Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын
18-июлундагы № 497 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТОТ
2-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 590 токтому менен бекитилген |
Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-мартындагы № 126 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (мындан ары - Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонд (мындан ары - ТПФ) менен депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартибин аныктайт.
2. Депозитарийди тандоо боюнча конкурсту уюштуруучу Соцфонд же ТПФ (мындан ары - конкурсту уюштуруучу) болуп саналат.
3. Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн депозитарийди тандоо боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык катышуучулардын саны чектелбестен ачык өткөрүлөт.
4. Конкурстун жыйынтыгы боюнча ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкеш келген депозитарий аныкталат, аны менен Соцфонд же ТПФ депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзөт.
2. Депозитарийди тандоо боюнча конкурска даярдык көрүү жана өткөрүү
5. Конкурстук комиссия конкурска даярдык көрөт жана өткөрөт, анын курамын конкурсту уюштуруучу 5 адамдан кем эмес жана 15тен ашпаган санда бекитет (комиссия мүчөлөрүнүн саны так санды түзүүгө тийиш).
Соцфонд түзгөн конкурстук комиссиянын курамына Кыргыз Республикасынын кызыкдар министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
ТПФ конкурстук комиссиянын курамын өз алдынча аныктайт жана анын курамына Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүн киргизүүгө укуктуу. ТПФ түзгөн конкурстук комиссиянын курамына финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү милдеттүү түрдө киргизилет.
6. Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп конкурсту уюштуруучунун өкүлү эсептелет, ал конкурстук комиссиянын ишин жетектейт, анын ишин уюштурат. Конкурстук комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын функциясын комиссиянын төрагасынын орун басары аткарат.
7. Конкурстук комиссия төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
а) өтүнмөлөрдү каттоо журналында катталган конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачат;
б) өтүнмөлөрдү карайт жана алардын ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга шайкештигин аныктайт;
в) өтүнмөлөрдү баалайт жана салыштырат;
г) конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт жана жыйынтыгын чыгарат.
8. Конкурсту уюштуруучу конкурс өткөрүүгө чейин 30 (отуз) календардык күн мурда конкурс өткөрүү жана конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар жөнүндө маалыматтарды республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына жана конкурсту уюштуруучунун расмий сайтына жарыялайт.
9. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялануучу кабарда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
а) конкурсту уюштуруучунун аталышы жана дареги;
б) конкурс өткөрүлүүчү убакыт жана орду;
в) депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттары, анын ичинде келишим колдонулуучу мөөнөт;
г) конкурстун катышуучуларына коюлуучу, ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык белгиленген талаптар;
д) конкурстук документтерди алуу тартиби жана орду;
е) конкурстук өтүнмөлөрдү кепилдик камсыздоонун өлчөмү, тартиби жана мөөнөтү;
ж) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү;
з) депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү мөөнөтү.
10. Төмөнкүдөй талаптарга туура келген депозитарий конкурска катышууга киргизилет:
а) баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүргүзүүгө лицензиясы бар;
б) пенсиялык топтолмо каражаттарды ишенимдүү башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компаниялардын биринин да аффилирленген адамы же болбосо анын аффилирленген жактары болуп саналбаган;
в) ага карата акыркы 2 жылдын ичинде депозитардык ишти жүзөгө ашырууга банкроттук жол-жоболору же болбосо лицензиянын жарактуулугун токтото туруу же жокко чыгаруу санкциялары колдонулбаган;
г) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата депозитарий катары иштеген ишинин мөөнөтү тиешелүү лицензияны алган учурдан тартып 2 жылдан кем болбогон;
д) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата депозитардык тейлөө кызматтарын көрсөтүү боюнча кардарлар менен 3төн кем эмес келишими болгон;
е) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн көрсөткүчтөрүнүн ченемдерине жооп берген;
ж) конкурска катышууга өтүнмө берген күнгө карата 3төн кем эмес штаттык кызматкерлери (адистери) болгон, жеке аткаруу органынын функциясын аткаруучу адамды же баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун тиешелүү квалификациялык күбөлүгү бар, депозитардык ишти түздөн-түз жүргүзгөн өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин кошкондо;
з) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза-чаралары болбосо. Ушундай талап депозитарийдин жетекчисине да коюлат;
и) конкурска катышууга өтүнмө берген күндөн мурунку отчеттук күнгө карата салык кызматы органдарынын жана Соцфонддун алдында карыздары болбогон.
11. Депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө келишимди төмөнкүдөй юридикалык жактар түзө алышпайт:
- оффшордук зоналарда катталган;
- катышуучулар катары акционерлери жана аффилирленген жактары бар:
оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактар;
оффшордук зоналардын аймагында жашаган же оффшордук зоналарда катталган юридикалык жактардын акционерлери (катышуучулары) болуп саналган жеке адамдар.
12. Конкурсту уюштуруучу конкурстук документтерде каралган өлчөмдө жана формада конкурстук өтүнмөлөрдү кепилдик камсыз кылууну төккөн, конкурска катышууга талапкер болгон (мындан ары - талапкер) депозитарийлерге конкурстук документтерди берет.
Конкурстан өтпөй калган депозитарийлерге кепилдик камсыз кылуу толук өлчөмдө кайтарылып берилет.
Кепилдик камсыз кылуу конкурстун жеңүүчүсүнө депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимге кол койгондон кийин кайтарылып берилет.
13. Конкурстук документтерди мамлекеттик финансыны башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен стандарттуу конкурстук документтерге ылайык конкурсту уюштуруучу иштеп чыгат.
14. Конкурстук документтер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) нускаманы жана конкурсту уюштуруучу бекиткен форма боюнча конкурска катышууга арызды тариздөөгө талаптарды;
б) ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген конкурстун катышуучусуна талаптарды;
в) депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин шарттарын, анын ичинде келишимдин жарактуулук мөөнөтүн;
г) конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыз кылуу өлчөмүн жана формасын;
д) конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби, орду жана мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды;
е) конкурска катышууга өтүнмөлөрдүн жарактуулук мөөнөтүн;
ж) конкурска катышууга өтүнмөлөрү бар конверттерди ачуунун орду, күнү жана убактысы тууралуу маалыматты;
з) конверттерди ачуунун жана конкурска катышууга өтүнмөлөрдү кароонун тартиби жөнүндө маалыматты;
и) конкурстук документтердин жоболоруна түшүндүрмө берүүнүн тартибин.
3. Конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн тартиби
15. Талапкер конкурска катышуу үчүн конкурстук документтерде камтылган талаптарга ылайык таризделген конкурска катышууга өтүнмөнү жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө конкурсту уюштуруучуга берет.
16. Конкурска катышууга өтүнмө анда көрсөтүлгөн маалыматтарды ырастаган документтер менен бирге чапталган конвертке салынып берилет, ал конкурстук комиссиянын жыйынында гана белгиленген тартипте ачылат.
Конвертте төмөнкүдөй реквизиттер көрсөтүлөт:
а) конкурска катышууга талапкердин дареги жана аталышы;
б) конкурсту уюштуруучунун дареги жана аталышы;
в) конкурстун аталышы.
17. Конкурска катышууга өтүнмөгө төмөнкүдөй документтер тиркелет:
а) юридикалык жактын нотариуста күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин, юридикалык жакты - талапкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
б) жеке аткаруу органынын - талапкердин функциясын ишке ашырган адамдын шайланышы (дайындалышы) жөнүндө документтин нотариуста күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
в) конкурска катышууга өтүнмө берилген жылдан мурдагы акыркы 2 жыл үчүн финансылык отчет жана ага карата берилген аудитордук корутунду;
г) конкурска катышууга өтүнмө берген адамдын ыйгарым укугун ырастаган документ;
д) талапкердин жетекчиси күбөлөндүргөн, акциялардын беш жана андан ашуун пайызына ээлик кылган акционерлер (катышуучулар) жөнүндө маалыматтардын тизмеси. Тизмеде төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш: акционер-юридикалык жактар жөнүндө - акционерлердин толук аталышы, юридикалык жана почта дареги, юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөн күнү жана күбөлүгүнүн номери; юридикалык жактын аталышындагы, уюштуруучулук-укуктук формасындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалыматтар; аткаруу органынын башчысынын же жеке жетекчинин - юридикалык жактын аты-жөнү жана жашаган жери; акционерлер - жеке жактар жөнүндө - акционерлердин (катышуучулардын) аты-жөнү;
е) баалуу кагаздар рыногунда депозитардык ишти жүргүзүүгө лицензиянын көчүрмөсү;
ж) конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыз кылуу жөнүндө төлөм документинин көчүрмөсү;
з) конкурска өтүнмө берилген күнгө чейинки 1 айдын ичинде берилген карызынын жоктугу жөнүндө салык кызматы органынын жана Соцфонддун маалымкаты;
и) баалуу кагаздар менен болгон операцияларга кол салган административдик укук бузуулар үчүн жаза-чараларынын жоктугу жөнүндө финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ырастамасы.
18. Конкурсту уюштуруучу конкурска катышууга түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналын жүргүзөт.
19. Конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө келип түшкөн конкурска катышууга өтүнмөсү бар ар бир конвертти конкурска катышууга өтүнмөлөрдү каттоо журналына уюштуруучу каттайт жана аларды алынган күндү жана убактыны көрсөтүү менен талапкерлерге тил кат берет.
20. Келип түшкөн өтүнмөлөрдү каттоо журналына конкурска катышууга өтүнмө катталган учурдан тартып талапкерлер конкурстун катышуучусу статусуна ээ болот.
21. Талапкерлердин бир же андан ашуун өтүнмөлөрү катталган учурда конкурс болду деп таанылат.
22. Конкурстун катышуучусу конкурстук өтүнмө берилүүчү мөөнөт биротоло бүткөнгө чейин өзүнүн конкурска берген өтүнмөсүн өзгөртүүгө же кайта сурап алууга укуктуу, бул учурда ал конкурстук өтүнмөнү кепилдик камсыздоону кайта алуу укугун жоготпойт.
23. Бир катышуучу бир гана өтүнмө берүүгө укуктуу, бир катышуучу эки же андан көп өтүнмө берген учурда, талапкер конкурска катышкандардын катарынан чыгарылат.
24. Конкурстун катышуучусу конкурсту уюштуруучудан конкурстук документтер боюнча түшүндүрмө сураганга укуктуу. Конкурсту уюштуруучу мындай суроо-талапка 3 (үч) жумуш күндөн кечиктирбей түшүндүрө берүү менен жооп берүүгө милдеттүү.
25. Эгерде конкурсту уюштуруучу конкурстук документтерге карата кандайдыр маселелерди түшүндүрүү үчүн конкурстун катышуучулары менен жолугушууларды өткөрсө, ушул жолугушуунун жүрүшүндө конкурстук документтердин жоболорун түшүндүрүү жөнүндө берилген суроо-талаптар, ошондой эле ошол суроо-талаптарга алардын булагын көрсөтпөстөн жоопторду камтыган протокол түзүлөт. Протоколдор 2 (эки) жумуш күндүн ичинде түшүндүрмө сурап кайрылган конкурстун катышуучуларына берилет.
4. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо
26. Конкурстук комиссия жеңүүчүнү аныктоо максатында конкурска катышууга берилген өтүнмөлөрдү карайт, баалайт жана салыштырат.
27. Конкурстук комиссиянын жыйынында конкурстук комиссиянын төрагасы конкурска катышууга өтүнмөлөр салынган конверттерди ачат. Конверттерди ачууда конкурска катышууга өтүнмөдө камтылган конкурска катышуучулардын аталышы жана даректери, ушул Жобонун 10-пунктуна ылайык конкурска катышуучуларга коюлган талаптардын ар бири боюнча маалыматтар жарыяланат, алар конкурс өткөрүү жөнүндө протоколго киргизилет. Конкурстун келбей калган катышуучусуна аталган маалыматтар алардын талабы боюнча билдирилет. Конверттерди ачууда конкурстун катышуучулары же алардын өкүлдөрү катышууга укуктуу.
28. Конкурстук комиссия конкурстун катышуучуларынан почта менен аларга билдирүү жиберүү же аны конкурстун катышуучусунун өкүлүнүн өзүнө тапшыруу жолу менен конкурска катышууга өтүнмөлөрүндө камтылган маалыматтарды түшүндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу. Түшүндүрмө билдирүүнү алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде берилүүгө тийиш.
29. Конкурстук комиссия бааны аныктоо методикасына жана ушул Жободо каралган, белгиленген талаптарга ылайык конкурстун ар бир катышуучусу үчүн депозитарийди жыйынды баалоону аныктайт жана конкурска катышуучулардын жыйынтык тизмесинен чыгаруу тартибинде ага орун ыйгарат.
30. Ушул Жобонун 1-тиркемесинде келтирилген Депозитарийди тандоо боюнча конкурс өткөрүүдө депозитарийди жыйынды баалоону аныктоо методикасынын 2 жана 3-пункттарына ылайык кыйла жогорку баа алган жана ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген баардык талаптарга жооп берген конкурска катышуучу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.
30. Конкурстун катышуучусу, эгерде конкурстук комиссия төмөнкүлөрдү аныктаса, анда конкурска андан ары катышуудан четтетилет:
а) конкурстун катышуучусу ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келбесе;
б) конкурстун катышуучусунун конкурска катышууга өтүнмөсү конкурстук документтерде каралган талаптарга жооп бербесе.
31. Конкурстук комиссиянын чечими жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Эгерде жыйынга комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, анда конкурстук комиссия өз компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Комиссия мүчөлөрүнүн добушу тең чыгып калса, төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
33. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо жөнүндө чечим конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол менен таризделет, ал өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
а) конкурстун предметин;
б) конкурстун шарттарын;
в) ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын;
г) кароонун жыйынтыктары ушул Жобонун 10-пунктунда белгиленген талаптарга туура келишин жана ар бир катышуучунун конкурстук сунуштарын салыштырууну;
д) конкурстун жеңүүчүсүнүн аталышын жана турган жерин, конкурстун катышуучусун конкурстун жеңүүчүсү деп таануу жөнүндө конкурстук комиссия кабыл алган чечимдин негиздемесин.
34. Конкурсту өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протокол депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүү үчүн негиз болуп саналат.
35. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде конкурсту уюштуруучу 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстун жеңүүчүсүнө төмөнкүлөрдү жөнөтөт:
- анын конкурстун жеңүүчүсү деп таанылганы тууралуу билдирүүнү, конкурс өткөрүүнүн жыйынтыгы жөнүндө конкурстук комиссиянын протоколунун бир нускасын ага тиркөө менен;
- ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду же топтолмо пенсиялык фонд жана депозитарийдин ортосундагы Депозитардык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө типтүү келишимге ылайык түзүлгөн келишимдин долбоорун.
36. Конкурстун жеңүүчүсү жана конкурсту уюштуруучу конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта көрсөтүлгөн мөөнөттө депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүшөт.
37. Конкурсту уюштуруучу конкурстун жеңүүчүсү аныкталган күндөн тартып 10 (он) календарлык күндөн кечиктирбей конкурстун жыйынтыгы жөнүндө маалыматты республикалык маанидеги жалпыга маалымдоо каражаттарына, анын ичинде конкурсту уюштуруучунун расмий сайтына жарыялоого милдеттүү.
38. Эгерде конкурстун жеңүүчүсү жарыялангандан кийин конкурстун жеңүүчүсү конкурс өткөрүү жөнүндө жарыяланган маалыматта белгиленген мөөнөттө депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүдөн баш тартса же качса, конкурсту уюштуруучу кошумча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялабастан эле эң көп көрсөткүчтөргө ээ болгон конкурстун кийинки катышуучусу менен депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүгө укуктуу.
39. Конкурстун катышуучулары конкурстун жыйынтыгы жөнүндө кулактандыруу жарыялангандан кийин 10 (он) календарлык күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечимине административдик иштер жана административдик жол-жоболор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте же ТПФ түзгөн конкурстук комиссиянын чечими боюнча финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга даттанууга укуктуу.
|
| Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобого 1-тиркеме |
Депозитарийди тандоо боюнча конкурс өткөрүүдө депозитарийди жыйынды баалоону аныктоо МЕТОДИКАСЫ
1. Ушул методика Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду же топтолмо пенсиялык фонду менен депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимди түзүүгө депозитарийди тандоо максатында өткөрүлүүчү конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн депозитарийди жыйынды баалоону аныктоонун жол-жоболорун белгилейт.
2. Депозитарийди жыйынды баалоо төмөнкүдөй критерийлер менен аныкталат:
№ | Көрсөткүчтөрдүн аталыштары | Балл |
1 | Депозитарий катары иштеген жылдарынын узактыгы: |
|
| 3төн 5 жылга чейин | 1 |
| 5тен 7 жылга чейин | 3 |
| 7 жылдан жогору | 5 |
2 | Депозитарий тейлөөчү активдердин өлчөмү (пенсиялык топтолмо каражаттардан тышкары): |
|
| 10дон 100 млн. сомго чейин | 1 |
| 100дөн 500 млн. сомго чейин | 2 |
| 500дөн 1000 млн сомго чейин | 3 |
| 1000 млн. сомдон жогору | 4 |
3 | Депозитарийдин жеке каражатынын өлчөмү: |
|
| 1,5тен 5 млн. сомго чейин | 1 |
| 5тен 10 млн. сомго чейин | 2 |
| 10дон 50 млн. сомго чейин | 3 |
| 50 млн. сомдон жогору | 4 |
4 | Депозитарий тейлеген кардарлардын саны: |
|
| 3төн 10 кардарга чейин | 1 |
| 10дон 20 кардарга чейин | 3 |
| 20 кардардан жогору | 5 |
5 | Депозитарий 1 жылдан кем эмес тейлеген кардарлардын саны, активдердин суммасы менен: |
|
| 5 млн. сомго чейин | 1 |
| 5тен 10 млн. сомго чейин | 3 |
| 10 млн. сомдон жогору | 5 |
6 | Депозитарийдин кызмат көрсөтүүлөрү үчүн конкурстун катышуучусу сунуштаган акы төлөө өлчөмү (тейленүүчү таза активдердин орточо наркынын пайызы) |
|
| 0,05% | 1 |
| 0,05тен төмөн 0,04%га чейин | 2 |
| 0,03төн төмөн 0,02%га чейин | 3 |
| 0,02ден төмөн 0,01%га чейин | 4 |
| 0,01%дан төмөн | 5 |
7 | Штаттык кызматкерлердин (адистердин), анын ичинде жеке аткаруу органынын же тиешелүү квалификациялык аттестатка ээ, депозитарийдин ишин жүзөгө ашырууну түздөн-түз камсыздоочу өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин функцияларын аткаруучулардын саны: |
|
| 3 штаттык кызматкер (адистер) | 1 |
| 4төн 6га чейинки штаттык кызматкерлер (адистер) | 1,5 |
| 7 жана андан ашык штаттык кызматкерлер (адистер) | 2 |
8 | Чыгашалардын жоктугу: |
|
| конкурска катышуу өтүнмөсүн берген жылга чейинки 2 финансылык жыл үчүн | 1 |
| конкурска катышуу өтүнмөсүн берген жылга чейинки 2ден ашуун финансылык жыл үчүн | 2 |
9 | Бардык деңгээлдердеги бюджеттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздардын жоктугу: |
|
| конкурска катышуу өтүнмөсүн берген жылга чейинки 3 финансылык жыл үчүн | 1 |
| конкурска катышуу өтүнмөсүн берген жылга чейинки 3төн ашуун финансылык жыл үчүн | 1,5 |
3. Ар бир критерий боюнча аныкталган балл кошулат жана баллдын суммасы конкурска катышкан депозитарийдин жыйынды баасы болуп саналат.
|
| Депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишим түзүүгө конкурсту уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби тууралуу жобого 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду же топтолмо пенсиялык фонддор менен депозитарийдин ортосундагы депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ
1. Жалпы жоболор
"Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Соцфонд) же топтолмо пенсиялык фонддордун (мындан ары - ТПФ) атынан ____________
____________________________________________________________________________________________________
________________________________________________________________________________ негизинде аракеттенүүчү
(Соцфонддун же ТПФнын кызмат адамы анын негизинде аракеттенген документтин аталышы жана реквизиттери)
______________________________________________________________________________________________________
(Соцфонддун же ТПФнын кызмат адамынын аты-жөнү, кызмат орду)
бир тараптан жана баалуу кагаздар рыногунда депозитарийлик ишти жүзөгө ашырууга 20__-ж. "__" __________ № ____ лицензиясынын негизинде иштеген ________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________________________________
(толук жана кыскача аталышы, анын ичинде депозитарийдин фирмалык аталышы)
атынан ________________________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________ негизинде аракеттенүүчү
(депозитарийдин кызмат адамы анын негизинде аракеттенген документтин аталышы жана реквизиттери)
_______________________________________________________________________________________________________
(депозитарийдин кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү)
экинчи тараптан, 20__-ж. "__" ___________ № ___ Депозитарийди тандоо боюнча конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түзүштү:
2. Келишимдин предмети
2.1. Депозитарий Соцфондго же ТПФга пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган активдерди сактоо жана аларды эсепке алуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми Соцфонд же ТПФ мындай кызматтарга акы төлөп берүүгө милдеттенет.
2.2. Депозитарий Соцфонддун же ТПФнын тапшырмасы боюнча пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздарга Соцфонддун же ТПФнын укугун ишке ашырууга көмөктөшөт.
2.3. Пенсиялык топтолмо каражаттар инвестицияланган баалуу кагаздар депозитарийдин милдеттенмелерин камсыздоочу болуп саналбайт.
3. Депозитарийдин укуктары жана милдеттери
3.1. Депозитарий төмөнкүлөргө укуктуу:
- башкаруучу компанияларга ишеним башкарууга өткөрүлүп берилген пенсиялык топтолмо каражаттарды тескөө боюнча иштин шайкештигин контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чыгымдарды төлөөгө.
3.2. Депозитарий төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ушул Келишимде каралган милдеттенмелер аткарылбаган учурда Соцфонд же ТПФ менен пенсиялык топтолмо каражаттарды ишеним башкаруу келишимин түзгөн башкаруучу компания менен бирдей жоопкерчилик тартууга;
- пенсиялык топтолмо каражаттарга сатылып алынган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алуу үчүн Соцфонд же ТПФ менен келишим түзгөн ар бир башкаруучу компаниянын атына өзүнчө депо эсебин ачууга;
- баалуу кагаздарды эсепке алууга жана пенсиялык топтолмо каражаттарды инвестициялоонун натыйжасында сатылып алынган баалуу кагаздарга укуктардын өткөрүлүп беришин эсепке алууга;
- Соцфонд же ТПФ тарабынан башкаруучу компанияларга ишеним башкарууга өткөрүлүп берилген топтолмо пенсиялык каражаттар боюнча баштапкы документтердин бардык көчүрмөлөрүн кабыл алууга жана сактоого;
- контролдоонун жүрүшүндө табылган олуттуу бузуулар жөнүндө, алар табылган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбей финансылык рынокту көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган), Соцфондго же ТПФга, тиешелүү башкаруучу компанияга билдирүүгө;
- мамилелердин субъекттерине келишимге ылайык эсепке алынуучу баалуу кагаздардын түрлөрү, наркы жана операциялардын аткарылышы жөнүндө отчетту, депо эсеби жөнүндө көчүрмөнү, депо эсеби боюнча баалуу кагаздардын кыймылы жөнүндө көчүрмөнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген формаларда жана мөөнөттөрдө берүүгө;
- депозитарийлик ишти жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген инвестициялык фонддордун жана пенсиялык топтолмо фонддорунун депозитарийлик ишин жүзөгө ашырууга лицензиянын чакыртылып алышы же токтотулушу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир жумуш күндүн ичинде Соцфондду же ТПФны жана башкаруучу компанияны маалымдоого;
- депозитарийдин уюштуруучулук документтерине киргизилген өзгөрүүлөр жөнүндө, аталган өзгөртүүлөр күчүнө кирген күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбей Соцфондду же ТПФны жана башкаруучу компанияны маалымдоого;
- пенсиялык топтолмо каражаттар менен жасалган бүтүмдөр тууралуу маалыматтарды, ошондой эле пенсиялык топтолмо каражаттарды ишеним башкаруу келишимдери боюнча башкарууда турган таза активдердин наркы жөнүндө маалыматтарды бүтүм жасалган күндөн тартып 3 жумуш күндөн кечиктирбей Соцфондго же ТПФга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө:
- пенсиялык топтолмо каражаттарды ишеним башкаруу келишими токтотулган (бузулган) учурда башкаруучу компаниядан Соцфондго же ТПФга активдерди өткөрүп берүү процессин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте камсыз кылууга;
- депозитарий кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимдин бузулушунан улам келип чыгуучу өзүнүн жоопкерчилик тобокелин "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте жана шарттарда камсыздандырууга;
- пенсиялык топтолмо каражаттарды ишеним башкарууну жүзөгө ашырган башкаруучу компаниянын же аталган башкаруучу компаниялардын аффилирленген адамдарынын биринин да аффилирленген адамы болбоого;
- купуялык режимди сактоого.
4. Соцфонддун жана ТПФнын милдеттенмелери
4.1. Соцфонд же ТПФ депозитарийге ушул Келишим менен белгиленген тартипте кызмат көрсөтүүлөрдү төлөп берет.
4.2. Соцфонд же ТПФ депозитарийге төмөнкүлөрдү өткөрүп берет:
- Соцфонддун же ТПФнын пенсиялык топтолмо каражаттарды башкаруучу компаниянын ишеним башкаруусуна өткөрүп бергендигин ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөлөрүн;
- башкаруучу компаниянын Соцфондго же ТПФга которула турган пенсиялык топтолмо каражаттардын суммасын көрсөтүү менен камсыздандырылган адамдын инвестициялык портфелди (башкаруучу компанияны) тандоо укугун ишке ашыруу тартибиндеги талаптарды;
- камсыздандырылган адамдын инвестициялык портфелди (башкаруучу компанияны) тандоо укугун ишке ашыруу тартибинде башкаруучу компания которгон каражаттарды Соцфонддун же ТПФнын алышы жөнүндө билдирүүнү;
- кварталдарга, айларга бөлүштүрүү менен башкаруучу компания тарабынан пенсиялык топтолмо каражаттардын эсебинен төлөп берүүгө керектүү каражаттарды Соцфондго же ТПФга которуунун жылдык планын, аларды бир эле мезгилде башкаруучу компанияга өткөрүп берүү менен бирге;
- башкаруучу компания жөнөткөн бардык документтердин көчүрмөлөрүн (депозитарийдин ушул Келишим боюнча милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруусу үчүн керектүү башка документтер көрсөтүлөт).
4.3. Ушул Келишимдин 4.2-пунктунда каралган документтер кагаз жүзүндө же электрондук документтер түрүндө жөнөтүлөт.
5. Депозитарийдин Соцфондго же ТПФга көрсөткөн кызматтарына акы төлөө
5.1. Ушул Келишим боюнча депозитарийдин көрсөткөн кызматтарына акы төлөөнүн өлчөмү отчеттук жылда башкаруучу компаниянын ишеним башкаруусунда турган таза активдердин орточо наркынын ______ (0,1 пайыздан ашпаган) пайызын түзөт.
5.2. Башкаруучу компаниянын ишеним башкаруусунда турган таза активдердин наркынан пайыздар менен аныкталуучу депозитарийдин кызматтарына акы төлөө боюнча Соцфонддун же ТПФнын жалпыланган чыгымдары "Кыргыз Республикасында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн каржылоо үчүн каражаттарды инвестициялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген акы төлөөнүн өлчөмдөрүнөн ашпайт.
5.3. Ушул Келишимдин максатында таза активдердин орточо наркы отчеттук жылдын ар бир жумуш күнүнүн аягындагы жана ал жумуш күнгө туш болбосо отчеттук жылдын отчеттук кварталынын акыркы календардык күнүндөгү таза активдердин наркын кошуу менен жана отчеттук мезгилдеги таза активдердин наркы эсептелген күндүн санына бөлүү менен эсептелет.
5.4. Башкаруучу компания ушул Келишим боюнча депозитарийдин кызматтарына акы төлөөнү төмөнкү тартипте жүзөгө ашырат:
депозитарий ай сайын Соцфондго же ТПФга башкаруучу компаниянын кызматтарына акы төлөө жөнүндө талапты жөнөтөт
______________________________________________________________________________________________
(талапты жиберүү мөөнөтү көрсөтүлөт)
Соцфонд же ТПФ аталган талапты алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде Соцфонд же ТПФ башкаруучу компанияга депозитарийдин көрсөткөн кызматтарына акы төлөө жөнүндө тапшырманы жөнөтөт.
5.5. Отчеттук жыл аяктаганга чейин ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда ушул Келишим боюнча эсептешүүлөр ушул Келишим токтотулган (бузулган) күндүн датасына карата депозитарийдин Соцфондго же ТПФга иш жүзүндө көрсөткөн кызматтарын эске алуу менен жүргүзүлөт.
6. Тараптардын жоопкерчиликтери
6.1. Депозитарий Соцфонддун же ТПФнын алдында депозитарийлик иштин эрежелерин сактабагандыгы үчүн, сактоого кабыл алынган баалуу кагаздардын жана аларга болгон укуктардын сакталышы, депо эсептери боюнча жазуулардын толуктугу жана тууралыгы, анын ичинде баалуу кагаздардын сертификаттарынын сакталышы үчүн, ошондой эле депозитарийдин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул келишимдин талаптарын сактабагандыгынан Соцфонддун же ТПФнын тарткан чыгашалары үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте жоопкерчилик тартат.
6.2. Соцфонд же ТПФ ушул Келишимде каралган милдеттенмелерди аткарбагандыгынын же талаптагыдай аткарбагандыгынын натыйжасында келтирилген чыгымдар үчүн депозитарийдин алдында жоопкерчилик тартат.
7. Корутунду жоболор
7.1. Ушул Келишимде каралган документтер кагаз жүзүндө берилет.
7.2. Ушул Келишим _________________________________________________________________________ түзүлдү.
(ушул келишимдин колдонуудагы мезгили көрсөтүлөт)
Келишим ага кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
7.3. Ушул Келишим төмөнкү датадан тартып токтотулат:
- депозитарийлик ишти жүзөгө ашырууга депозитарийдин лицензиясынын колдонулушу токтотулгандан же жокко чыгарылгандан тартып;
- депозитарийге банкроттук жол-жобосу колдонулгандан тартып;
- депозитарийди кайра уюштуруу же жоюу чечими кабыл алынгандан тартып.
7.4. Депозитарий ушул Келишимдин 6.2-пунктунда каралгандан башка, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга шайкеш келбей калган учурда, ошондой эле ушул Келишимге ылайык иш жүргүзүүдө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан табылган бузуулар боюнча Соцфонддун же ТПФнын билдирүүсү боюнча милдеттерин бир нече жолу аткарбаган учурда Соцфонд же ТПФ ушул Келишимдин аткарылышын токтотууга укуктуу.
Мындай учурда Соцфонд же ТПФ келишимден баш тартуу жөнүндө билдирүүнү депозитарийге жиберген күндөн тартып 1 ай өткөндөн кийин ушул Келишим бузулду деп эсептелет.
7.5. Ушул Келишим токтотулган (бузулган) учурда депозитарий Соцфонд же ТПФ тиешелүү келишимди түзгөн башка депозитарийге ушул Келишим боюнча милдеттенмесин аткарууга байланышкан бардык документтерди өткөрүп бергенге чейин аталган документтерди сактайт.