Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-декабры № 832
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө ("Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1-берене.
"Тынч чогулуштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити 2012-жылдын 29-майындагы № 47) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 12-1-берене менен толукталсын:
"12-1-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
1. Тынч чогулуштарды өткөрүүнү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу аны уюштуруучу жана тынч чогулуштун катышуучулары тарабынан өз каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
2. Тынч чогулуштун уюштуруучусу тынч чогулушту өткөрүүнү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашыруучу катышуучулар тууралуу маалыматты жазуу жүзүндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берет.
3. Чет өлкөлөрдүн, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен финансылык жана материалдык-техникалык жактан тынч чогулушту өткөрүүнү камсыз кылууга, ошондой эле аталган жактардан тынч чогулушту уюштуруучулардын жана катышуучулардын каражаттарды кабыл алуусуна тыюу салынат.
4. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүгүндө каралган тартип бузулса, уюштуруучу, тынч чогулуштун катышуучулары, ошондой эле каржылоого тартылган чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликти тартышат.";
- 15-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы "5)" пункт менен толукталсын:
"5) чет мамлекеттер, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар тарабынан тынч чогулушту өткөрүүдө финансылык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу фактылары белгиленгенде.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 392-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"392-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу
Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу, анын ичинде чогулушка катышууга мажбурлоо, ага тете тынч чогулушту өткөрүүнү финансылык жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу тартибин бузуу -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү, юридикалык жактарга - жүздөн жүз элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Тынч чогулуштарды өткөрүүнүн мыйзамда белгиленген тартибин бузуу бет кап, таңгыч же башка ыкма менен бетин жашырып жасалганда -
жарандарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жыйырмадан отуз, кызмат адамдарына - отуздан жетимиш, юридикалык жактарга - жүз элүүдөн эки жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|