Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2001-жылдын 11-декабры № 783
Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык
кызматтарды көрсөтүүнүн Эрежелерин
бекитүү жөнүндө
Турак жай-коммуналдык чарбаны реформалоодо калктын социалдык корголушун камсыздоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 47-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызматтарды көрсөтүүнүн тиркелген Эрежелери бекитилсин.
2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүчү бардык субьекттер бул токтом жарыялангандан кийин бир айдын ичинде калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүгө келишимдерди (контракттарды) бекитилген Эрежелерге аныкталган тартипте ылайык келтиришсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика, инвестициялар жана региондук өнүктүрүү башкармасына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссияга тапшырылсын.
Биринчи вице-премьер-министр | Н.Танаев |