, реконструкциялоого, техникалык кайра жабдууга, консервациялоого жана жоюуга карата долбоордук документтер; кооптуу өндүрүштүк объектиде пайдаланылуучу техникалык түзүлүштөр; кооптуу өндүрүштүк объекттеги имараттар жана курулмалар, кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга байланыштуу документтер.
2. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперт кооптуу өндүрүштүк объектини пайдаланууга ниеттенип жаткан же аны пайдаланып жаткан уюмдун эсебинен жүргүзөт.
3. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусун анын заказчысы ыйгарым укуктуу органга берет, ал корутунду келип түшкөн күндөн тартып беш жумушчу күндүн аралыгында аны өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундуларынын реестрине киргизет. Өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу аны өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундуларынын реестрине киргизген күндөн тартып жарактуу.
4. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы эксперт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өнөр жай коопсуздугунун экспертизасына берилген материалдарга жана кооптуу өндүрүштүк объекттерде колдонулган техникалык түзүлүштүн, кооптуу өндүрүштүк объекттерде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын иш жүзүндөгү абалына талдоо жүргүзүү аркылуу өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын объекттеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарына шайкештигин аныктоо; өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусун даярдоо;
- өнөр жай коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүүнүн тартибин жана өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусун тариздөөгө карата талаптарды сактоо;
- өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусунда камтылган корутундулардын объективдүүлүгүн жана негиздүүлүгүн камсыздоо;
- өнөр жай коопсуздугунун экспертизасына берилген материалдардын сакталышын жана аталган экспертизаны жүргүзүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтардын купуялуулугунун сакталышын камсыздоо.
5. Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы экспертке менчик укугунда таандык болгон кооптуу өндүрүштүк объектиге же башка мыйзамдуу негизде ал эмгек мамилелеринде турган уюмга карата өнөр жай коопсуздугунун экспертизасын жүргүзүүгө катышууга тыюу салынат. Бул талапты бузуу менен даярдалган өнөр жай коопсуздугунун экспертизасынын корутундусу ушул Мыйзамда белгиленген максаттарда пайдаланылбайт.
6. Өнөр жай коопсуздугуна экспертиза жүргүзүүнүн жана корутундуну тариздөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
14-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын сактоого мамлекеттик көзөмөл
1. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын текшерүү боюнча иш-чаралар формасында жүргүзүлөт.
2. Ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл ишкердик субъекттерин текшерүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен башка ченемдик укуктук актыларга ылайык ишке ашырылат.
15-берене. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай коопсуздугунун талаптарын белгилөө чөйрөсүндө колдонулуп жаткан ченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
16-берене. Ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Кооптуу өндүрүштүк объекттерде иш жүргүзгөн юридикалык жактар жана жеке ишкерлер ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн эмгек, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарда аныкталган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
2. Кооптуу өндүрүштүк объектини куруу, пайдалануу, кеңейтүү, реконструкциялоо, техникалык кайра жабдуу, консервациялоо жана жоюу процесстерин ушул Мыйзамда белгиленген өнөр жай коопсуздугунун талаптарына шайкештигин текшерүүгө ыйгарым укуктуу кызмат адамдары ушул Мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн эмгек, администрациялык жана жазык жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген негиздерде жана тартипте жоопкерчилик тартышат.
17-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды колдонуу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып “Өнөр жай коопсуздугу жөнүндө” Техникалык регламент тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (“Эркин Тоо” гезити, 2013-жылдын 29-ноябры, № 95) күчүн жоготту деп таанылсын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти