Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 20-ноябрындагы № 705
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2015-жылдын 4-декабры
№ 830 токтому менен
бекитилген
Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо менен байланышкан маселелерди кароодо аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын ишин координациялоо максатында түзүлгөн консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу-техникалык камсыз кылууну социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - катчылык жүзөгө ашырат.
2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери
4. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй принциптердин негизинде иштейт:
- мыйзамдуулуктун сакталышы;
- иштин ачыктыгы;
- мамлекеттик жана өкмөттүк эмес секторлордун кызматташуусу жана өнөктөштүгү;
- Координациялык кеңештин жыйындарынын күн тартибине киргизилген маселелерди коюуда, талкуулоодо жана чечимдерди кабыл алууда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн тең укуктуулугу;
- кызыкчылыктардын чыр-чатагын болтурбоо;
- Координациялык кеңештин жыйындарында милдеттерди коллегиялдуу, эркин жана ачык талкуулоо;
- кабыл алынган чечимдерди аткарууда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жеке жоопкерчилиги.
3. Координациялык кеңештин милдеттери, функциялары
жана укуктары
5. Координациялык кеңештин милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын балдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды, улгайган жарандарды социалдык коргоо чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашырууга багытталган күчтөрүн координациялоо жана бириктирүү;
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашыруу боюнча чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу;
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
6. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү чараларды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес, эл аралык жана башка уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылат;
- өз жыйындарында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилеринин мамлекеттик программаларды ишке ашыруу жана кабыл алган чечимдери боюнча отчетторун карап чыгат жана талкуулайт;
- мамлекеттик программалардын максаттуу багыттарына жетишүүгө мониторинг жүргүзөт жана аларга баа берет;
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет.
7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилеринен керектүү материалдарды белгиленген тартипте талап кылууга жана алууга;
- өз жыйындарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарын, ошондой эле жарандык коомдун, жеке сектордун өкүлдөрүн, өнүгүү боюнча өнөктөрдү, көз карандысыз эксперттерди чакырууга, алардын пикирлерин жана сунуштарын угууга;
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктары менен байланышкан маселелерин кароо боюнча көчмө жыйындарды өткөрүүгө.
8. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
- өнөктөштүк мамилелер принциптеринде иштөөгө, бардык мүчөлөрдү чечим кабыл алуу процессине катышууга толук укук берилген тең өнөктөштөр катары кароого;
- бардык кызыкдар тараптардын Координациялык кеңештин ишине катышуусун камсыз кылууга.
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу жана
курамын түзүү
9. Координациялык кеңеш 25 мүчөдөн турат, алардын ичинен 12 киши - жарандык сектордон болот.
10. Социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Координациялык кеңештин төрагасы болуп саналат.
Координациялык кеңештин курамына мамлекеттик сектордон социалдык өнүгүү, эмгек, саламаттык сактоо, финансы, билим берүү, илим, ички иштер, миграция, дене тарбия жана спорт, маданият жана маалымат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, калкты каттоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүргүзгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү кирет.
Координациялык кеңештин персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет.
11. Координациялык кеңештин төрагасынын 2 орун басары болот. Орун басарлардын бири - социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси, экинчи орун басары - жарандык сектордун өкүлү.
12. Координациялык кеңештин төрагасы жокто анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары - социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аткарат.
13. Координациялык кеңештин төрагасы:
- Координациялык кеңештин ишин уюштурат;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жана тийиштүү кызмат адамдарынын ишин координациялайт;
- Координациялык кеңештин ишинин маселелерине тиешелүү билдирүүлөр жана кабарлар менен жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгат;
- Координациялык кеңештин иш-пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына жалпы контролдоону ишке ашырат.
14. Координациялык кеңештин мүчөлүгү үчүн жарандык сектордун уюмдары төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын аймагында соңку үч жылдан кем эмес өз ишин жүзөгө ашыруусу;
- турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, улгайган жарандардын кызыкчылыктарын көздөшү;
- калкты социалдык коргоо чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйбасынын болушу;
- жоюу же өзгөртүп түзүү процессинде болбошу;
- мамлекеттик бийлик органдары, коомдук уюмдар жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүүдө тажрыйбасынын болушу.
15. Жарандык сектордон Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары Координациялык кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен шайланат.
Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлыгына шайлоо үчүн талапкерлер Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартиби менен көрсөтүлөт.
16. Жарандык сектордон Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары:
- Координациялык кеңештин чечимдерин ишке ашыруу боюнча жарандык сектордон Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ишин уюштурат;
- калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча Координациялык кеңештин ишине жарандык сектордун өкүлдөрүнүн активдүү катышуусун камсыздайт;
- Координациялык кеңештин же Координациялык кеңештин төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
17. Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
- Координациялык кеңештин жыйындарына, каралып жаткан маселелерди талкуулоого жана чечимдерди иштеп чыгууга катышышат;
- Координациялык кеңештин иш планынын долбооруна сунуш киргизишет;
- Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоону жана өз убагында берүүнү камсыздашат;
- Координациялык кеңештин тапшырмасы боюнча анын чечимдерин аткарышат.
5. Координациялык кеңештин иштөө тартиби
18. Координациялык кеңеш өз ишин жыйындар формасында ишке ашырат.
Координациялык кеңештин жыйыны зарылдыгына жараша, бирок 6 айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
19. Координациялык кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына алмашуу укугусуз, жеке өздөрү катышат.
20. Координациялык кеңештин иш планы Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушунун негизинде бир жылга түзүлөт жана анын жыйындарында бекитилет.
Координациялык кеңештин иш планынын долбооруна сунуштар актуалдуу болууга жана Координациялык кеңештин жыйынына кароого киргизилген маселелердин баяндалышын, аларды кароонун датасын, баяндамачылардын (кошо баяндамачылардын) жана Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоо үчүн жооптуу адамдардын аты-жөнүн камтууга тийиш.
Координациялык кеңештин жыйынына киргизилген маселелерди кароонун максатка ылайыктуулугуна негиздеме кыска жазуу түрүндөгү түшүндүрүү (маалымкат) формасында берилет.
21. Иш планга ылайык Координациялык кеңештин жыйынында кароо үчүн тийиштүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн жооптуу адамдар алардын сапатына жана катчылыкка өз убагында берүү үчүн жеке жоопкерчиликте болот.
Координациялык кеңештин жыйынына материалдар Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүүчү күнгө чейин 10 иш күндөн кечиктирбей катчылыкка берилет.
22. Координациялык кеңештин төрагасынын чечими боюнча жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча жыйындын күн тартибине Координациялык кеңештин иш планында каралбаган маселелер киргизилиши мүмкүн.
23. Координациялык кеңештин жыйынынын күн тартиби, датасы, өткөрүү убактысы жана орду Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан аныкталат жана жыйынды өткөрүүчү датага чейин 5 иш күндөн кечиктирбей социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жайгаштырылат.
24. Координациялык кеңештин кезектеги жыйынын даярдоодо жана жооптуу аткаруучулардан материалдарды алууда катчылык Координациялык кеңештин жыйыны өтүүчү күнгө чейин 3 иш күндөн кечиктирбей Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө аларды таратат.
Башка даректерге материалдарды жиберүү Координациялык кеңештин төрагасы менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.
25. Координациялык кеңештин жыйынынын материалдары боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жана жыйындын катышуучуларынын сын-пикирлери болсо, алар өз сунуштарын маселени талкуулоо учурунда жазуу түрүндө берүүгө укуктуу, ал сунуштар жыйындын материалдарына тиркелет.
26. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана башка жактардын өкүлдөрү Координациялык кеңештин жыйындарында чакырылгандар катары, добуш берүү укугусуз катыша алышат.
Координациялык кеңештин жыйынына чакырылуучу адамдарга маалымдоо жыйын өткөрүлүүчү датага чейин 5 иш күндөн кечиктирбей тизмеге ылайык катчылык тарабынан жүргүзүлөт.
27. Координациялык кеңештин жыйыны анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта укуктуу болуп эсептелет.
Координациялык кеңештин жыйынын Координациялык кеңештин төрагасы, ал эми ал жок учурда мамлекеттик сектордон Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары өткөрөт.
28. Координациялык кеңештин чечимдери кворум болгон учурда ачык добуш берүү аркылуу, көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Кабыл алынган чечимге каршы добуш берген Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн өзгөчө ой-пикирлери жазуу формасында баяндалат жана Координациялык кеңештин жыйынынын протоколуна тиркелет.
Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн добуштарынын саны тең болуп калган учурда Координациялык кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
29. Координациялык кеңештин чечими протокол менен таризделет, ага Координациялык кеңештин төрагасы же жыйынга төрагалык кылган адам кол коёт.
Координациялык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө протоколду жүргүзүү катчылык тарабынан ишке ашырылат.
30. Протоколдун долбоору Координациялык кеңештин төрагасына же анын жыйынында төрагалык кылган адамга жыйын өткөн күндөн кийин 3 иш күндөн кечиктирбестен кол коюуга киргизилет.
31. Жыйындын протоколуна кол коюлгандан кийин катчылык аны Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө таратууну уюштурат жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий веб-сайтына жайгаштырат.
32. Координациялык кеңештин жыйынынын материалдарын жана башка документтерди жиберүү электрондук почта аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
33. Координациялык кеңештин жыйындарында үн жаздыруу, видеого жана сүрөткө тартуу иши Координациялык кеңештин төрагасы (төрагалык кылуучу) менен макулдашуу боюнча же Координациялык кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
34. Координациялык кеңештин катчылыгы:
- Координациялык кеңештин жыйынын даярдоого байланышкан уюштуруу иш-чараларын ишке ашырат (күн тартибинин долбоорлорун жана жыйындын катышуучуларынын тизмесин түзүү, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жыйынды өткөрүүнүн убактысы жана орду тууралуу маалымдоо);
- Координациялык кеңештин жыйынына материалдарды даярдоону жана таратууну ишке ашырат;
- Координациялык кеңештин иш планынын долбоорун даярдоону ишке ашырат, белгиленген тартипте аны макулдашууну, бекитүүнү жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберүүнү камсыздайт;
- Координациялык кеңештин жыйынын өткөрүүнү камсыздайт (жыйынды өткөрүүнүн убактысын жана ордун тактоо, катышуучуларды каттоо, протоколду жүргүзүү);
- Координациялык кеңештин иш пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына күнүмдүк контролдоону ишке ашырат.
35. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдеринин негизинде токтотулат.