Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 177 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-ноябры № 787
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы
Улуттук илимдер фонду жөнүндө
Илим жана техниканын артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүүнү, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө киргизүүнү камсыз кылуу максатында, “Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фонду жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Улуттук илимдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттарын, каражаттарын түзүү, пайдалануу, эсепке алуу жана башкаруу тартибин аныктайт.
2. Фонддо илим менен техниканын артыкчылыктуу, жаңы багыттарын, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды, илимий программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле илимий иш-чараларды каржылоо үчүн финансылык ресурстар топтолот.
3. Фонддун каражаттары төмөнкүлөрдүн:
- илимди каржылоо үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу каражаттарынын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка келип түшүүлөрдүн эсебинен куралат.
4. Фонддун каражаттары төмөнкү максаттарга пайдаланылат:
- фундаменталдуу, иликтенүүчү (тобокелдүү) прикладдык илимий
изилдөөлөрдү жана республикалык максаттуу илимий-техникалык программаларды каржылоо, анын ичинде илимдин артыкчылыктуу багыттары боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларды каржылоо;
- илимий-техникалык потенциалды өнүктүрүүгө республиканын регионалдык илимий борборлоруна жана айрым окумуштууларга жардам көрсөтүү;
- илим менен техниканын келечектүү жана жаңы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга багытталат, буга кадрларды чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо кирет;
- илим тутумун мындан ары өнүктүрүү жаатында өткөрүлгөн иш-чараларды кошо каржылоо.
5. Фонддун бюджетинин долбоору жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Илим департаменти (мындан ары - Илим департаменти) тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) тарабынан бекитилет.
6. Фонддун бекитилген бюджетинин алкагында аткарылып жаткан илимий программалардын жана илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулардын долбоорлорунун тизмеги мамлекеттик эксперттик кеңештер жүргүзгөн мамлекеттик илимий, илимий-техникалык экспертизанын, илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгуулардын жыйынтыктары боюнча Илим департаменти тарабынан түзүлөт, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин алдындагы Илим жана инновациялар кеңеши менен макулдашылат жана Министрлик тарабынан бекитилет.
7. Каражаттар казыналык тутумдун эсептеринде эсепке алынат. Фонддун акча каражаттарынын кыймылы боюнча эсепке алуу жана отчёт берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Фонддун каражаттарын пайдалануу аудити Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
9. Фонддун каражаттары максаттуу багытта жумшалат. Фонддун каражаттарын ушул Жободо каралбаган максаттарга пайдаланууга жол берилбейт.
10. Илим департаменти Фонддун ишин башкарат.
11. Илим департаменти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Фондго каражаттарды чегерүү эсептерин ачат.
12. Илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштеп чыгууларга мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык экспертиза жүргүзүү боюнча мамлекеттик эксперттик кеңештердин ишин, методикалык, уюштуруу жана башка жагынан камсыздоо Илим департаменти тарабынан ишке ашырылат.
13. Илим департаменти Фонддун каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көзөмөлгө алат.
14. Илим департаменти Фонддо чогултулган каражаттардын келип түшүү жана бөлүштүрүү эсебин жүргүзөт жана белгиленген тартипте алардын пайдаланылышы тууралуу Министрликке отчет берет.