КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 2-декабры № 814
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 744 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Евразиялык экономикалык коомдоштуктун ишинин токтотулушуна байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 744 "Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |