Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 28-декабры № 884

"Билим берγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ

Кыргыз  Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Билим берγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берγγ жана илим министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ бѳлγп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Билим берγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγ киргизγγ тууралуу

1-берене

"Билим берγγ жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж,. № 8, 323-бер.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγ киргизилсин:

38-берененин 4-белγuγ тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин адистештирилген мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик жогорку окуу жайынын жетекчиси (ректору) альтернативдик негизде мамлекеттик жогорку окуу жайдын жамаатынын жалпы жыйынында окумуштуулук даражасы жана наамы ("улуттук" статусу бар жогорку окуу жайлары γчγн - илимдин доктору окумуштуулук даражасы жана профессор окумуштуулук наамы, "улуттук" статусу бар маданият жана искусствонун жогорку окуу жайлары γчγн - ардактуу жана окумуштуулук наамы), ошондой эле тиешелγγ квалификациясы бар адистердин ичинен жашыруун добуш берγγ менен жѳнѳкѳй кѳпчγлγк добуш менен шайланат.".

 

2-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кундѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

           Президенти