Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 567 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-декабрындагы № 880 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чек ара ыйгарым укуктууларынын (мындан ары - чек ара ыйгарым укуктуулары) негизги милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү, социалдык жана укуктук коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана ушул Жобо түзөт.
3. Чек ара ыйгарым укуктуулары - чек арага жакын аймактын чегинде туруктуу жашаган жана чарба иштерин жүргүзгөн, өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары, ден-соолугунун абалы боюнча Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча милдеттерди аткарууга жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары.
4. Чек ара ыйгарым укуктуулары Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруучу бөлүнүштөрүнүн (мындан ары - чек ара бөлүнүштөрү) штатында жарандык персонал (кызматчы) катары турушат.
5. Чек ара ыйгарым укуктууларынын саны Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штаттык санынын чегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Чек ара ыйгарым укуктууларынын негизги милдеттери жана функциялары
6. Чек ара ыйгарым укуктууларына төмөнкү милдеттер жүктөлөт:
- Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар (мындан ары - жарандар) жана менчигинин уюштуруу-укуктук формасына карабастан уюмдар (мындан ары - уюмдар) тарабынан Мамлекеттик чек ара режиминин, чек ара тилкесинин режиминин жана чек ара режиминин сакталышын камсыздоого катышуу;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген кылмыштарды жана укук бузууларды аныктоо жана чек ара бөлүнүштөрүнүн кызмат адамдары менен бирге алдын алуу жана бөгөт коюу;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн тапшырылган участокто жана чек ара бөлүнүшүнүн жоопкерчилигиндеги участокто түзүлгөн жагдай жөнүндө маалымат чогултуу жана жалпылоо, аны чек ара бөлүнүшүнүн жетекчилигине өз убагында жеткирүү.
7. Милдеттерди аткаруу үчүн чек ара ыйгарым укуктуулары төмөнкү функцияларды ишке ашырышат:
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча жергиликтүү калк менен ачык алдын алуу-профилактикалык иштерди жүргүзүү;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иши жөнүндө жергиликтүү элдин позитивдүү ой-пикирин калыптандырууга багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн тапшырылган участоктун чегинде өз ишин жүргүзгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, жарандар жана уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү колдоо.
3. Чек ара ыйгарым укуктууларынын милдеттери
8. Чек ара ыйгарым укуктуусу Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын билүүгө жана так аткарууга тийиш.
Чек ара ыйгарым укуктуусу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Мамлекеттик чек аранын өткөн жерин жана белгиленген жерлерди, жанаша турган жерди билүүгө;
- Мамлекеттик чек аранын белгиленген режимин сактоого;
- чек ара режиминин жана чек ара тилкесинин режиминин эрежелерин билүүгө;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн тапшырылган участоктун чегинде чек арага жакын аймакта чарбалык жана башка ишин жүргүзгөн жарандардын жана уюмдардын жайгашкан жерин жана иштөө режимин билүүгө;
- ыктыярдуу элдик кошуундардын, өз ара аракеттенген бөлүнүштөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жайгашкан жерин билүүгө;
- жергиликтүү калктын санын, улуттук жана конфессионалдык курамын, анын иш менен камсыз болуусунун мүнөзүн, үрп-адаттарын, каада-салттарын жана маданиятын билүүгө, аларды урматтоого;
- Мамлекеттик чек арада, чек ара тилкесинде жапа чек арага жакын аймакта укукка каршы иш-аракеттерди жасоого даярдануу же аларды жасоо боюнча аныкталган фактылар жөнүндө чек ара бөлүнүшүнүн кызмат адамдарына өз убагында билдирүүгө. Кызматтык-күжүрмөн ишти уюштуруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды берүүгө;
- чек ара кезметтеринин кызматына катышууга;
- Мамлекеттик чек араны бузуучуларды жана укукка каршы иш-аракеттерди жасаган башка адамдарды кармоодо чек ара кезметтерине жардам көрсөтүүгө;
- жооптуу участокто кырсыкка учураган адамдарга жардам берүүгө;
- туруктуу байланышуу жерлерин жана чек ара бөлүнүшү менен байланышка, анын ичинде шашылыш байланышка чыгуу ыкмаларын билүүгө;
- өздүк коопсуздук чараларын, чек ара кызматын коопсуз отоо эрежелерин сактоого;
- иш процессинде белгилүү болгон маалыматтарды жана мамлекеттик же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу башка сырды түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого;
- тапшырмаларды алуу жана өзүнүн иши жөнүндө отчеттук материалдарды берүү үчүн бөлүнүштүн жайгашкан жерине же башка жерге чек ара бөлүнүшүнүн начальниги тарабынан белгиленген мөөнөттө келүүгө.
9. Чек ара ыйгарым укуктуусуна төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- чектеш мамлекеттин аймагына кирүүгө;
- чектеш мамлекеттин чек араны кайтаруучу өкүлдөрү менен кандай болбосун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө, кандайдыр бир буюмдарды же предметтерди алардан алууга же аларга берүүгө;
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн тапшырылган участокту чек ара бөлүнүшүнүн кызмат адамдарына кабарлоосуз таштап кетүүгө.
4. Чек ара ыйгарым укуктууларынын укуктары
10. Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча негизги милдеттерди аткаруу максатында чек ара ыйгарым укуктуусу төмөнкүлөргө укуктуу:
- Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн тапшырылган участокто чек ара кезметчилери жок учурда белгиленген тартипте ким экендигин ырастоочу документтерди, ошондой эле жарандарга жана уюмдарга чек ара режиминин жана чек ара тилкесинин режиминин эрежелери белгиленген чек арага жакын аймактарда болууга жана ишин жүргүзүүгө укук берүүчү документтерди текшерүүгө;
- Мамлекеттик чек арада жана чек арага жакын аймакта укукка каршы иш-аракеттердин даярдалып жаткандыгы (ишке ашырылгандыгы) боюнча фактылар жөнүндө алдын алуучу (ырастоочу) маалыматтарды алуу максатында жарандарды суроого, маалымат (маалымкаттарды) алууга, жер-жерлерди текшерүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө мыйзамдарына ылайык өзүн-өзү коргоо үчүн күч колдонууга, анын ичинде күрөшүүнүн күжүрмөн ыкмаларын жана атайын каражаттарды колдонууга.
Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чек ара бөлүнүштөрүнүн турак жайларын сактоо максатында чек ара ыйгарым укуктууларына алардын иштеген мезгилинде жашоо үчүн укук бере алат.
Бул укук чек ара ыйгарым укуктуусун иштен бошоткон же анда чек ара бөлүнүшүнүн өздүк курамы туруктуу жайгаштырылган учурда токтотулат.
5. Чек ара ыйгарым укуктууларынын ишин уюштуруу
11. Чек ара ыйгарым укуктуусун ишке кабыл алуу үчүн чек ара бөлүнүшүнүн начальнигинин негизделген өтүнүчү жана жарандын Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын начальнигинин (чек ара отрядынын начальнигинин) атына жазган жеке арызы негиз болуп саналат.
Чек ара ыйгарым укуктуулары катары эмгек ишин жүргүзүү ниетин билдирген жарандардын моралдык-иштиктүү сапаттарын жана алардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча мүмкүнчүлүктөрүн иликтөөнүн жыйынтыктары боюнча Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын начальниги (чек ара отрядынын начальниги) аларды жумушка кабыл алуу же коюлган талаптарга шайкеш келбеген учурда кабыл алуудан жүйөлөнгөн баш тартуу тууралуу чечимди кабыл алат.
12. Чек ара ыйгарым укуктуулары чек ара бөлүнүшүнүн начальнигине жана анын орун басарларына баш ийет жана Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча алардын алдында турган милдеттерди өз алдынча же бөлүнүштүн кызмат адамдарынын жетекчилиги астында аткарышат.
13. Чек ара ыйгарым укуктуусуна Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет.
14. Чек ара ыйгарым укуктуулары зарыл болгон учурда аларга белгиленген тартипте берилүүчү байланыш, байкоо жүргүзүү каражаттары жана атайын каражаттар менен камсыздалышат.
Чек ара ыйгарым укуктууларынын жоопкерчиликтүү участоктору Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын облус боюнча башкармалыгынын начальнигинин (чек ара отрядынын начальнигинин) чечими менен аныкталат.
6. Чек ара ыйгарым укуктууларын укуктук жана социалдык жактан коргоо
15. Чек ара ыйгарым укуктууларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө бийик тоолуу шарттарда жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөөчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана эмгек мыйзамдарына ылайык өмүрүнүн, ден-соолугунун, ар-намысынын жана мүлкүнүн укуктук жана социалдык жактан корголушуна кепилдик берилет.
16. Чек ара ыйгарым укуктууларынын Мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн аларга тапшырылган участоктун чегинде өз милдеттерин аткаруудагы талаптары жарандардын жана уюмдардын аткаруусу үчүн милдеттүү болуп саналат.
17. Чек ара ыйгарым укуктууларынын мыйзамдуу иш-аракеттерине алардын Мамлекеттик чек араны кайтаруу боюнча ишине түздөн-түз жетекчилик кылган адамдардан тышкары эч кимдин киришүүгө укугу жок.
7. Чек ара ыйгарым укуктууларынын жоопкерчилиги
18. Чек ара ыйгарым укуктуулары берилген ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алышат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн укукка каршы иш-аракеттери же аракетсиздиги үчүн жоопкерчилик тартышат.
19. Чек ара ыйгарым укуктуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат.