Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-декабры № 865
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., №8, 922-бер.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1) 14-главанын аталышында “контролдук-кассалык машиналарды” деген сөздөрдөн кийин “, контролдук пломбаларды жана нефть продуктуларын коштоочу накладнойлорду” деген сөздөр менен толукталсын;
2) 108-беренесинин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 6 жана 7-пункттар менен толукталсын:
«6) нефть продуктуларын иштетүүнү эсепке алууда жана контролдоодо контролдук пломбаларды колдонуу;
7) жалданган жумушчулар менен эмгек келишимдеринин болуусу жана киреше салыгын төлөө.».
3) 14-глава төмөнкү мазмундагы 1121-берене менен толукталсын:
“1121-берене. Нефть продуктуларына контролдук пломбаларды колдонуу.
1. Нефть продуктуларын сактоо, жүгүртүү жана салык төлөөчүлөргө сатуу контролдук пломбаларды жана нефть продуктуларын коштоочу накладнойлорду колдонуу менен жүргүзүлөт.
2. Нефть продуктуларына контролдук пломбалар – атайын куюлуучу идишке жана автомай бекеттердин мунай таратуучу колонкаларга орнотулган атайын эн тамгалоо.
3. Нефть продуктуларын коштоочу накладнойлор – КНС боюнча жазылган эсеп-фактураларына тиркелген бирдиктүү бекитилген формасындагы бекем отчеттуулуктагы бланкы.
4. Контролдук пломбалардын жана нефть продуктуларын коштоочу накладнойлордун колдонуусунун Тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен аныкталат.”.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти