Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-декабры № 875
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, техникалык жана башка пландуу иштерди модернизациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 "Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-4-пункт менен толукталсын:
"1-4. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулсун жана бошотулган каражаттарды көчмө теле студияны сатып алууга жумшасын.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын "Республикалык радиотелеборбор" мамлекеттик ишканасы 2015-жылдагы ишинин жыйынтыгы боюнча алынган таза пайданын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон 50 пайызынын пайдаланышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго отчет берсин.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |