Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 690
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жана "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын күчүн жоготту деп таануу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий, өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 87 жана 89-статьялардагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталыш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 89-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Юридикалык жактын фирмалык аталышы болушу керек.
Фирмалык аталышка коюлуучу талаптар ушул Кодекс, ошондой эле юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен белгиленет. Фирмалык аталышка болгон укуктар ушул Кодекстин V бөлүмүнүн эрежелерине ылайык аныкталат.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 6, 226-ст.) II бөлүгүнө төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 461-статьянын 1-пунктундагы "аталышы (фирмалык аталышы)" деген сөздөр "фирмалык аталышы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 757, 758-статьялардын 1-пункттарынын экинчи абзацтарындагы, 793-статьянын 1-пунктунун 3-пунктчасындагы, 852-статьянын 1-пунктундагы, 61-статьянын 2-пунктунун экинчи абзацындагы, 907-статьянын 2-пунктунун 3-пунктчасындагы, 924-статьянын 3-пунктунун биринчи абзацындагы, 964-статьянын экинчи абзацындагы ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталыш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 866-статьянын 1-пунктундагы "келишимде каралган лицензиардын фирмалык аталышын жана корголуучу коммерциялык маалыматын камтыган лизенциаттын ээлик кылуу ишкердигинде пайдаланылуучу өзгөчө укуктарынын комплексин, ошондой эле башка өзгөчө укуктарды (товардык белгини, тейлөө белгисин, патентти)," деген сөздөр "лицензиаттын ишкердик ишинде келишимде каралган лицензиардын товардык белгисинин, тейлөө белгисинин, патентинин өзгөчө укуктарын жана корголуучу коммерциялык маалыматын пайдалануу укугун камтыган өзгөчө укуктардын комплексин (лицензиялык комплексти)," деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. 871-статьяда:
- экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- сегизинчи абзацтагы "фирмалык аталышын" деген сөздөр алып салынсын.
5. 875-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Комплекстүү ишкердик лицензиясынын келишими лицензиялык комплекске кирүүчү өзгөчө укук токтотулган учурда токтотулат.".
6. 877-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Төмөнкүдөй мазмундагы 1103-1-статья менен толукталсын:
"1103-1-статья. Фирмалык аталыш
1. Фирмалык аталыш - юридикалык жактын толук аталышы, аны менен ал өз ишин жүргүзөт жана башка юридикалык жактан айырмаланат.
2. Юридикалык жак граждандык карым-катнашка анын уюмдаштыруу документтеринде аныкталган өзүнүн фирмалык аталышы менен чыгат жана юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.
3. Юридикалык жактын фирмалык аталышы анын уюштуруу-укуктук таризин жана иштин түрүн билдирген сөздөрдөн гана турбастан, юридикалык жактын өз аталышына көрсөтмөнү камтышы керек.
4. Юридикалык жактын бир толук фирмалык аталышы болушу керек жана бир кыскартылган фирмалык аталышынын болушуна укуктуу.
Юридикалык жактын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана расмий тилдердеги фирмалык аталышы кыргыз жана орус алфавиттеринин тамгаларын гана, ал эми англис тилинде - латын алфавитинин тамгаларын камтышы керек.
5. Юридикалык жактын фирмалык аталышына төмөнкүлөрдүн камтылышы мүмкүн эмес:
1) катталган (кайра катталган) жана өз ишин токтоткон юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) толук же кыскартылган аталыштары;
2) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этникалык таандыктыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоочу элементтер, ошондой эле одоно жана уят сөздөр.
Мамлекеттик ишкананын фирмалык аталышы ушундай ишкананын Кыргыз Республикасына таандык экендиги боюнча көрсөтмөнү камтышы мүмкүн.
Юридикалык жактын фирмалык аталышына Кыргыз Республикасынын расмий толук же кыскартылган аталышын, ошондой эле ушул аталыштан алынган туунду сөздөрдү жана "Улуттук" жана "Манас" деген сөздөрдү алардын кайсы айкалышта болбосун киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жол берилет.".
8. 1104-1106-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1104-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук
1. Юридикалык жакка өзүнүн фирмалык аталышын мыйзамга карама-каршы келбеген кандай ыкма менен болбосун (фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук), анын ичинде аны көрнөктөрүндө, бланктарында, эсептеринде жана башка документтеринде, кулактандырууларда жана жарнамада, товарларда же алардын таңгактарында, "Интернет" тарамында көрсөтүү аркылуу жекелештирүү каражаты катары пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.
2. Фирмалык аталышка өзгөчө укукту тескөөгө (анын ичинде аны фирмалык аталышты пайдалануудан ажыратуу же башка жакка укугун берүү аркылуу) жол берилбейт.
3. Юридикалык жакка башка юридикалык жактын юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине мурда киргизилген фирмалык аталышына окшош фирмалык аталышын пайдаланууга жол берилбейт.
1105-статья. Юридикалык жактын фирмалык аталышын товардык белгиде же тейлөө белгисинде пайдалануу
Фирмалык аталыш же анын айрым элементтери укук ээси тарабынан ага таандык болгон товардык белгиде жана тейлөө белгисинде пайдаланылышы мүмкүн.
Товардык белгиге же тейлөө белгисине киргизилген фирмалык аталыш товардык белгини же тейлөө белгисин коргоого карабастан корголот.
1106-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укуктун колдонулушу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук колдонулат.
2. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып колдонулат жана юридикалык жактын иши токтогондугуна же анын фирмалык аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу токтотулат.".
9. 1107-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
3-берене.
"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 130-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "аталыш" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "фирмалык аталыш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4-берене. Өтмө жоболор
Ушул Мыйзамдын жоболору ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин юстиция органында катталган юридикалык жактарга карата колдонулбайт.
Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим боюнча өзгөчө укуктар юридикалык жактын иши токтогонго же анын фирмалык аталышы өзгөргөнгө чейин колдонулат.
Катталган фирмалык аталыштар, анын ичинде лицензиялык келишим менен байланышкан талаш-тартыштар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте соттор тарабынан каралат.
5-берене.
Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 183-бер.);
- "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 4, 183-бер.);
- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 7, 603-бер.);
- "Фирмалык аталыштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ("Эркин Тоо" гезити, 2014-жылдын 31-январы, № 7).
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти