Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 894 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул убактылуу жобо (мындан ары - Жобо) баалуу металлдарды жана асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды өндүрүү, пайдалануу, жүгүртүү, эсепке алуу жана сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын аймагында аталган баалуулуктар менен операцияларды аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүнүн тартибин жөнгө салат.
2. Ушул Жободо колдонулуучу түшүнүк:
- алтын камтыган концентрат - алтын камтыган минералдык чийки заттарды байытуучу продукт.
3. Жеке чайкоочулардан кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу үчүн ушул Жободо белгиленген талаптарга жана шарттарга ылайык юридикалык жактар тарабынан алтын кабыл алуучу кассалар (АКК) уюштурулат.
4. АКК кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты кабыл алуунун, эсепке алуунун жана сатып өткөрүүнүн тартибин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча иштеп чыгат жана бекитет.
5. АКК төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- кум түрүндөгү алтындан жана алтын камтыган концентраттан келип түшүүлөрдү жана аларга байланыштуу жүргүзүлгөн операцияларды катуу тартипте эсепке алууну жүргүзүүгө;
- тийиштүү ишканаларда алтын камтыган концентратты аффинаждоону жүргүзүүгө жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга;
- кум түрүндөгү алтынга жана алтын камтыган концентратка белгиленген мөөнөттөрдө инвентаризация жүргүзүүгө;
- жазма буйруктардын негизиндеги компетенциялардын чегинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлерине мамлекеттик контролдоону ишке ашырууга жол берүүгө;
- ушул Жобого карата 3-тиркемеге ылайык форма боюнча кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттук мезгилден кийинки айдын 25ине чейин квартал сайын отчет берүүгө.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
5-1. АКК тийиштүү ишканаларда кум түрүндөгү алтынды аффинаждоого жана ички рынокто даяр продукция түрүндө сатууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Ушул Жобо сакталбаган учурда АККлар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген жоопкерчиликти тартат.
2. Уруксаттарды алуу үчүн зарыл болгон документтер
7. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды алуу үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтер берилет:
- 1-тиркемеге ылайык белгиленген формадагы арыз;
- мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- арыз берүүчүнүн мамлекеттик каттоодон өткөн жери боюнча салык органдарында арыз берүүчүнүн катталгандыгын тастыктоочу документтин көчүрмөсү (ИНН көчүрмөсү);
- уюштуруу документтердин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын жетекчисин дайындоо жөнүндө чечим же протокол же арыз берүүчүнүн кызыкчылыгын коргоого ишеним кат;
- салыктык карыздардын жоктугу тууралуу маалымдама;
- билдирилген иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон жайларга ээ болуунун менчик укугун тастыктоочу документтер же башка мыйзамдуу негиздер;
- өлчөө каражаттарынын текшерилгендиги жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты кабыл алууну, сатууну эсепке алуу (номер коюлган, көктөлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган) журналы.
8. Маалыматтык технологиялар аркылуу уруксаттарды алуу үчүн арыз берүүчү кайрылганда арыз берүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтындагы белгиленген формадагы арызды толтурат жана ошол эле учурда ушул Жобонун 7-пунктунда каралган документтердин сканерден өткөрүлгөн электрондук форматтагы түп нускасын тиркейт.
9. Документтердин берилген көчүрмөлөрүнүн ар бир барагына арыз берүүчүнүн колу жана мөөрү коюлууга тийиш. Арыз берүүчү берилген маалыматтардын жана документтердин аныктыгы үчүн жоопкерчиликти тартат.
10. Документтер арыз берүүчү тарабынан мамлекеттик жана расмий тилдерде берилет. Чет өлкөлүк жактар берүүчү документтер мамлекеттин компетенттүү органдары тарабынан мыйзамдаштырылууга жана апостилденүүгө тийиш.
11. Арыз берүүчү тарабынан кароого берилген бардык документтер кабыл алынган датаны көрсөткөн белги менен документтер толук көлөмдө кабыл алынгандыгын тастыктоочу маалымдамаларды берүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тизмеси боюнча кабыл алынат жана катталат.
3. Уруксаттардын мазмуну
12. Уруксатта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы;
- юридикалык жактын толук (бар болгон учурда) жана кыскартылган аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана юридикалык жакты уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн номери;
- иштин түрү;
- уруксаттарды колдонуу мөөнөтү;
- иш жүргүзгөн аймак;
- уруксаттарды берүүнүн датасы жана катталган номери;
- салык төлөөчүнүн идентификациялык номери.
13. Уруксаттардын бланктары типографиялык ыкма менен даярдалат, корголуу даражасына, эсептик серияга жана номерге ээ. Уруксаттардын бланктары так эсепке алынуучу документ болуп саналат. Уруксаттардын бланктарын даярдоо, эсепке алуу жана сактоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылат.
14. Уруксаттарды жоготкон, бузган учурларда арыз берүүчү уруксаттардын дубликаттарын алууга укуктуу. Уруксаттардын дубликатын берүү "Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесинде аныкталган тартипте ишке ашырылат.
4. Арыздарды карап чыгуунун жана уруксаттарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү
15. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүү жөнүндө же уруксаттарды берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим бардык зарыл документтер менен кошо арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 иш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кабыл алынат.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган төмөнкү ыйгарым укуктарды ишке ашырат:
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксат берүүнү;
- уруксаттардын дубликаттарын берүүнү;
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды колдонууну токтото турууну;
- уруксаттарды колдонууну жаңыртууну;
- кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды колдонууну токтотууну;
- уруксаттарды берүүдөн баш тартууну;
- реестрди түзүүнү жана жүргүзүүнү.
17. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды берүү жөнүндө же баш тартуунун себебин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим кабыл алынгандыгы жөнүндө уруксаттарды берүү үчүн белгиленген мөөнөттө арыз берүүчүгө билдирет.
18. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттар мөөнөтсүз (иш аракетинин мөөнөтүн чектебестен) 2-тиркемеге ылайык формада берилет жана уруксаттардын реестрине киргизилет.
19. Уруксаттар бул тууралуу реестрге маалыматтар киргизилген датадан баштап расмий берилди деп эсептелет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды берүү жөнүндө маалыматтардын реестрине уруксаттарды берилгендиги жөнүндө уруксат берилген күнү киргизет.
20. Эгер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды берүү үчүн белгиленген мөөнөттө уруксаттарды берүүдөн баш тартуу тууралуу арыз берүүчүгө жазуу жүзүндө билдирбесе уруксат берилди деп эсептелет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды берүү үчүн мөөнөтү өткөн датадан кийинки күндөн кечиктирбестен уруксаттарды берүү жөнүндө маалыматтарды реестрге киргизүүгө жана арыз берүүчүгө суралуучу уруксаттарды берүүгө милдеттүү.
21. Арыз берүүчү белгиленген мөөнөттө уруксаттарды берүүдөн жазуу жүзүндөгү баш тартууну албаган же уруксаттын өзүн албаган учурда, уруксаттарды берүү үчүн белгиленген мөөнөт өткөн датадан тартып отуз календардык күндүн ичинде алар тарабынан билдирилген иштин түрлөрү иштей баштагандыгы жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет.
5. Уруксаттарды берүүдөн баш тартуу
22. Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүдөн баш тартуунун негизи төмөнкүлөр болуп саналат:
- арыз берүүчүгө иштин бул түрлөрү менен алектенүүгө тыюу салуучу соттун чечиминин болушу;
- арыз берүүчү тарабынан ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн маалыматтарды жана документтерди туура эмес же толук эмес бериши;
- юридикалык жакка карата кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууларды ишке ашырууга мыйзамдарда каралган тыюу салуулардын болушу.
23. Уруксаттарды берүүдөн баш тартуу тууралуу чечим уруксаттарды берүү үчүн белгиленген мөөнөттө баш тартуунун себебин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө жиберилет.
24. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды берүүдөн баш тартканда арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
6. Уруксаттарды колдонууну токтото туруу жана токтотуу
25. Уруксаттарды колдонуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан токтото туруунун себептерин көрсөтүү жана эреже бузууларды четтетүү тууралуу жазма буйрук менен үч айга чейинки мөөнөткө төмөнкүдөй учурларда токтотула турат:
- ушул Жободо каралган кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө отчет берилбегенде;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалуу металлдарды жүгүртүүнүн эсебин жүргүзүү боюнча АККнын ишин текшерүүдө табылган туура эмес маалыматтарды камтыган кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алуу жана сатуу жөнүндө отчет берилгенде;
- ушул Жободо көрсөтүлгөн талаптар үч жолу бузулган учурларда.
26. Уруксаттарды колдонуу төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
- юридикалык жак жоюлганда;
- уруксатты колдонуунун мөөнөтү бүткөндө;
- юридикалык жак тарабынан ишин жүзөгө ашыруу ыктыярдуу токтотулган учурда арыз бергенде;
- ушул Жобонун 25-пунктунда каралган уруксаттарды колдонууну токтото турууга алып келген себептер четтетилбеген учурда;
- уруксаттарды токтотуу тууралуу соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.
Уруксаттарды колдонууну токтотууда же токтото турууда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган уруксаттарды токтотуу же токтотуп туруу жөнүндө маалыматты реестрге киргизет. Маалыматтар реестрге киргизилген датадан баштап уруксаттарды колдонуу токтотулду деп эсептелет.
Юридикалык жакта болгон кагаз түрүндөгү уруксаттар аларды колдонууну токтотуу жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилген датадан тартып жараксыз деп эсептелет.
7. Уруксаттарды колдонууну жаңылоо
27. Уруксаттарды колдонуу ушул Жободо бузулган талаптар арыз берүүчү тарабынан четтетилген шартта уруксаттарды колдонуу токтотулуп турган мөөнөт аяктаган күндөн кийинки күндөн баштап же арыз берүүчү тарабынан талаптардын бузулушу мөөнөтүнөн мурда четтетилген шартта уруксаттарды колдонуу токтотулуп турган белгиленген мөөнөткө чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жаңыланат.
28. Табылган талаптарды бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилген учурда арыз берүүчү бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирет жана текшерүүнү демилгелейт.
29. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган табылган талап бузуулар четтетилген отуз күндүк мөөнөттө же талап бузуулар мөөнөтүнөн мурда четтетилгендиги жөнүндө арыз берүүчүнүн кабарын алган күндөн тартып беш иш күндөн кечиктирбестен текшерүү жүргүзөт жана текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча ага жазуу жүзүндө уруксаттарды колдонууну жаңылоо жөнүндө же тийиштүү негиздеме менен аны жаңылоодон баш тартуу тууралуу чечимди жиберет жана реестрге тийиштүү маалыматтарды киргизет.
30. Реестрге уруксат тууралуу маалыматтар киргизилген датадан баштап аны колдонуу жаңыланды деп эсептелет.
31. Арыз берүүчү уруксаттарды колдонууну жаңылоодон баш тартуу тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.
8. Уруксаттардын реестри
32. Уруксаттардын реестри берилген уруксаттардын бар экендигин, ошондой эле алардын укуктук статусун тастыктоочу бирден бир расмий булак болуп саналат.
33. Реестрде төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлөт:
1) юридикалык жактын толук (бар болгон учурда) жана кыскартылган аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана уюштуруу-укуктук формасы, юридикалык дареги;
2) ишинин түрлөрү;
3) иш жүргүзгөн аймак;
4) уруксаттарды колдонуу мөөнөтү;
5) салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
6) уруксаттар берилген дата жана катталган номери;
7) уруксаттарды токтото туруунун жана жаңылоонун негизи жана мөөнөтү;
8) уруксаттарды токтотуунун негизи жана датасы.
|
| Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого 1-тиркеме |
Форма
(арыз берүүчү тарабынан толтурулат)
Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө юридикалык жактын АРЫЗЫ
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин органдарында ______________________________
_____________________________________________________________ 20__-ж. "__" _________ № ____
(мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктоочу документтин аталышы жана реквизиттери)
катталган:
□ уставдын
□ жобонун
□ башка документтердин (документтин түрүн көрсөтүү) _______________________________, негизинде
иштөөчү: ________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
ИНН _____________________________, Код ОКПО ____________________________________
Юридикалык жактын жайгашкан дареги ______________________________________________________
юридикалык жактын атынан
□ ишеним катсыз (мыйзам же түзүүчү документтердин күчүнө кириши юридикалык жактын атынан ишеним катсыз иш алып барууга укуктуу жак көрсөтүлөт)
________________________________________________________________________________________
(нотариустун аты-жөнү, округдун аталышы)
□ ___________ реестрде ___-ж "__" ________, № күбөлөндүрүүчү ишеним каттын негизинде иштөөчү
_______________________________________________________________________________________
(өкүлдүн аты-жөнү жана кызмат орду толугу менен)
туулган жылы _________________ паспорт сериясы _____________ № ____________,
берилген датасы 20__-ж. "__" _________
_______________________________________________________________________________________,
(качан жана ким тарабынан берилген)
жашаган жери ___________________________________________________________________________,
(туруктуу жашаган жери толугу менен)
байланыш телефону __________________
арыздын экинчи бети
Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнү өтүнөм
Мага, уруксаттарды берүүнү убактылуу токтотуу, берүүдөн баш тартуу мүмкүндүгү жөнүндө эскертилген. Уруксаттарды жана маалыматтарды берүү үчүн арызда көрсөтүлгөн документтер жеткиликтүү. Уруксаттарды берүүгө документтерди кабыл алуу жөнүндө маалымдама алгам.
20__-ж. "__" ___________ "___" с. "___" м.
_____________________________________ |
|
|
(арыз берүү датасы жана убактысы) |
| (арыз берүүчүнүн колу) |
Кириш документтерин эсепке алуу китебиндеги жазуулардын № _________________
Эскертүү _________________________________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________
Уруксаттарды берүү жүргүзүлгөндөн кийин же уруксат берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер болгондо документтерди төмөнкү дарек боюнча почта аркылуу жөнөтүүнү өтүнөбүз:
_________________________________________________________________________________________
______________________ |
|
|
(колу) |
|
|
|
| Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого 2-тиркеме |
Форма
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар департаменти
"Кыргыз Республикасында лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык,
Кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга № _____ УРУКСАТ
________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын толук (бар болгон учурда) жана кыскартылган аталышы, анын ичинде фирмалык аталышы жана арыз берүүчү юридикалык жактын уюштуруу-укуктук формасы)
________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк)
________________________________________________________________________________________
(дареги, почталык индекси)
________________________________________________________________________________________
(уруксаттарды берүүнүн мөөнөтү: мөөнөтсүз)
________________________________________________________________________________________
(иш жүргүзгөн аймак)
________________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери)
Берилген датасы: 20__-ж. "__" ___________
________________________________________________________________________________________
(уруксаттарды берүүчү жактын кызмат орду, аты-жөнү жана колу)
М.О.
|
| Кыргыз Республикасында кум түрүндөгү алтынды жана алтын камтыган концентратты сатып алууга уруксаттарды берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобого 3-тиркеме |
Форма
Кимге берилет ____________________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы)
_________________________________________________________________________________________
(юридикалык жактын аталышы)
_________________________________________________________________________________________
(облус, район)
_________________________________________________________________________________________
(дареги, почта индекси, көч., үй №)
_________________________________________________________________________________________
(салык төлөөчүнүн идентификациялык номери)
_________________________________________________________________________________________
(иш жүргүзгөн аймак)
_____-жыл үчүн баалуу металлдарды сатып алуу жана сатуу боюнча ОТЧЕТ
1. Баалуу металлдарды сатып алуу
(грамм\сом)
Баалуу металлдар сатылып алынган жеке чайкоочунун аты-жөнү | АЛТЫН (кум түрүндө), грамм менен | Сумма | Алтын (хим. таза), граммы | Сумма | Жыйынтык суммасы |
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
|
|
2.Отчеттук жылдын башынан берки мезгил үчүн баалуу металлдарды сатуу
(грамм менен\сом менен)
Аты-жөнү | АЛТЫН (кум түрүндө), грамм менен | Сумма | Алтын (хим. таза), граммы | Сумма | Жыйынтык суммасы |
Баалуу металлдар кимге сатылган | |||||
|
|
|
|
|
|
ЖЫЙЫНТЫГЫ: |
|
|
|
|
|
Жетекчи _________________________________________________________
Башкы бухгалтер _________________________ 20__-ж. "__" ____________