Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы № 551 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-яылдын 2-сентябры № 475
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетишүү боюнча иш-чараларды адаптациялоого, ишке ашырууга жана мониторинг жүргүзүүгө тартылган мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн иштерин координациялоо деңгээлин жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-декабрындагы № 867 "Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
-4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
-5-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
-жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында 2030-жылга чейин ТӨМгө адаптациялоо, ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет жөнүндө жободо:
-16-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
-экономика жана инвестициялар бөлүмү" деген сөздер менен алмаштырылсын;
-17-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин стратегиялык пландоо жана региондорду өнүктүрүү саясаты маселелерии тейлеген түзүмдүк белүнүшүнүн башчысы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн жооптуу кызматкери" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет
Премьер-министр | С. Жээнбеков |