Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 559 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөөнүн тартиби (мындан ары - Тартип) юридикалык жана жеке жактардын уюштуруучулук-укуктук түрүнө карабастан өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө жаатындагы иштерди уюштуруу менен байланышкан маселелерди жөнгө салат, ошондой эле калдыктарды жайгаштырууга жана калдыктар жайгаштырылуучу объекттерге карата коюлуучу экологиялык талаптарды белгилейт, калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин долбоорлорун иштеп чыгуунун жана аларды жайгаштыруунун чектерин белгилөөнүн тартибин аныктайт.
2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар өз иштерин жүзөгө ашырууда өндүрүш жана керектөө калдыктары менен байланышкан маселелерди чечүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Тартипти жетекчиликке алышат.
3. Ушул Тартип радиоактивдүү калдыктар менен иштөөгө, биологиялык жана медициналык калдыктар менен иштөө боюнча операцияларга таркатылбайт.
2. Калдыктар менен иштөөнү ченемдөөнүн тартиби
4. Өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарын башкаруучу тутумду түзүү максатында Кыргыз Республикасында калдыктар менен иштөөнү ченемдөө жүзөгө ашырылып жатат.
Калдыктардын пайда болуу ченемдерин иштеп чыгуу жана белгилүү убакыттын ичинде ишкананын аймагынын чегиндеги жана анын чегинен сырткаркы калдыктар жайгаштырылуучу дайындуу объектиге калдыктардын так түрлөрүн жайгаштыруунун чектерин белгилөө жолу менен калдыктар менен иштөө жаатындагы экологиялык талаптарды сактаган шарттарда жана ошол аймактагы шартка жараша калдыктар менен иштөөнү ченемдөө жүзөгө ашырылат.
5. Иш процессинде 1-категориядагы кооптуу өндүрүш калдыктары пайда болгон чарба ишинин объекттери үчүн жеке жана юридикалык жактар калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин жана аларды жайгаштыруунун чектеринин долбоорун (мындан ары - КПЧЧ долбоору) иштеп чыгат.
6. Иш процессинде пайда болгон калдыктар менен иштөөнүн технологиясы жана башка шарттар өзгөргөндө КПЧЧ долбоорун кайра кароону, бекитүүгө берүүнү юридикалык же жеке жактар ишке ашырат.
7. КПЧЧ долбоорлорун иштеп чыгуу ушул Тартиптин калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин иштеп чыгуунун жана аны бекитүүнүн эрежеси деген тиркемесине ылайык жүзөгө ашырылат.
8. КПЧЧ долбоорлорун карап чыгууну жана бекитүүнү курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
9. КПЧЧ долбоорлорун карап чыгуунун мөөнөтү мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүү үчүн белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш.
10. Чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн калдыктарды жайгаштыруунун чектери уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын керекке жаратуу, сактоо, көмүү, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашыруу лицензиясын колдонуу мөөнөтүнө белгиленет.
11. Калдыктардын пайда болуусунун ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин бекиттирүү үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттер коштомо кат менен бирге төмөнкүлөрдү курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
а) КПЧЧ долбоорун бекитүү жөнүндө арыз менен кошо төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:
- юридикалык жак үчүн - юридикалык жактын толук жана кыскартылган аталышы (эгер бар болсо), уюштуруучулук-укуктук түрү, анын жайгашкан жери;
- жеке жак үчүн - аты-жөнү, жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалыматтары;
б) төмөнкү документтер:
юридикалык жактар үчүн:
- мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
- уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын керекке жаратуу, сактоо, көмүү, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсү;
- арыз берген адамдын паспортунун же анын инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
- КПЧЧ долбоору;
жеке жак үчүн:
- ишкердик иш менен иштөө патентинин көчүрмөсү;
- уулуу материалдардын жана заттардын калдыктарын керекке жаратуу, сактоо, көмүү, жок кылуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензиянын көчүрмөсү;
- арыз берген адамдын паспортунун же анын инсандыгын күбөлөндүргөн башка документтин көчүрмөсү;
- КПЧЧ долбоору.
Ушул Эреженин 11-пунктунда каралган документтердин көчүрмөлөрү түп нусканы көрсөтүү менен берилет.
12. Курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган КПЧЧ долбоорунун негизинде калдыктарды жайгаштыруунун чектерин аныктайт жана белгиленген тартипте аларды жайгаштырууга уруксат берүү жөнүндө же болбосо аларды жайгаштыруудан баш тартуу жөнүндө (жүйөлүү негиздемелер менен) чечим кабыл алат.
11-пунктта көрсөтүлгөн документтерди толук эмес көлөмдө берүү (арыз берүүчүнүн материалдарынын толук комплектте болбошу) же болбосо алардын курамында бурмаланган маалыматтардын же такталбаган маалыматтардын бар болуусу, алардын ичинде төмөнкүлөрдүн болушу калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин белгилөөдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат:
- арыз ээси берген материалдардын курамынан бурмаланган документтер (лицензиялардын жана уруксаттардын көчүрмөлөрү) табылса;
- жайгаштыруу чектери суралып жаткан калдыктардын курчап турган чөйрөгө коркунуч келтирген касиеттери, кооптуулук класстарынын курамы жөнүндө маалыматтардын жок экендиги арыз ээси берген КПЧЧ долбоорунун курамынан табылса;
- эгерде, арыз ээси берген КПЧЧ долбоорунун курамында келтирилген калдыктардын курамы жөнүндө маалыматтар аккредиттелген лабораториялар тарабынан белгиленген тартипте жүргүзүлгөн талдоо изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бышыкталбаса;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана кооптуу калдыктардын классын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кооптуу калдыктардын классификатору белгилеген калдыктардын коддоруна арыз ээси берген КПЧЧ долбоорунда көрсөтүлгөн калдыктардын коддорунун дал келбестиги табылса;
- арыз ээси берген КПЧЧ долбоорунда көрсөтүлгөн калдыктардын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасири жөнүндөгү маалыматтардын калдыктардын курчап турган чөйрөгө иш жүзүндө тийгизген таасиринин деңгээлине туура келбестиги табылса;
- арыз ээсинин балансында турган калдыктар жайгаштырылуучу (сакталуучу) объекттердин түзүлүшү тууралуу КПЧЧ долбоорунда берилген маалыматтардын жана алардын мүнөздөмөлөрүнүн ошол объекттердин иш жүзүндөгү жабдылышына жана абалына туура келбестиги табылса;
- арыз ээсинин балансында турган калдыктар жайгаштырылуучу (сакталуучу) объекттердин курчап турган чөйрөгө тийгизген таасиринин жол берилген чен-өлчөмдөн ашып кетүүсү табылса.
КПЧЧ долбоорун бекитүүдөн баш тартуу үчүн негиздер табылган учурда курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ушул Тартиптин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди кабыл алган күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттүн ичинде жазуу жүзүндө бул жөнүндө арыз ээсине кабар берет.
13. КПЧЧ долбоорунун материалдарында төмөнкүлөр да камтылууга тийиш:
- ишкана жөнүндө жалпы маалыматтар;
- чийки заттарды пайдалануунун өндүрүштүк жана технологиялык процесстеринин мүнөздөмөсү;
- калдыктардын пайда болуусунун эсептери жана көлөмдөрүнүн негиздемелери;
- калдыктардын жиктештирилиши жөнүндө маалыматтар;
- калдыктарды башкаруу тутумунун сыпатталышы;
- курчап турган чөйрөнү булгоо деңгээлинин бааланышы;
- болушу мүмкүн болгон авариялык кырдаалдар жөнүндө маалыматтар;
- калдыктар менен иштөөгө өндүрүштүк контролдун коюлушу жөнүндө маалымат;
- калдыктарды жайгаштыруунун чектери боюнча сунуштар;
- калдыктарды аз чыгара турган прогрессивдүү технологияларды, илимдин жана тажрыйбанын эң жакшы жетишкендиктеринин киргизилишин эске алуу менен жайгаштырылуучу калдыктардын курчап турган чөйрөгө жана калктын ден соолугуна тийгизген терс таасирлерин төмөндөтүүнү камсыз кыла турган иш-чаралар жөнүндө сунуштар;
- калдыктардын паспортторунун көчүрмөлөрү.
3. Калдыктарды жыйноого жана сактоого карата коюлуучу жалпы талаптар
14. Менчик ээсинин аймагындагы калдыктарды жыйноочу жерлер, алардын чектери (аянты, көлөмдөрү), түзүмдөштүрүлүшү, ошондой эле аларды пайдалануу үчүн жоопкер болгон кызмат адамдары калдык ээси тарабынан аныкталат.
15. Экинчи материалдык ресурс категориясына кирген өндүрүш жана керектөө калдыктарын жыйноо иштери аларды пайдалануунун жана кайра иштетүүнүн багыттарына жараша, калдыктар келип чыккан объекттерде өзүнчө жүзөгө ашырылууга тийиш. Мындай калдыктарды өзүнчө жыйноого мүмкүнчүлүк жок болгон учурда аларды адистешкен ишканаларга сорттоого берүү жагы каралышы керек. Экинчи материалдык ресурстар катары калдыктардын баалуулук сапаттарын жана касиеттерин сактоо ушундай калдыктарды убактылуу сактоонун милдеттүү шарты болуп саналат.
16. Экинчи ресурстарды жыйнаган юридикалык жана жеке жактар аларды сорттоо жана керекке жаратуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана экинчи ресурстарды кабыл алуучу пункттарды жайгаштыруу, сорттоо жана керекке жаратуу тууралуу сунуштарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна киргизишет.
17. Калдыктардын ээсинин аймагында калдыктарды топтоого жана сактоого төмөнкү учурларда убактылуу жол берилет:
- ылайыктуу технологиялардын жана/же өндүрүштүк кубаттуулуктардын жоктугунун себептери боюнча кийинки технологиялык циклде аларды өз убагында пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болсо;
- келишимге ылайык башка жеке же юридикалык жакка өткөрүп берүү максатында транспорттук топту түзүү үчүн калдыктарды топтоо зарылдыгы болсо;
- керектөөчүлөр жок болсо;
- техногендик авариялардын же жаратылыш кубулуштарынын кесепеттерин жоюуда.
18. Калдыктарды убактылуу сактоонун ыкмалары калдыктардын жеке абалына, химиялык курамына жана кооптуулук класстарына жараша төмөнкүдөй аныкталат:
- биринчи кооптуулук классындагы калдыктар жылчыгы жок сыйымдуулуктарда (контейнерлерде, челектерде, цистерналарда) гана сакталат;
- экимчи кооптуулук классындагы калдыктар ишенимдүү жабылган идиштерде (жабык үкөктөрдө, пластик баштыктарында, мүшөктөрдө) сакталат;
- үчүнчү кооптуулук классындагы калдыктар полиэтилен жана кагаз мүшөктөрүнө, пакеттерге, пахтадан жасалган кездемелерден тигилген мүшөктөргө салынып, андан кийин калдыктарды сактоочу жерге жеткирилип сакталат;
- төртүнчү кооптуулук классындагы калдыктар өндүрүш калдыктары сакталуучу атайын жайларда же контейнерлерде ачык үйүлмө, эндей түрүндө сакталат;
- бешинчи кооптуулук классындагы калдыктар өндүрүш калдыктары сакталуучу атайын жайларда же контейнерлерде ачык үйүлмө, эндей түрүндө сакталат.
19. Өндүрүш жана керектөө калдыктары төмөнкүдөй жайларда убактылуу сакталат:
- өндүрүштүк аймакта;
- кайра пайдаланылуучу чийки заттарды кабыл алып чогултуучу пункттардын аймактарында;
- калдыктарды кайра иштетүүчү жана зыянсыздандыруучу адистешкен ишканалардын аймактарында.
20. Өндүрүш жана керектөө калдыктарын убактылуу сактоо максаты үчүн төмөнкүлөр пайдаланылат:
- калдыктарды убактылуу сактоочу жабык аянттар (өндүрүштүк, туруктуу көмөкчү жана/же убактылуу жайлар);
- калдыктарды убактылуу сактоочу ачык аянттар;
- технологиялык сыйымдуулуктар жана резервуарлар.
21. Туруктуу эмес кампаларда, идишсиз ачык аянттарда (үйүп, эндей) же жылчыктары бүтөлбөгөн идиштерде калдыктарды убактылуу сактоо учурунда төмөнкүдөй шарттар сакталууга тийиш:
- убактылуу кампалар жана ачык аянттар турак-жай курулуштарынын шамал сокпогон ыктоо тарабына жайгашууга тийиш;
- кабыл алып жыйноочу жайда үймөктөлүп же ачык сакталган калдыктардын үстү жаан-чачындардын жана шамалдардын таасиринен корголууга (суу өткөрбөс жабуу, чатырча ж.б.у.с. менен жабылууга) тийиш;
- аянттын үстү суу өткөрбөгөн жана химиялык туруктуу жабуу (асфальт, керамзитбетон, полимербетон, керамикалык плитка ж.б.) менен жабылууга тийиш.
22. Майда дисперстүү калдыктарды чаң басаңдатуучу каражаттарды колдонбостон өндүрүш аянттарында ачык (үймө) түрдө сактоого жол берилбейт.
23. Калдыктарды ташуучу транспорт отрядын түзүү зарылдыгына жараша, калдыктардын компоненттеринин курамын, алардын физикалык жана химиялык касиеттерин, агрегаттык абалын, зыяндуу компоненттерде камтылган уулуулукту жана учмалуулукту жана алардын курчап турган чөйрөгө тийгизген таасирин минималдаштырууну эске алуу менен, калдыктарды жайгаштыруу долбоорунун негизинде калдыктардын ээсинин аймагына жайгаштырууга жол берилген өндүрүш жана керектөө калдыктарын убактылуу топтоонун сандык чеги аныкталат.
24. Курчап турган чөйрөнү, атмосфералык абаны жана аянтка жанаша жайгашкан жер кыртыштарынын үстүндөгү жана жер астындагы сууларды жол берилген ченемдик чектен ашыгыраак булганышына жол бербеген шарттарда өндүрүш жана керектөө калдыктарын убактылуу сактоо жүзөгө ашырылууга тийиш.
25. Өндүрүш жана керектөө калдыктарын убактылуу сактоо ошол аймактагы гигиеналык ченемдердин бузулушуна жана санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына алып келбөөгө тийиш.
4. Калдыктар жайгаштырыла турган объекттерге карата коюлуучу экологиялык талаптар
26. Калдыктар жайгаштырыла турган объекттерди жайгаштыруу, долбоорлоо, куруу, пайдалануу Кыргыз Республикасынын шаар куруу, жаратылышты коргоо жана башка мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Экологиялык паспорту бар I жана II класстагы калдыктар жайгаштырылуучу объекттер калдыктардын курамына жана көмүлүшүнө болгон контролду жүзөгө ашырат, эсепти жүргүзөт жана технологиялык циклдердин сакталышын камсыз кылат; объектиде кооптуу калдыктар бар болгон учурда белгиленген тариздеги паспорт түзүлөт.
Калдыктар жайгаштырылуучу объекттер Кыргыз Республикасынын калдыктарынын мамлекеттик кадастрына киргизилет.
28. Юридикалык же жеке жак, ошондой эле кооптуу калдыктар ээлигинде же пайдалануусунда турган жак кооптуу калдыктар көмүлө турган объектинин менчик ээси болуп саналат.
29. Калдыктар жайгаштырылган обьектинин менчик ээси же калдыктар жайгаштырылуучу объект ээлигинде же пайдалануусунда турган жак анын абалына экологиялык мониторинг жүргүзүүгө, терс таасирди болтурбоочу жана четтетүүчү чараларды көрүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бузулган жерлерди калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүүгө милдеттүү.
30. Калдыктар көмүлгөн ар бир объект курчап турган чөйрөгө калдыктардын терс таасирлеринин алдын алуу үчүн жайгаштырылган калдыктардан келип чыккан атмосферанын булганышына (таштандылардын газдарына), тазалоочуларга жана агын сууларга мониторинг жасай турган система менен жабдылууга тийиш.
31. Калдыктар көмүлгөн объектинин ээси объектидеги биочирүүчү калдыктарды көмүүнүн көлөмүн кыскартуу жана контролдоо системасын киргизүү жана таштандылардын газын керекке жаратуу жолу менен метандын келип чыгышын төмөндөтүүчү иш-чараларды көрүүгө тийиш.
32. Калдыктар көмүлүүчү объектиге калдыктарды өткөрүп берген калдыктардын ээлери калдыктардын аныкталган бир түргө киришин бышыктаган, алардын сапаттык жана сандык мүнөздөмөсү жөнүндө ишенимдүү маалыматтарды жана кооптуу калдыктар үчүн кооптуу калдыктардын коштомо паспортунун көчүрмөсүн калдыктар көмүлүүчү объектинин ээсине берүүгө милдеттүү.
33. Калдыктар көмүлгөн объектинин ээлери ошол объектиге жайгаштыруу үчүн уруксат берилген калдыктардын түрлөрүн гана кабыл алышат.
34. Калдыктар көмүлгөн объектинин ээси калдыктарды кабыл алуунун төмөнкүдөй жол-жоболорун сактайт:
- калдыктардын документтерин, кооптуу калдыктардын паспортун текшерүүнүн;
- кире бериште жана жайгаштыруучу жерде калдыктарды кароодон өткөрүүнүн;
- калдыктардын ээси берген документтерди сыпаттоо менен калдыктарды салыштыруунун;
- чыккан жерин, жеткирилип берилген күндү, калдыктарды өндүрүүчүнүн же жыйноочунун идентификацияланышын көрсөтүү менен жайгаштырылган калдыктардын сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрүнүн, ал эми кооптуу калдыктар бар болсо - алардын полигонго жайгаштырылган так жеринин эсептерин жүргүзүүнүн;
- полигонго радиоактивдүү заттардын түшүшүн болтурбоо үчүн калдыктардын ар бир топтомуна дозиметрикалык контролду жүргүзүүнүн.
35. Калдыктар көмүлгөн объектинин ээси тилкелерге кабыл алынган калдыктардын ар бир топтомун жазуу жүзүндө бышыктайт жана ошол документтердин беш жыл сакталышын камсыз кылат.
36. Кабыл алуу пункттарына жеткирилип берилген калдыктардын салмагын аныктоо үчүн өлчөөчү приборлор орнотулат.
37. Көмүү үчүн кабыл алынып жаткан калдыктарды кабыл алуунун жана классификациялоонун жол-жоболору курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
38. Калдыктар көмүлүүчү объектиге көмүү үчүн төмөнкүдөй калдыктарды кабыл алууга тыюу салынат:
- суюк калдыктар;
- калдыктар көмүлүүчү объектилердин шарттарында жарылуучу, дат басуучу, кычкылдануучу, өрт коркунучу жогору же өрт коркунучу кооптуу калдыктар;
- суу менен реакциялануучу калдыктар;
- медициналык же ветеринардык мекемелердин жугуштуу калдыктары;
- бүтүн пайдаланылган дөңгөлөктөр, жарамдуулугу калыбына келтирилген материал катары колдонулгандарынан башкасы;
- туруктуу органикалык булганычтарды камтыган калдыктар;
- пестициддер;
- кайра иштетилүүчү жана (же) утилдештирилүүчү мунайзат продуктулары.
39. Кабыл алуу критерийлерин аткаруу максатында калдыктарды аралаштырууга тыюу салынат. Калдыктар жайгаштырылуучу объектиге ташып баруунун алдында I, II жана III кооптуулук класстарындагы заттарды камтыган суюк калдыктар калдыктардын ээси тарабынан паста сыяктуу консистенцияга чейин суусуздандырылышы керек.
Күйүүчү калдыктар өрттөлүүгө жатат. Бул үчүн чаңды-газды тазалоочу түзүлүш менен жабдылган, атмосфералык абанын булгануусун болтурбай турган, 1000-1200 градус температурасындагы иш тартибинде калдыктарды толук өрттөө шартын камсыз кылган меш калдыктар көмүлүүчү объектинин атайын бөлүнгөн тилкесине курулат.
40. Калдыктар жайгаштырылуучу объекттерге калдыктарды жайгаштырууга жана алардын кармалышына карата коюлуучу талаптардын сакталышына болгон контролду экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатына контроль жана көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
41. Кооптуу калдыктардын полигону I, II жана III кооптуулук классындагы калдыктарды жана зарыл болгон учурда IV жана V кооптуулук классындагы өндүрүш калдыктарын кабыл алат, ар бир конкреттүү учурда алардын тизмеси курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
42. Кооптуу калдыктар көмүлүүчү объектинин менчик ээси полигонго жеткирилип берилген кооптуу калдыктарды идентификациялоочу жана эсептөөчү тутумду уюштурууга милдеттүү.
43. IV жана V кооптуулук классындагы катуу өндүрүш калдыктары курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык органынын макулдугу боюнча катуу өндүрүш калдыктарынын полигонуна жана санкцияланган таштанды таштоочу жайларга ташып чыгарылышы жана катуу өндүрүш калдыктарынын полигонунун жана санкцияланган таштанды таштоочу жайларынын картасынын ортоңку жана жогорку бөлүктөрүн тосуучу инерттик материал катары пайдаланылышы мүмкүн.
44. Калдыктар жайгаштырылуучу объекттер тилкедеги булганычтар коомдук жолдорго жана жакын жайгашкан аймактарга чыгарылбагандай кылынып жабдылууга тийиш.
45. Полигон чоочун адамдардын эркин кирүүсүнөн корголууга тийиш.
46. Калдыктарды көмүү объектисинин ээси курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жайгаштырылып жаткан калдыктардын түрү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жыл сайын белгиленген тартипте берип турууга милдеттүү.
47. Калдыктар көмүлүүчү объектинин же катуу өндүрүш калдыктарын таштоочу санкцияланган таштанды жайы жайгаштырылуучу жана курулуучу жер тилкеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген башкы планга же калктуу конуштарды, шаардан сырткаркы аймактарды пландоо жана жайгаштыруу долбоорлоруна ылайык бөлүнүп берилүүгө тийиш. Калдыктар көмүлүүчү объект калктын ден соолугунун жана курчап турган чөйрөнүн санитардык-эпидемиологиялык жана экологиялык коопсуздугуна кепилдиктерди берүүгө тийиш.
48. Калктын турмуш тиричилигинен, коомдук имараттардан жана мекемелерден, өндүрүш ишканаларынан, соода-сатык объекттеринен, коомдук тамактануу жайларынан жана көчөлөрдөн келип чыккан калдыктар, саламаттык сактоо уюмдарынын зыянсыздандырылган катуу калдыктары, курулуш таштандылары жана башка калдыктар турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары көмүлүүчү объекттерге кабыл алынат.
49. Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктары көмүлүүчү объекттердин аймактарында калдыктарды ачык өрттөөгө уруксат берилбейт, курчап турган чөйрөнүн булгануусунун алдын-алуучу чаралар каралат.
50. Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын полигондордо көмүү үчүн жаныбарлардын өлүктөрүн жана этти кайра иштеткен комбинаттарда союлган малдын сөөктөрүн көмүүгө жол берилбейт.
51. Турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын жайгаштыруу үчүн дайындалган полигондордо төмөнкүдөй катуу жана шлам сыяктуу өндүрүш калдыктарын жайгаштырууга тыюу салынат:
1) хлор өңдүрүшү боюнча химиялык өнөр жай калдыктары:
сымап жана анын бирикмелерин камтыган синтетикалык каучукту, хлорду, каустикти өндүрүүдөгү графиттик шламды;
метанолду, метанолду камтыган айнек өндүрүшүнүн калдыктарын;
гексахлоранды, метанолду, трихлорбензолду камтыган моиохлоруксус кислотасынын туздарын өндүрүдөгү шламдарды;
ДДТны (1, 1, 1-трихлор-2,2 бисти (n-хлорфенил) этанын), уротропинди, цинебаны, жездин трихлорфенолятын, Д-тиурамын ташуу үчүн пайдалануучу кагаз мүшөктөрдү;
трихлорфенолду камтыган жездин трихлорфеноляты өндүрүшүндөгү шламдарды;
бензолду жана дихлорэтанды камтыган пластополимерлерди өндүрүүдө иштетилген катализаторлорду;
хлоропренди камтыган коагулюмду жана омега полимерлерин;
гексахлоранды, трихлорбензолду камтыган трихлорбензол, жер семирткичтер өндүрүшүндөгү калдыктарды;
2) хром кошулмаларын өндүрүү боюнча химиялык өнөр жай калдыктары:
монохромат натрийди жана хлордуу натрийди өндүрүүдөгү шламдарды, алтываленттүү хромду камтыган бихромат калийи өндүрүшүндөгү калдыктарды;
3) цинкти камтыган соданы өндүрүү өндүрүшүндөгү цинк күйүндүлөрүнүн калдыктары;
4) жасалма була өндүрүшүндөгү калдыктар:
диметилтерефталатты, терефталдык кислотаны, цинкти, жезди камтыган шламдарды;
капролактамды камтыган капролактамды чыпкалоодон чыккан калдыктарды;
метанолду камтыган метанолиз орнотмосунун калдыктарын;
5) лак жана боёк өнөр жайынын калдыктары:
цинкти, хромду, эриткичтерди, кычкылдандыруучу майларды камтыган лактардын жана эмалдардын пленкалары, жабдыктарды тазалоодо чыккан калдыктар;
цинкти жана магнийди камтыган шламдарды;
6) химиялык-фотография өнөр жайынын калдыктары:
фенолду камтыган гипосульфит жана суусуз сульфит өндүрүшүндөгү калдыктарды;
бутилацетатты, толуолду, дихлорэтанды, метанолду камтыган магниттик лактын, коллодиянын, боектордун калдыктарын;
7) фенолду камтыган желимдер өнөр жайынын калдыктары;
8) азот өнөр жайынын калдыктары:
канцерогендик заттарды камтыган кокс газдарын тазалоочу орнотмонун шламы (чайырлары) жана синтездөө жана компрессиялоо цехинин иштетилген майлары;
моноэтаноламинди камтыган моноэтаноламиндин арасын ачуудагы коюу калдык;
9) мунайзатты кайра иштетүү жана мунайзатхимия өнөр-жайынын калдыктары:
хромду жана кобальтты камтыган майды, парафинди тазалоодон чыккан алюмосиликаттык адсорбентти;
отуз пайыздан жогорку күкүрт кислотасын камтыган кычкыл гудрондорду;
фенолду камтыган коксту жана газдаштырылган жарымкоксту алуудагы фустардын жана фусчайырларынын калдыктарын;
хромду камтыган иштетилген катализаторлорду;
майларды камтыган иштетилген чопону;
цинкти камтыган алкилфенолдук кошумдарды орнотуудагы чыпкалоо процессинин калдыктарын;
10) машина куруунун калдыктары:
хромду камтыган хром агымдардын тунмаларын;
цианды камтыган цианид агымдарынын тунмалары;
хромду камтыган органикалык байланыштыруучу стержендүү аралашмалар;
цинкти, хромду, никелди, кадмийди, коргошунду, жезди, хлорофосту, тиоколду камтыган гальвандык цехтерди бейтараптоочу станциялардагы вакуумдук чыпкалоодон кийинки тунмалар;
11) медицина өнөр жайынын калдыктары;
бромду, дихлорэтанды, метанолду камтыган синтомицин өндүрүшүндөгү калдыктарды;
оор металлдардын туздарын камтыган байытуунун калдыктарын жана шламдарды.
52. Адамдарды кооптуу калдыктар менен иштөөгө жол бергендиги үчүн жоопкерчилик калдыктардын менчик ээсине жүктөлөт.
Кооптуу калдыктар менен иштеген адамдар белгиленген тартипте медициналык текшерүүдөн жана оорулардын алдын алуучу медициналык кароодон өтүүгө милдеттүү.
53. Калдыктар көмүлүүчү объектинин ээси курчап турган чөйрөгө тийгизилген таасирлерге карата жасалган мониторинг жөнүндө отчетту жыл сайын курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык органына берип турат.
54. Калдыктар көмүлүүчү объектинин ээси контролдун жана мониторингдин натыйжасында табылган курчап турган чөйрөгө тийген жагымсыз таасирлер жөнүндө маалыматты курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана анын аймактык органына билдирүүгө, ошондой эле кабыл алына турган жөнгө салуучу чаралардын мүнөздөрүн жана мөөнөттөрүн аны менен макулдашууга тийиш.
55. Калдыктар жайгаштырылуучу объектинин аймагындагы курчап турган чөйрөнүн абалына жасалуучу мониторингди аккредиттелген лабораториялар жүргүзүүгө тийиш.
56. Чыпкалоонун жана жер үстүндөгү суулардын сынамы репрезентативдик пункттардан алынууга тийиш. Чыпкалоону тандап алуу жана анын көлөмүн жана курамын өлчөө иши чыпкалоо келип чыккан ар бир пунктта өзүнчө аткарылууга тийиш.
57. Газдык мониторинг жасоо калдыктар көмүлгөн объектинин ар бир секциясында жүргүзүлүүгө тийиш.
58. Тандап алуунун жана талдоонун жыштыгы калдыктар көмүлгөн объектиге мониторинг жүргүзүүнүн программасына негизденет.
59. Өлчөнө турган параметрлер жана талдана турган заттар жайгаштырылып жаткан калдыктардын курамына жараша түзөтүлөт.
60. Жер астындагы суулардан алынган сынамда талдана турган параметрлер ошол жердин астындагы суулардын чыпкаланган курамынан жана сапатынан улам пайда болушу мүмкүн. Талдоо эсеби үчүн параметрлерди тандап алуу процессинде жер алдындагы суулардын ылдамдыгы жана агуу багыты аныкталууга тийиш. Суунун сапатындагы мурда табылган өзгөрүүлөргө кепилдик бере турган индикативдик көрсөткүчтөр параметрлерге киргизилиши мүмкүн.
61. Курчап турган чөйрөнү коргогон, экологиялык коопсуздукка, санитардык-эпидемиялык көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын комиссиялык чечимин алгандан кийин гана калдыктар көмүлүүчү объектини (же анын бөлүгүн) жабууга жол берилет.
62. Ушул тартиптин 64-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары жерге корутундулоочу кароону жүргүзүп баа бергенден, бардык маалыматтарды объектинин ээсине бергенден жана калдыктар көмүлүүчү объектини (же анын бөлүгүн) жабуу жактырылгандыгы жөнүндө ага маалымдалгандан кийин гана калдыктарды көмүү боюнча объект (же анын бөлүгү) жабык деп каралышы мүмкүн.
63. Калдыктар көмүлүүчү объект (же объектинин бөлүгү) жабылгандан кийин анын ээси аймактын күрдүүлүгүн калыбына келтирүүнү жана курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык органы менен, ошондой эле, экологиялык коопсуздукка, санитардык-эпидемиялык көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган мөөнөттө таштандылардан жана чыпкалоодо чыккан газдарга мониторинг жасайт.
64. Калдыктар көмүлүүчү объектиге (же объектинин бөлүгүнө) күрдүүлүк калыбына келтирилгенден кийин күрдүүлүктү калыбына келтирүү долбооруна жана курчап турган чөйрөнү коргогон, экологиялык коопсуздукка, санитардык-эпидемиялык көзөмөл жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кабыл алуу комиссиясынын актысы менен бүткөрүлгөн иштердин кабыл алынышына жараша анын ээси жабык объектинин аймагындагы курчап турган чөйрөнүн абалына мониторингдин жүргүзүлүшүн камсыз кылат.
65. Күрдүүлүгү калыбына келтирилген калдыктар жайгаштырылган объектини жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өткөрүп берүү учурунда калдыктарды өндүрүүчү мониторингди жүргүзүүнүн мөөнөттөрүн көрсөтүү менен мониторинг жасоонун программасын иштеп чыгат жана аны финансылоону камсыз кылат. Мониторинг жүргүзүүнүн мөөнөттөрү курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылат.
|
| Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартибине тиркеме |
Калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн эрежелери (мындан ары - Эрежелер) калдыктар боюнча кооптуулугу I категориядагы чарбалык жана башка иштердин объекттерине ээлик кылган юридикалык жана жеке жактар үчүн, ошондой калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алган курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган үчүн багытталган.
2. Эрежелер калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин жана аларды жайгаштыруунун чектеринин долбоорун (мындан ары - КПЧЧ долбоору) белгилейт, анда сунуш кылынып жаткан иш чарба жүргүзүүчү субъектинин чарбалык жана башка иштеринин процессинде пайда болгон бардык калдыктар менен иштөөгө, аларды пайдалануу жолу менен жайгаштырууну зыянсыздандырууга, ошондой эле аларды андан ары пайдалануу жана жайгаштыруу максатында чарба жүргүзүүчү башка субъекттерге өткөрүлүп берилишине негизденет.
3. Чарба жүргүзүүчү субъектиде бир нече филиалдар жана башка өзүнчө аймактык бөлүктөр бар болгон учурда бирдиктүү КПЧЧ долбоору иштелип чыгат.
Эгерде, юридикалык жана жеке жак өндүрүштүк аймактын бөлүгүн, жайларды же жабдууларды ижарага алуучу катары чыкса, анда ижарачыга өзүнүн объекттеринде калдыктарды жайгаштыруу укугу берилет, анда ижарачынын калдыктары ижарачынын КПЧЧ долбооруна киргизилүүгө тийиш. Ижарага алуучу өзүнүн объекттерин өзүнүн калдыктарын жайгаштыруу үчүн пайдаланган учурда ал тарабынан КПЧЧ долбоору өз алдынча иштелип чыгат.
4. КПЧЧ долбоорун иштеп чыгуудагы негизги милдеттер төмөнкүлөр болуп саналат:
- калдыктардын пайда болуусунун ченемдерин аныктоо (эсептөө);
- калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин жана өндүрүлгөн продукциянын (көрсөтүлгөн кызматтын, аткарылган иштин) көлөмүнүн негизинде бир жылда пайда болгон калдыктардын санын аныктоо (эсептөө);
- пайдаланууга жана (же) зыянсыздандырууга сунушталып жаткан калдыктардын санын негиздөө;
- калдыктарды жайгаштыруунун конкреттүү объектилеринде жайгаштыруу үчүн сунушталып жаткан калдыктардын санын негиздөө,
5. Курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин бекитүү жөнүндө чечимди кабыл алууда КПЧЧ долбоорунда камтылган төмөнкүдөй маалыматтар эске алынат:
- калдыктарды андан ары пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу, чарба жүргүзгөн башка субъектиге өткөрүп берүү максатында калдыктардын экономикалык жактан максатка ылайыктуу топтомун түзүү үчүн багытталган өндүрүштүк аймактардын, топтолгон калдыктар бата турган пайдалануудагы орундар (аянттар);
- чарба жүргүзүүчү субъект өз алдынча, же болбосо башка чарба жүргүзүүчү субъектиге өткөрүп берүү аркылуу калдыктарды пайдаланууга жана (же) зыянсыздандырууга техникалык жана башка мүмкүнчүлүктөрү бар болсо;
- жайгаштырууга сунушталып жаткан калдыктардын саны;
- чарба жүргүзүүчү субъектиде, же башка юридикалык жана жеке жакта калдыктарды жайгаштыруучу дайындуу объекттердин болушу, ошондой эле жайгаштырууга сунушталган калдыктардын ар бир түрүн жана алардын кооптуулук класстарын жайгаштырууга техникалык жана башка мүмкүнчүлүктөрдүн бар болушу.
2. Калдыктардын пайда болуу ченемдерин аныктоонун (эсептөөнүн) методдору
6. КПЧЧ долбоорунда калдыктардын пайда болуу ченемдеринин негизинде калдыктардын так түрлөрүнүн келип чыгышынын пландаштырылган жылдык орточо ченеминин негиздемеси келтирилет. Калдыктардын так түрлөрүнүн пайда болуусунун пландаштырылган жылдык орточо ченеми жылына тонналар (жылына/т) менен берилет.
Калдыктардын пайда болуусунун пландаштырылган жылдык орточо ченеми калдыктардын пайда болуусунун негизинде аныкталат.
Калдыктардын пайда болуусунун ченемдери продукциянын бирдиктерин өндүрүүдөгү калдыктардын так түрлөрүнүн белгилүү санын аныктайт, тактап айтканда алар эсептик бирдиктен келип чыккан калдыктардын салыштырмалуу көрсөткүчтөрү болуп эсептелет, калдыктардын пайда болуусуна жараша ал үчүн төмөнкүлөр кабыл алынышы мүмкүн:
- өндүрүш калдыктары үчүн - өндүрүлгөн продукциянын бирдиги, пайдаланылган чийки заттын бирдиги;
- транспорт каражаттарын тейлөөдөгү калдыктар үчүн - аралык бирдиги (мисалы, километр);
- аймакты тазалоодогу калдыктар үчүн - аянттын бирдиги;
- турак-жай калдыктары үчүн - адам;
- мейманканадагы, ашканадагы жана башкалардагы орундар.
Калдыктардын пайда болуусунун жылдык орточо пландаштырылган ченемдеринин жалпы түрү төмөнкү 1-формула боюнча аныкталат:
ПНо = Но х Q
мында:
ПНо - калдыктардын пайда болуусунун жылдык орточо пландаштырылган ченемдери, эсептик бирдиги/тонна;
Но - калдыктардын пайда болуусунун ченемдери, эсептик бирдиги/тонна;
Q - калдыктардын пайда болуусуна салыштырмалуу түрдө эсептелген чыгарылуучу продукциянын, кайрадан иштетилүүчү чийки заттын, аткарылган кызматтардын жана башкалардын пландаштырылган жылдык көлөмү.
Материалдардын жана буюмдардын физикалык же моралдык жактан эскиришинин кесепетинен пайда болгон калдыктардын пландаштырылган жылдык орточо ченемдеринин эсеби, ал үчүн техникалык документтерде пайдаланылуучу мөөнөткө чектөө белгиленет, калдыктардын пайда болуусунун ченемдерин алдын ала аныктамаларсыз төмөнкү 2-формула боюнча аныктоого жол берилет:
ПHо = Mi / T
мында:
Mi - "калдык" абалына өткөн бардык материалдардын, буюмдардын салмагы;
Т - материал, буюм пайдалануучу мөөнөт.
7. Калдыктар пайда болгон процесстердин мүнөздөрүнө жана эсептөө үчүн негизги маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгүнө жараша калдыктардын пайда болуусунун ченемдери төмөнкү ыкмаларды пайдалануу менен аныкталат:
- материалдык-чийки зат балансын эсептөө методу;
- эсептик-талдоо методу;
- эксперименттик методу;
- калдыктардын иш жүзүндө келип чыккан көлөмүн эсептөө методу (статистикалык метод).
8. Материалдык-чийки зат балансын эсептөө методу.
Материалдык-чийки зат балансы өндүрүш калдыктарынын келип чыгышын ченемдөөнүн базасы болуп саналат. Материалдардын - чийки заттардын балансы боюнча эсептер негизги чийки заттын же продукциянын чоң номенклатурасын мүнөздөгөн өндүрүштөгү калдыктардын келип чыгуу ченемдерин аныктоодо колдонулат.
Эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар болуп төмөнкүлөр саналат:
- убакыт бирдигинде пайдаланылуучу чийки заттардын жана материалдардын саны;
- продукцияга айланган чийки заттардын жана материалдардын саны;
- өндүрүлгөн продукциялардын саны;
- табигый кемүүлөрдүн ченемдери;
- атмосфералык абага чыгарылган жана булганыч сууларга кошулган заттардын саны.
Технологиялык карталар, рецепторлордун сүрөттөлүшү, технологиялык регламенттер жана чийки заттардын жана материалдардын пайдаланышын регламенттеген башка документтер, чийки заттарды жана материалдардын колдонулушун эсептеген материалдар, алынган продукциялар, булгоочу заттарды чыгаруучу, таштоочу булактарды инвентаризациялоонун жыйынтыктары, калдыктар пайда болгон булактар, калдыктарды чыгарууну, таштоону жана анын пайда болгонун контролдоонун маалыматтары эсептөө үчүн баштапкы маалыматтар катары пайдаланылат.
Баштапкы маалыматтар ушул Эрежелердин 1-тиркемесинин 1-үлгүсүнө ылайык таблица түрүндө белгиленет.
Калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин эсеби баштапкы маалыматтардын жыйындысына жараша бир канча варианттар боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Убакыт бирдигинде калдыктардын жана чыгарылган продукциялардын саны боюнча маалыматтар болгон учурда калдыктардын пайда болуусунун ченеми 3-формула боюнча аныкталат:
Но = О / q
мында:
Но - калдыктардын пайда болуусунун ченеми, продукциялардын бирдиги/т;
О - убакыт бирдигинде пайда болгон калдыктардын саны, тонналар менен;
q - убакыт бирдигинде чыгарылган продукциянын көлөмү.
Убакыт бирдигиндеги калдыктардын саны боюнча маалыматтар жок болсо, бирок канча сандагы чийки заттардын жана материалдардын продукцияга айланары белгилүү болсо, убакыт бирдигинде келип чыккан бардык калдыктардын суммасы 4-формула боюнча эсептелет:
∑O = ∑N - ∑Р - ∑Нn - ∑В - ∑С
мында:
∑O - убакыт бирдигиндеги бардык калдыктардын суммасы, тонна менен;
∑N - убакыт бирдигинде өндүрүшкө келип түшкөн чийки заттардын жана материалдардын кошулган саны, тонна менен;
∑Р - убакыт бирдигинде өндүрүш процессиндеги чийки заттардын (материалдардын) суммалык елчөмү, тонна менен;
∑Нn - убакыт бирдиги ичинде өндүрүш процессинде чийки заттардын (материалдардын) сөзсүз боло турган кайтарымсыз жоготуулардын суммасы, тонна менен;
∑В - убакыт бирдигинде атмосфералык абага чыгарылгандардын курамындагы булгоочу заттардын кошунду саны, тонна менен;
∑С - убакыт бирдигинде сууга кошулуп чыккандагы булгоочу заттардын кошунду саны, тонна менен.
Ошол эле учурда калдыктардын пайда болуусунун ченеми төмөнкү 5-формула боюнча аныкталат:
Но = ∑С / q
Продукцияга айланган чийки заттардын жана материалдардын сандары боюнча маалымат жок болсо, бирок убакыт бирдигинде чыгарылган продукциянын саны белгилүү болсо, 4-формуладагы ∑Р чоңдугу ∑qга алмаштырылат, ал болсо убакыт бирдигинде чыгарылган продукциялардын кошунду суммасы болуп эсептелет.
Продукциялардын бир нечелеген түрлөрүн өндүрүүдө калдыктардын бир түрү пайда болгон өзүнчө учурда, продукциянын дүңүнүн бирдигинен пайда болгон калдыктардын салыштырма салмагы болуп эсептелген калдыктардын пайда болуусунун топтомолуу ченемдери пайдаланылышы мүмкүн. Калдыктардын пайда болуусунун топтомолуу ченемдерин эсептөө үчүн, адегенде төмөнкү 6-формула боюнча калдыктардын пайда болуусунун кошунду көлөмү аныкталат:
мында:
- калдыктардын пайда болуусунун жалпы кошунду көлөмү;
- продукциянын ар бир түрүн өндүрүү учурундагы калдыктарды пайда кылуучу процессте калдыктардын пайда болуусунун ченеми, тонна менен;
- i түрүндөгү продукциянын чыгарылган көлөмү;
i - өндүрүлүп жаткан продукциянын түрлөрүнүн индекси (i = 1, 2 ,3, 4... m).
Өндүрүлүп жаткан дүң продукциянын бирдигинен пайда болуп жаткан калдыктардын топтук ченеми 7-формула боюнча аныкталат:
Эгерде, жогоруда көрсөтүлгөн документтердеги калдыктардын пайда болуу ченемин эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтар жок болсо, аларды алуу үчүн накта өлчөөлөр жүргүзүлөт.
9. Эсептик-талдоо методу.
Калдыктар пайда болгон продукцияны өндүрүүдө колдо бар конструктордук-технологиялык документтер (технологиялык карталар, рецепторлор, регламенттер, жумуш чиймелери) колдонулат. Ушундай документтердин негизинде чийки заттарды (материалдарды) сарптоонун белгиленген ченемине ылайык продукциянын бирдигине чийки заттарды (материалдарды) сарптоонун ченеминин жана сөзсүз боло турган кайтарымсыз жоголгон чийки заттарды эске алуу менен алардын таза (пайдалуу) чыгымдалышынын айырмачылыгы катары калдыктардын пайда болуу ченеми эсептелинет (Но).
Эсеп 8-формула боюнча жүзөгө ашырылат:
Но = N - Рn - Н,
мында:
N - продукциянын бирдигине чийки заттардын (материалдардын) чыгымдалышынын ченеми, тонна менен;
Рn - продукциянын бирдигине өндүрүштүк процессти (жумушту) жүзөгө ашыруу үчүн керектүү чийки заттардын (материалдардын) чыгымдалышы, тонна менен;
Н - продукциянын бирдигине өндүрүш процессинде чийки заттардын (материалдардын) сөзсүз боло турган кайтарымсыз жоготуулары, тонна менен.
Калдыктардын пайда болуу ченеми 9-формула боюнча аныкталат:
Ho = Nn(1 - Кn) - Р,
мында:
Кn - чийки заттардын (материалдардын) сөзсүз болуучу жоготуулары
Калдыктардын пайда болуу ченеми пайыздарда же кайра иштелүүчү чийки заттын чыгышынын коэффициенти катары (Н1о) 10-формула боюнча аныкталат:
мында:
- продукцияны өндүрүү учурунда колдонулган чийки заттардын (материалдардын) коэффициенти
№ 8 - 10 формулалар боюнча калдыктардын ар бир түрүнүн пайда болушунун ченеми аныкталат.
Калдыктардын пайда болуусунун саны (көлөмү) (Vо), чийки затты пайдалануунун натыйжасында калдыктардын пайда болуу ченеми (Но) катары эсептелет, пайдаланылуучу чийки заттын, материалдардын (Qо) көлөмүнүн (санынын) эсеби 11-формула боюнча аныкталат:
Vо - Qc x Ho
мында:
Qc - пайдаланылуучу чийки заттардын, материалдардын көлөмү;
Ho - калдыктардын пайда болуу ченеми.
Өндүрүлүүчү продукциянын дүңүнүн бирдигинен келип чыккан калдыктардын топтук ченеми 12-формула боюнча аныкталат:
мында:
- ошол түрдө өндүрүлүүчү продукциянын көлөмү,
i - өндүрүлүүчү продукциянын түрүнүн индекси (i = 1, 2, ... m).
Эсептик-талдоо методу менен эсептелген калдыктардын пайда болуу ченеминин жыйынтыктары ушул эреженин 2, 3 жана 4-үлгүлөрүнө ылайык таблица түрүндө таризделет.
10. Эксперименттик метод.
Чийки заттын курамдык элементтеринин белгилүү диапазонундагы өзгөрүүлөргө жол берилген технологиялык процесстер үчүн (куюу өндүрүшүндөгү, химиялык, азык-түлүк, микробиологиялык жана башка өнөр жай тармактарындагы), ошондой эле көп эмгекти талап кылган аналитикалык эсептөөлөр учурунда өндүрүш шарттарындагы тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде калдыктардын пайда болуу ченемин аныктай турган эксперименттик метод колдонулат. Башында чийки заттардын (материалдардын) салмак бирдиктеринен алына турган пайдалуу продуктулардын салмагына жасалган тажрыйбалык өлчөөлөрдү статистикалык жактан иштеп чыгуунун негизинде чийки заттардын бирдигиндеги пайдалуу продуктулардын үлүшүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөр пайыздар менен аныкталат (Спп).
Ушул көрсөткүчтүн маанисинин жана чийки заттан алынган пайдалуу продуктунун салмагы жөнүндө маалыматтардын негизинде (Мпп), 13-формула боюнча калдыктардын пайда болуусунун массасы (Vo) аныкталат:
Өндүрүлгөн продукциянын бирдигинен пайда болгон калдыктын ченеми () 14-формула боюнча аныкталат:
мында:
- өндүрүү учурунда калдыктарды пайда кылган продукциянын саны.
Иштетүү баскычында турган буюмдар үчүн калдыктардын пайда болуу ченеми ошого окшош түрдөгү продукцияны өндүрүү учурунда калдыктардын массасын өлчөөнүн жана ушул түрдөгү продукция боюнча орточо көрсөткүчтү аныктоонун негизинде эксперименттик жол менен аныкталат.
11. Баштапкы (3 жылдан кем эмес) мезгилде өндүрүлүп жаткан продукциянын материалдык сыйымдуулугун төмөндөтүү боюнча иш-чараларды сунуштоого ылайык маалыматтарды андан ары түзөтүү аркылуу калдыктар менен иштөө боюнча маалыматтарды статистикалык иштетүүнүн негизинде калдыктардын пайда болуу ченемин аныктоо үчүн калдыктардын пайда болуусунун нагыз көлөмү боюнча эсептөө методу (статистикалык метод) колдонулат.
Чийки зат же продукция боюнча калдыктардын пайда болуу ченемин эсептөө үчүн негизги маалыматтар жана ченемди эсептөөнүн жыйынтыктары эреженин 5-үлгүсүнө ылайык таблица түрүндө түзүлөт. Ушуну менен бирге, адегенде каралып жаткан мезгилдин ар бир жылы боюнча калдыктардын пайда болушунун салыштырма саны аныкталат. Калдыктардын пайда болушунун салыштырма саны пайда болгон калдыктардын санын (13-15-графалар) колдонулган чийки заттын (3-5-графалар) же өндүрүлгөн продукциянын (8-10-графалар) санына бөлүү менен чыгарылат.
Калдыктардын пайда болуу ченеми 15-формула боюнча аныкталат:
мында:
- i - жылында пайда болгон калдыктын салыштырмалуу саны;
T - каралып жаткан мезгилдеги жылдардын саны.
Ушундай эле түрдө кандай болбосун башка эсептик бирдик боюнча (аралык, аянт, адам ж.б.) калдыктардын пайда болуу ченеми эсептелинет.
Метод өндүрүлүп жаткан продукциянын материалдык сыйымдуулугун төмөндөтүүнү караган, сунуш кылынган уюштуруучулук-техникалык иш-чараларга ылайык, базалык мезгил (3 жылдык) үчүн отчеттук маалыматтарды статистикалык жактан иштеп чыгуунун негизинде калдыктар келип чыккан ченемдерди аныктоо үчүн колдонулат.
3. Калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин жана аларды жайгаштыруунун чектеринин долбоорунун мазмуну жана аны тариздөө
12. КПЧЧ долбоору төмөнкү бөлүмдөрдү камтыйт:
- ушул Эрежелердин 2-тиркемесине ылайык таризделген титулдук баракты;
- мазмунду, анда барактардын номерин көрсөтүү менен КПЧЧ долбоорунун аталышы жана бөлүктөрүнүн жайгашкан ырааты келтирилет;
- юридикалык же жеке жак жөнүндө жалпы маалыматты;
- иш жүргүзүүнүн жыйынтыгында калдыктарды пайда болгон чарбалык же башка иштер жөнүндө маалыматты;
- калдыктар жөнүндө маалыматты;
- калдыктардын жылдык пайда болушунун ченеминин эсебин жана негиздемесин;
- калдыктарды жайгаштыруу чектери боюнча сунушту;
- тиркемени.
13. КПЧЧ долбоорунун "Юридикалык же жеке жак жөнүндө жалпы маалыматтар" деген бөлүмүндө төмөнкүлөр келтирилет:
- юридикалык жактын толук (эгер бар болсо) жана кыскача аталышы, уюштуруучулук-укуктук түрү, анын жайгашкан жери, юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө, филиалдары (өкүлчүлүктөрү) - юридикалык жак үчүн;
- жеке жактын аты-жөнү, анын жашаган жери, анын инсандыгын күбөлөндүргөн документтин маалыматтары, бирдиктүү мамлекеттик регистрдеги статистикалык бирдиктин көчүрмөсү же патенттин көчүрмөсү - жеке жак үчүн;
- аймактык өзүнчө бөлүмдөр (филиалдар) жөнүндө маалымат;
- юридикалык жактын жана анын аймактык өзүнчө бөлүмдөрүнүн (филиалдарынын) юридикалык жана иш жүзүндө жашаган дареги;
- юридикалык же жеке жактын, ишкердин факсынын, телефондорунун номерлери, электрондук почтасынын дареги;
- ИНН, ОКПО коду;
- иштин негизги багыттары жөнүндө маалыматтар (уюмдар жана жарандар үчүн калдыктарды чогултууга, пайдаланууга, зыянсыздандырууга же көмүүгө багытталган экономикалык иштин түрлөрү, кабыл алынып жаткан калдыктардын түрлөрү жана көлөмдөрү жөнүндө жана калдыктар менен иштеген бардык операциялар тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт);
- иштин негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөрү, анын ичинде чыгарылган продукциялардын көлөмү;
- кызматкерлердин штаттык жана иш жүзүндөгү саны;
- түзүмдүк бөлүктөрдүн тизмеси;
- менчикте, ээликте, пайдаланууда турган калдыктарды сактоочу жана көмүүчү объекттердин болуусу;
- юридикалык жактын, жеке ишкердин объекттеринде калдыктарды жайгаштырган ижарачылардын тизмеси.
14. КПЧЧ долбоорунун "Иш жүргүзүүнүн натыйжасында калдыктарды пайда кылган чарбалык жана башка иштер жөнүндө маалыматтар" деген бөлүмүндө иш жүргүзүүнүн натыйжасында калдыктарды пайда кылган чарбалык жана башка иштер жөнүндө маалыматтар берилет, ошондой эле калдыктардын пайда кылуучу булак катары өндүрүш процесстеринин мүнөздөмөлөрү келтирилет.
Продукция өндүрүүгө багытталган экономикалык иштердин түрлөрү үчүн чийки заттардын, өндүрүлүп жаткан продукциялардын негизги түрлөрү, объекттердин өндүрүштүк кубаттуулугу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
Кызмат көрсөтүүгө багытталган экономикалык иштердин түрлөрү үчүн көрсөтүлүп жаткан кызматтын түрлөрү жана көлөмү (ташылып жаткан жүктүн көлөмү, катышуунун саны, жатуучу орундар жана башкалар) көрсөтүлөт.
Бөлүмдө продукцияны өндүрүү боюнча, имараттарды пайдаланууга берүү үчүн зарыл болгон курулуш элементтерин жана жабдууларын орноткон жана (же) монтаждаган, приборлорду, аппаратураларды, машиналарды, жабдууларды, транспорт каражаттарын ж.б. техникалык жактан тейлеген жана (же) оңдогон, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануудагы буюмдарды, кеңсе машиналарын жана эсептөө техникаларын техникалык жактан тейлеген жана (же) оңдогон, талдоо контролу ишин жүргүзгөн, ошондой эле социалдык инфра түзүмдүн объекттерин (медсанбөлүктөрдү же саламаттыкты сактоо пункттарын, коомдук тамактануу объекттерин, дүкөндөрдүн ж.б.) иштерин жүргүзгөн уюмдардын түзүмдөрүнө, бөлүктөрүнө кыскача мүнөздөмө келтирилет.
Калдыктардын пайда болуу булактары катары өндүрүш процесстери жөнүндө маалыматтар ар бир өндүрүш участогу боюнча текст түрүндө же блок-чийме түрүндө берилет.
КПЧЧ долбооруна киргизилген ар бир түзүмдүк бөлүктөр (цех, участок ж.б.) боюнча маалыматтар өзүнчө төмөнкү блок түрүндө киргизилип, технологиялык процесстердин блок-чиймелери түрүндө төмөнкүлөр берилет:
- пайдаланылып жаткан чийки заттар, материалдар, жарым фабрикаттар, башкалар;
- өндүрүштүк операциялар;
- өндүрүлүп жаткан продукциялар (көрсөтүлүүчү кызматтар, аткарылуучу иштер);
- калдыктарды пайда кылуучулар (келип чыгышы же пайда болуу шарттары боюнча);
- калдыктарды пайдаланууну, зыянсыздандырууну, жайгаштырууну камтыган калдыктар менен андан ары иштөө операциялары, калдыктарды түзүмдүк башка бөлүккө же чарба жүргүзүүчү башка субъектиге өткөрүп берүүлөр.
Продукцияны өндүрүүдө, жумуштарды жана кызматтарды жүзөгө ашырууда калдыктардын пайда болуусу жөнүндө маалыматтар ушул эрежелердин 2-тиркемесинин 2-4-үлгүсүнө ылайык КПЧЧ долбоорунда берилет.
Калдыктарды инвентаризациялоонун натыйжалары КПЧЧ долбоорунун ушул бөлүмүн даярдоо үчүн маалымат булагы катары кызмат кылат.
Уюмдардан жана жарандардан калдыктарды чогултуу, кайра иштетүү, зыянсыздандыруу же көмүү негизги иши болуп саналган юридикалык же жеке жактар кабыл алынып жаткан калдыктардын көлөмү жана мүнөздөмөсү жана калдыктар менен иштөө операциялары жөнүндө маалыматтар ушул бөлүмдө берилет.
Бөлүмдүн аягында калдыктарды пайда кылуучулардын жалпы тизмеси келтирилет, алар үчүн калдыктарды пайда кылуунун жылдык ченеми белгиленет. Тизме ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген 5-үлгүгө ылайык таризделет.
15. КПЧЧ долбоорунун "Калдыктар жөнүндө маалымат" деген бөлүмүндө калдыктарды түзүүчүлөрдүн жана (же) пайдаланууга, зыянсыздандырууга кабыл алынуучулардын тизмеси, калдыктарды курамы, физикалык-химиялык мүнөздөмөсү, курчап турган-чөйрө үчүн кооптуулук классы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен калдыктардын тизмеси келтирилет.
Чарба жүргүзүүчү субъектиде пайда болгон калдыктар үчүн көрсөтүлгөн маалыматтар ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин 5-үлгүсүнө ылайык келтирилет - калдыктардын айлана-чөйрө үчүн кооптуулук классы жөнүндө күбөлүктөрдүн, кооптуу калдыктардын паспортторунун, курчап турган чөйрө үчүн калдыктардын кооптуулук классынын материалдарынын жана алардын кооптуулук касиеттеринин негиздемесинин негизинде; пайдаланууга, зыянсыздандырууга, жайгаштырууга кабыл алынып жаткан калдыктар үчүн - жеткирип берүүчү берген калдыктардын кооптуулук паспортторунун негизинде.
Бөлүмдүн тексттик бөлүгүндө колдонулган методдорду көрсөтүү менен калдыктардын курчап турган чөйрө үчүн кооптуулук классын жана алардын физикалык-химиялык касиеттерин белгилөө боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматтар келтирилет.
КПЧЧ долбоорунун тиркемесинде кооптуу калдыктардын паспортторунун көчүрмөлөрү берилет, ал эми алар жок болгон учурда - курчап турган чөйрө үчүн V класстын кооптуулук касиеттерине ээ болбогон калдыктарга киргизилгендигин бышыктаган материалдар берилет.
16. КПЧЧ долбоорунун "Калдыктардын пайда болуусунун жылдык ченемдеринин эсеби жана негиздемеси" деген бөлүмүндө ушул Эрежелердин 2-главасында келтирилген калдыктардын пайда болуусунун ченемдерин (эсептерин) аныктоочу методду пайдалануу менен калдыктардын ар бир түрү үчүн калдыктардын пайда болуу ченеминин эсептери берилет.
Калдыктардын ар бир түрү үчүн ченемдердин эсеби өзүнчө бөлүмдө таризделет.
Материалдык-чийки зат балансы, эсептик-талдоо жана эксперименттик метод боюнча жүргүзүлгөн эсептер үчүн негизги маалыматтарды ушул Эрежелердин 1-тиркемесине ылайык таблица түрүндө берүү сунушталат.
Жеке же юридикалык жакта чарбалык-турмуш-тиричилик жана өнөр жайдын булганыч суулары үчүн тазалоочу курулмалар же жабдуулар жана суу даярдоочу жабдуулар жана орнотмолор, ошондой эле чаң жутуучу жана газ тазалоочу орнотмолор жана жабдуулар бар болгон учурда ушул Эрежелердин 2-тиркемесинин 7, 8, жана 9-үлгүлөрүнө ылайык алардын мүнөздөмөлөрү берилет.
Жогоруда саналган курулмаларды, орнотмолорду, жабдууларды пайдалануудан келип чыккан калдыктар калдыктардын жалпы тизмесине киргизилет.
Бөлүмдүн аягында эсептөөнүн натыйжалары боюнча ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген 10-үлгүгө ылайык калдыктардын пайда болушунун эсептелген жылдык ченемин көрсөтүү менен пайда болгон калдыктардын жалпы тизмеси түзүлөт.
17. КПЧЧ долбоорунун "Калдыктарды жайгаштыруунун чектери боюнча сунуштар" деген бөлүмүндө ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген 10-үлгүгө ылайык таблица түрүндө калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин жана аларды жайгаштыруунун чектеринин негиздемелери жана чоңдуктары келтирилет.
Калдыктардын ар бир түрү үчүн таблицада өзүнчө сап каралат.
Курчап турган чөйрө үчүн кооптуулук классы боюнча таблицада калдыктар топтоштурулат.
18. КПЧЧ долбоорунун "Тиркемелер" деген бөлүмүндө төмөнкүлөр киргизилди:
- курчап турган чөйрө үчүн кооптуулук классына калдыктарды киргизүүнү негиздеген кооптуу калдыктардын же болбосо материалдардын паспортторунун көчүрмөлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-январындагы № 9 "Кооптуу калдыктардын классификаторун жана калдыктардын кооптуулук класстарын аныктоо боюнча кеңештердин усулун бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген кооптуу калдыктардын классификаторуна ылайык;
- калдыктарды адистешкен объекттерге жайгаштыруу, калдыктарды пайдалануу жана (же) зыянсыздандыруу максатында аларды өткөрүп берүү (же кабыл алуу) ниетин бышыктаган документтер (чарба жүргүзүүчү субъект күбөлөндүргөн келишимдердин, актылардын көчүрмөлөрү);
- калдыктарды пайдалануу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу фактысын бышыктаган документтер (чарба жүргүзүүчү субъект күбөлөндүргөн келишимдердин, актылардын көчүрмөлөрү);
- чарба жүргүзүүчү субъекттин отчеттук мезгилдеги калдыктарды, сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана көмүү үчүн калдыктарды башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге өткөрүп бериши-кабыл алышы жөнүндө чарба жүргүзүүчү субъект күбөлөндүргөн келишимдеринин (актыларынын) көчүрмөлөрү;
- чарба жүргүзүүчү субъект берген калдыктарды, уулуу материалдарды жана заттарды кереке жаратуу, сактоо, көмүү, жок кылуу боюнча ишти жүргүзүүгө берилген тастыктаманын көчүрмөсү, аны менен калдыктарды менчикке, же болбосо ээлик кылууга, пайдаланууга же сактоо, пайдалануу, зыянсыздандыруу жана көмүү үчүн тескөөгө берүү жүзөгө ашырылат;
- пайдаланылып жаткан контролдоо жана өлчөө каражаттарынын тизмеси;
- материалдык-чийки зат балансын жана өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн маалыматтарын бышыктаган документтер;
- экологиялык жана санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен калдыктарды иштетүү ишин өз алдынча жүзөгө ашырган ижарачынын милдеттенмелерин бышыктаган документтер (эгерде, чарба жүргүзүүчү субъект өндүрүштүк аймактын, жайлардын же жабдуулардын бөлүгүн ижарага берүүчү катары чыкса жана ижарачы калдыктарды иштетүү боюнча ишти өз алдынча жүзөгө ашырса);
- башкалар.
19. КПЧЧ долбоорунун барактары, тиркемелери өтмө катар кылынып номерленет.
|
| Калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн эрежелерине 1-тиркеме |
1-үлгү
Материалдык-чийки зат балансы боюнча калдыктардын пайда болуу ченемин эсептөө үчүн негизги маалыматтар
Чийки заттардын жана материалдардын тизмеси | Жеткирилген чийки заттардын жана материалдардын саны, т/убакыт бирдиги | Продукция, т/убакыт бирдиги | Чийки заттардын жана материалдардын жоголушу, т/убакыт бирдиги | |||||
Өндүрүшкө | Продукцияга | Кайтарымсыз жоготуулар (табигый азаюулар) | Чыгаруулар | Таштоолор | Калдыктар | |||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
| N | Р | q | Kn | Hn | В | С | О |
1-графада өндүрүшкө жеткирилип берилген чийки заттардын жана материалдардын аталыштары көрсөтүлөт.
2-графада өндүрүшкө жеткирилип берилген чийки заттардын жана материалдардын саны көрсөтүлөт, убакыт бирдиги (көрсөтүү керек) тонна менен.
3-графада өндүрүш процессинде продукцияга кетип жаткан материалдардын саны көрсөтүлөт, убакыт бирдиги тонна менен.
4-графада чыгарылып жаткан продукциянын көлөмү көрсөтүлөт, убакыт бирдиги тонна менен.
5-графада кайтарымсыз жоготуулардын (табигый азаюулардын) коэффициенти көрсөтүлөт.
6-графада кайтарымсыз жоготуулар (табигый азаюулар) көрсөтүлөт, убакыт бирдиги тонна менен.
7, 8 жана 9-графаларда чыгаруулардын, таштоолордун жана калдыктардын саны көрсөтүлөт, убакыт бирдиги тонна менен.
2-үлгү
Эсептик-талдоо ыкмасы менен аныкталуучу өндүрүлгөн продукциянын бирдиктеринин, калдыктардын пайда болуусунун ченемдеринин эсеби
Калдыктын түрү | Продукциялар | Чийки заттар же материалдар | ||||||
Аталышы | КОО боюнча код | Аталышы | ООКП боюнча код | Чыгарылып жаткан продукциянын пландаштырылган саны, (qi) | Өлчөө бирдиги | Аталышы | ОКИ боюнча код | |
Аталышы | Коду | |||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
(уландысы)
Продукция бирдигине чыгымдалган баштапкы чийки заттардын, материалдардын ченеми | Пайда болгон өндүрүш калдыктарынын саны (көлөмү), (Ho - qi) | ||||||||
Өлчөө бирдиги | Чыгым ченеминин чоңдугу, (N) | Чийки заттардын, материалдардын таза чыгашасы, (Р) | Кайтарымсыз жоготуулар, (Hn) | Жоготуулардын коэффициенти, (Kn) | Өндүрүш калдыктарынын пайда болуу ченемдери, (Ho) | Саны | Өлчөө бирдиги | ||
Аталышы | Код | Аталышы | Код | ||||||
10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 |
1 жана 2-графаларда продукцияларды өндүрүүнүн натыйжаcында пайда болгон кооптуу калдыктардын классификатору (ККК) боюнча калдыктардын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
3 жана 4-графаларда "Продукциянын (товарлардын жана кызматтардын) статистикалык классификатору" (ПСК) боюнча чыгарылган продукциялардын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
5-графада чыгарылуучу продукциянын пландаштырылган саны (көлөмү) (qi) көрсөтүлөт.
6 жана 7-графалар "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификатору" (ӨБМК) боюнча чыгарылуучу продукциянын өлчөө бирдигинин аталышы жана коду көрсөтүлөт.
8 жана 9-графалар "Продукциянын (товарлардын жана кызматтардын) статистикалык классификатору" (ПСК) боюнча ошол продукцияны өндүрүү үчүн пайдаланылган чийки заттардын жана материалдардын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
10 жана 11-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификаторунан" (ӨБМК) өндүрүлүүчү продукциянын бирдигине чыгымдалган баштапкы чийки заттардын (материалдардын) (N), чийки заттардын жана материалдардын таза чыгашаларынын (Р), кайтарымсыз жоготуулардын (Hn), өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун бирдиктеринин (Ho) ченемдерин өлчөөчү бирдиктердин аталышы жана өлчөө бирдиктеринин коду көрсөтүлөт.
12-графада өндүрүлүп жаткан продукцияга чыгымдалган баштапкы чийки заттын, материалдын ченемдеринин чоңдугу (N) көрсөтүлөт.
13-графада продукциянын бирдигине чыгымдалган чийки заттардын жана материалдардын таза чыгашасы (Р) көрсөтүлөт.
14-графада продукциянын бирдигине чыгымдалган чийки заттардын жана материалдардын кайтарымсыз жоготуулары (Hn) көрсөтүлөт.
12, 13 жана 14-графалар технологиялык карталардын, продукция бирдигине жумшалган чийки заттардын, материалдардын сарпталуу ченеминин жыйынды ведомостунун маалыматтарынын негизинде технологиялык кызматтар тарабынан толтурулат. Химиялык жана тамак аш өнөр жайындагы баштапкы документтер катары продукцияны өндүрүүнүн технологиялык регламенти пайдаланылат.
15-графада сөзсүз болуучу кайтарымсыз жоготуулардын (Kn) коэффициенти көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- өндүрүш процессиндеги чийки заттардын жана материалдардын болбой койбой турган кайтарымсыз жоготуулары;
- продукциянын бирдигине чыгымдалган чийки заттардын, материалдардын ченеми.
16-графада өндүрүш калдыктарынын пайда болуу ченеми (Ho) көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Ho = N (1 - K) - P,
мында:
N - продукциянын бирдигине сарпталган чийки заттардын, материалдардын ченеми;
Kn - болбой койбой турган кайтарымсыз жоготуулардын коэффициенти;
P - чийки заттардын жана материалдардын таза (пайдалуу) чыгашалары.
17-графада пайда болгон калдыктардын саны (көлөмү) көрсөтүлөт, ал чыгарылуучу продукциянын пландаштырылган санын (көлөмүн) (qi), продукциянын бирдигин өндүрүүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктардын пайда болуу ченеми (Ho) катарында эсептелет.
18 жана 19-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификаторунан" (ӨБМК) калдыктардын пайда болуу көлөмүн өлчөөчү бирдиктер жана анын коду көрсөтүлөт.
3-үлгү
Калдыктардын пайда болушунун топтук ченеминин жана пайда болгон калдыктардын кошунду көлөмүнүн эсеби
Калдыктардын түрлөрү | Өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун топтук ченеми, (Ho гр.) | Калдыктардын пайда болушунун жалпы көлөмү (Ho - qi суммасы) | |||||
Аталышы | ККК боюнча код | Чоңдук | Өлчөө бирдиги | Саны | Өлчөө бирдиги | ||
Аталышы | Коду | Аталышы | Коду | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
Таблицаны толтуруу учурунда, ар кандай продукцияны өндүрүп жатканда бир эле калдыктын түрлөрүнүн варианттары болушу мүмкүн. Мындай учурда калдыктардын пайда болушунун жалпы (кошунду) көлөмүн эсептөө керек.
ошондой эле калдыктардын пайда болушунун топтук ченеми (Ho гр.) төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- чыгарылган продукциянын көлөмү;
i - өндүрүлүүчү продукциянын индекси (i = 1, 2 .... m).
4-үлгү
Эсептик-талдоо методу менен аныкталуучу колдонулган чийки заттардын бирдиктеринин, калдыктардын пайда болуу ченемдеринин эсеби
Калдыктын түрү | Өндүрүш | Технологиялык процесс | Баштапкы чийки зат | |||||||
Аталышы | ККК боюнча код | Аталышы | Код | Аталышы | Код | Аталышы | ККК боюнча код | Кайра иштетүү учурунда калдыктар пайда болуучу чийки заттын көлөмү, (Qc) | ||
Чоңдук | Өлчөө бирдиги | |||||||||
Аталышы | Код | |||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
(уландысы)
Чийки зат бирдигине чыгымдалган баштапкы чийки заттардын, материалдардын ченеми | Калдыктардын пайда болуу ченеми | ||||||||
Өлчөө бирдиги | Сарптоо ченеминин чоңдугу, (N) | Чийки заттардын, материалдардын таза чыгашалары, (Р) | Кайтарымсыз жоготуулар, (Hn) | Жоготуулардын коэффициенти, (Kn) | Колдонулган баштапкы чийки заттардын, материалдардын коэффициенти, к (Кисп) | Накталай өлчөө бирдиктери боюнча, (Ho) | |||
Аталышы | Код | Чоңдук | Өлчөө бирдиги | ||||||
Аталышы | Код | ||||||||
12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
(уландысы)
Калдыктардын пайда болуу ченеми, (Ho) | Пайда болгон калдыктардын саны (көлөмү), (Vo) | ||||
Чоңдук | Өлчөө бирдиги | Чоңдук | Өлчөө бирдиги | ||
Аталышы | Код | Аталышы | Код | ||
22 | 23 | 24 | 25 | 26 | 27 |
1, 2-графаларда кооптуу калдыктардын классификаторуна (ККК) ылайык чийки заттарды, материалдарды колдонуунун жыйынтыгында пайда болгон калдыктардын аталышы жана коду көрсөтүлөт,
3-графада калдыктар пайда болгон өндүрүштүн аталышы көрсөтүлөт.
4 жана 6-графаларда машина менен иштетүү (бар болсо) үчүн коддор көрсөтүлөт.
5-графада калдыктар пайда болгон технологиялык процесстин аталышы көрсөтүлөт.
7 жана 8-графаларда "Продукциянын (товарлардын жана кызматтардын) статистикалык классификатору" (ПСК) боюнча ушул продукцияны өндүрүү үчүн колдонулган чийки заттардын, материалдардын аталышы жана коду көрсөтүлөт.
9-графада колдонулган материалдын саны (көлөмү) көрсөтүлөт (Qc).
10 жана 11-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификатору" (ӨБМК) боюнча колдонулган чийки заттардын, материалдардын өлчөө бирдиктеринин аталышы жана коду көрсөтүлөт.
12 жана 13-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификаторунан" (ӨБМК) өндүрүлүүчү продукциянын бирдигине чыгымдалган баштапкы чийки заттардын (материалдардын) (N), чийки заттардын жана материалдардын таза чыгашаларынын (Р), кайтарымсыз жоготуулардын (Hn), өндүрүш калдыктарынын пайда болушунун бирдиктеринин (Ho) ченемдерин өлчөөчү бирдиктердин аталышы жана өлчөө бирдиктеринин коду көрсөтүлөт.
14-графада колдонулган чийки затка сарпталган баштапкы чийки заттын, материалдын ченеминин чоңдугу (N) көрсөтүлөт.
15-графада продукция бирдигине жумшалган чийки заттардын жана материалдардын таза чыгашасы (Р) көрсөтүлөт.
16-графада продукция бирдигине жумшалган чийки заттардын жана материалдардын кайтарымсыз жоготуулары (Hn) көрсөтүлөт.
14, 15 жана 16-графалар технологиялык карталардын, продукция бирдигине жумшалган чийки заттардын, материалдардын сарпталуу ченеминин жыйынды ведомостунун маалыматтарынын негизинде технологиялык кызматтар тарабынан толтурулат. Химиялык жана тамак-аш өнөр жайындагы баштапкы документтер катары продукцияны өндүрүүнүн технологиялык регламенти пайдаланылат.
17-графада сөзсүз болуучу кайтарымсыз жоготуулардын (Kn) коэффициенти көрсөтүлөт, ал төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Kn = Hn / N,
мында:
Hn - өндүрүш процессиндеги чийки заттардын жана материалдардын болбой койбой турган кайтарымсыз жоготуулары;
N - продукциянын бирдигине чыгымдалган чийки заттардын, материалдардын ченеми.
18-графада колдонулган чийки заттын коэффициенти (Кисп) көрсөтүлөт:
∑Kисп = Р / N,
мында:
Р - чийки заттардын, материалдардын таза чыгашасы;
N - чийки заттарды, материалдарды сарптоонун ченеми.
19-графада калдыктардын пайда болуу ченеми (Ho) көрсөтүлөт, ал: төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Ho = N (1 - Kn) - Р,
мында:
N - продукция бирдигине сарпталган чийки заттардын, материалдардын ченеми;
Р - чийки заттардын, материалдардын таза (пайдалуу) чыгашалары;
Kn - сөзсүз болуучу кайтарымсыз жоготуулардын коэффициенти.
20 жана 21-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификатору" (ӨБМК) боюнча пайда болгон калдыктардын ченемин (Ho) өлчөө бирдигинин аталышы жана коду көрсөтүлөт.
22-графада калдыктардын пайда болуу ченеминин чоңдугу пайыз түрүндө () көрсөтүлөт:
мында:
- чийки заттарды, материалдарды колдонуу коэффициенти;
- болбой койбой коюучу кайтарымсыз жоготуулардын коэффициенти.
23 жана 24-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификаторунан" (ӨБМК) калдыктардын пайда болуу деңгээлин өлчөө бирдиктеринин аталышы жана коду көрсөтүлөт.
25-графада колдонулган чийки заттардын, материалдардын (Qc) көлөмүнө (санына) болгон чийки затты пайдалуунун (Ho) натыйжасында болгон, калдыктардын пайда болуу ченемин чыгаруу катары эсептелген калдыктардын пайда болгон саны (көлөмү) (Vo) көрсөтүлөт.
Vo = Qc x Ho,
мында:
Qc - колдонулган чийки заттардын, материалдардын көлөмү;
Ho - калдыктын пайда болуу ченеми.
26 жана 27-графаларда "Өлчөө жана эсептөө бирдигинин мамлекеттер аралык классификаторунан" (ӨБМК) калдыктардын пайда болушунун санын (көлөмүн) өлчөө бирдигинин аталышы жана коду көрсөтүлөт.
5-үлгү
Калдыктардын пайда болуу ченеминин негизги маалыматтары жана эсептөөнүн жыйынтыктары
Чийки заттар, материалдар | Продукциялар | ||||||||
Аталышы | Кайра иштетүү учурунда пайда болгон калдыктардын, чийки заттардын саны (көлөмү), (Oc) | Аталышы | Чыгарылган продукциянын саны, (Oпр) | ||||||
Өлчөө бирдиги | чоңдук | Өлчөө бирдиги | чоңдук | ||||||
20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | ||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
(уландысы)
Калдыктын түрү | Пайда болгон калдыктардын саны (көлөмү) (Vo) | Калдыктардын пайда болушунун жылдар боюнча салыштырмалуу саны | |||||||
Аталышы | ККК боюнча коду | чоңдук | Өлчөө бирдиги | чоңдук | Өлчөө бирдиги | ||||
20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | 20__-ж. | ||||
11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 |
1-графада кайра иштетүү учурунда калдыктар пайда болгон чийки заттардын же материалдардын аталышы көрсөтүлөт.
2-графада продукцияны өндүрүү учурундагы чийки заттардын жана материалдардын көлөмүн өлчөөчү бирдиктердин аталышы көрсөтүлөт.
3, 4 жана 5-графаларда каралып жаткан мезгилдеги жылдар боюнча продукцияларды өндүрүү учурунда колдонулган чийки заттардын жана материалдардын саны көрсөтүлөт.
6-графада өндүрүү учурунда калдыктарды пайда кылуучу продукциянын аталышы көрсөтүлөт.
7-графада продукцияны өлчөөчү бирдиктердин аталышы көрсөтүлөт.
8 жана 10-графаларда каралып жаткан мезгилдеги жылдар боюнча калдыктарды пайда кылуучу продукциянын саны көрсөтүлөт.
11 жана 12-графаларда чийки затты кайра иштетүүнүн же продукцияны өндүрүүнүн натыйжасында пайда болгон калдыктын ККО боюнча аталышы жана коду көрсөтүлөт.
13 жана 15-графаларда каралып жаткан мезгилдеги жылдар боюнча пайда болгон калдыктардын саны (көлөмү) көрсөтүлөт.
16-графада пайда болгон калдыктардын санын өлчөөчү бирдиктердин аталышы көрсөтүлөт.
17 жана 19-графаларда каралып жаткан мезгилдеги жылдар боюнча продукциянын бирдиктеринен пайда болгон калдыктардын салыштырмалуу санынын чоңдугу көрсөтүлөт.
20-графада пайда болгон калдыктардын салыштырма санын өлчөөчү бирдиктердин аталыштары көрсөтүлөт.
|
| Калдыктардын пайда болуу ченемдерин жана аларды жайгаштыруунун чектерин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн эрежелерине 2-тиркеме |
Калдыктардын пайда болуу ченемдеринин жана аларды жайгаштыруу чектеринин долбоорлорун тариздөө үчүн үлгүлөр
1-үлгү
Титулдук барак
Макулдашылды: |
| Бекитемин: |
Курчап турган чөйрөнү коргогон ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси |
| Чарбалык иш объектисинин жетекчиси |
______________________________ (аты-жөнү) колу |
| ______________________________ (аты-жөнү) колу |
20__-ж. "__" __________ М.О. |
| 20__-ж. "__" __________ М.О. |
КАЛДЫКТАРДЫН ПАЙДА БОЛУУ ЧЕНЕМДЕРИНИН ДОЛБООРУ (КПЧЧ долбоору)
______________________________________________________________________________
(Чарбалык иш объектисинин аталышы)
Иштелип чыккан ____________ дата
Колдонуу мөөнөтү - 5 жыл
Шаар, жыл
2-үлгү
Калдыктардын пайда болуусу менен коштолгон, продукцияны өндүрүү боюнча иштин мүнөздөмөсү
№ | Процесстин аталышы | Чийки заттар, материалдар | Продукция | "Калдык" абалына өтө турган заттар, материалдар, буюмдар | Калдыкты жок кылуу боюнча операциялар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
3-үлгү
Калдыктардын пайда болуусу менен коштолгон продукциянын өндүрүшүн тейлөөчү жана камсыз кылуучу ишке мүнөздөмө
№ | Иштин түрү | Жүзөгө ашырылып жаткан жумуштар жана кызматтар | "Калдык" абалына өтө турган заттар, материалдар, буюмдар | Калдыкты жок кылуу боюнча операциялар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
4-үлгү
Калдыктардын пайда болуусу менен коштолгон, социалдык инфратүзүмдүн объектилеринин иштеринин мүнөздөмөлөрү
№ | Иштин түрү | Жүзөгө ашырылып жаткан жумуштар жана кызматтар | "Калдык" абалына өтө турган заттар, материалдар, буюмдар | Калдыкты жок кылуу боюнча операциялар |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 |
5-үлгү
Калдыктардын тизмеси, алар үчүн пайда болуунун жылдык ченеми белгиленет
Калдыктарды пайда кылуучу иштердин, процесстердин түрү | Калдыктардын түрлөрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктардын коду | Кооптуулук классы |
1 | 2 | 3 | 4 |
1-графада калдыктарды пайда кылуучу иштердин, процесстердин түрү көрсөтүлөт.
2- жана 4-графаларда ККК боюнча калдыктын коду жана кодго тийиштүү болгон калдыктын түрлөрүнүн аталышы, кооптуулук классы көрсөтүлөт.
6-үлгү
Калдыктардын курамы жана физикалык-химиялык касиеттери
№ | Калдыктын түрүнүн аталышы | Калдыктарды пайда кылуучу иштердин, процесстердин түрү | ККК боюнча калдыктардын коду | Айлана-чөйрө үчүн кооптуулук классы | Кооптуу касиеттер | Калдыктын физикалык-химиялык касиети | ||
Агрегаттык абал | Компоненттердин аталышы | Компоненттердин мазмуну, % | ||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
7-үлгү
Булганыч сууларды тазалоо курулуштарынын мүнөздөмөсү
Тазалоочу курулуштун, орнотмонун аталышы | ||||||
Тазалоо методу | ||||||
Жоготулууга жаткан заттардын тизмеси жана курамы | ||||||
№ | Булгоочу заттардын аталышы | Тазалоого келип түшкөн булгоочу заттарды топтоштуруу | Топтоштурууну өлчөөчү бирдик | Тазалоо деңгээли, % | Кубаттуулук, м3/саат | Жылдагы иштөө убактысы, сааты |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Калдыктарды пайда кылуучулардын тизмеси | ||||||
№ | Калдыктардын түрлөрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктын коду | Кооптуулук классы | Калдыктардын пайда болушунун жылдык ченеми, т/жылына | ||
|
|
|
|
| ||
8-үлгү
Суу даярдоочу орнотмолордун жана жабдуулардын мүнөздөмөсү
Суу даярдоочу орнотмолордун жана жабдуулардын аталыштары | ||||||
Тиби (маркасы) | ||||||
Тазалоо методу | ||||||
Жок кылууга жаткан заттардын тизмеги жана курамы | ||||||
| Жоготулууга жаткан заттардын аталышы | Жоготулууга жаткан заттарды топтоштуруу | Топтоштурууну өлчөөчү бирдик | Тазалоо деңгээли, % | Кубаттуулук, м3/саатына | Жылдагы иштөө убактысы, сааты |
|
|
|
|
|
|
|
Калдыктарды пайда кылуучулардын тизмеси | ||||||
| Калдыктын түрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктын коду | Кооптуулук классы | Калдыктардын пайда болушунун жылдык ченеми, т/жылына | ||
|
|
|
|
| ||
9-үлгү
Чаң жутуучу жана газ тазалоочу орнотмолордун (ЧГО) жана жабдуулардын мүнөздөмөсү
ЧГОнун, жабдуунун аталышы | ||||||
Тазалоонун методикасы | ||||||
Кармала турган булгоочу заттардын тизмеси жана курамы | ||||||
| Булгоочу заттардын (БЗ) аталышы | Тазалоого келип түшкөн БЗ концентрациясы | Концентрацияны өлчөөчү бирдик | Тазалоо деңгээли, % | Өндүрүмдүүлүк, м3/саатына | Жылдагы иштөө убактысы, сааты |
|
|
|
|
|
|
|
Калдыктарды пайда кылуучулардын тизмеси | ||||||
| Калдыктын түрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктын коду | Кооптуулук классы | Калдыктардын пайда болушунун жылдык ченеми, т/жылына | ||
|
|
|
|
| ||
10-үлгү
Өндүрүш жана керектөө калдыктарынын пайда болушунун жылдык ченеми
| Калдыктын түрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктын коду | Кооптуулук классы | Калдыктарды пайда кылуучу иштин, процесстин түрлөрү(*) | Калдыктардын пайда болушунун жылдык ченеми, т/жылына |
| 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
|
|
|
|
|
| I кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| II кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| III кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| IV кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| V кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы: |
|
|
|
|
(*) калдыктардын пайда болуу булактарын инвентаризациялоонун натыйжаларына ылайык.
11-үлгү
Калдыктарды жайгаштырууну чектөөлөр боюнча сунуштар
| Калдыктар жөнүндө маалымат | 20__-20__-жылдарда калдыктардын пайда болушунун жылдык ченеми, жылына тонна | 20__-20__-жылдарда калдыктарды жайгаштырууга чектөөлөр | |||||||||||||||||
Калдыктын түрүнүн аталышы | ККК боюнча калдыктын коду | Айлана-чөйрө үчүн кооптуулук классы | Калдыктарды жайгаштырууга өткөрүп берүү | Калдыктарды өзүнүн объекттеринде жайгаштыруу | ||||||||||||||||
Калдыктарды жайгаштыруу объектисинин аталышы | Объектинин менчик ээси/ пайдалануучу уюм | 20__-20__-жылдарда калдыктарды жайгаштыруунун чектери, тонна | Анын ичинде жылдар боюнча, тонна: | Жайгаштыруу объектисинин аталышы | Жайгаштыруу объектисинин инвентардык номери | 20__-20__-жылдарда калдыктарды жайгаштыруу чектери, тонна | Анын ичинде жылдар боюнча, тонна: | |||||||||||||
20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | 20__ж. | |||||||||||
| I кооптуулук классындагы калдыктар: |
| 1 | I кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| II кооптуулук классындагы калдыктар: |
| 2 | II кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| III кооптуулук классындагы калдыктар: |
| 3 | III кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| IV кооптуулук классындагы калдыктар: |
| 4 | IV кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| V кооптуулук классындагы калдыктар: |
| 5 | V кооптуулук классынын жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтыгы: |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|