Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 889
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 30 чечими менен бекитилген Бирдиктүү тизменин 2.27-позициясына ылайык тарифтик квотаны белгилөө жөнүндө жана лицензияларды берүү тууралуу чечим кабыл алынган айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып келүүнүн жол-жоболорун тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелери аталган токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Аталган токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3. Аталган токтом 2014-жылдын 23-декабрында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |