Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-декабры, № 882
“Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз республикасынын мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджети кирешелер боюнча 42885485,9 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 42283013,9 миң сом суммасында 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин профицити 602472,0 миң сом суммасында белгиленсин.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2017-2018-жылдарга бюджетинин болжолу 2-тиркемеге ылайык жактырылсын.
3-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгү булактар боюнча келип түшүүлөрдүн эсебинен 3-тиркемеге ылайык түзүлсүн.
4-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2016-жылга бюджетинин чыгашаларын каржылоо каражаттары 4-тиркемеге ылайык белгиленсин.
5-берене
Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фондунун 2016-жылга бюджети 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6-берене
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун республикалык бюджеттен каржыланышы 2016-жылга - 17046399,0 миң сом суммасында белгиленсин, анын ичинде:
- 2016-жылга пенсиянын базалык бөлүгүнө - 8670818,7 миң сом;
- 2016-жылга пенсионерлерге электр энергиясы үчүн компенсациялык төлөмдөргө - 1843828,2 миң сом;
- “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча 2016-жылга чектелген пенсияларга - 2256778,1 миң сом;
- аскер кызматкерлерин камсыздандыруу боюнча 2016-жылга бир жолку жөлөкпулга - 35000,0 миң сом;
- пенсияларга (көп балалуу энелерге жана бала кезинен майып балдардын энелерине, бийик тоолуу шарттарда, алыскы жана барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга, “Кыргызстан аба жолдору” улуттук авиаташуучу ачык акционердик коомунун учуу жана учуу-сыноо курамынын кызматкерлерине, № 2 тизме боюнча текстиль өндүрүшүндө, “РЕSАС” программасына кирген ишканаларда иштеген адамдарга), пенсияларга кошумча төлөөлөргө (майыптардын, Улуу Ата Мекендик жана башка согуштун катышуучуларынын, “Баатыр эне” же “Мать-героиня” ордендери менен сыйланган энелердин, Кыргыз Республикасына өзгөчө эмгек сиңиргендердин), компенсацияларды төлөөгө (Чернобыль атомдук электр станциясында жана башка жарандык жана аскердик багыттагы атомдук объекттерде болгон авариялардын кесепеттерин жоюуга катышуучуларга, “РЕSАС” программасына кирген ишканаларда эмгектик мертинүү алган же кесиптик ооруга чалдыккан, багуучусунан айрылган адамдарга, иш берүүчүнүн кайра уюшулгандыгына же жоюлгандыгына байланыштуу келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча) 2016-жылга - 4239974,0 миң сом.
7-берене
1. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2014-жылга 33217,8 миң сом суммасындагы карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
2. 2016-жылы Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2014-жылга 23478,9 миң сом суммасындагы карыздар Пенсиялык фонддун каражаттарынан жоюлууга тийиштиги белгиленсин.
8-берене
1. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзам расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Президенти