Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-январындагы № 18 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 889 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер эттин айрым түрлөрүн Кыргыз Республикасына ташып келүүдө тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн тартибин жана методун аныктайт.
2. Ушул Эрежелерде төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
- мурдагы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары катталган, төмөнкү критерийлерге ылайык келген юридикалык же жеке жак:
мурдагы мезгилдеги же түздөн-түз тарифтик квота белгиленген мурдагы жылдан кийинки жылдын ичиндеги өлкөлөрдөн "ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосунда жана "эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" бажы режиминде берүүчү өлкөлөрдөн ташып келүүнү ишке ашырат;
тарифтик квота түздөн-түз белгиленген мурдагы жылдан кийинки жылдын ичинде бир жыл бою товарды ташып келүүнүн көлөмү коммерциялык жактан пайдалуу сандан аз болбошу керек;
- жаңы берүүчү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жеке ишкер катары катталган, товардын мурдагы берүүчүсү болбогон, юридикалык же жеке жак;
- берүүчү өлкөлөр - Евразия экономикалык бирлигине (мындан ары - ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзбөгөн же товарга карата эркин соода режиминен чыгаруулар болгон мамлекеттер;
- мурдагы берүүчү тарабынан ташылып келген товардын көлөмү - берүүчү мамлекеттерде өндүрүлгөн, өткөн мезгилде "ички керектөөгө чыгарылган" бажы процессинде жана "эркин колдонууга чыгарылган" бажы режиминде Кыргыз Республикасынын территориясына ташылып келген товарлардын көлөмү;
- тарифтик квота - ЕАЭБдин бажы аймагына үчүнчү мамлекеттерде өндүрүлгөн айрым айыл чарба товарларынын түрлөрүн ташып келүүнү, ЕАЭБдин Бирдиктүү бажы тарифинин (мындан ары - ББТ) дифференцияланган бажы төлөмдөрүнүн ставкасын белгиленген сандын чегинде (натуралдык же нарктык туюнтулган түрдө) аныкталган мезгил ичинде жана мындай сандан жогору көлөмдө ташылып келүүчү товарларга карата ташып келүүнү жөнгө салуунун чаралары;
- тарифтик квотанын көлөмү - Евразиялык экономикалык комиссиянын чечими менен белгиленген тарифтик квотанын чегинде ташып келүү үчүн бөлүнгөн товардын натуралык же нарктык туюнтулган саны;
- товар - берүүчү өлкөлөрдө өндүрүлгөн, аларга карата тарифтик квота белгиленген эттин айрым түрлөрү;
- коммерциялык пайдалуу көлөм - 25 килограммдан ашкан товардын көлөмү;
- мурдагы мезгил - тарифтик квота түздөн-түз белгиленген жылдан мурунку эки жыл.
2. Тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүнүн тартиби
3. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, түздөн-түз тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылдын 1-октябрына чейин Интернет-ресурста ага карата тарифтик квота белгиленип жаткан товардын аталышы, мурунку берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квоталардын көлөмү, жаңы берүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды түшүндүрмө берүү үчүн контакттык маалыматтары менен бирге жайгаштырат.
Мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелер менен аныкталган мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квотаны бөлүштүрүү ыкмасына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бажы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органга тышкы соода ишинин катышуучуларына карата ташылып келген эттин натуралдык жана нарктык туюнтмадагы көлөмдөрү, өндүргөн мамлекетти - тышкы соода ишине катышуучуларды бөлүп кароо менен, бажы жол-жоболорун ЕАЭБ тышкы соода ишинин товардык номенклатурасынын (мындан ары - ЕАЭБ ТСИ ТН) төмөндөгүдөй 0202, 0203, 0207 позицияларында классификацияланган 10 белгисинин деңгээлинде көрсөтүү менен маалыматты берип турат:
Көрсөтүлгөн маалымат ички керектөө үчүн товар чыгарылган дата боюнча түзүлөт.
5. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган ар жыл сайын, тарифтик квота бекитилген жылы, 1-январдан 31-декабрга чейин мурдагы берүүчүлөрдүн жана жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда жылына белгиленүүчү тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү иштерин жүзөгө ашырат:
1) мурдагы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын белгиленген көлөмдөрүнөн 50%;
- 10% - чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду);
- 70% - канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду);
2) жаңы берүүчүлөргө:
- ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду) ташып келүүгө тарифтик квоталардын белгиленген көлөмдөрүнөн 50%;
- 30% - чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду);
- 30% - канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду).
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын эксперттик корутундусун берүүгө негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Мурдагы берүүчүлөр менен жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүү ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоого квота бөлүп берүү өтүнмөсүнүн негизинде жүзөгө ашырылат. Өтүнмөгө берүүчүнүн мөөрү жана коюлган колу менен күбөлөндүрүлгөн төмөнкүдөй документтер тиркелет:
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн же жеке ишкерди (жеке жакты) мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- реквизиттердин (контракттын номери жана контракттын түзүлгөн күнү), тиркемелердин жана (же) ага кошумчалардын милдеттүү түрдө орус тилине котормосу менен тышкы соода келишиминин (контракттын) көчүрмөсү, тышкы соода келишими (контракт) жок болгон учурда -тараптардын ниетин тастыктаган башка документтин көчүрмөсү;
- документтер өкүл аркылуу берилген учурда - ишеним кат, ишенимдүү адамдын паспортунун көчүрмөсү.
Берүүчүлөрдүн ортосундагы тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн жыйынтыгы агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын буйругу менен түзүлгөн комиссиянын протоколу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квотаны бөлүштүрүү ыкмасы
7. Мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин ташып келүүгө тарифтик квотаны бөлүштүрүү (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүү эки этап менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жыл сайын:
1) тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылдын 1-декабрына чейин мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда, мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квотаны бөлүштүрүүнүн биринчи этабы ишке ашырылат;
2) тарифтик квота белгиленген жылдын 1-апрелине чейин мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда, мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган тарифтик квотаны бөлүштүрүүнүн экинчи этабы ишке ашырылат.
9. Биринчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда, мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган, тарифтик квотанын көлөмүнүн 25 пайызы бөлүштүрүлөт.
Мурдагы ар бир берүүчү үчүн тарифтик квотанын көлөмүн эсептөө, ар бир берүүчү үчүн ар бир товардын түрү боюнча, төмөндөгү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
q9 - биринчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
Q - мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын жылдык көлөмү, килограмм менен;
VI - мурунку жылдын биринчи жылында мурдагы берүүчүнүн алып келген товарынын көлөмү, килограмм менен;
VII-9 - түздөн-түз тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылдын 9 айына мурдагы берүүчүнүн алып келген товарынын көлөмү, килограмм менен;
V'I - түздөн-түз тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылы баардык мурдагы берүүчүлөрдүн мурунку жылдын биринчи жылы үчүн алып келген товарларынын көлөмү, килограмм менен;
V'II-9 - тарифтик квота белгиленген жылдан мурунку жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын аймагына баардык мурунку берүүчүлөр тарабынан товарларды ташып келүүнүн көлөмү, килограмм менен.
10. Экинчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда мурдагы берүүчүлөр үчүн аныкталган, тарифтик квоталардын калган көлөмүнүн 75 пайызы бөлүштүрүлөт.
Ар бир мурдагы берүүчү үчүн тарифтик квотанын көлөмүн эсептөө, ар бир берүүчү үчүн ар бир товардын түрү боюнча, төмөндөгү формула боюнча жүргүзүлөт
мында:
q12 - экинчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
Q - мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын жылдык көлөмү, килограмм менен;
q9 - биринчи этаптын чегинде мурдагы берүүчүгө бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын көлөмү, килограмм менен;
V - келерки мезгилдеги мурдагы берүүчү алып келген товарынын көлөмү, килограмм менен;
V' - түздөн-түз тарифтик квота белгиленген мурунку жылдан кийинки жылда мурдагы баардык берүүчүлөр тарабынан мурунку мезгилде ташып келген товардын көлөмү, килограмм менен.
11. Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган ушул Эреженин 10-пунктуна ылайык берүүчүлөрдүн ортосунда квоталарды, өтүнмөнү кабыл алуусун токтоткон күндөн кийин 7 иш күндүн ичинде бөлүштүрөт.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн калган калдыктар кайра бөлүштүрүүгө катышуу өтүнмөсүн тапшырган берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт. Калдыктарды бөлүштүрүүгө мурдагы жана жаңы берүүчүлөр катыша алат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аталган Эреженин 9 жана 10-пункттары менен белгиленген формулалар боюнча жүргүзүлгөн эсептердин жыйынтыгы бир бүтүн санга чейин тегеректелет (килограммга чейин).
Эгерде эсептин жыйынтыгы боюнча мурдагы берүүчүгө тарифтик квотанын алынган көлөмү коммерциялык жактан пайда келтирүүчү сандан аз болсо, анда бул көлөм калган мурдагы берүүчүлөрдүн ортосунда бөлүштүрүлүп берилет.
13. Бөлүнүп берилген тарифтик квотанын көлөмүн пайдаланбаган мурдагы берүүчүлөр кийинки 1 жылдын ичинде тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүдө катыша алышпайт.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде мурдагы берүүчү тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн бөлүнүшү тууралуу жазуу түрүндө тастыктоону алууга милдеттүү. Эки айдан кийин, мурдагы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу түрүндө тастыктоону калтырган учурда ыйгарым укуктуу орган мурдагы берүүчүгө мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда тарифтик квоталарды бөлүштүрүүнүн методу
14. Жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүү үчүн тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүү тиешелүү жылга тарифтик квотанын көлөмү белгиленгенден кийин 15 календардык күн өткөндө, жаңы берүүчүлөр тарабынан аныкталган, жылдык тарифтик квотанын жалпы көлөмүнөн ар бир берүүчүгө 15% ашпаган көлөмдө товардын айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча импорттоо үчүн квотаны бөлүштүрүү жөнүндө жаңы берүүчүлөрдүн өтүнмө берген кезектүүлүгүнүн тартиби боюнча ишке ашырылат.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүдөн кийин калган калдыктар кайра бөлүштүрүүгө катышуу өтүнмөсүн берген жаңы берүүчүлөрдүн ортосунда бирдей үлүштө бөлүштүрүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Жаңы берүүчүлөр үчүн каралган ташып келүүгө тарифтик квотанын көлөмү ал толук бүткөнгө чейин бөлүштүрүлөт.
16. Ар бир 15 иш күнү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган, ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), бөлүштүрүлгөн чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана канаттуулардын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын көлөмү жөнүндө жана бөлүштүрүлбөй калган көлөмдөр тууралуу маалыматтарды, квота жок калганга чейин Интернет-ресурстарда жарыялайт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Отчеттук жылда бөлүштүрүлүп берилген тарифтик квотанын көлөмүн пайдаланбаган жаңы берүүчүлөр кийинки 1 жылда тарифтик квоталардын көлөмүн бөлүштүрүүгө катыша алышпайт.
Тарифтик квоталардын көлөмдөрү бөлүштүрүлгөндөн кийин эки айдын ичинде жаңы берүүчү тарифтик квоталардын көлөмдөрүнүн бөлүнүшү тууралуу жазуу түрүндө тастыктоону алууга милдеттүү. Эки айдан кийин, жаңы берүүчү агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органда жазуу түрүндө тастыктоону калтырган учурда ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүгө мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмдөрүн берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу түрүндө баш тарткан жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүнүн лицензиясын жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган учурда бул лицензия боюнча бөлүнүүчү тарифтик квотанын көлөмү бөлүштүрүлбөгөн болуп эсептелет.
Мурда бөлүнгөн тарифтик квоталардын көлөмүнөн жазуу түрүндө баш тарткандан кийин жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган жаңы берүүчүнүн лицензиясын жокко чыгаруу же колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алгандан кийин 5 жумуш күндүн ичинде бар болгон ири мүйүздүү малдын этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0202 коду), чочко этин (ЕАЭБ ТСИ ТН 0203 коду) жана (же) канаттуулардын этин (ЕАЭБ) ТСИ ТН 0207 коду) ташып келүүгө тарифтик квотанын көлөмү тууралуу маалыматтар агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү тармагындагы ыйгарым укуктуу органдын Интернет ресурсунда жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
|
| Кыргыз Республикасына эттин айрым түрлөрүн ташып келүү үчүн тышкы соода ишинин катышуучуларынын ортосунда тарифтик квоталардын көлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн эрежелерине тиркеме |
Форма
ӨТҮНМӨ
_____________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы же жеке жактын аты-жөнү)
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-майындагы № 252 токтомунун редакциясына ылайык)
импорттоого квота бөлүп берүүнү сурайт:
ири мүйүздүү малдын эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0202) көлөмү _______________________ тонна;
чочко эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0203) көлөмү ______________________ тонна;
канаттуулар эти (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 0207) көлөмү ____________________ тонна.
Жетекчи | _____________________ | _________________________________ |
| (колу) | (аты-жөнү) |
Мөөр (күнү) юридикалык жактар үчүн:
Жеке жактар үчүн паспорттук маалыматы: ________________________________