Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-декабры № 836
“Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 9, 440-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
29-беренеде:
мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандык формадагы “соода” деген сөз тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык формада “тоорук” деген сөз менен алмаштырылсын.
1-пункту “пайдаланууга” деген сөздөн кийин “, электрондук форматта өткөрүлүшү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;
3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Мындай тооруктар электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.”.
2-берене
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
121-статьясынын 1-пунктунун экинчи абзацы “аукциондо” деген сөздөн мурун “электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;
15-статьясынын 1-пунктунун үчүнчү абзацы “учурларда,” деген сөздөн кийин “электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
“Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 160-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
62-беренеде:
мамлекеттик тилдеги текстинин 1-пунктунда “соодада (аукциондо)” деген сөздөр “тооруктарда (аукциондордо)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункту “негиздерде” деген сөздөн кийин “электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;
64-берене “ылайык” деген сөздөн кийин “электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн болгон” деген сөздөр менен толукталсын;
66-беренеде:
мамлекеттик тилдеги текстиндеги “соодадан (аукциондон)” деген сөздөр “тооруктардан (аукциондордон)” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Бул тооруктар (аукциондор) электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте өткөрүлүшү мүмкүн.”;
67-берененин мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандык формадагы “соода-сатык” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык формада “тоорук” деген сөз менен алмаштырылсын;
68-берененин мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандык формадагы “соода-сатык” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык формада “тоорук” деген сөз менен алмаштырылсын;
69-берененин мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандык формадагы “соода-сатык” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык формада “тоорук” деген сөз менен алмаштырылсын;
70-берененин мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү жана сандык формадагы “соода-сатык” деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө жана сандык формада “тоорук” деген сөз менен алмаштырылсын.
4-берене
“Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 11, 537-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
55-беренесинин 5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын:
“Мындай сатуу электрондук форматта, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн.”.
5-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айдын ичинде өз чечимерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка толук чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын
Президенти