Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Топтолмо пенсиялык фонддорго кызмат көрсөтүүчү депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздар боюнча депозитарийлик кесиптик ишти жүзөгө ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак гана депозитарий боло алат.
2. Депозитарий топтолмо пенсиялык фонддордун (мындан ары - ТПФ) баалуу кагаздарын башка максаттар үчүн, анын ичинде насыялык жана валюталык операцияларга, ошондой эле өзүнүн карыздарын жана башка милдеттенмелерин төлөө үчүн пайдалана албайт.
3. Депозитарий топтолмо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучу компаниялардын биринин да аффилирленген жагы, же болбосо көрсөтүлгөн башкаруучу компаниялардын аффилирленген жагы боло албайт.
4. Депозитарий Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган алардын ТПФ жана башкаруучу компаниялар менен түзгөн келишимдерине ылайыктуу башка талаптарды сактоого тийиш.
2. Функциялык милдеттери
5. Депозитарий өзүнүн функцияларын Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
3. Баалуу кагаздарга болгон укуктун эсебин алуу
6. Ар бир ишенимдүү башкаруу келишими боюнча топтолмо пенсиялык каражаттарга инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсеби жана баалуу кагаздарга болгон укуктун өтүшүнүн эсеби тиешелүү башкаруучу компаниянын атына депозитарий ачкан өзүнчө депо эсебинде жүзөгө ашырылат. Башка негиздер боюнча башкаруучу компанияда турган мүлктөрдүн эсебинен сатылып алынган баалуу кагаздарга болгон укуктун эсеби көрсөтүлгөн депо эсептеринде жүзөгө ашырылбайт.
4. Документтерди сактоо жана документтерди жүгүртүү
7. Депозитарий төмөнкүлөрдү сактайт:
а) ТПФ менен башкаруучу компаниялар түзгөн топтомо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимдеринин көчүрмөлөрүн, көрсөтүлгөн келишимдерге киргизилген өзгөртүүлөрдүн көчүрмөлөрүн, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдердин токтотулгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
б) пенсиялык топтолмо каражаттарды жайгаштырууну жүзөгө ашырууга негиз болгон келишимдердин, көрсөтүлгөн келишимдерге киргизилген өзгөртүүлөрдүн көчүрмөлөрүн, ошондой эле көрсөтүлгөн келишимдердин токтотулгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн;
в) пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөөгө депозитарийдин алдын ала макулдугун ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн.
8. Депозитарий пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга болгон укуктардын эсебин алууну жана баалуу кагаздардын документтештирилген тастыктамаларын сактоону, башка кардарлардын (депоненттердин) баалуу кагаздарынан, анын ичинде ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компаниялардын башка инвестициялык портфелдеринен өзүнчө жүзөгө ашырат.
9. Депозитарий өз ишин жүзөгө ашырууда алынган жана берилген документтердин (алардын көчүрмөлөрүнүн) эсебин, аларды алган күндү көрсөтүү менен жүргүзөт.
10. 7-пунктта каралган документтерди (документтердин көчүрмөлөрүн), сактоо аларды колдонуу мөөнөтү өткөндөн кийин 5 жыл бою жүргүзүлөт.
5. Ички эрежелер
11. Депозитарийдин ички эрежелери анын функцияларын жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун толук баяндоого жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) депозитарийдин ишин жүзөгө ашыруунун жол-жоболорун;
б) депозитарий колдонуучу алгачкы эсепке алуучу документтердин жана кардарларга берилүүчү отчеттун түрлөрүн;
в) депозитарийдин ишин жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө түзүмдүк бөлүктөрдүн өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартибинин, ошондой эле контролдоочу иш-милдетти жүзөгө ашыруунун сыпаттамасын;
г) депозитарийдин ишине коюлуучу талаптарды сактоо үчүн ички контролду уюштуруунун сыпаттамасын;
д) кардарлар менен түзүлүүчү келишимдердин түрлөрүн;
е) кызыкчылыктардын кагылышууларынын жаралышын алдын алуучу ички жол-жоболордун сыпаттамасын.
12. Депозитарийдин ишине коюлуучу талаптарды сактоо үчүн ички контролду уюштуруунун сыпаттамасында төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
а) ички контролду жүзөгө ашыруунун жол-жоболорунун сыпаттамасын;
б) ички контролдун тутумун жана депозитарийдин эсептик тутумуна киргизилүүчү маалыматтарды текшерүүнүн тартибин;
в) электрондук маалыматтарды сактоо ыкмаларын;
г) маалыматтар жоголгон учурда аларды калыбына келтирүүнүн ыкмаларын;
д) компьютердик жабдуулар жана (же) программалык камсыздоо иштебей калган учурда мүлктү эсепке алуу жана контролдук функцияларды жүзөгө ашыруу боюнча ишти улантуунун ыкмасын.
6. Депозитарийдин ишине коюлуучу талаптар
13. Контроль жүргүзүүнүн жүрүшүндө табылган олуттуу бузуулар жөнүндө, алар табылган күндөн кийинки бир иш күндөн кечиктирбей топтолмо пенсиялык фонддордун ишин жөнгө салган жана көзөмөлдөгөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), тиешелүү башкаруучу компанияга билдирет.
14. Келишимдерге ылайык эске алына турган операциялардын аткарылышы, баалуу кагаздардын түрлөрү жана нарктары жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген таризде жана мөөнөттөрдө субъекттерге берет.
15. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген инвестициялык фонддордун, үлүштүк инвестициялык фонддордун жана топтолмо пенсиялык фонддордун депозитарийлеринин ишин жүзөгө ашыруу уруксатынын чакыртылып алышы жөнүндө же токтотулушу жана уюштуруучулук документтердеги башка өзгөрүүлөр тууралуу маалыматты, депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымдайт.
16. Топтолмо пенсиялык каражаттар менен жасалган бүтүмдөр жөнүндө маалыматты, ошондой эле топтолмо пенсиялык каражаттар ишенимдүү башкаруу келишимдери боюнча башкарууда турган таза активдердин нарктары жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга депозитарий кызматын көрсөтүү келишиминде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берет.
17. Топтомо пенсиялык каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда, депозитарий кызматын көрсөтүү келишиминин ажырагыс бөлүгү болуп саналган, башкаруучу компаниядан активдерди ТПФке өткөрүп берүү процесси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгилеген тартипте камсыз кылынат.
18. Депозитарий кызматын көрсөтүү жөнүндө келишимдин бузулушунан улам болгон кооптуулукка карата өзүнүн жоопкерчилигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана шарттарда камсыздандырат.