Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 835
“Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
“Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 11, 508-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбула күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 1-статьяда:
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“кесиптик оору – кызматкердин өзүнүн эмгектик (кызматтык) милдеттерин аткаруусу менен байланышкан зыяндуу өндүрүштүк факторлордун кызматкерге тийгизген таасиринен улам келип чыккан өнөкөт же катуу оору;”;
- он бешинчи жана он алтынчы абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
- берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи - он тогузунчу абзацтар менен толукталсын:
“эмгек гигиенасы - кызматкерлердин ден соолугун сактоо, өндүрүштүк чөйрөнүн жана эмгек процессинин жагымсыз таасирлеринин алдын алуу боюнча санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы чаралардын жана каражаттардын комплекси;
өндүрүштүк санитария - өндүрүштүк факторлордун кызматкерлерге тийгизген зыяндуу таасирине жол бербөөчү же азайтуучу санитардык-гигиеналык уюштуруу иш-чараларынын жана техникалык каражаттарынын системасы;
атайын кийим-кече - кызматкерди зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштүк факторлордон коргоого багытталган жеке коргонуу каражаттары, кийим, баш кийим, мээлей, башка предметтер.”;
3) I глава төмөнкүдөй мазмундагы 11-статья менен толукталсын:
“11-статья. Жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салуунун укуктук негиздерин белгилейт жана эмгек процессинде кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун сактоонун талаптарына ылайык эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.”;
4) 4-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы “мыйзамдарын жана башка” деген сөздөр алып салынсын;
5) 51-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- эмгекти коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;”;
6) 52- статья күчүн жоготту деп таанылсын;
7) 6-статьянын 1-бөлүгүндө:
- үчүнчү абзац “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “камсыздандыруу чөйрөсүндөгү” деген сөздөр менен толукталсын;
- сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- өзүнүн жумуш орунунда эмгектин шарттарына жана корголушуна текшерүү жүргүзүү жөнүндө талап кылууга;”;
- он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“- эгерде ал эмгек шарттары оор жумуштарда жана эмгектин зыяндуу же кооптуу шарттарындагы жумуштарда иштесе Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында, жамааттык келишимде (макулдашууда), эмгек келишиминде белгиленген жеңилдиктерди жана компенсацияларды алууга.”;
8) 7-статьяда:
- 3-бөлүгүндөгү “эмгекти коргоо чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 4-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөм “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “эмгек” деген сөз менен толукталсын;
экинчи сүйлөм “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “эмгек” деген сөз менен толукталсын;
- 5-бөлүгү “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “эмгек” деген сөз менен толукталсын;
- 6-бөлүгүндө “(контрактта)” жана “(контракты)” деген сөздөр алып салынсын;
- 7-бөлүк “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “эмгек” деген сөз менен толукталсын;
9) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10-статья. Иш берүүчүнүн эмгекти коргоону камсыз кылуу боюнча укуктары
Иш берүүчү төмөнкүлөргө укуктуу:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга эмгек коопсуздугу жана гигиенасы боюнча эрежелерди же ченемдерди иштеп чыгуу же өзгөртүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан маалымат, анын ичинде өздөрүнүн уюмунда өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн жана териштирүүлөрдүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат алууга;
- өндүрүштүк коркунучтун мүмкүн болуучу булактары катары технологиялык жабдууларды орнотууда, чийки заттарды жана материалдарды пайдаланууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан текшерүүлөрдү, териштирүүлөрдү жана экспертизаларды жүргүзүүгө;
- текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, эмгек шарттарына, уюмда, ишканада эмгекти коргоого тиешелүү маселелерди карап жатканда мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыйзамсыз аракеттерине даттанууларды кароого, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдар тарабынан өткөрүлгөн кеңешмелерге катышууга;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине мыйзамда белгиленген тартипте даттанууга;
- эмгекти коргоону башкарууда, үйрөтүүдө жана уюштурууда мамлекеттик органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн жана көмөгүн алууга.”;
10) 11-статьянын 2-бөлүгүндө:
- бешинчи абзац “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “эмгек” деген сөз менен толукталсын;
- он төртүнчү, он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтардагы ар түрдүү жөндөмө формаларындагы “эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
11) 13-статьянын 2, 3 жана 5-бөлүктөрүндөгү ар түрдүү жөндөмө формаларындагы “эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын” деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдын” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
12) 17-статья күчүн жоготту деп таанылсын;
13) 19-статьянын 2-бөлүгүндө:
- алтынчы абзацындагы “эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органга” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- онунчу абзацындагы “мыйзамга караштуу” деген сөздөр алып салынсын;
14) 20-статья “Кыргыз Республикасынын” деген сөздөрдөн кийин “жарандык” деген сөз менен толукталсын;
15) 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“21-статья. Эмгекти коргоонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
Эмгекти коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузууга күнөөлүү, жамааттык келишимдерде (макулдашуу), эмгек келишимдеринде каралган эмгекти коргоо боюнча милдеттерин аткарбаган же Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, ошондой эле коомдук контролдоо органдарынын өкүлдөрүнүн ишине тоскоолдук келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын административдик жана жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликти тартышат.”;
16) 22-статьяда:
- 1-бөлүгүндөгү “эмгекти коргоо чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жолдомокатынын, ошондой эле кесиптик бирлик органдарынын сунуштамасы боюнча токтото турулушу мүмкүн” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу органдын жазма буйругуна ылайык токтотулат” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечимдер административдик жана соттук тартипте даттанылат.”;
17) 23-статья күчүн жоготту деп таанылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти