Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 891
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш агенттигинин директору аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
“Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 9, 990-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1 жана 2-беренелер төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
“1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
“Иштин, аракеттердин, операциялардын айрым түрлөрүн (мындан ары – иштин түрү) лицензиялоо жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, укуктарына жана мүлктүк кызыкчылыктарына, айлана-чөйрөгө, менчикке жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында киргизилет.
2-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын, жеке жана юридикалык жактардын ортосундагы кыйла олуттуу коомдук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзам иштөө үчүн лицензияны жана (же) уруксат берүүнү талап кылган, лицензиялануучу иштердин түрлөрүнүн толук тизмегин белгилейт.
3. Ушул Мыйзамда каралбаган иштердин түрлөрү боюнча лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүүгө жана берүүсүн талап кылууга тыюу салынат.
4. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт:
1) жеке жана (же) юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин алкактарында лицензияларды жана уруксаттарды берүү менен байланышкан жарандык-укуктук мамилелерге;
2) мамлекеттик каттоо тутумуна;
3) квалификацияны жана кесипкөйлүк көндүмдөрдү баалоо тутумуна;
4) техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндө шайкештикти баалоо жаатына.
5. Ушул Мыйзамда белгиленген иштин айрым түрлөрүн лицензиялоонун тартиби жана өзгөчөлүгү ушул Мыйзамга жана анда аталган ченемдик укуктук актыларга ылайык аныкталат, төмөнкүлөрдү кошпогондо:
- Кыргыз Республикасынын банктар жана банк иши жөнүндө, чет өлкөлүк валютадагы операциялар жөнүндө, төлөм, микрофинансы иши жөнүндө, кредиттик маалымат алмашуу жана кредиттик союздардын иши жөнүндө мыйзамдарга ылайык белгиленген банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнгө салуучу башка жактардын ишин лицензиялоонун тартибин, анын ичинде лицензияларды берүүнүн, колдонулушун токтотуп туруунун, токтотуунун (кайра чакыртып алуунун) тартибин, ошондой эле лицензиялык талаптарды, лицензиялык контролду, лицензиялык жыйымдарды алууну кошо алганда;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу лицензияларды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, токтотуунун, өткөрүп берүүнүн тартибин, ошондой эле лицензиялоо, лицензиялык контролдоо, жыйымдарды жана төлөмдөрдү алып коюунун шарттарын кошо алганда, жер казынасын пайдалануу укуктарын лицензиялоонун тартибин;
- тышкы соода ишин жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Евразия экономикалык бирлигинин лицензиялоо чөйрөсүндөгү укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык белгиленген тышкы соода чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоонун тартибин жана өзгөчөлүктөрүн. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык 6 айдан көп эмес мөөнөткө тышкы соода операцияларынын айрым түрлөрү боюнча убактылуу лицензияны жана (же) уруксат алууну киргизүүгө укуктуу;
- электрондук байланыш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген лицензияларды берүүнүн, узартуунун, токтото туруунун, токтотуунун, ажыратуунун тартибин, ошондой эле лицензиялык талаптарды, лицензиялык контролдоону, лицензиялык жыйымдарды жана төлөмдөрдү алууну кошо алганда радиожыштык спектрин пайдаланууну, радиоэлектрондук каражаттарды эксплуатациялоо укугуна жыштык ыйгарууну лицензиялоонун тартибин;
- тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынуучу чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жумуш берүүчүлөрдүн арызы боюнча жумушка жана Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чегинен тышкары жерлерде жумушка орноштуруу боюнча уруксаттарды берүүнүн, узартуунун, токтотуп туруунун, жокко чыгаруунун, токтотуунун тартибин жана өзгөчөлүктөрүн.
6. Евразия экономикалык коомдоштугунун алкагында үчүнчү мамлекеттер менен соодада Евразия экономикалык бирлигине катышкан мамлекеттер тарабынан ташып келүүгө же ташып кетүүгө тыюу салуулар же чектөөлөр колдонулган товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген товарларды ташып келүүгө, ташып кетүүгө, транзитине карата Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү эл аралык келишимдерге жана актыларга ылайык тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары жана чектөөлөр колдонулат.”;
2) 3-беренеде:
- “башка” деген сөз алып салынсын;
- “лицензиялоо чөйрөсүн” деген сөздөрдөн мурда “ушул Мыйзамда аныкталган” деген сөздөр менен толукталсын;
3) 4-беренеде:
- үчүнчү абзац “кайра жаңылоо” деген сөздөрдөн кийин “чет мамлекеттерден берилген лицензиялардын жана (же) уруксаттардын дубликаттарын берүү, ажыратуу, токтотуу, таануу” деген сөздөр менен толукталсын;
- төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“лицензия – лицензия алуучунун атайын укук жөндөмдүүлүгүн аныктоочу жана иштин лицензиялануучу түрүн түзүүчү иштерди жана (же) кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга болгон анын укугун ырастаган документ;”;
- тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“уруксат – ушул Мыйзамда аныкталган аракеттерди жана операцияларды ишке ашырууга карата жеке жана юридикалык жактардын укугун ырастаган документ;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы он төртүнчү-он жетинчи абзацтар менен толукталсын:
“иш – продукцияны өндүрүү, иштерди, кызматтарды, аракеттерди жана операцияларды жүргүзүү максатында жеке жана (же) юридикалык жактар жүзөгө ашырган процесс же процесстердин, иштердин тутуму;
иштин лицензиялануучу түрү – ушул Мыйзамга ылайык алектенүү үчүн лицензия же уруксат алуу талап кылынган аткарылуучу иштерден, кызматтардан, аракеттерден жана операциялардан турган иштин түрү;
лицензиялык талаптар – арыз ээси лицензия жана (же) уруксат алуу үчүн, ошондой эле андан ары лицензия алуучу иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштерди, кызматтарды, аракеттерди жана операцияларды аткаруусу зарыл болгон уюштуруучулук, квалификациялык, технологиялык жана башка атайын талаптардын тизмеги;
лицензиялоонун электрондук тутуму (ЛЭТ) – лицензиялоо процессинин автоматташтырылган тутуму, электрондук форматта лицензиялык контролдоону, лицензиялардын жана (же) уруксат берүүлөрдүн реестрлерин киргизүү, мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттерин ишке ашыруу.”;
4) 5-беренеде:
- 1-бөлүктүн 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-бөлүктө:
2-пунктундагы “чет өлкөлүк” деген сөздөрдөн мурда “лицензиялык талаптарга шайкеш келген” деген сөздөр менен толукталсын;
8-пунктундагы “ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган учурларды албаганда” деген сөздөр алып салынсын;
9-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
12-пункт “(жеңил таксилерден тышкары)” деген сөздөрдөн мурда “шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү ташыган” деген сөздөр менен толукталсын;
5) 6-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 7-берененин 2-бөлүгүндөгү “жана критерийлердин” деген сөздөр, “жана 6-” деген сөз жана цифра алып салынсын;
7) 8-берененин 3-бөлүгүндөгү “тарабынан” деген сөз “бекиткен Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо менен” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
8) 9-беренеде:
- 1-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) убактылуу – белгилүү бир мөөнөткө берилүүчү. Лицензияны колдонуу мөөнөтүн чектөө чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга, тышкы соода ишин жүзөгө ашырууга жана лицензияларына карата жана ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 17, 32-35-пункттарында, 17-беренесинин 2, 8, 10-14, 26, 271, 29 жана 31-пункттарында аныкталган иштин лицензиялануучу түрлөрү боюнча уруксаттарга карата гана чектөөгө жол берилет;”;
- 2-пункттун “б” пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“б) Кыргыз Республикасынын белгилүү аймагында колдонулушу чектелген жана чектелген мамлекеттик ресурстарды пайдаланууга лицензияларды берүүлөргө, ошондой эле ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 10, 31 жана 35-пункттарында каралган уруксаттарга гана карата киргизилет;”;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
“6) төлөм боюнча:
а) ушул Мыйзамдын 15-беренесинде аныкталган иштердин түрлөрү боюнча лицензиялык төлөмдөрдү албастан берилүүчү, акысыз лицензиялар, ушул берененин 5 жана 6-пункттарын кошпогондо;
б) ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 5 жана 6-пункттарында, 16 жана 17-беренесинде белгиленген лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү үчүн лицензиялык төлөмдөрдү алуу менен акы төлөнүүчү лицензиялар.”;
9) 11-беренеде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
“21. Лицензиялардын жана уруксаттардын бланкалары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин түшүрүү менен типографиялык ыкмада
даярдалат, катар номери жана (же) сериясы болот, катуу эсепке алынуучу документ болуп эсептелет.”;
- 3-бөлүмдө “токтотуп коюу,” деген сөздөр алып салынсын;
10) 12-беренеде:
- 2-бөлүк “Реестрлер” деген сөздөн кийин “иштин лицензиялануучу түрүн түзгөн аткарылуучу иштерге, кызмат көрсөтүүлөргө, аракеттерге жана операцияларга” деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
11) 14-беренеде:
- 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Лицензиялоо чөйрөсүндөгү субъекттер:
1) лицензия берүүчүлөр:
а) ушул Мыйзамга ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укук берген органдар;
б) өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдар (лицензиялоо боюнча ыйгарым укук берилген учурда);
2) лицензия алуучулар (менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүктөр).”;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
12) 15-беренеде:
- 1-бөлүмдөгү “энергиянын жаңыланып туруучу булактарын пайдалануунун натыйжасында алынган электр энергиясын өндүрүүнү, ошондой эле” деген сөздөр алып салынсын;
- 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“10) патогендиктин II, III жана IV тобундагы микроорганизмдер менен иштөө;”;
- 11-пункт “иш” деген сөздөн кийин “(операторлорду жана ички же жабык тарамдарды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктта “иш” деген сөздөн кийин “(операторлорду жана ички же жабык тарамдарды кошпогондо)” деген сөздөр менен толукталсын;
- 17-пункт “(жеңил таксилерди албаганда” деген сөздөрдөн мурда “шаарларда жана башка калктуу конуштарда жүргүнчүлөрдү ташыган”) деген сөздөр менен толукталсын;
- 34-пунктундагы “(анын ичинде пиротехникалык)” деген сөздөр алып салынсын;
- 25, 39-44 жана 54-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 45-пункттагы “мамлекеттик эмес” деген сөз “топтомо” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 56-пункттагы “мектепке чейинки, жалпы баштапкы, жалпы негизги жана жалпы орто билим берүү программаларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү мекемелеринен башка” деген сөздөр “мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки, мектеп жана мектептен тышкары билим берүү уюмдарынын ишинен башка” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 61-63-пункттар менен толукталсын:
“61) камсыздандыруу (кайрадан камсыздандыруу) иши;
62) кредиттик бюролордун иштери;
63) пиротехникалык буюмдарды сатуу.”;
13) 16-беренеде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
- “1) радиожыштык спектрин пайдалануу (өндүрүштүк коммерциялык эмес максаттарда радиожыштык спектрин пайдалануучу жеке жана (же) юридикалык жактарды кошпогондо);”;
- 2 жана 3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
“8) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдаланууга укук алуу, күтүү, кайрадан иштетүү.”;
14) 17-беренеде:
- 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“8) жумуш берүүчүлөрдүн арыздары боюнча чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга жумушка уруксат берүү;”;
- 15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тизмек боюнча жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу;”;
- 30-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 37 жана 38-пункттар менен толукталсын:
“ 37) курулушка уруксат берүү;
38) параллелдик долбоорлорго жана курулуштарга уруксат берүү.”;
15) 18-беренеде:
- 1-бөлүктө:
биринчи абзац “технологиялар” деген сөздөн кийин “(Лицензиялоонун электрондук тутуму)” деген сөздөр менен толукталсын;
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) лицензиялануучу иштердин түрлөрүн түзгөн аткарылуучу иштерди, кызматтарды, аракеттерди жана операцияларды көрсөтүү менен белгиленген формадагы арызды;”;
4-пунктундагы “жыйымды” деген сөз “төлөмдү” деген сөз менен алмаштырылсын;
- 2-бөлүк “маалыматтык технологиялар” деген сөздөрдөн кийин “(Лицензиялоонун электрондук тутуму)” деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 31-бөлүм менен толукталсын:
“31. Лицензиялоонун электрондук тутумунун жана мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүнүн иш тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.”;
- 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4. Лицензия берүүчүнүн арыз ээсинен ушул Мыйзамда жана иштин айрым түрлөрүн лицензиялоону жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларда каралбаган документтерди берүүсүн талап кылуусуна тыюу салынат.”;
16) 19 жана 20-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“19-берене. Лицензиялык төлөмдөр
1. Лицензия жана (же) уруксат берүүдө, кайра жол-жоболоштурууда жана лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын берүүдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк мамлекеттин лицензия берүүчүсү тарабынан берилген лицензияны өз ара таануу жана бир тараптуу тартипте таануу жол-жобосу үчүн салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамдарга ылайык лицензиялык төлөм алынат.
2. Арыз ээлеринен жана лицензия алуучулардан ушул Мыйзамда каралбаган башка жыйымдарды алууга тыюу салынат.
3. Лицензиялык жыйымдардын бардык түрлөрү республикалык бюджетке которулат.
4. Лицензиялык төлөмдөрдү төлөтүү тартиби жана алардын наркы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
20-берене. Арыздарды кароонун жана лицензия жана (же) уруксат берүүнүн мөөнөттөрү
1. Лицензия берүүчү бардык зарыл документтер менен арызды берген күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жана ошондой эле кошумча иш аткаруу, кызмат көрсөтүү, аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруунун укугун каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
2. Лицензия жана (же) уруксат берүү жана ошондой эле кошумча иш аткаруу, кызмат көрсөтүү, аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоо же аларды берүүдөн, каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим лицензия берүүчүнүн тийиштүү актысы менен таризделет.
3. Лицензиялоочу орган лицензия жана (же) уруксат берүү үчүн белгиленген мөөнөттө лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жана ошондой эле кошумча иш аткаруу, кызмат көрсөтүү, аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоо же каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдин кабыл алынгандыгы тууралуу арыз ээсине кабарлоого милдеттүү.
Лицензия жана (же) уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жана ошондой эле кошумча иштерди аткаруу, кызмат көрсөтүү, аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоо же каттоодон баш тартуу тууралуу кабар арыз ээсине жазуу жүзүндө жөнөтүлөт (тапшырылат).
4. Берилген лицензиялар жана (же) уруксаттар жөнүндө маалыматтар, аткарылган кошумча иштер, кызмат көрсөтүүлөр, аракеттер жана операциялар жөнүндө маалыматтарды, иштин лицензиялануучу түрлөрүн ишке ашыруунун дареги жөнүндө маалыматтарды кошо алганда лицензия берүүчү тарабынан лицензияларды жана (же) уруксаттарды берүү, укуктарды каттоо жөнүндө акттын негизинде реестрге киргизилет.
5. Кошумча иштерди аткарууга, кызмат көрсөтүүгө, аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат берүү, ошондой эле укугун каттоо бул жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып расмий түрдө жарактуу болуп эсептелет.
6. Ушул Мыйзамдын 15-беренесинин 36-пунктунда жана 17-беренесинин 11-пунктунда каралган лицензияларды жана уруксаттарды кошпогондо, эгерде лицензия берүүчү ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген мөөнөттөрдө арыз ээсине лицензия жана (же) уруксат берүүдөн, ошондой эле кошумча иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, иш-аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоо же каттоодон баш тартылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлабаса, анда кошумча иштерди аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө, иш-аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашырууга лицензия жана (же) уруксат, укук берүү колдонууга тийиш деп эсептелинет. Лицензия берүүчү лицензияны жана (же) уруксатты берүү үчүн мөөнөт аяктаган датадан кийинки күндөн кечиктирбестен лицензия жана (же) уруксат, ошондой эле кошумча иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, иш-аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоо жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз ээсине суралып жаткан лицензияны жана (же) уруксатты берүүгө милдеттүү.
7. Арыз ээси белгиленген мөөнөттөрдө лицензия жана (же) уруксат берүүдөн, ошондой эле кошумча иштерди аткаруу, кызматтарды көрсөтүү, иш-аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу укугун каттоодон жазуу жүзүндөгү баш тартууну же лицензиянын жана (же) уруксаттын өзүн албаган учурда, лицензия берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган датадан тартып отуз календарлык күндүн ичинде лицензия берүүчүгө өзү билдирген иштин түрүн ишке ашырууну жана кошумча иштерди аткарууну, кызматтарды көрсөтүүнү, иш-аракеттерди, операцияларды жүзөгө ашыруу баштагандыгы жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлайт.”;
17) 21-берененин 1-бөлүгүндө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) белгиленген лицензиялык талаптарга шайкеш келбесе;”;
- 5-пункттагы “жыйымдын” деген сөз “төлөмдүн” деген сөз менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
“6) иштердин лицензиялануучу түрлөрүнө мыйзамдар менен белгиленген квоталар ашып кетсе.”;
18) 28-беренеде:
- 1-бөлүгүндөгү “айрым түрлөрүн” деген сөздөр “айрым түрлөрүн лицензиялоону” деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Лицензиялык текшерүү лицензия берүүчү тарабынан формасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү лицензиялык текшерүү баракчасын милдеттүү түрдө колдонуу менен ишке ашырылат;
Лицензиялык текшерүү баракчасы иштердин лицензиялануучу түрүн түзгөн аткарылуучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин, операциялардын ар бир түрү боюнча лицензиялык талаптардын тизмегин камтыйт.”;
- 5-бөлүктүн 2 жана 3-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-бөлүктүн 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“4) лицензия алуучунун ишин токтотуу жана андан ары лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу, анын ичинде иштердин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин, операциялардын айрым бир түрүн аткаруу укугун жокко чыгаруу жөнүндө маселени кароо үчүн сот органдарына арыз берүү.”;
- 6-бөлүгү “лицензия берүүчү” деген сөздөр “бир айдын ичинде лицензиялык бузууну жоюу жөнүндө” деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“7. Лицензиялык талаптарды эки жолу бирдей бузгандыгы же мурда аныкталган бузууларды жойбогондугу үчүн лицензия берүүчү сот органдарына лицензия алуучунун ишин токтотуп туруу жана андан ары лицензияны жана (же) уруксатты жөнүндө арызын жиберет.”;
19) 29 жана 30-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
20) 31-беренеде:
- 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
“Лицензия алуучу лицензиянын жана (же) уруксаттын жараксыз бланкын аны лицензиялык иште сактоо үчүн лицензия берүүчүгө тапшырууга милдеттүү.”;
21) 32-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“32. Лицензияны жана (же) уруксатты токтотуп туруу жана жокко чыгаруу, анын ичинде иштердин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын айрым бир түрүн аткаруу укугун жокко чыгаруу
1. Лицензия берүүчүнүн лицензияны жана (же) уруксатты токтотуп туруу жана жокко чыгаруу жөнүндө (иштердин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштердин, кызмат көрсөтүүлөрдүн, иш-аракеттердин жана операциялардын айрым бир түрүн аткаруу укугун жокко чыгаруу) арызы сот тартибинде, эскертүү берилбестен, ушул Мыйзамдын 28-беренесинде белгиленген төмөнкү учурларда каралат:
- лицензия алуучу тарабынан так эмес маалыматтар менен документтерди берүү фактылары аныкталганда;
- лицензия берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү эскертүүсүндө көрсөтүлгөн лицензиялык талаптарды бузуулар лицензия алуучу тарабынан жоюлбаганда;
- лицензия алуучу тарабынан лицензиялык талаптар бир жылдын ичинде эки жолу бирдей бузулганда;
- лицензия алуучу тарабынан жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна, мүлктүк кызыкчылыктарына, айлана-чөйрөгө, мамлекеттик коопсуздукка зыян алып келген лицензиялык талаптар бузулганда.
2. Лицензия берүүчү иштердин лицензиялануучу түрүн түзгөн иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жана иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашыруу укугун толугу менен же реестрде ар бири өзүнчө катталган укук боюнча токтотуп турууну жана жокко чыгарууну демилгелейт.
3. Иштерди, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу жана иш-аракеттерди жана операцияларды жүзөгө ашыруу укугу токтотулганда жана жокко чыгарылганда лицензия берүүчү бул укуктардын токтотулгандагы жана жокко чыгарылгандыгы жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизет.”.
2-берене
“Электр жана почта байланышы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-статьяда:
- алтынчы абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы кырк тогузунчу – элүү бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“Радиожыштык спектринин конверсиясы – жарандык багыттагы радиоэлектрондук каражаттарында радиожыштык спектрин пайдаланылышын кеңейтүүгө багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралардын жыйындысы.
Радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасы – радио кызматтардын ортосунда радиожыштык тилкелерин бөлүштүрүүчү жана аларды пайдалануу шарттарын аныктоочу документ, ошондой эле радиожыштык тилкелеринин категориялары аныкталат.
Радиокызмат – электр байланышынын айрым максаттары үчүн радио толкундарды нурландыруу, өткөрүү жана (же) кабыл алууну камсыз кылуучу радиоэлектрондук жана техникалык каражаттардын уюштуруучулук-техникалык жыйындысы.
Радиожыштык – радиожыштык спектрин түзүүчү бирдикти белгилөө үчүн аныкталган электр магниттик термелүүлөрдүн жыштыгы.
Радиоэлектрондук каражаттар – бир же бир нече өткөргүч жана (же) кабыл алгыч орнотмолордун же болбосо мындай орнотмолордун айкалышынан турган жана көмөкчү жабдуулар кошулган, радио толкундарды өткөрүүгө жана (же) кабыл алууга багытталган техникалык каражаттар.
Радиожыштык тилкеси – төмөнкү жана жогорку чектер менен чектелген радиожыштык аймагы.
Пайдалануучу – абонент же абонент эместигине карабастан электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган жеке же юридикалык жак.”;
2) 4-статьяда:
- экинчи бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы – он бешинчи абзацтар менен толукталсын:
“- радиожыштык спектрине конверсия жүргүзүү эрежелерин бекитүү;
- радиожыштык спектрине конверсия жүргүзүүгө сарпталган чыгымдарды техникалык-экономикалык негиздөө методикасын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радиожыштыктар боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону жана анын курамын бекитүү;
- шаар аралык жана (же) эл аралык байланыш операторунун телекоммуникациялык тармактарына талаптарды бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасын бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутуму жана планын бекитүү;
- жалпы пайдалануудагы телекоммуникациялык тармактарын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, коргоо, коопсуздук жана укук тартибин сактоо органдарынын керектөөлөрү үчүн телекоммуникациялык тармактардын бирдиктүү ресурстарын даярдоо жана пайдалануу тартибин бекитүү;
- телекоммуникациялык тармактардын биригүү жана кызматташуу (тармактар аралык биригүү), ошону менен бирге трафикти өткөрүп берүү жана өз ара эсептешүү эрежелерин бекитүү;
- байланыш кызмат көрсөтүүлөр, маалымат жиберүү эрежелерин бекитүү;
- универсалдык тейлөө резервиндеги каражаттарды пайдалануу тартибин бекитүү;”;.
3) 9-11-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“9-статья. Радиожыштык спектрин жана байланыш спутниктеринин орбиталык позицияларын пайдалануу
Радиожыштык спектри мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Радиожыштык спектрин жана байланыш спутниктеринин орбиталык позицияларын пайдаланууну жөнгө салуу мамлекеттин жеке укугу болуп эсептелет жана мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, радиожыштык спектрин конверсиялоого байланышкан жана келечектүү технологияларды жана стандарттарды киргизүүнү тездетүүгө, жеке жана юридикалык жактардын, мамлекеттик башкаруу, улуттук коопсуздук, коргоо, укук тартибин сактоодогу керектөөлөрү үчүн радиожыштык спектрин натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган экономикалык, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралар аркылуу камсыз кылынат.
Радиожыштык спектрин бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын радиокызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык жүргүзүлөт.
Радиожыштык спектрин жеке же юридикалык жактар байланышты жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна лицензиянын жана (же) уруксаттын – жыштык ыйгаруунун негизинде пайдаланышат.
Радиожыштык тилкелери жана/же номиналдар ведомстволор аралык макулдашуу жүргүзүү, ошондой эле жыштык ыйгарууларды жана/же бөлүп берүүлөрдү эл аралык координациялоо жол-жобосун жүргүзүү менен эгер мындай жол-жобо Эл аралык электр байланыш уюмунун Радио байланыш регламентинде жана Кыргыз Республикасынын башка эл аралык келишимдеринде каралган болсо, радиожыштыктарды тандоонун жыйынтыгынын негизинде бөлүп берилет.
Радиожыштыктарды тандоо акы төлөнүүчү негизде жүргүзүлүп, төмөнкүдөй мамлекеттик кызматтар көрсөтүлөт:
- электр магниттик шайкештигине талдоо жүргүзүү;
- ведомстволор аралык макулдашуу;
- радиожыштыктарды эл аралык координациялоо;
- радиомониторинг.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (баасы) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Радиожыштыктарды тандоонун жыйынтыгынын жарактуулук мөөнөтү 60 календарлык күндү түзөт, бул мөөнөттүн ичинде арыз берүүчү аны уруксат документтерди (лицензия жана/же жыштык ыйгаруу) алуу үчүн тапшырууга тийиш.
Радиожыштык номиналдарды жана (же) тилкелерин пайдаланылып жаткан радиоэлектрондук каражаттарга жана (же) жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө электр магниттик шайкештиги дал келбеген, ведомстволор аралык жана (же) эл аралык макулдашуудан баш тартылган, же болбосо радиомониторингден оң корутунду чыгарылбаган, же бош радиожыштык спектри жок болгон учурларда юридикалык жана (же) жеке жактар пайдалана алышпайт.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга жыл сайын төлөнүүчү төлөм акы аныкталып, анда радиоэлектрондук каражаттардын географиялык жайгашкан аймагы же берилген территориясы, калктын жыш жайгашкандыгы, пайдаланылып жаткан радиожыштык тилкенин же радиожыштык номиналдын тууралыгы, коммерциялык бааны жана социалдык факторду камтыган салмактык коэффициенти, эсептик көрсөткүчү, радиожыштык тилкенин же номиналдын натыйжалуулук коэффициенти эске алынат.
Акынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Радиожыштык номиналдарды жана (же) тилкелерин пайдалануу төмөнкүдөй учурларда натыйжалуу колдонулган жок деп таанылат:
- бөлүп берилген радиожыштык номиналдары жана (же) тилкелери, радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиянын же уруксаттын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде колдонулбаганда;
- бөлүп берилген радиожыштык номиналдары жана (же) тилкелери, радиожыштык спектрин пайдаланууга тиешелүү лицензия берилген учурдан тартып эки жылдын ичинде колдонулбаганда;
- радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген лицензиядагы же радиожыштык ресурсунун радиоэлектрондук каражаттарын пайдалануу үчүн жыштык ыйгарууда бөлүп берилгенден 30 пайыздан кем колдонулганда.
Техникалык байланыш каражаттары, ошондой эле радиожыштык нурдануу берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган техникалык каражаттар, байланыш каражаттарын пайдалануу маселелери боюнча техникалык жөнгө салуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү түрдө сертификаттоодон өткөрүлүүгө тийиш.
10-статья. Радиожыштык спектрин лицензиялоо
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияларды байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, радиожыштыктарды тандоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүүнүн жыйынтыктары менен берет. Тоорук (конкурс, аукцион) өткөрүү тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүгө уруксатты байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиожыштыктарды тандоо жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча берет.
Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны жана (же) радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууларды берүүгө уруксатты берүү же баш тартуу жөнүндө чечимди, бардык керектүү документтер менен бирге арыз берилгенден кийин отуз календарлык күндөн кем эмес убакыттын ичинде кабыл алат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия, анда радиожыштык номиналдар жана (же) тилкелери көрсөтүлгөн чечимдин негизинде берилет.
Радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу, радиожыштык спектрин пайдаланууга берилген тиешелүү лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн алкагында жарактуу болуп саналат.
Коммерциялык эмес өндүрүштүк максаттар үчүн радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруу арызда көрсөтүлгөн, бирок 2 жылдан кем эмес жана 5 жылдан ашпаган мөөнөткө берилет.
Радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке берилген лицензиялар жана радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна берилген уруксаттар жөнүндө маалыматтар лицензиялардын жана уруксаттардын реестрлерине киргизилип, алар байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча ишке берилген лицензия жарактуулук мөөнөтү боюнча - убактылуу, жыштыктарды тандоонун жыйынтыктарына ылайык пайдалануу аймагынын чөйрөсү боюнча – чектелүү, укуктан ажыратуу боюнча – укуктан ажыратылуучу, формасы боюнча – кагаз түрүндө болуп саналат.
Лицензиянын же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруунун жарактуулук мөөнөтүн, жарактуулук мөөнөт аяктаганга чейин 60 календарлык күндөн ашпаган жана 20 календарлык күндөн кем эмес убакыттын ичинде лицензия алуучунун берген арызы боюнча узартууга болот. Аталган мөөнөттүн ичинде арыз берилбеген учурда, жарактуулук мөөнөтү аяктаган күнү берилген лицензиялар жана уруксаттар реестрине алар токтотулгандыгы тууралуу маалымат жазылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия жана (же) радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат жоголгондо, жараксыз абалга келген учурда лицензия алуучу байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберген кат жүзүндөгү арыздын негизин лицензиянын жана (же) уруксаттын дубликатын алууга укуктуу. Лицензия жана (же) уруксат бузулган учурда арызга лицензиянын жана (же) уруксаттын бузулган бланкы кошо тиркелет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган документтер топтому толук берилбегенде жана ошондой эле арыз ээсине ошол иштин түрү менен алектенүүгө тыюу салынган соттун чечими болгон учурда, радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат берүүдөн баш тартылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын, ошондой эле радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруунун жарактуулук мөөнөтү төмөнкүдөй учурларда узартылбайт:
1) Радиожыштык номиналдар жана (же) тилкелер улуттук коргоону, коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, тартип сактоодо же өзгөчө кырдаалдардагы кызыкчылыктар үчүн талап кылынганда жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен гана бул жөнүндө лицензия алуучуга милдеттүү түрдө 3 жылдан кем эмес убакытта билдирүү менен;
2) мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган радиожыштык спектрин пайдалануу жаатындагы эл аралык келишимдерге ылайык, бул жөнүндө лицензия алуучуга милдеттүү түрдө 3 жылдан кем эмес убакытта билдирүү менен;
3) радиожыштык номиналдар жана (же) тилкелер натыйжалуу пайдаланылбаганда;
4) радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензиянын же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгаруунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу учурунда спектрди пайдаланууга финансылык карыздары болгон учурда;
5) колдонуу мөөнөтүн узартууга арыз берилген учурда лицензияда көрсөтүлгөн радиожыштык спектрин пайдаланууга техникалык мүмкүнчүлүк жок болгон учурда;
6) лицензия боюнча иш жүргүзүү процессинде же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатты пайдалануу учурунда табылган тартип бузуулар болгон, бирок алар лицензияны же уруксатты узартууга арыз берилгенге чейин жок кылынбаган учурда.
Электр байланыш операторлорунун лицензиянын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин өзгөчө кырдаалдарда мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн башка жыштыктарга өтүүгө байланышкан чыгымдардын орду мамлекет тарабынан толтурулат. Чыгымдардын ордун толтуруу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотула турат:
- лицензиялык талаптардын шарттарын бузууларды четтетүү боюнча лицензиялык чечимдер аткарылбаганда;
- Радио байланыш регламентинде белгиленген электр магниттик шайкештик шарттары бузулганда.
Лицензия жана (же) уруксаттар төмөнкү учурларда кайра таризделет:
1) юридикалык жак кайра уюшулганда;
2) юридикалык жактын аталышы өзгөргөндө;
3) жеке жактын аты-жөнү өзгөргөндө;
4) лицензия укугунан ажыратылганда;
5) лицензияны жана (же) уруксаттын жарактуулук мөөнөтү узартылганда;
6) радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксатта көрсөтүлгөн техникалык мүнөздөмөлөр өзгөргөндө.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия жана (же) радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат, лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу токтото турууга себеп болгон кесепеттер жоюлбаганда жокко чыгарылат.
Лицензияны жана (же) уруксатты иш жүргүзүү үчүн башка жакка берүүгө тыюу салынат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны ээликтен ажыратуу байланыш операторунун активдери сатылган, соттун чечими чыгып, банкрот болгон учурларда жүргүзүлөт.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) жеке жак жеке ишкер катары ишин токтоткондо;
2) юридикалык жак жоюлганда;
3) лицензиянын жана (же) уруксаттын колдонуу мөөнөтү аяктаганда;
4) өз ыктыяры менен радиожыштык спектрин пайдаланууну токтоткондо лицензия алуучу (лицензия алуучунун укук мураскору) арыз бергенде;
5) лицензияны жана (же) уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
6) жеке жак каза болгондо;
7) лицензия жана (же) уруксат берилгенден кийин радиожыштык спектри 2 жылдын ичинде колдонулбаганда;
8) спектр натыйжалуу колдонулган жок деп таанылган учурда.
Лицензиянын жана (же) уруксаттын иши токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар реестрге жазылат. Лицензиянын жана (же) уруксаттын иши токтотулгандыгы жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген күндөн тартып лицензиянын жана (же) уруксаттын жарактуулугу токтотулду деп таанылат.
Радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензияны же радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууга уруксат алуу үчүн лицензиялык талаптарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
Электр жана почта байланышы жаатындагы ишке берилген лицензиялар өзүнө лицензиялык талаптарды камтыйт, алар төмөнкүлөргө негизделет:
- тармакты же кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн өнүктүрүүгө же кеңейтүү боюнча милдеттенмелерине, эгер мындайлар каралган болсо;
- табигый кыйроолор болгон учурларда же башка өзгөчө кырдаалдарда, мындай тармактарды курууда жана пайдаланууда жана электр байланыш кызматтарын көрсөтүүдө, электр байланыштын ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу боюнча лицензия алуучунун милдеттенмелерине;
- бардык пайдалануучуларга кызмат көрсөтүүлөрдү кемсинтпөөчүлүк негизде берүү боюнча лицензия алуучунун милдеттенмелерине;
- пайдалануучу акы төлөбөй койгон учурда же пайдалануучу тейлөө келишиминин шарттарын бузганда, кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү токтото туруу же токтотуу укугуна;
- шашылыш ыкчам кызматтарга акысыз туташтыруу милдеттенмелерине;
- каалагандай башка тармактар менен тармактар аралык биригүү боюнча лицензия алуучунун милдеттенмелерине, эгер мындайлар бар болсо;
- Кыргыз Республикасынын номерлештирүү улуттук тутуму жана планына ылайык номерлештирүү ресурсун пайдалануу милдеттенмелерине;
- радио байланыш регламентине жана Кыргыз Республикасынын радио кызматтарынын ортосунда радиожыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык радиожыштык спектрин пайдалануу милдеттенмелерине;
- абоненттер жөнүндөгү, эгерде мындайлар болсо, маалыматтарды өзүнө камтыган маалымдама басып чыгарууга лицензиаттын милдеттенмелерине;
- маалымдама басып чыгаруу максатында абоненттерге, башка жактарга тиешелүү купуялуу эмес маалыматтарды берүү милдеттенмелерине;
- ачыкка чыгышы улуттук коргонуу, коопсуздук же укук тартибин сактоо үчүн коркунуч келтириши мүмкүн болгон ар кандай пайдалануучунун билдирүүлөрүнүн, ар кандай жабык маалыматтын же ар кандай дагы башка маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуу боюнча лицензиаттын милдеттенмелерине;
- ар кандай башка тармактардын ишине же ар кандай башка тейлөө кызматына байланыштуу жалпы пайдалануудагы электр байланыш тармагын иштетүү же жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматынын учурунда пайдалануучудан же пайдалануучу жөнүндө алынган маалыматты колдонбоо милдеттенмелери, буга электр байланыш операторлоруна жана электр байланыш кызмат көрсөтүүлөрүн берүүчүлөрүнө жөндүү жана дискриминацияланбаган негизде белгилүү болуп калган маалымат кирбейт;
- техникалык жактан максатка ылайыктуу жана мүмкүн болгондо, лицензия алуучунун башка электр байланыш операторлоруна, телерадио берүү операторлоруна жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынын дагы башка кызматтарына кабелдик өткөргүчтөрдү, электр байланыш кабелдик каналдарын, өтүү укуктарын, таянычтарды жана башка орнотмолорду берүү милдеттенмелерине;
- улуттук коргонууга, коопсуздукка же укук тартибине коркунуч келген учурдагы жана ошондой эле өзгөчө кырдаалдар учурларындагы лицензия алуучунун милдеттенмелерине, буга жалпы пайдалануудагы электр байланышынын тейлөө кызматын пайдалануу боюнча мамлекеттин талаптарын канааттандыруу да кирет;
- ушул Мыйзамда каралган лицензиялык жыйымды жана төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелерге;
- лицензия алуучунун тармактарын керектүү техникалык сыноодон өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берген тиешелүү чараларды көрүү милдеттенмелерине;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошону менен бирге ушул Мыйзамды жана байланыш жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларды сактоо милдеттенмелерине;
- лицензиядагы лицензия алуучунун укуктарына жана милдеттерине тиешелүү жалпы же атайын шарттардын болуусу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук маселелерин ишке ашырган ыйгарым укуктуу органдын каналдарында ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүү шарттарын жана талаптарын сактоо боюнча лицензия алуучунун милдеттенмелерине.
11-статья. Байланыш жаатында лицензиялоо тартибинин өзгөчөлүктөрү
Ички же жабык электр байланыш тармактарынын операторлору жана кызматтар, ушул Мыйзамдын 25-статьясынын 4-бөлүгүндө каралгандан сырткары учурларда электр байланыш, маалымат жиберүү жаатындагы ишке лицензия алуудан бошотулат.
Радиожыштык спектрин коммерциялык эмес өндүрүштүк (электр байланыш, маалымат жиберүү, телерадиоберүү жаатында кызмат көрсөтүүгө байланышпаган) максаттарда колдонгон жеке жана (же) юридикалык жактар радиожыштык спектрин пайдаланууга лицензия алуудан бошотулат.
Маалымат алмашууга же башкарууга багытталып, тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган аз кубаттуулуктагы радиоэлектрондук каражаттарды пайдалануу укугуна жыштык ыйгарууну алуу талап кылынбайт.”;
4) 22-статьянын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасына ташып келүү жана радиоэлектрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат. Байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган РЭК жана ЖЖО ташып келүүгө уруксат документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте берет.”.
3-берене
1) Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
- мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти