Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 2-декабры № 814
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 29-ноябры № 744
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | А. Атамбаев |
| Долбоор |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу
1-берене.
"Бишкек шаарында 2011-жылдын 10-октябрында кол коюлган Евразиялык экономикалык коомдоштуктун 2010-жылдын 5-июлундагы Сот Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болуп эсептелген Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык комитетине билдирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
"2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2011-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Протоколун ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбооруна МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
ЕврАзЭС мамлекеттер аралык Кеңешинин Минск ш. 2011-жылдын 19-майындагы № 557 (өкмөт башчылары деңгээлиндеги) чечими менен ЕврАзЭС Сотунун Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколдун долбоору жактырылган (Статут Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-октябрындагы № 169 Мыйзамы менен ратификацияланган).
Регламентке ылайык Протокол аркылуу Бажы бирлигине мүчө мамлекеттердин, Бажы бирлигинин органдарынын арыздары боюнча Сот жайгашкан жерден башка жерде жеринде бир же бир нече отурумдарды өткөрүшү мүмкүн экендиги жаатында өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошону менен бирге 2010-жылдын 9-декабрында Москва шаарында кол коюлган Бажы бирлигинин алкагында талаш-тартыштар боюнча чарбалык субъекттердин Евразия экономикалык коомдоштугунун Сотуна кайрылуусу жана алар боюнча сот иштерин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишимге ылайык (Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 12-майындагы № 22 Мыйзамы менен ратификацияланган) чарбалык субъекттер кайрыла алары аныкталган өзгөртүүлөр киргизилген.
Ошондой эле, Бажы биргилигине мүчө өлкөлөрдүн, Бажы биргилигинин органдарынын арыздарын кароо үчүн Сот регламентте көрсөтүлгөн тартипте Бажы биргилигине мүчө өлкөлөрдөн Соттун бардык судьяларынын курамындагы соттун коллегиясын түзөөрү каралган.
Протоколдун жогоруда аталган долбооруна Кыргыз Республикасынын Президенти 2011-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол койгон. Протоколдун 2-беренесине ылайык ушул Протокол ратификацияланууга жатат.
Ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу максатында, КР Конституциясынын 79-беренесине ылайык,"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" КР Мыйзамдарынын негизинде, Юстиция министрлиги тарабынан "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2011-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Протоколун ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана "2010-жылдын 5-июлунда Астана шаарында кол коюлган Евразия Экономикалык коомдоштугунун Сотунун Статутуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2011-жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Протоколун ратификациялоо тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорлору иштелип чыккан жана Сиздердин карооңуздарга киргизилип олтурат.
Министр | А.Мухамеджанов |