Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 778
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-беренеде:
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту;”;
- он экинчи абзацындагы “мөөнөтүнөн мурда добуш берүү үчүн жана” деген сөздөр алып салынсын;
- жыйырма тогузунчу абзацтагы “тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан” деген сөздөр “электрондук жана кагаз түрүндө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- отузунчу абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы отуз төртүнчү - кырк экинчи абзацтар менен толукталсын:
“оператор - добуш берүү күнү шайлоо участогунда техникалык кызматтарды көрсөтүүчү калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын адиси;
термопринтер – басма формасын түзбөстөн чакан тираж менен электрондук түрдөн физикалык алып жүрүүчүлөргө тексти же графиканы которуу үчүн арналган компьютердин перифериялык жабдуусу;
добуш берүү үчүн үкөктөр - автоматтык эсептөөчү урналар же туруктуу орнотулган үкөктөр;
автоматтык эсептөөчү урна - шайлоочулардын добуштарын автоматтык саноо үчүн арналган түзүлүш;
туруктуу орнотулган үкөк - добуш берүү үчүн тунук урна;
добуш берүү үчүн көчмө үкөк - добуш берүүчү жайдан тышкары шайлоочунун добуш берүүсү үчүн арналган үкөк;
бузулуу - автоматтык эсептөөчү урнанын ишке жөндөмдүүлүгүн жоготуусу;
ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
чек - электрондук түрдөн алынган сактагыч, анда басылма түрүн түзбөстөн шайлоочунун идентификациялык маалыматтары жөнүндө чакан тираждар менен маалымат чагылдырылат.”.
2) 12 жана 13-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12-берене. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордогу шайлоочулардын тизмелери
1. Шайлоочулардын тизмесин түзүү “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат. Шайлоочулардын тизмелерине шайлоо күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон жана мыйзамда белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
2. Шайлоочулардын тизмесин түзүү шайлоо участокторунун чек араларын эске алуу менен Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган жекече жана биометрикалык маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт.
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү, сактоо жана актуалдаштыруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолордо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочулардын тизмесин түзүүдө “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык түзүлгөн шайлоочулардын тизмесинен ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 7, 8-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн шайлоочуларды чыгарып салат.
4. Шайлоочулардын тизмеси шайлоочуларды эсепке алуу системасын пайдалануу менен шайлоочулардын маалыматтарынын - алардын биометрикалык жана жекече маалыматтарынын негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт.
5. Участкалык шайлоо комиссияларына берилген шайлоочулардын тизмелери бир эле мезгилде Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан участоктор, райондор жана шаарлар боюнча жалпылаштырылат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайттарына шайлоочунун туруктуу же болбосо иш жүзүндө жашаган жери, туулган датасы жөнүндө маалыматтарысыз, таанышуу жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тийиштүү тактоо, тизмелердеги каталарды жана так эместиктерди аныктоо үчүн жайгаштырылат.
Ыйгарым укуктуу органдын расмий сайттарына жайгаштырылган шайлоочулардын тизмеси маалыматтардын келип түшүүсүнө жараша үзбөй жаңыланып турууга тийиш.
13-берене. Шайлоочулардын тизме менен таанышуусу
1. Участкалык шайлоо комиссиясы тиешелүү шайлоо участкасынын аймагында жашаган шайлоочулардын таанышуусу үчүн шайлоочулардын тизмесин добуш берүү күнүнө 45 календардык күн калганда илип коюуга милдеттүү.
2. Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө 40 календардык күн калгандан кечиктирбестен шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочуга анын шайлоочулардын тизмесинде бар экендиги тууралуу шайлоочуга кабар жиберүүгө милдеттүү.
3. Ар бир шайлоочу ката же так эместиктерди тапкан, ошондой эле өзүнүн шайлоочулардын тизмесинде жок экенин билген учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Ушул арыз участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн токтоосуз жиберилет.
Шайлоочунун ушул арызына жооптуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоочуга аны шайлоочулардын тизмесине киргизилген, каталар же так эместиктер оңдолгон күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочуга жиберет.
4. Шайлоочуда биометрикалык маалыматтар болбогон учурда ал биометрикалык каттоодон өтүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
5. Ар бир шайлоочу шайлоочулардын тизмеси менен таанышкан учурдан тартып, бирок добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбестен шайлоочунун кимдигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсүн тиркөө менен белгиленген үлгүдөгү арызды тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына берүү жолу менен шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө билдирүүгө укуктуу.
Ушул арыз ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз берилет, ал шайлоочуну шайлоо дареги боюнча шайлоо участогунун шайлоочуларынын тизмесине киргизүүгө жана аны шайлоо дареги боюнча шайлоочулардын тизмесине киргизген күндөн тартып 2 календардык күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө шайлоочуга кабарлоого милдеттүү.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган добуш берүү күнүнө 15 календардык күн калганда каталар же так эместиктердин, ошондой эле шайлоочулардын тизмесинде алардын жок экендиги жөнүндө, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кабыл алууну токтотот.
Арыздар иштелип чыккандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган шайлоо участокторунун чек араларына ылайык бөлүштүрүлгөн шайлоочулардын биротоло тизмесин түзөт жана добуш берүү күнүнө чейин 10 календардык күндөн кечиктирбестен аны Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет.
Борбордук шайлоо комиссиясы токтоосуз номур коюлган, көктөлгөн жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн шайлоочулардын кагаздагы тизмесин добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү участкалык шайлоо комиссияларына өткөрүп берет.
7. Добуш берүү күнүндө шайлоочулардын тизмесине киргизилген шайлоочулар гана добуш берүүгө укуктуу.
8. Шайлоочулардын тизмелерин түзүү, өткөрүп берүү, шайлоочулардын тизме менен таанышуусу, шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги тууралуу, андагы каталар же так эместиктер, шайлоо дареги боюнча добуш берүү ниети жөнүндө шайлоочулардын арыздарын кароо, добуш берүү күнү шайлоочуларды идентификациялоо тууралуу маселелер жөнүндө, ошондой эле ыкчам чечүүнү талап кылган башка маселелер боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өз ара аракеттенүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бекитилет.”.
3) 29-беренеде:
- 2-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Добуш берүүчү жайда добуш берүү үчүн үкөктөр, жарык берүү системасы жана жазуу буюмдары менен атайын жабдылган кабиналар, мониторлор, манжалардын тактарынын термопринтерлери жана сканери, ошондой эле сервердик жана тарамдык жабдуулардын комплектилери жайгаштырылат.”;
- 4-бөлүгүндөгү “добуш берүүчү кабиналар жана ящиктер эле убакта” деген сөздөр “ошондой эле ушул берененин 2-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн жабдуулар” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4) 30-беренеде:
- 3-бөлүгүндөгү “20” деген цифралар “25” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 13-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Шайлоо бюллетендерине участкалык шайлоо комиссиясынын тиешелүү мөөрүн коюу менен участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы кол коёт.”.
5) 31-беренеде:
- 1-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөмүндө “19” деген цифралар “20” деген цифралар менен алмаштырылсын;
экинчи сүйлөмүндө “ал эми мөөнөтүнөн мурда же кайра добуш берүүдө” деген сөздөр “кайра добуш берүүдө” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. Шайлоо күнү эртең мененки саат 7де участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүүчү жайда өзүнүн жыйында чүчүкулак аркылуу төмөнкү иштерди аткаруучу комиссия мүчөлөрүн аныктайт, алар:
1) оператор менен биргелешип шайлоочулардын электрондук тизмесинде жарандардын идентификациялоосун жүргүзөт;
2) шайлоочулардын кагаздагы тизмесиндеги жарандарды каттоону жүзөгө ашырат;
3) шайлоо бюллетендерин берет;
4) шайлоочулардын жашыруун добуш берүү кабиналарына киришин, шайлоо бюллетендерин добуш берүү үкөктөрүнө салышын контролдоону жүзөгө ашырат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы чүчүкулакка катышпайт.”;
- 3 жана 4-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, шайлоочулардын топторунун жана байкоочулардын катышуусунда, ичинде ушул участоктун шайлоочуларынын тизмеси, шайлоо бюллетендери жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү, ошондой эле жайдан тышкары добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча документтер болгон мөөрлөп бекитилген сейфти ачат: сейфтен шайлоочулардын кагаздагы тизмесин, шайлоочулардын электрондук тизмеси бар башка зарыл жабдууну алып чыгат, шайлоочулардын тизмесине киргизилгендердин санын жарыялайт, катышып жаткан адамдарга өз көзү менен көрүп таанышууга жана кагаздагы жана электрондук тизмелерди салыштырууга мүмкүндүк берет, андан кийин аны добуш берген күнү шайлоочуларды каттоо жана шайлоочулардын тизмесин толтуруу үчүн жооптуу болгон участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө таратып берет.
4. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө, ошондой эле катышып жаткан байкоочуларга, талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрүнө, шайлоочулардын топторуна, жалпыга маалымдоо каражаттарына добуш берүү үчүн бошогон үкөктөрдү көрсөтөт. Андан кийин добуш берүү үчүн үкөктөргө участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы округдун аталышы, шайлоо участогунун номери, контролдук барактардын үкөккө салынган убакытын, участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасынын, катчысынын жана участкалык шайлоо комиссиясынын башка мүчөлөрүнүн, катышып жаткан талапкерлердин, алардын өкүлдөрүнүн жана байкоочулардын, саясий партиялардын өкүлдөрүнүн, шайлоочулардын топторунун фамилиялары жазылган контролдук барактарды салат. Контролдук барактарга ушул адамдар кол коюшат жана алар участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен ырасталат, андан кийин добуш берүү үчүн үкөктөр участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен мөөрлөнүп бекитилет (пломбаланат).”;
- 7 жана 8-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Добуш берүүчү жайда участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоону операторлор менен биргелешип жүргүзөт.
Шайлоочунун биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча аны идентификациялоо үчүн шайлоочунун макулдугу талап кылынбайт.
Мында талапкерлердин, саясий партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар үчүн көрүнүктүү жерге илинген монитордо төмөнкүдөй маалыматтар чагылдырылат:
- бул шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесине киргизилген жарандардын жалпы саны;
- бул шайлоо участогунда ошол учурда добуш берген шайлоочулардын саны;
- жабдуулардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргелешип Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталган башка маалыматтар.
Шайлоочуну идентификациялоодон кийин чек чыгарылат. Чек шайлоочу тарабынан чектин ордуна добуш берүү бюллетенин берген участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө берилет.
8. Чүчүкулак менен аныкталган участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү шайлоо бюллетендерин берүүдө шайлоочуну шайлоочулардын кагаздагы тизмесине каттайт. Шайлоочу бюллетенди алгандыгы жөнүндө ага кол коёт.”;
- 10-бөлүгүндөгү “паспортун же анын ордун басуучу документти” деген сөздөр “шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документти” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-бөлүгүндө:
“шайлоочулардын тизмесине” деген сөздөр “шайлоочулардын кагаздагы тизмесине” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
“паспортунун же анын” деген сөздөр алып салынсын;
- 16-бөлүгүндө “жана бүктөлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы 20-бөлүк менен толукталсын:
“20. Шайлоо күнү автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү запастык автоматтык эсептөөчү урнаны пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык шайлоо комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Запастык автоматтык эсептөөчү урна бузулган учурда, добуш берүү туруктуу орнотулган үкөктү пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат. Мында участкалык шайлоо комиссиясы акт түзөт, ага участкалык комиссиянын катышкан бардык мүчөлөрү жана операторлор кол коюшат.
Автоматтык эсептөөчү урналардын бузулгандыгынын натыйжасында алмашылгандардын иштөө жөндөмдүүлүгү калыбына келтирилген учурда, аларды добуш берүүчү күндүн ичинде добуш берүү үчүн пайдаланууну улантууга жол берилбейт.”.
6) 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын.
7) 33-беренеде:
- 2-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөмүндөгү “же оозеки кайрылуусунун (анын ичинде башка адамдардын жардамы менен берилген)” деген сөздөр “кайрылуусунун” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи жана үчүнчү сүйлөмүндөгү “(кайрылуусу)” жана “(кайрылууларды)” деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи сүйлөмү алып салынсын;
- 3-бөлүгү “участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү” деген сөздөрдөн кийин “оператор менен биргелешип” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Участкалык шайлоо комиссиясы добуш берүү күнүнө чейин 2 күн калганда өзүнүн участогунда добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүү мүмкүнчүлүгүн берүү тууралуу жазуу жүзүндө арыз берген шайлоочулардын реестрин илип коюуга милдеттүү.”;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү оператор менен биргелешип шайлоочуга келгенден кийин анын биометрикалык жана персоналдык маалыматтары боюнча идентификациялоону жүргүзөт, андан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсү ага шайлоо бюллетенин берет. Шайлоо бюллетенин берген учурда шайлоочулардын кагаздагы тизмесине шайлоочунун инсандыгын ырастаган документтин сериясы жана номуру коюлат. Шайлоочу жүргүзүлгөн жазуунун тууралыгын текшерет жана шайлоочунун кагаздагы тизмесине кол коёт.”.
8) 36-беренеде:
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү жана төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
“Шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны чектерди саноо жолу менен кошумча текшерилет.
Шайлоочулардын тизмеси менен иш жүргүзүлгөндөн кийин шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин саны жөнүндө акт түзүлөт. Төраганын колтамгасы жана участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актынын көчүрмөсү катышкан талапкерге, талапкерлердин, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө, байкоочуларга берилет, андан кийин маалыматтар чоңойтулган формадагы протоколго киргизилет.”;
- 6-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
“Добуш берүү үчүн көчмө үкөктөн алынган шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөктөргө салынат.”;
- 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Шайлоочулардын добуштарын түздөн-түз эсептөөнүн алдында автоматтык эсептөөчү урналарды колдонгон учурда участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы автоматтык эсептөөчү урналар боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын жарыялайт, бул жөнүндө өзүнчө акт түзүлөт, ал добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколго тиркелет жана участкалык шайлоо комиссиясынын бардык катышкан мүчөлөрүнө, саясий партиялардын талапкерлеринин өкүлдөрүнө, байкоочуларга, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө жарыя кылынат.
Автоматтык эсептөөчү урналар добуш берүүнүн бүткүл мезгилинде добуш берүүнүн купуялуулугунун ачылышына жол бербеши жана зымдуу жана зымсыз тарамдарга туташтырылбашы керек. Автоматтык эсептөөчү урналардан добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды алуу шайлоо күнү саат 20дан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендерин саноонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт, мөөрдүн (пломбанын) бузулбагандыгын көрсөтөт жана шайлоо участогунда добуш берүү үчүн үкөктөрдү ачат. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү шайлоо бюллетендерин жана участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн эртең менен добуш берүү үчүн үкөктөргө мөөр басууга катышкан башка адамдардын колдору коюлган контролдук барактарды алып чыгышат. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы контролдук барактарды көрсөтөт.
Шайлоо бюллетендери добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алып чыгарылгандан кийин эсептелет жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколго жыйынтыктары жазылат.
Добуш берүү үчүн үкөктөрдөн алынган шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо участогунда шайлоочуларга берилген бюллетендердин санына дал келүүгө же болбосо андан аз болууга тийиш. Эгерде добуш берүү үчүн үкөктөрдө шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, анда участкалык шайлоо комиссиясы себептерин табуу жана четтетүү боюнча чараларды көрөт.
Эгерде себептери табылгандан жана четтетилгенден кийин добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоочуларга берилген бюллетендердин санынан көп болсо, добуш берүү үчүн үкөктөрдөгү бардык шайлоо бюллетендери участкалык шайлоо комиссиясынын чечими менен жараксыз деп таанылат жана төмөнкү жактагы оң бурчун кесип салуу жолу менен жокко чыгарылат.”;
- 11-бөлүктүн биринчи абзацынын үчүнчү сүйлөмүндөгү “шайлоо бюллетендери да жараксыздардын санына кирет” деген сөздөр “белгиленбеген формадагы бюллетендери да жараксыздардын санына кирет” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-бөлүгүндө:
экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Автоматтык эсептөөчү урналардагы маалыматтар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн маалыматтары боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктарына дал келбеген учурда талапкердин, саясий партиянын өкүлүнүн, шайлоочулар тобунун же байкоочунун добуштарды кайра эсептөөнү жүргүзүү талабы боюнча талапкердин, саясий партиянын өкүлдөрүнүн же шайлоочулар тобунун же байкоочунун түздөн-түз катышуусунда жана алар тараптан көрүп туруп контролдоо мүмкүнчүлүгүн түзүү менен шайлоо бюллетендери кайра эсептелет.”;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
“Добуш берүүнүн жыйынтыктары добуштарды кол менен эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет.”.
9) 38-беренеде:
- 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын саны белгиленген формадагы шайлоо бюллетендерин алгандыгы жөнүндө шайлоочулардын койгон колунун саны боюнча аныкталат.”;
- 5-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
“5) эгерде добуш берүүчү үкөктөрүндөгү бардык шайлоо бюллетендери жараксыз деп таанылса.”.
10) 41-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын жарандардын шайлоо укуктарын, ушул конституциялык Мыйзамдын талаптарын бузган чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) прокуратура органдарына, ички иштер органдарына, шайлоо комиссияларына же сотко даттанылышы мүмкүн.
Мында, ички иштер органдары мыйзамдарга ылайык администрациялык же жазык жоопкерчилиги каралган, ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, коомдук тартиптин бузулгандыгына тиешелүү арыздарды (даттанууларды), ошондой эле шайлоо процессинин катышуучуларынын аракеттерине болгон арыздарды кароо боюнча иштерди жүргүзөт.
Прокуратура органдары аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан шайлоо мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат, ошондой эле мыйзамдарга ылайык администрациялык жана жазык жоопкерчилиги каралган алардын аракеттерине арыздарды (даттанууларды) карайт.
Шайлоо комиссиялары мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде, мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде административдик же кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган ушул бөлүктүн үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, шайлоо процессинин катышуучуларынын иши боюнча арыздарды карайт.”.
11) 42-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү “же болбосо сотко” деген сөздөр “, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) сотко” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгүндө “, ошондой эле шайлоо комиссиялары” деген сөздөр алып салынсын;
- 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5 жана 6-бөлүктөрүндөгү “же биринчи инстанциядагы сотко” деген сөздөр алып салынсын;
- 12-бөлүгүндөгү “тиешелүү шайлоо комиссиясынын” деген сөздөр “Борбордук шайлоо комиссиясынын” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12) 51-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакциядагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин, депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылууга укуктуу. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен алып салуу жөнүндө чечим кабыл алат.”.
13) 52-беренеде:
- мамлекеттик тилдеги 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«1. Жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечими менен төмөнкүлөргө өткөрүлүп берилет:»;
- 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы “мөөнөтүнөн мурда чыгып калуусу” деген сөздөр “ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти