Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-декабры № 894
Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар менен операцияларга байланышкан мамилелерди жөнгө салуу жана казылып алынган баалуу металлдарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана аны контролсуз башка өлкөлөргө ташып чыгууга бөгөт коюу максатында “Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобо күчүнө киргенге чейин колдонулат.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |