Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 13-январы № 5
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
52-1-беренесинде:
1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө укуктуу:";
4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, аларга тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда төмөнкүлөргө милдеттүү:";
5-бөлүктө:
"жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары" деген сөздөр "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"4" деген цифра "1" деген цифра менен алмаштырылсын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
534-1-статьядагы "350" деген цифралар алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти