Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 756
«Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жерди пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 440-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статьяда:
1) 32-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«32) коомдук муктаждыктар - коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, пайдалуу казылмаларды иштетүү, айлана- чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылуу, шаардык парктарды, эс алуу аянтчаларын куруу, белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документацияларын ишке ашыруу, ошондой эле:
- жылуулук жана суу менен жабдуу, энергетикалык, инженердик, жол-транспорт инфратүзүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу;
- өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарындагы объекттерди жайгаштыруу жана тейлөө менен байланышкан муктаждыктар;»;
2) 22- пунктундагы «мыйзам» деген сөз «ченемдик укуктук» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 231-пунктчасындагы «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын» деген сөздөр алып салынсын.
2. 12-статьянын 3-пунктунда «жол берилбейт» деген сөздөрдөн мурун «,жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу казылмаларды иштетүү жана инфратүзүмдүн объекттерин куруу үчүн берилген жер участокторун берген учурларды кошпогондо» деген сөздөр менен толукталсын.
3. 14-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Облустук маанидеги шаарлардын мэриялары:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категориясына которот, тең баалуу айыл чарба жерлеринин
түрлөрүн – бир түрүнөн экинчи түрүнө которот;
2) калктуу пункттардын жерлерин жердин башка категорияларына которот;
3) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
4) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
5) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарын башка категорияларга которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.».
4. 15-статьяда:
1) 15-статьянын 81-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«81) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу, айыл чарба жерлеринин теңдеш жерлерин - бир түрдөн экинчи түрүнө которуу;»;
2) төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи-он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«10) калктуу пункттардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которуу;
11) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которуу;
12) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;
13) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.».
5. 16-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи-он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
«Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категорияларына которот, айыл чарба жерлеринин теңдеш
жерлерин - бир түрдөн экинчи түрүнө которот;
2) калктуу пункттардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
3) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
4) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которот;
5) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.».
6. 18-статьянын 7-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
7. 20-статьяда:
1) 11-пунктчада «мамлекеттик жана муниципалдык» деген сөздөр «коомдук» деген сөз менен алмаштырылсын.
2) 12-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин түрлөрүнө же башка категориядагы жерлерге которуу;».
8. 21-статьянын 4-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 27-статьянын 2- пунктундагы «токой фондусунун» деген сөздөр «мамлекеттик токой фондусунун» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10. 28-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу казылмаларды иштетүү жана инфратүзүмдүн объекттерин куруу үчүн берилген жер участоктору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте жерлердин башка категориясына которулбастан (трансформация) берилет.
Айыл чарбасынын жана токой чарбасынын өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, укугун күбөлөндүрүүчү документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан жүргүзүлөт.
Лицензиянын мөөнөтү бүткөндөн кийин жер казынасын пайдалануучу жер казынасы жөнүндө мыйзамдарга ылайык жер участогун рекультивациялоону жүргүзөт.».
11. 281- статьянын 1-пунктундагы «кен чыккан жерлерди иштетүү укугун кошпогондо» деген сөздөр алып салынсын.
12. 29-статьянын 4-пунктундагы «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
13. 32-статьяда:
1) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине акысыз берилген жер участогу ушул Кодекстин 66-статьясынын 1-пунктунун 2-пунктчасына ылайык алынышы (сатылып алынышы) мүмкүн.»;
2) 4-пунктунда «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
3) 6-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 7-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
14. 35-статьянын 1-пунктунда «мыйзамдарында» деген сөз «ченемдик укуктук актыларында» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
15. 38 - статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Жер участогу укугуна ипотека боюнча мамилелер ушул Кодексте белгиленген өзгөчөлүктөрү бар мыйзамдар менен жөнгө салынат.».
16. 46- статьяда:
1) 46-статьянын 1-пункту төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогу объект эксплуатациялоого киргизилгенге чейин куруучу тарабынан жеке менчикке сатылып алынышы керек.»;
2) 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
17. 62-статьянын 4-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«4) мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринен убактылуу пайдаланууга берилген, аларда капиталдык курулуш болгон жер участогуна болгон укуктан башка, жер участогуна болгон укуктан менчик ээси же жерди колдонуучу ыктыярдуу баш тартканда;».
18. 65-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«65-статья. Жер участогун алып коюунун өзгөчө учурлары
Жер участогун алып коюу жер участогуна болгон укукту токтотуунун өзгөчө чарасы болуп эсептелет жана жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу болгон тартип бузууну четтетүү жөнүндө кат жүзүндө эскертилгенден кийин, ушул Кодекстин 66-статьясынын 1-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында жана 7-пунктчасында каралгандан башка учурларда сот тарабынан гана колдонулат.
Эскертүүдө төмөнкүлөр аныкталышы керек:
1) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан кетирилген тартип бузуулар жана аны четтетүү үчүн зарыл болгон чаралар;
2) тартип бузууларды четтетүүгө тийиш болгон мөөнөттөр;
3) эскертүүнү аткарбай коюунун кесепеттери;
4) жер участогунун ээси же жерди пайдалануучу тарабынан бул эскертүүгө даттануунун ыкмалары.».
19. 66-статьяда:
1) 1-пунктунун 2-пунктчасындагы «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 8-пунктча менен толукталсын:
«8) мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринен берилген жер участогуна ижара акысын алты айдын, же келишимде белгиленген мөөнөттүн ичинде төлөбөсө.»;
3) 4-пунктунда «Мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
20. 67-статьянын 2-пунктундагы «администрациялык жаза колдонулгандан жана» деген сөздөр алып салынсын.
21. 68-статьяда:
1) аталышында «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын;
2) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө чечим менен макул болбосо, же сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, мындай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн кайтарымдуу алып коюу (сатып алуу) же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн кайтарымдуу алып коюу (сатып алуу) же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо арыз баш тарткан учурдан тартып эки айдан кечиктирилбей берилүүгө тийиш.».
3) 4-пунктундагы «Мамлекеттик же» деген сөздөр алып салынсын.
22. 70-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
23. 73-статьянын 1-пунктунун жетинчи абзацындагы «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
24. 83-статьянын 2-пунктундагы «Коргоо министрлигинин» деген сөздөр «коргоо тармагындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
25. 93-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Запастагы жерлерди түзүүнүн жана колдонуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.».
26. 94-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«94-статья. Запастагы жерлерди берүү.
Ыйгарым укуктуу органдардын ээлигинде турган запастагы жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте айыл чарба жана башка максаттар үчүн пайдаланууга берилет.».
27. 111-статьянын 2-пунктундагы «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Турак-жай кодексине («Эркин Тоо» гезити 2013-жылдын 26-июлу № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 30-беренесинин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3. Коомдук муктаждыктар - коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, пайдалуу казылмаларды иштетүү, айлана- чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылуу, шаардык парктарды, эс алуу аянтчаларын куруу, белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документацияларын ишке ашыруу, ошондой эле:
- жылуулук жана суу менен жабдуу, энергетикалык, инженердик, жол-транспорт инфратүзүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу;
- өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарындагы объекттерди жайгаштыруу жана тейлөө менен байланышкан муктаждыктар;».
2. 66-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Мамлекеттик же муниципалдык менчиктин жерлеринде көп батирлүү турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген жер участогу объект эксплуатациялоого киргизилгенге чейин куруучу тарабынан жеке менчикке сатылып алынышы керек.».
3-берене
Кыргыз Республикасынын Токой кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 12, 534-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 16-беренесинин бешинчи абзацындагы «мамлекеттик же» деген сөздөр алып салынсын.
2. 32-беренедеги «Мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
3. 34-беренесинин аталышындагы жана биринчи абзацындагы «мамлекеттик же» деген сөздөр алып салынсын.
4. 56-берененин төртүнчү абзацындагы «мамлекеттик же» деген сөздөр алып салынсын.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 2339-статьясынын 3-пунктундагы «мамлекеттик же» деген сөздөр алып салынсын.
2. 23318- статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«23318-статья. Коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу)
Коомдук муктаждыктар үчүн жер участогун алып коюу (сатып алуу) ыйгарым укуктуу орган менен жер участогунун менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун ортосундагы келишимдин негизинде жүргүзүлөт. Эгерде менчик ээси же жерди пайдалануучу өзүнүн жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн алып коюу (сатып алуу) жөнүндө чечим менен макул болбосо, же сатып алуу баасы жана сатып алуунун башка шарттары жөнүндө аны менен макулдашууга жетишилбесе, мындай чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу орган жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн кайтарымдуу алып коюу (сатып алуу) же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо коюуга укуктуу. Жер участогун коомдук муктаждыктар үчүн кайтарымдуу алып коюу (сатып алуу) же сатып алуу баасын аныктоо жөнүндө доо арыз баш тарткан учурдан тартып эки айдан кечиктирилбей берилүүгө тийиш.
Эскертүү: коомдук муктаждыктар - коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, пайдалуу казылмаларды иштетүү, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылуу, шаардык парктарды, эс алуу аянтчаларын куруу, белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документацияларын ишке ашыруу, ошондой эле:
- жылуулук жана суу менен жабдуу, энергетикалык, инженердик, жол-транспорт инфратүзүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу;
- өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарында объекттерди жайгаштыруу жана тейлөө менен байланышкан муктаждыктар.».
5-берене
Кыргыз Республикасынын «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2013-жыл, 30-июль, № 63-64) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Коомдук муктаждыктар - коргоону жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди ишке ашыруу, пайдалуу казылмаларды иштетүү, айлана- чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону камсыз кылуу, шаардык парктарды, эс алуу аянтчаларын куруу, белгиленген тартипте бекитилген шаар куруу документацияларын ишке ашыруу, ошондой эле:
- жылуулук жана суу менен жабдуу, энергетикалык, инженердик, жол-транспорт инфратүзүмдөрүнүн;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын статусун жана коргоону камсыз кылуучу;
- өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарындагы объекттерди жайгаштыруу жана тейлөө менен байланышкан муктаждыктар;».
2. 7-беренеси төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7-берене. Жерлерди которуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын компетенциясы
Райондун мамлекеттик администрациясы жер участоктору жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын макулдугу менен:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категорияларына которот, айыл чарба жерлеринин теңдеш жерлерин-бир түрдөн экинчи түрүнө которот;
2) калктуу пункттардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которот;
3) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которот;
4) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которот;
5) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.».
3. 9-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«9-берене. Жерлерди которуу туурасында документтерди даярдоонун жана арыздарды кароонун тартиби
1. Жерлерди которууну жүзөгө ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жерлерди которуу жөнүндө райондун мамлекеттик администрациясына, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясына арыз берет.
Жерлерди «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясына которууну жүзөгө ашыруу үчүн арызды ошондой эле жеке же юридикалык жактар бере алышат.
Арызда жер участогуна болгон укук жөнүндө маалыматтар, которулуп жаткан жер участогунун категориясы жана өлчөмү, жердин бир категориядан башка категорияга же чарба жерлерин бир түрдөн башкага которуунун негиздемеси көрсөтүлөт.
Арызга арыз берүүчүнүн-жеке жактын өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтердин көчүрмөлөрү, же юридикалык жактын катталгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, жер участогуна укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу документтердин, курулуштун башкы планынын же шаар куруу документтеринин көчүрмөлөрү жана техникалык-экономикалык негиздемеси тиркелет.
Жерлерди которуу жөнүндө арыз жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун мамлекеттик администрациясынын расмий сайттарында, алардын маалыматтык такталарында, ошондой эле келип түшкөн учурдан тартып 5 иш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылууга тийиш.
2. Райондун мамлекеттик администрациясынын, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын суроо-талабы боюнча атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер участогуна болгон материалдарды топтойт жана он иш күндүн ичинде жерге жайгаштыруу ишин райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан түзүлгөн комиссиянын кароосуна жөнөтөт.
3. Райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы которулуп жаткан жер участогу жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, жергиликтүү кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен (мындан ары-жер комиссиясы): архитектура жана курулуш (жерлерди “Калктуу пункттардын жерлери” категориясына которууда), айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы (токой фондусунун жерлеринен же токой фонду, өзгөчө корголуудагы жаратылыш ресурстарынын жерлеринин категориясына которууда), айыл жана суу чарбасы, саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар, энергетика, жерлерди колдонууну жана коргоону контролдоо боюнча инспекциянын, ошондой эле жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда комиссия түзөт.
Жер комиссиясын райондун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары, республикалык жана облустук маанидеги шаардын вице- мэри башкарат.
Жер комиссиясы он иш күндүн ичинде райондун мамлекеттик администрациясына, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриясына жер участогун которуу мүмкүндүгү же мүмкүн эместиги тууралуу корутундусун берет.
Жер комиссиясы арызды жана жерге жайгаштыруу иштерин кароо учурунда жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан трансформацияланып жаткан жер участогунун алдында пайдалуу казылма кендердин бар же жоктугу тууралуу маалыматты сурап алууга милдеттүү.
Жер комиссиясынын корутундусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун мамлекеттик администрациясынын расмий сайттарында, алардын маалыматтык такталарында, ошондой эле келип түшкөндөн кийин 5 иш күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырылууга тийиш.
4. Жер участогун которуу маселеси боюнча терс корутунду чыккан учурда райондун мамлекеттик администрациясынын, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы арыз ээсине комиссиянын баш тарткандыгы жөнүндө корутундусун жиберет.
5. Курулуш үчүн жерлерди которуу жөнүндө маселе оң тарабына чечилгенде жер комиссиясы корутундуга участокту куруунун белгиленген тартипте макулдашылган башкы планын же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документацияларын жана техникалык-экономикалык негиздемени тиркейт.
6. Жер комиссиясы оң корутунду чыгарган учурда райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун мамлекеттик администрациясынын расмий сайттарында, ошондой эле өздөрүнүн маалыматтык такталарында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында боло турган жер участогун которуу жөнүндө, аны жүргүзгөн датага чейин он иш күндүн ичинде коомдук угуу боло турган датаны жана жерди көрсөтүү менен кулактандырууну жайгаштырат.
Коомдук угууларды жүргүзүүнүн тартиби райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан бекитилет.
7. Райондун мамлекеттик администрациясы, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы тарабынан жер комиссиясынын оң корутундусун жана коомдук угуунун резолюциясын алгандан кийин, атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жерди которууга төмөнкү документтерден турган жерге жайгаштыруу көктөмөсүн топтойт:
1) арыз;
2) белгиленген тартипте макулдашылган участокту куруунун башкы планы же анын негизинде иштелип чыккан шаар куруу документациясын жана техникалык-экономикалык негиздемени;
3) ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жерлерди кошпогондо, айыл чарба багытындагы жана (же) токой фондунун жерлерин которуу учурундагы чыгымдарды эсептөө;
4) ар бир менчик ээсинин жана жер пайдалануучунун жерлери боюнча жерлерди түрлөрү боюнча экспликациялоо;
5) чектерин жана масштабын көрсөтүү менен жер участогунун планы;
6) жер комиссиясынын корутундусу;
7) калктуу пункттардын аймактары кеңейтилгенде жана жаңы калктуу пункт түзүлгөндө - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жер участогу менен камсыз кылуу боюнча программанын көчүрмөсү;
8) түшүндүрмө каты,
9) коомдук угуунун резолюциясы.
Жер участогун которуу боюнча жерге жайгаштыруу материалдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын кароосуна киргизилет, ал он иш күндүн ичинде өз чечимин чыгарат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын кароосуна келип түшөт.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы жерди которуу боюнча материалдарды он иш күндөн ашпаган мөөнөттө карайт жана өз компетенциясынын чегинде жерлерди которуу же которууга макулдугу жөнүндө чечимди кабыл алат.
Жергиликтүү мамлекеттик администрация, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясы:
1) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга компетенциясынын чегинде кабыл алынган жерлерди которуу жөнүндөгү чечимин жиберет;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө материалдар менен чогуу компетенциясынын чегинде кабыл алынган жерлерди которууга макулдугу жөнүндө чечимин жиберет.
7. Жер участокторун которуу жөнүндө же которууга макулдугу жөнүндө чечим төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) жерлердин категориясын жана (же) түрүн өзгөртүү үчүн негиздеме;
2) жер участогунун жайгашкан орду, аянты жана кадастрдык маалымат;
3) жер участогу которулганга чейинки жердин категориясы жана түрү, которулгандан кийин боло турган категориясы жана түрү.
Жер участогун которуу же жер участогун которуудан баш тартуу жөнүндөгү чечим соттук тартипте даттанууга мүмкүн.
9. Жер участокторун которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жер участокторун которууга чектөө белгиленген учурда же мындай которууга тыюу салынган учурда жол берилбейт.
10. Жергиликтүү мамлекеттик администрация, республикалык жана облустук маанидеги шаардын мэриясынын демилгеси менен жүргүзүлүп жаткан жер участокторун бир категориядан башкага которуу же жердин башка түрүнө которуу жөнүндө жерге жайгаштыруу иштерин даярдоо менен байланышкан иштерди каржылоо жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат; ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын демилгеси боюнча жана жеке менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын арыздары боюнча - өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.».
4. 11-беренеде:
1) аталышында жана 1-бөлүгүндөгү «мамлекеттик же муниципалдык» деген сөздөр «коомдук» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 3-бөлүктө:
а) «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан» деген сөздөр «белгиленген тартипте» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
б) «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
5. 12-беренеде:
1) 1-бөлүгүндө:
а) 3-пунктундагы «жергиликтүү» деген сөздөн мурун «өкүлчүлүктүү» деген сөз менен толукталсын;
б) төмөнкү мазмундагы 10-пункт менен толукталсын:
«10. Кыргыз Республикасынын аэропортторунун аймактарын кеңейтүү менен.»;
2) 2-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацтагы «кыйла» деген сөз «өзгөчө» деген сөз менен алмаштырылсын;
б) бешинчи абзацтагы «кыйла» деген сөз «өзгөчө» деген сөз менен алмаштырылсын;
6. 20-беренесинин 1-бөлүгүндөгү «жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан» деген сөздөр алып салынсын.
6-берене
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити 2011-жылдын 22-июлу № 59) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
1. 41-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
«2. «Облустук маанидеги шаарлардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары:
1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категориясына которот, айыл чарба жерлеринин тең баалуу
түрлөрүн – бир түрүнөн экинчи түрүнө которот;
2) калктуу пункттардын жерлерин жердин башка категорияларына которот;
3) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына өткөрөт;
4) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка маанидеги жерлерди жердин башка категорияларына которот;
5) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө корголуудагы жаратылыш аймактарын башка категорияларга которууга чечим түрүндө макулдук берет жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизет.».
7-берене
«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити 2013-жылдын 17-декабры № 100) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. 20-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма үчүнчү-жыйырма жетинчи абзацтар менен толукталсын:
«22) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категорияларына которуу, айыл чарба жерлеринин теңдеш жерлерин - бир түрдөн экинчи түрүнө которуу;
23) калктуу пункттардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которуу;
24) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которуу;
25) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;
26) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.».
8-берене
«Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити 2013-жылдын 17-декабры № 100) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1. 20-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма биринчи-жыйырма бешинчи абзацтар менен толукталсын:
«20) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин башка түрлөрүнө же жердин башка категорияларына которуу, айыл чарба жерлеринин теңдеш жерлерин - бир түрдөн экинчи түрүнө которуу;
21) калктуу пункттардын жерлерин жерлердин башка категорияларына которуу;
22) запастагы жерлерди жердин башка категорияларына которуу;
23) коргоо жана транспорт объектилерин куруу жана тейлөө үчүн берилген жерлерден башка өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлерди жерлердин башка категорияларына которуу;
24) өзгөчө баалуу айыл чарба жерлерин жана токой, суу фондунун жер участокторун жана өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарынын жерлерин жерлердин башка категорияларына которууга чечим түрүндө макулдук берүү жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү.».
9-берене
«Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити 2001-жылдын 17-январы № 4) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
10-глава күчүн жоготту деп таанылсын.
10-берене
«Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Кыргыз Республикасынын нормативдик актылары») төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-статьясынын 6-бөлүгүнүн сегизинчи абзацындагы «мамлекеттик жана» деген сөздөр алып салынсын.
11-берене
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 4-бөлүгүндөгү, ошондой эле 4-беренесинин 2-бөлүгүндөгү жоболору аны колдонууга киргизгенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылат.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти