Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 845
2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2015-жылдын 20-майындагы № 106 “Аскердик абал жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдары кабыл алынгандыгына байланыштуу “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 116-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн он сегизинчи абзацындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 31-беренесинин 6-бөлүгүндөгү “согуш абалын” деген сөздөр “согуштук абалды” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
“Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 1, 42-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги преамбуласындагы “Аскердик” деген сөз “Согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
3-берене
“Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жарчысы, 2009-ж., № 7, 752-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 7-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “Аскердик” деген сөз “Согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
3) мамлекеттик тилдеги 11-беренесинин 3-пунктундагы “аскер абалын” деген сөздөр “согуштук абалды” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) мамлекеттик тилдеги 4-бөлүмүнүн аталышындагы “Согуштук (куралдуу жаңжал) абал. Аскердик абал” деген сөздөр “Согуш (куралдуу жаңжал) абалы. Согуштук абал” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
5) мамлекеттик тилдеги 19-беренесинде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19-берене. Согуш (куралдуу жаңжал) абалы”;
1-бөлүгүндөгү “Согуштук абал” деген сөздөр “Согуш абалы” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
6) мамлекеттик тилдеги 20-беренесинин аталышындагы, 1 жана 2-бөлүктөрүндөгү “Аскердик” деген сөз “Согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
7) 21-беренеде:
мамлекеттик тилдеги 1-бөлүгүндөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүндөгү “Куралдуу Күчтөрдүн аскердик башкаруу органдарынын, бирикмелеринин жана бөлүктөрүнүн, Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдарынын, мамлекеттик органдарынын, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күчтөрү жана каражаттары” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана укук коргоо органдарынын бирикмелери, бөлүктөрү, мекемелери, башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын аймагын ыкчам жабдууга жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат”;
- аймактык коргоону уюштуруу тартибин аныктайт.”.
4-берене
“Кыргыз Республикасындагы мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 12, 524-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- мамлекеттик тилдеги 2-статьясынын 3-бөлүгүнүн 16-пунктундагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
5-берене
“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин Тоо” газетасы, 2015-жылдын 22-майы, № 46-47) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 10-беренесинин 7-бөлүгүндөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 43-беренесинин 3-пунктундагы “аскердик” деген сөз согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
6-берене
“Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 3, 187-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 95-статьясынын төртүнчү абзацындагы “согуш абалы” деген сөздөр “согуштук абал” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
7-берене
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 10, 1514-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 28-пунктундагы “согуш абалын киргизүү” деген сөздөр “согуштук абалды киргизүү” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 120-беренесинде:
аталышындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
1-бөлүгүндөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
4-бөлүгүндөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
7-бөлүктөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
8-берене
“Ички жер которуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 434-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 8-статьясынын жетинчи абзацындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
9-берене
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1001-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 4-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттарындагы “согуш абалы” деген сөздөр “согуштук абал” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
10-берене
“Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 7, 1005-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги 4-беренесинин алтынчы абзацындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын;
2) мамлекеттик тилдеги 6-беренесинин 3-бөлүгүндөгү “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
11-берене
“Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 73, 211-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 8-беренесинин 38-пунктундагы “аскердик кырдаал” деген сөздөр “согуштук абал” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
12-берене
“Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (“Эркин-Тоо” газетасы, 2004-жылдын 27-августу, № 73-74) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 23-статьясынын бешинчи абзацындагы “согуш абалы” деген сөздөр “согуштук абал” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
13-берене
“Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 570-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 31-беренесинде:
1-бөлүгүндөгү “согуш абалы мезгилинде” деген сөздөр “согуштук абалдагы мезгилде” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2-бөлүгүндөгү “согуш абалында” деген сөздөр “согуштук абалда” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14-берене
“Улуттук коопсуздук жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 4, 196-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
мамлекеттик тилдеги 10-статьясынын он үчүнчү абзацындагы “аскердик” деген сөз “согуштук” деген сөз менен алмаштырылсын.
15-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти