Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 6-январы № 3
"2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Реснубликасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана эксплуагациялоо жѳнγндѳ макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жактыруу жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бѳлγгγнѳ, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадын куруу жана зксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашууну денонсациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министринин энергетика маселелерин тейлеген орун басары бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ менен Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнγн ортосунда Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын куруу жана эксплуатациялоо жѳнγндѳ макулдашуу денонсациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги белгиленген тартипте Россия Федерациясынын Ѳкмѳтγнѳ ушул Мыйзамдын 1-беренесинде аталган Макулдашуунун денонсадияланганы жѳнγндѳ кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти