Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-январы № 2
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин энергетика маселелерин тейлеген орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашуу денонсациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер миниетрлиги белгиленген тартипте Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнѳ ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган Макулдашуунун денонсацияланганы жѳнγндѳ кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Президент
Кыргызской Республики