Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-декабры № 846
"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы № 846 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 228-статьясына эскертүүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндөгү иш боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын чечимин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында, жарандар Д.Д.Бекешев жана У.Турдубековдун кайрылуусуна байланыштуу иштелип чыккан.
Мыйзамдын долбоору менен Кодекстин колдонулуудагы редакциясында Маңдайкы жана алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерине күңүрттөөчү жапкыч чаптоого тыюу салуу жайылтылбаган атайын автомашиналардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталаары белгиленген 228-статьясына эскертүүгө өзгөртүү киргизүү каралат.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын жогоруда аталган чечимин эске алуу менен Кодекстин 228-статьясында атайын автотранспорт каражаттарынын толук тизмегин аны кандайдыр бир башка мамлекеттик орган тарабынан кеңейтүү мүмкүнчүлүгүсүз мыйзамдуу түрдө аныктоо зарыл.
Ушуну менен бирге, эскертүүнүн сунушталган редакциясы андагы баяндалган ченемди Кодекстин 228-статьясынын 4-бөлүгүнө гана жайылтуу жагынан конкреттештирүүнү талап кылат.
Буга байланыштуу Кодекстин 228-статьясына эскертүүнү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Эскертүү. Ушул статьянын 4-бөлүгүнүн талаптары саясий кызмат орундарын ээлеген жана мамлекеттик коргоо объекттери болуп саналган адамдардын кызматтык автотранспорт каражаттарына, ошондой эле аларды коштоону (экскорттоону) камсыз кылуучу автотранспорт каражаттарына жайылтылбайт.".
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун жогоруда аталган сунуштарды эске алуу менен аны толуктап, иштеп чыгуу шартында кабыл алууну колдойт.