Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет (мындан ары - Комитет) ТӨМгө жетишүү боюнча иш-чараларды адаптациялоого, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө тартылган мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ишин координациялоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Комитеттин курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин чечими менен бекитилет. Комитеттин курамына аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдардын (макулдашуу боюнча) өкүлдөрү киришет. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Комитеттин төрагасы болуп эсептелет.
3. Комитеттин төрагасы зарылчылыкка жараша Комитеттин жыйындарына катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жетекчилерин жана кызматкерлерин, ошондой эле алдын ала макулдашуу боюнча жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын жана донор өлкөлөрдүн, ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүн жана ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча башка өнөктөрдү чакырууга жана алардын ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча алардын пикирлерин жана сунуштарын угууга укуктуу.
4. Комитеттин төрагасы зарылчылыкка жараша ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча өтө маанилүү маселелерди демилгелөөгө жана Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйындарына киргизүүгө укуктуу.
5. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун ылайык күчүн жоготту).
2. Комитеттин максаттары жана милдеттери
6. Комитеттин ишинин максаттуу багыттары болуп улуттук өнөктөштөр - министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүүгө тартылган башка уюмдар жана жактар тарабынан ТӨМгө жетишүүгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүүгө багытталган иш-чараларды координациялоо жана өз убагында, толук ишке ашырылышына көмөк көрсөтүү эсептелет.
7. Комитет иштин максаттуу багыттарына ылайык:
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик институционалдык системаны түзүүгө көмөк көрсөтөт;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун секторлор аралык өз ара аракеттенүүсүнө көмөк көрсөтөт;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана башка уюмдардын, жактардын ишин координациялайт;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүүгө тиешелүү чаралар боюнча өзүнүн жыйындарында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын маалыматтарын мезгил-мезгили менен угат;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү процессине тартылган бардык катышуучулардын ортосунда өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөк көрсөтөт;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча биргелешкен ишти ишке ашыруунун жүрүшү жана жетишилген натыйжалары жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырууга көмөк көрсөтөт.
3. Комитеттин укуктары
8. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү менен байланышкан маселелерди кароого;
- ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча милдеттерди чечүүгө жооптуу жактардын билдирүүлөрүн угууга;
- ТӨМгө жетишүү боюнча улуттук өнөктөштөрдөн министрликтерден, мамлекеттик комитеттерден, аткаруу бийлигинин, башка органдарынан жана башка жооптуу адамдардан Комитеттин чечимдеринин аткарылышын талап кылууга.
4. Комитеттин ишин уюштуруу
9. Маселелер Комитеттин жыйындарында каралат жана алар боюнча чечимдер кабыл алынат.
10. Комитеттин жыйыны зарылдыкка жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Комитеттин жыйыны Комитеттин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышканда мыйзамдуу болот, Күн тартибин Комитеттин төрагасы аныктайт.
11. Комитеттин чечими Комитеттин жалпы курамынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
12. Комитеттин мүчөсү жок учурда анын Комитеттеги функциялык милдеттери ал ыйгарым укук берген адамга жүктөлөт.
13. Комитеттин кароосуна киргизилүүчү маселелерди ТӨМгө жетишүүнү адаптациялоо, ишке ашыруу жана индикаторлорго мониторинг жүргүзүү процессине тартылган аткаруу бийликтин мамлекеттик органдарынын жетекчилери даярдайт.
14. Комитеттин чечимдери протоколдор түрүндө таризделет, Комитеттин жыйынына төрагалык кылуучунун колу коюлат, алуучулардын тизмесине ылайык уюмдарга тааныштыруу иретинде жөнөтүлөт.
15. Комитетти жоюу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен жүзөгө ашырылат.
5. Комитеттин жумушчу органы
16. Комитеттин жумушчу органы (Комитеттин катчылыгы) болуп "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү эсептелет. Катчылыктын милдетине Комитеттин ишин техникалык жактан уюштуруу, маалыматтык-аналитикалык камсыздоо жана Комитеттин чечимдеринин аткарылуусун контролдоо кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Комитеттин катчысы болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн жооптуу кызматкериэсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-сентябрындагы N 475 токтомунун редакциясына ылайык)