Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 15-майындагы № 246
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтому менен бекитилген |
Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул тартип уюмдарды аккредитациялык агенттиктер катары таануунун жол-жобосун жана талаптарын жөнгө салат.
2. Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм (мындан ары - Агенттик) - бул негизги максаты билим берүү мекемелерин жана билим берүү программаларын көз карандысыз аккредитациялоо болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес уюм.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Уюмду аккредитациялык агенттик катары таануу билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында түзүлгөн Улуттук аккредитациялык кеңеш (мындан ары - Кеңеш) тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Уюмга коюлган талаптар
4. Уюм төмөнкүлөр болгон учурда аккредитациялык агенттик катары таанылат жана Кыргыз Республикасынын аккредитациялык агенттиктеринин Улуттук реестринде катталат:
1) Кыргыз Республикасынын же чет өлкөлөрдүн юстиция органдарында каттоого алынса;
2) белгиленген максаттарга жана милдеттерге ылайык ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык жана маалыматтык ресурстар;
3) Агенттик тарабынан даярдалган жана билим берүү уюмдарына жана программаларына экспертиза жүргүзүүгө тартылуучу билим берүүнүн сапатын сырттан баалоо боюнча сертификаты бар эксперттердин (анын ичинде чет өлкөлүк эксперттердин) маалымат базасы;
4) бекитилген критерийлер, стандарттар, аккредитациялоо жана чечим кабыл алуу жол-жоболору, аккредитациялоонун натыйжалары жөнүндө маалымат жайгаштырылган Агенттиктин веб-сайты;
5) белгиленген стандарттарга жана критерийлерге ылайык келүүчү институционалдык жана программалык аккредитациялоонун иштелип чыккан стандарттары жана критерийлери;
6) билим берүү мекемелерин жана программаларын аккредитациялоонун жол-жобосун жүргүзүү үчүн методикалык база: институционалдык жана программалык аккредитациялоодо өздүк баалоо жол-жобосун жүргүзүү боюнча; сырткы баалоону жүргүзүү боюнча колдонмолор;
7) объективдүүлүктү, мамлекеттик органдардан жана билим берүү уюмдарынан көз карандысыздыгын кепилдөөчү чечимдерди кабыл алуунун иштелип чыккан жана бекитилген механизми;
8) уюмду аккредитациялык агенттик катары тааныгандан тартып 2 жылдын ичинде билим берүүнүн жана кызматташтык жөнүндө эл аралык макулдашуулардын сапатын камсыздоонун эл аралык тармактардагы толук же ассоциацияланган мүчөлүгү;
9) билим берүү уюмдарынан финансылык көз карандылыктын жоктугунун далили.
10) аккредитациялоо чөйрөсүндө 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар: башталгыч, орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн 10дон ашык окуу программаларына жүргүзүлгөн сынамык аккредитациялоо, эксперттерди окутуу жана сертификациялоо, аккредитациялоо маселелери боюнча семинарларды өткөрүү;
11) аккредитациялоо боюнча эксперттерди даярдаган эл аралык тренерлерди көрсөтүү, эксперттерди даярдоо боюнча таанылган эл аралык аккредитациялык агенттиктер менен келишимдер;
12) маалымат базасында эл аралык аккредитациялык агенттиктердин сертификатына ээ болгон 2ден кем эмес эксперт;
13) эксперттерди даярдоо жана сертификациялоо боюнча билим берүү ишине берилген лицензиялар.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Чет өлкөлүк аккредитациялык агенттиктерди таануу жана Улуттук реестрге киргизүү жөнүндө маселе алардын кайрылуусунун негизинде ушул тартиптин 4-пунктунун талаптарына ылайык келсе жана төмөнкүдөй шарттарды аткарса каралат:
1) өздөрүнүн өлкөсүнүн аккредитациялык органдарынын улуттук реестрине кирүүсү;
2) билим берүүдөгү сапатты камсыздаган агенттиктердин эл аралык тармактарына киргизүүсү;
3) чет өлкөлүк аккредитациялык агенттик тарабынан сырткы аудитти жүргүзүүдө аккредитациялык комиссиянын курамына чет өлкөлүк эксперттер менен бирге Улуттук реестрге киргизилген Агенттиктердин сунуштамалары боюнча улуттук эксперттерди да киргизүү зарыл.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Уюмдарды аккредитациялык агенттик катары таануунун жол-жобосу
6. Уюм аккредитациялык агенттик катары таанылуусу жана Улуттук реестрге катталуусу үчүн Кеңешке төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формадагы арыз;
2) ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык арыз ээси жөнүндө маалымат;
3) уюштуруу документтеринин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
4) ушул Тартиптин 4-пунктунда белгиленген талаптарга уюмдун шайкеш келүүсүн ырастоочу документтер;
5) уюмдун жакынкы 5 жылга келечектүү иш планы;
6) жогоруда белгиленген документтерди камтыган электрондук маалымат каражаты.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Кеңеш берилген материалдардын толуктугун жана аныктыгын текшерет. Зарыл учурда Кеңеш атайын комиссияларды түзө алат.
8. Документтерди кароонун мөөнөтү Кеңештин жыйынында кароонун мөөнөтүн кошо алганда, алар келип түшкөн күндөн тартып үч айдан ашпоого тийиш.
9. Уюмдун ушул Тартиптин 4 жана 5-пункттарынын талаптарына шайкеш келиши же келбешин аныктоонун негизинде Кеңеш уюмду аккредитациялык агенттик катары таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алат, ал чечим билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен таризделет.
Уюмду аккредитациялык агенттик катары таануу мөөнөтү 5 жылды түзөт.
Кайрадан таануу жол-жобосун өткөрүүдө ушул Тартиптин 4 жана 5-пункттарына шайкештигин ырастаган документтерден тышкары Агенттик сапатты камсыздоонун эл аралык тармактарында толук же ассоциацияланган мүчөлүгүн күбөлөндүргөн документти, кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерди жана сапатты камсыздоонун эл аралык тармактары сунуштаган көз карандысыз чет өлкөлүк аккредитациялоо боюнча эксперттин Агенттиктин иши тууралуу корутундусун милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Аккредитациялык агенттик катары таанылган уюм Улуттук реестрде аккредитация алынган мөөнөттө катталат жана катталгандыгы жөнүндө күбөлүк алат.
11. Аккредитациялык агенттик катары таануудан баш тартылган учурда уюм баш тартуу жөнүндө чечимге сот тартибинде даттанууга же 3 айдан кийин агенттик катары таанылуу үчүн документтерди кайрадан тапшырууга укуктуу.
Уюмду аккредитациялык агенттик катары таануудан баш тартууга ушул Тартипте аталган документтердин тизмегин толук тапшырбоо, берилген маалыматтардагы так эместиктер, ошондой эле уюмдун уюштуруу-укуктук формасынын ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген талаптарга дал келбегендиги негиз болот.
12. Улуттук реестрге киргизилген Агенттиктер жыл сайын 1-декабрдан кечиктирбей Кеңешке аккредитациялык кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашыргандыгы жөнүндө жылдык отчет бериши керек.
Өз ишинин ачык-айкындыгын камсыздоо максатында Агенттик ар жыл сайын өз ишине көз карандысыз аудит жүргүзүүгө жана жылдык отчет түзүүгө тийиш.
Аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчет жана Агенттиктин иши жөнүндө ар жылдык отчет Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялануусу жана Кеңешке, билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлүшү керек.
13. Кеңеш Агенттиктерди беш жылда бир жолу (Улуттук реестрге киргизилген күндөн тартып) сырттан баалоого тийиш, мында агенттиктер жүргүзгөн аккредитациялык кызматтын натыйжаларына баа берилет.
Агенттиктин иши боюнча арыздар келип түшкөн учурда Кеңеш Агенттиктин ишине пландан тышкаркы мониторинг жүргүзүүгө укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 799 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Агенттик төмөнкүдөй учурларда өз ишин токтотот, токтото турат жана Улуттук реестрден чыгарылат:
- институционалдык жана программалык аккредитациялоонун стандарттарын жана критерийлерин сактабаганда;
- Кеңеш Агенттикти экинчи жолку таануу жол-жобосунун жыйынтыктары боюнча да тааныбаса;
- билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун натыйжалары боюнча Кеңешке берилген маалымкатта анык эмес жана бурмалаган маалыматтар табылганда;
- билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоо боюнча чечимдердин объективдүү эместиги же мындай чечимдердин мамлекеттик органдарга же билим берүү уюмдарына көз карандылык менен кабыл алынгандыгы тууралуу далилдер Кеңеште болсо;
- Агенттик кайра уюштурулганда же жоюлганда;
- Агенттик өз иш-аракетин ыктыярдуу токтотуу жөнүндө арыз бергенде.
- сапатты камсыздоонун эл аралык тармактарына киргендиги тууралуу далилдердин жоктугу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-январындагы № 18 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартибине 1-тиркеме |
Форма
Кимге: ____________________________________________________________
__________________________________________________________________
(Билим берүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын алдындагы
Улуттук аккредитациялык кеңештин жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы)
Кимден: ___________________________________________________________
__________________________________________________________________
(уюмдун жетекчисинин аты-жөнү жана кызматы)
Маалым даректер: __________________________________________________
__________________________________________________________________
(юридикалык дареги, байланыш телефону, электрондук почтасы)
Арыз
Кыргыз Республикасынын аккредитациялык агенттиктеринин
Улуттук тизмегине каттоо менен _______________________________________
__________________________________________________________________
(уюмдун аталышы)
ишин таануу жөнүндө маселени кароону өтүнөмүн.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
1. __________________________________________________________________
2. __________________________________________________________________
3. __________________________________________________________________
Мөөр
______________________ | ______________________________ |
|
(колу) | (кызматы, аты-жөнү) |
|
Датасы: "___" _____________ 20__-ж.
|
| Билим берүү жаатындагы аккредитациялык агенттиктерди таануунун тартибине 2-тиркеме |
Форма
Арыз берүүчү (уюмдун аталышы) |
|
Веб-сайты Агенттиктин сайтына түз шилтеме | Аккредитацияланган уюмдардын жана программалардын тизмеси, аккредитация боюнча методикалык документтер, тармактарга мүчөлүк, эл аралык иштер |
Байланыштыруучу жак: телефону факсы е-mail |
|
Агенттиктин ишине кыскача жалпы мүнөздөмө (максималдуу 400 белги) |
|
Эгер болсо, адистештирүү, мисалы предметтик чөйрө же кесиптик сектор (максималдуу 400 белги) |
|
Аккредитациялоодо колдонулуучу стандарттар жана критерийлер (максималдуу 400 белги) |
|
Методикалык колдонмо (кыскача мүнөздөмө, 400-500 белги) |
|
Агенттик иштеген өлкөлөр |
|