КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 872
“Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Бул Мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 227-берененин 2-бөлүгүндөгү “263” деген цифралар “2632” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 2632-берене менен толукталсын:
“2632-берене. Эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн реактивдүү күйүүчү майлардын беримдери
Эл аралык аба ташууларын жүзөгө ашырган аба кемелерине май куюу үчүн борт камдыктары катары май куюу уюму тарабынан реактивдүү күйүүчү майларды берүү КНСтин нөлдүк ставкасындагы беримдер болуп саналат.”.
3. 297-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы “90” деген цифралар “180” деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзамдын күчү 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып пайда болгон мамилелерге таркалат.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти