Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 4-декабры № 830
токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 26-майы № 322
Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын натыйжалуу ишке ашырууну жана жарандардын аялуу категориясынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдарынын макулдашылган ишин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеши жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-майындагы № 322 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери
3. Координациялык кеңештин максаты, милдеттери, функциялары жана
ыйгарым укуктары
4. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу жана курамын түзүү
5. Иштөө тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасындагы социалдык коргоо боюнча координациялык кеңеши (мындан ары - Координациялык кеңеш) жарандардын аялуу категориясынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча иш жүргүзүүчү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн улуттук консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу-укуктук камсыз кылууну социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
2. Координациялык кеңештин ишинин принциптери
4. Координациялык кеңеш төмөнкүдөй принциптердин негизинде иштейт:
- иштин ачыктыгы;
- мамлекеттик жана мамлекеттик эмес секторлордун кызматташуусу жана өнөктүгү;
- чечимдердин демократиялык негизде кабыл алынуусу (бардык секторлордун өкүлдөрүнүн добушунун тең укуктуулугу);
- кызыкчылыктардын чыр-чатагын жоюу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-декабрындагы № 755 токтому менен бекитилген 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясын (мындан ары - Стратегия) ишке ашыруу маселелерин Координациялык кеңештин жыйындарында коллегиялуу, эркин жана ачык талкуулоо;
- Координациялык кеңештин ишине тартылган кызмат адамдарынын жоопкерчилиги.
3. Координациялык кеңештин максаты, милдеттери,
функциялары жана ыйгарым укуктары
5. Координациялык кеңештин негизги максаты болуп жарандардын аялуу категориясынын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын макулдашылган ишинин негизинде Стратегияны натыйжалуу турмушка ашырууну камсыз кылуу саналат.
6. Координациялык кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча иште мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу;
- Стратегияны турмушка ашырууга багытталган ченемдик укуктук актыларын жакшыртуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо;
- Стратегияны ишке ашыруу милдеттеринин артыкчылыгын камсыз кылуу;
- Стратегияны турмушка ашыруу процессин жалпы координациялоону жана башкарууну камсыз кылуу;
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планын, индикаторлордун матрицасын аткаруу боюнча чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу.
7. Координациялык кеңештин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын Стратегияда аныкталган милдеттерин ишке ашыруу боюнча иштерин координациялоону камсыз кылуу;
- Стратегияны турмушка ашыруунун жүрүшүн Координациялык кеңештин жыйындарында талкуулоо;
- Стратегияны турмушка ашыруунун алкагында максаттуу багыттарга жетишүүнүн мониторингин жана аларга баа берүүнү камсыз кылуу;
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планын коррекциялоо боюнча сунуштарды талкуулоо жана иштеп чыгуу;
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча иш-чаралардын планына киргизилген иш-чараларды аткарбай коюунун себептерин иликтөө жана талдоо;
- Стратегияны турмушка ашыруунун жүрүшү боюнча маалыматты талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- калкты социалдык коргоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу.
8. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- Стратегиялык иш-чараларды турмушка ашыруу кызыкчылыгында зарыл материалдарды белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жетекчилигинен, илимий жана башка уюмдардан керектүү материалдарды суратууга жана алууга;
- региондордун аймагында Стратегияны турмушка ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана аткаруу органдарынын жарым жылдык жана орто аралык отчетторун өз жыйындарында карап чыгууга жана талкуулоого;
- Стратегияны турмушка ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча тиешелүү рекомендацияларды жана сунуштарды кабыл алууга жана мамлекеттик органдарга киргизүүгө;
- Стратегияны турмушка ашыруу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдар менен мекемелердин жетекчилерин угууга;
- Стратегияны аткарбай коюуга жол берген кызмат адамдарын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизүүгө;
- Стратегияны турмушка ашыруу жана аткаруу маселелери боюнча Координациялык кеңештин кабыл алынган чечимдерин региондордун аймагында аткарууну мамлекеттик органдардан, аткаруу органдарынан талап кылууга;
- Координациялык кеңештин жыйындарына (алдын ала макулдашуу боюнча) жарандык коомдун, жеке сектордун, донор уюмдардын өкүлдөрүн, көзкарандысыз эксперттерди чакырууга, Стратегияны турмушка ашыруу боюнча алардын пикирин жана сунуштарын угууга;
- Кыргыз Республикасынын региондорунда Стратегияны турмушка ашыруу боюнча көчмө жыйындарды өткөрүүгө;
- калкты социалдык коргоо тармагындагы ченемдик укуктук актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгууга.
Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча Координациялык кеңеш зарылчылык болгон учурда Координациялык кеңештин компетенциясына кирген айрым маселелерди карап чыгуу үчүн эксперттик комиссияларды жана жумушчу топторду түзө алат, министрликтердин жана ведомстволордун, башка мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык коомдун жана эксперттик жамааттын, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга укуктуу.
9. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө милдеттүү:
- чечим кабыл алуу процессинде катышууга жана өз оюн айтууга толук укуктуу болгон бардык мүчөлөрдү тең өнөктөр катары кароого, реалдуу өнөктөштүк принциптер менен иштөөгө:
- чечим кабыл алууда толук ачык болууга;
- Координациялык кеңештин ишиндеги коррупциялык аракеттерди алып салууга;
- өздөрүнүн документтештирилген жана ачык жол-жоболорунун негизинде коому тарабынан шайланган мамлекеттик эмес сектордун өкүлдөрүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген мамлекеттик секторунун өкүлдөрүн, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, социалдык тармакты өнүктүрүү боюнча өнөктөрдү кошууга;
- бардык таламдаш тараптардын Координациялык кеңештин ишине катышуусун камсыз кылууга;
- жылдык негизде Стратегияны турмушка ашыруунун жүрүшү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын алдында отчет берүүгө.
4. Координациялык кеңештин ишин
уюштуруу жана курамын түзүү
10. Координациялык кеңеш 25 (жыйырма беш) мүчөдөн турат. Алардын ичинен 12 адам - өкмөттүк эмес сектордон болот.
11. Координациялык кеңешти социалдык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри жетектейт.
12. Координациялык кеңештин төрагасынын эки орун басары болот. Орун басарлардын бири - социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана экинчи орун басары - өкмөттүк эмес сектордун өкүлү.
13. Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары - социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси аткарат.
14. Координациялык кеңештин төрагасы координациялык кеңештин ишин уюштурат; программанын иш-чараларын аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымдоону уюштурат; Координациялык кеңештин ишине тийиштүү баяндамалар жана билдирүүлөр менен чыгат; Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жана өзүнүн орун басарларынын арасында милдеттерди бөлүштүрөт.
15. Координациялык кеңештин мүчөлөрү болуп мамлекеттик сектордон кызмат орду боюнча төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;
- социалдык өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- финансы тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- ички иштер тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- транспорт жана коммуникация тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- курулуш жана региондук өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- пенсиялык камсыздоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси;
- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
- Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору;
- Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатору.
16. Өкмөттүк эмес сектордон:
- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле башка социалдык тобокелдик топтордун укугун жана кызыкчылыктарын билдирген тармактык жана ассоциацияланган уюмдар;
- өкмөттүк эмес менчик формада негизделген кесиптик жана академиялык ассоциациялар менен союздар;
- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын, улгайган жарандардын, ошондой эле социалдык тобокелдик топторунун укугун жана кызыкчылыктарын көздөгөн тармактык жана ассоциацияланган уюмдардын көрсөтүүсүндө калктын аялуу катмарынын абалын жакшыртуу маселелери менен иштеген көз карандысыз эксперттер;
- коммерциялык уюмдар (макулдашуу боюнча);
- эл аралык уюмдар - өнүктүрүү боюнча өнөктөр (макулдашуу боюнча);
- калктын аялуу катмарларын социалдык коргоо чөйрөсүндө иштеген эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар (макулдашуу боюнча).
17. Өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү жана Координациялык кеңештин ишине катышуу үчүн өзүнүн өкүлүн көрсөткөндөр төмөнкүдөй критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
- өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашыруу;
- жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөрдүн жана балдардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, улгайган жарандардын жана башка социалдык тобокелдик категориялардын (ырасталган документтердин - протоколдордун негизинде) көйгөйлөрүн чечүү жагында иш жүргүзгөн ассоциацияланган, коалициялык, тармактык уюмдардын таламдарын билдирүү;
- өз ишин соңку 3 жылдын ичинде жүргүзүү;
- иш жана долбоорлорду турмушка ашыруу боюнча өнөктөрдүн арасында (кеминде 3 өнөктүн сунуштары менен ырасталган) оң абройго ээ болуу;
- жоюу же өзгөртүп түзүү процессинде болбоо.
18. Өкмөттүк эмес сектордун кызыкчылыктарын билдирген уюмдарды тандоодо финансылык отчеттуулукту маалымат сайттарында жана (же) ЖМКда жарыялаган аудитордук текшерүүлөрдүн натыйжаларын билдирген жана калктын аялуу катмарларынын укуктарын коргоо, жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга, улгайган жарандарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, башка социалдык тобокелдик категорияларга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү чөйрөсүндө ийгиликтүү тажрыйбасы бар (кеминде 3 өнөктүн сунуштары менен ырасталган), басылмалары (отчет, изилдөөлөрдүн натыйжалары жана башкалар) бар уюмдарга артыкчылык берилет.
19. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты өкмөттүк эмес секторлордон Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн курамын түзүү жөнүндө маалыматты мөөнөтүн, арыздарды жана сунуштарды берүүсүнүн тартибин көрсөтүү менен ММКларга жарыялайт.
20. Өкмөттүк эмес сектордон Координациялык кеңештин жеке курамы ушул Жобонун 19-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын сунушу боюнча мамлекеттик сектордон болгон Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан көпчүлүк добуш менен шайланат.
21. Өкмөттүк эмес сектордон Координациялык кеңештин орун басары Координациялык кеңештин өкмөттүк эмес секторду билдирген жалпы мүчөлөрүнүн жашыруун добуш берүүсү менен бир жылдык мөөнөткө шайланат. Координациялык кеңештин төраганын орун басарлыгына талапкерлер өкмөттүк эмес сектордон Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан же өзүн көрсөтүү жолу менен көрсөтүлөт.
Көрсөтүлгөн талапкерлер социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү, Координациялык кеңештин ишмердүүлүгүн камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан даярдалган Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн санына барабар бюллетенге киргизилет. Координациялык кеңештин жыйынына катышпаган мүчөлөрүнүн бюллетендери Координациялык кеңештин катчысы тарабынан төраганын катышуусу менен жок кылынат.
Добуш берүү башка адамдардын катышуусуз өткөрүлөт. Добуш берүү бюллетендери алар толтурулгандан кийин конвертке салып чапталат, төрагалык кылуучуга берилет. Добуштарды эсептөө Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусу менен төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын жарымынан көбүнүн добушун алган Координациялык кеңештин мүчөсү шайланды деп эсептелет. Добуштардын жыйынтыгын бекитүү тууралуу протоколго төрагалык кылуучу жана Координациялык кеңештин катчысы кол коет.
Эгерде бир да талапкер зарыл сандагы добуштарды топтой албаган учурда кайрадан добуш берүү эң көп добуш алган эки талапкердин ортосунда өткөрүлөт. Эгерде мында да эки талапкер тең талап кылынган сандагы добуштарды топтой албаса, анда Координациялык кеңештин төрагасы белгилеген мөөнөткө ылайык жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен шайлоо өткөрүлөт.
Өкмөттүк эмес сектордон шайланган Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат.
Координациялык кеңештин төрагасынын жаңы орун басарын шайлоо учурдагы төраганын орун басарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акыркы айында өткөрүлөт. Координациялык кеңештин төрагасынын жаңы орун басарын шайлаганга чейин учурдагы иштеп жаткан өкмөттүк эмес сектордон шайланган Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантат.
22. Өкмөттүк эмес сектордон шайланган Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрүнүн Стратегияны ишке ашырууну баалоого жана мониторинг жүргүзүүгө активдүү катышуусун камсыз кылат.
5. Иштөө тартиби
23. Координациялык кеңеш өз ишмердүүлүгүнүн жыйындар формасында жүргүзөт.
24. Координациялык кеңештин мүчөлөрү анын жыйындарына алмаштыруу укугу жок, өздөрү гана катышат.
25. Координациялык кеңештин иш пландары алардын жыйындарында бекитилет. Күн тартибин Координациялык кеңештин төрагасы кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу менен аныктайт. Координациялык кеңештин жыйындары зарылдыкка жараша, бирок 6 айда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
26. Координациялык кеңештин жыйындары анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышканда мыйзамдуу күчкө ээ болуп эсептелет.
27. Координациялык кеңештин чечимдери кворум болгон мезгилде ачык добуш берүү аркылуу кабыл алынат, жыйынга катышкандардын жана катышпагандардын, бирок өз пикирин жазуу формасында билдиргендердин, көпчүлүк добушу менен кабыл алынат, протокол менен таризделет жана Координациялык кеңештин төрагасы кол коет. Добуш берүүнүн жыйынтыгы бирдей болуп калган учурда төраганын добушу чечүүчү болуп эсептелет. Координациялык кеңештин мүчөлөрү жыйынга катышпаган учурда каралган маселелер боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин жазуу түрүндө билдирүүгө укуктуу. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимге каршы өзгөчө ой-пикирлери жазуу түрүндө билдирилет жана Координациялык кеңештин чечимине тиркелет.
28. Координациялык кеңештин ишмердүүлүгү социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - катчылык (мындан ары катчылык) менен камсыздалат.
29. Координациялык кеңештин катчылыгынын функциялары:
- Координациялык кеңештин уюштуруу жана аналитикалык ишмердүүлүгүн камсыздоо;
- Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө анын жыйынына беш күн калгандан кечиктирбей өтүү убактысын жана ордун, каралуучу маселелердин тизмесин маалымдайт жана Координациялык кеңештин мүчөлөрүн чечим кабыл алууга тиешелүү маалыматтарды алуусун камсыз кылат;
- Координациялык кеңештин жыйындарын өткөрүү жана уюштуруу;
- Координациялык кеңештин чечимдерин иштеп чыгуу процессин координациялоо жана ишке ашыруу;
- Стратегияны ишке ашырууну баалоону жана мониторинг өткөрүүнү контролдоону уюштуруу;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин стратегиялык документтерге мониторинг жүргүзүү жана баалоо боюнча окутууну уюштуруу;
- Стратегияны баалоо жана мониторинг жүргүзүү процедуралары жана анын методологиялары жөнүндө маалыматты берүү;
30. Координациялык кеңештин жыйындарында катчылык менен алдын ала макулдашуу боюнча мамлекеттик жана өкмөттүк эмес уюмдардын добуш берүүгө укугу жок өкүлдөрү чакырылгандар катары катыша алышат.
31. Координациялык кеңештин ишмердүүлүгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү чечимдеринин негизинде токтотулат.