Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 796
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын андан ары өнүктүрүү жана 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын пункттарын сапаттуу аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 194 “2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында камсыздандыруу базарын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында:
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
3 | “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Администрация-лык жоопкерчилик жөнүндө кодекси) | 2016- жылдын II кварталы | Финкөзөмөл, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан Милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө ченемдердин белгилениши максатында жана кооптуу жүктөрдү ташуучунун, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдардын камсыздандыруу-чуулар жана камсыздандыруу уюмдары тарабынан аткарылышын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча иш-чараларды ишке ашырууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү |
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-7-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
5 | Кооптуу жүктөрдү ташуучунун жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу тарифтерин жана камсыздандыруу суммаларын (жоопкерчилик лимиттерин) кайра кароо | 2016- жылдын II кварталы | Финкөзөмөл, кызыкдар министрликтердин, ведомстволордун жана бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган ведомстволор аралык жумушчу топ
|
|
6 | Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын жана камсыздандыруу брокеринин уставдык капиталынын минималдуу өлчөмүн жогорулатуу | 2016- жылдын I кварталы | Финкөзөмөл |
|
7 | “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизүү (ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу жүктөрдү ташуучунун, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдар) | 2016- жылдын III кварталы | Финкөзөмөл | Кооптуу жүктөрдү ташуучунун, ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдалануучу уюмдардын, эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткарууда кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келгендиги үчүн жумуш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарды Граждандык кодекске жана Эмгек кодексине шайкеш келтирүү максатында |
- 8-пунктунда:
1-3, 5-7, 9, 10, 12, 13, 15, 16, 18, 19, 21, 22, 24-28-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын;
8-пунктчасындагы “2014-жыл” деген цифралар жана сөз “2016-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
11-пунктчасындагы “2015-жыл” деген цифралар жана сөз “2016-жылдын II кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
14-пунктчасындагы “2015-жыл” деген цифралар жана сөз “2016-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
17-пунктчасындагы “2016-жыл” деген цифралар жана сөз “2016-жылдын IV кварталы” деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;
- 9-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |