Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 13
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексине, "Жарнак жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртγγлѳрдγ жана толуктоолорду киргизγγ жѳнγндѳ" (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексине, "Жарнак жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын,
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексине, "Жарнак жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ жѳнγндѳ
1-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жѳнγндѳ кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, № 2, 77-ст.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
1) 311 жана 312-статьяларынын биринчи абзацы "Чарбачылык субъекттин'' деген сѳздѳрдѳн кийин "(адамдардын топторунун)" деген сездер менен толукталсын;
2) 534-статьянын 1 -бѳлγмγндѳгγ "316" деген цифралар "315-1" деген цифралар менен алмаштырылсын.
2-берене
"Жарнак жѳнγндѳ'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, Ш 4, 195-ст.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
1) 3-берене тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:
"3-берене, Жарнак жѳнγндѳгγ Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Жарнак жѳнγндѳгγ Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан. ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамдарда белгиленген тартипте кγчγнѳ кирген эл аралык келишимдерден турат";
2) 5-берененин 4-пунктунун биринчи абзацындага "атайын уруксат берγγнγ (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берγγ (лицензия) алынбаса," деген сѳздѳр "лицензия же (жана) уруксат талап кылса, бирок андай уруксат же (жана) лицензия алынбаса" деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
3) 7-берененин экинчи абзацы тѳмѳнкγдѳй редакцияда баяндалсын:
"товардын мγнѳздѳмѳсγ жѳнγндѳ - анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы. арналышы, керектѳѳ касиеттери, колдонуу шарттары, шайкештик сертификатынын же шайкештик жѳнγндѳ декларациянын болушу. тамак-аш продукциясын техникалык регламенттин талаптарына шайкештигин маркалоо, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жѳнγндѳ;»;
4) 15-берененин 2- пункту кγчγн жоготту деп таанылсын;
5) 27-берененин 1 -пунктундагы "жарнак берγγчγлѳрдγн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын зарыл болгон бардык документтерин жана башка материалдарын" деген сѳздѳр "жарнак берγγчγлѳрдγн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын иштерине тийиштγγ документтерин жана материалдарын" деген сѳздѳр менен алмаштырылсын;
6) 31-берененин 1-пунктунун γчγнчγ абзацы, 2-бѳлγмγнγн биринчи жана экинчи абзацтары, 3-пункту кγчγн жоготту деп таанылсын;
7) 32-беренеси кγчγн жоготту деп таанылсын,
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти