Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 18
"Качкындар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ киргизγγ тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Качкындар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртγγлѳрдγ
киргизγγ тууралуу
1-берене
"Качкындар жѳнγндѳ" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 5. 203-бер.) тѳмѳнкγдѳй ѳзгѳртγγлѳр киргизилсин:
1) 2-берене тѳмѳнкγдѳй мазмундагы 7-бѳлγк менен толукталсын:
''Качкындар деп таануу жѳнγндѳ ѳтγнγч кылган адамдардын шашылыш жапырт келиши - чет ѳлкѳлγк адамдардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасына же аймагына кеңири масштабда келγγлѳрγ менен байланышкан кырдаал, мынла качкындар деп таануу жѳнγндѳ ѳтγнγч кылган адамдарды жеке тартипте кабыл алуу кыйын жана мγмкγн эмес";
2) 4-берененин 8-бѳлγгγ тѳмѳнкγдѳй редакиияда баяндалсын:
"Качкындар менен иштѳѳ тартиби, бул адамдардын келген жерлери жана аларды кармоо шарттары Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ тарабынан аныкталат.".
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ алты айлык мѳѳнѳттѳ ѳзγнγн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти