Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2001-жылдын 11-декабрындагы
№ 783 токтому менен
бекитилген
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Кызмат көрсөтүүнүн жана ага акы төлөөнүн тартиби
3. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун тартиби
4. Кызматты керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери
5. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусунун укуктары жана милдеттери
6. Аткаруучунун жоопкерчилиги
7. Ушул Эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алуу
Тиркеме. Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгөндө төлөөлөрдү кайра эсептөөнүн шарттары
1. Жалпы жоболор
1.1. Эрежелер "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде коопсуздук талаптарын камсыз кылуу жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлөрүнүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан жана жылуулук менен жабдуу, электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, суу менен жабдуу, канализация, жүргүнчүлөр лифттерин тейлөө, турмуш-тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызматтарды (мындан ары - кызматтар) аткаруучулар менен керектөөчүлөрдөн ортосундагы мамилелерди жөнгө салат.
1.1.1. Аткаруучу:
- турак жай фондусу жана инженердик инфраструктуранын обьекттери менчигинде, толук чарбалык карамагында же оперативдик башкаруусунда болгон жана милдетине керектөөчүгө коммуналдык кызмат көрсөтүү кирген ишканалар менен мекемелер же мамлекеттик (ведомстволук), коммуналдык же коомдук турак жай фондусунда жашаган керектөөчүлөр үчүн аткаруучунун милдетин аткарууга укугу бар ишканалар жана мекемелер;
- жекече турак жай фондусунда жашап жаткан керектөөчүлөр үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүчү ишканалар.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
1.1.2. Керектөөчү:
- аткаруучу менен түзүлгөн:
- мүлктүк жалдоо;
- турак жайды тейлөө;
- же керектөөчү менен түзүлгөн башка келишимдин негизинде чарбалык турмуш-тиричилик муктаждыктары үчүн кызмат көрсөтүүдөн пайдаланган же пайдаланууга ниети бар граждан.
Турак үйлөрдөгү лифттерди ремонттоо, техникалык тейлөө, эксплуатациялоо боюнча кызматтарды пайдаланууда:
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу жана тейлөө келишимдерин түзүүнү кошуп алганда көп квартиралуу үйдү башкаруу укуту берилген кондоминиумдар, шериктештиктер жана менчик ээлериниы башка бирикмелери;
- коллективдүү менчиктеги турак жай фондусунда жашаган керектөөчүлөр;
- турак жай фондусу жана инженердик инфраструктуранын обьекттери менчигинде, толук чарбалык карамагында же оперативдик башкаруусунда болгон ишканалар жана мекемелер.
1.2. Бул Эрежелер кызматтарды көрсөтүүнүн жана ага акы төлөөнүн тартибин, керектөөчүлөрдүн укуктарын жана милдеттерин, аткаруучулардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
1.3. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана ведомстволук таандуулугуна, менчигинин формасына жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан жылуулук менен жабдуу, электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, суу менен жабдуу, канализация, жүргүнчүлөр лифттерин тейлөө, турмуш-тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу боюнча кызматтардын керектөөчүлөрүнө жана аткаруучуларына тиешелүү.
1.4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн системалары ремонттук жана профилактикалык жумуштарды жүргүзүү үчүн:
- үзгүлтүктөрдүн убагынан башка убакытта (бул колдонуудагы курулуш нормаларына жана эрежелерине, техникалык эксплуатациялоо эрежелерине, утурумдук жана капиталдык ремонтторду жүргүзүү жөнүндө жоболорго жана башка нормативдик документтерге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу менен аткаруучу тарабынан белгиленет);
- жылытуу системасы үчүн орто аралык мезгилден башка убакытта (климаттык шарттардан келип чыгып, аткаруучу тарабынан белгиленет);
- аткаруучудан жана ресурс менен жабдуучу ишканалардан көз карандысыз бөөдө кырсыктардан, ошондой эле чукул жагдайлардан башка учурларда, - керектөөчүлөрдү тейлөөгө дайыма даяр болууга тийиш.
1.5. Аткаруучу керектөөчүгө сапаты боюнча нормативдер менен стандарттардын талаптарына, санитардык эрежелерге, келишимдин, контракттын нормаларына жана шарттарына ылайык келгидей кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле аткаруучу көрсөтө турган кызматтар жөнүндө зарыл маалыматты берүүгө милдеттүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөөчүлүк касиеттери жана режими төмөндөгүдөй белгиленген нормативдерге ылайык келүүгө тийиш:
- жылуулук менен жабдуу боюнча - колдонуудагы нормалар менен эрежелерге ылайык жайларды жылуулоо боюнча иш-чаралар аткарылган шартта турак жайлардагы абанын температурасына;
- электр менен жабдуу боюнча - колдонуудагы стандарт боюнча электр энергиясынын сапатынын көрсөткүчтөрүнө, электр менен жабдуу шарттары жана "Электр энергиясын пайдалануу эрежелерине";
- муздак суу менен жабдуу боюнча - "Ичүүчү суу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсепке алуу приборлору боюнча муздак суунун чыгымдалышынын эсебине жараша, "Иче турган суу" ГОСТу боюнча иче турган суунун коопсуздук жана зыянсыздык талаптарына;
- канализация боюнча - кир агын сууларды кабыл алуу, тазалоо, толук чыгарылышын камсыз кылуу талаптарына;
- ысык суу менен жабдуу боюнча - берилген суунун курамы, касиеттери жана жылышынын температурасы боюнча гигиеналык талаптарга, эсепке алуунун приборуна ылайык ысык суунун чыгымдалышынын эсебине;
- газ менен жабдуу боюнча - берилген газдын басымы жана анын физикалык мүнөздөмөлөрү боюнча белгиленген стандарттарга жана нормаларга;
- лифттер боюнча - нормативдик документтердин талаптарына ылайык пайдаланууда ыңгайлуулуктун жана коопсуздуктун үзгүлтүксүздүктүн шарттарына;
- турмуш-тиричиликтин катуу жана суюк таштандыларын ташып чыгаруу боюнча - санитардык эрежелерге ылайык таштандыларды өз убагында ташып чыгаруу.
1.6. Кызмат көрсөтүүчү төмөндөгүлөр боюнча маалыматты көрүнөө жерге жайгаштырууну камсыз кылууга милдеттүү:
- кызмат көрсөтүүнүн режими жөнүндө:
- жылуулук менен жабдуу боюнча;
- электр менен жабдуу боюнча;
- газ менен жабдуу боюнча;
- муздак жана ысык суу менен жабдуу боюнча;
- канализацияны, лифттерди пайдалануу боюнча;
- катуу жана суюк таштандыларды ташып чыгаруу боюнча;
- турак жайды кезектеги жана капиталдык ремонттоо графиги жөнүндө;
- продукцияны (кызмат көрсөтүүнү) керектөөнүн нормативдери, колдонуудагы тарифтер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөнүн тартиби тууралуу;
- ремонт учурунда пайдаланылуучу материалдардын наркы;
- сапатсыз көрсөтүлгөн кызмат үчүн акыны азайтуунун өлчөмү;
- көрсөтүлгөн кызматтын (иштин) сапаты милдеттүү талаптарына ылайык келүүгө тийиш болгон нормативдик документтердин тизмеси жөнүндө;
- кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) негизги жана көмөкчү түрлөрүнүн тизмеги жана аларды көрсөтүүнүн формалары;
- кызмат көрсөтүүнү (ишти) аткаруучунун кепилдик милдеттемелери;
- келишимдердин, контракттардын формалары.
- Маалыматты "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынан жана ушул Эрежелерден үзүндү (көчүрмө) менен толуктоо;
- турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн айрым түрлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жеңилдиктер жөнүндө маалыматтар менен толуктоо.
1.7. Керектөөчү үчүн кызмат көрсөтүүнүн коопсуздугун көзөмөлгө алууга мамлекет тарабынан укук берилген органдар жана алардын аймактык органдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызмат көрсөтүүнүн керектөөчүлүк касиеттеринин параметрлерин жана режимдерин тактоого;
- коммуналдык багыттагы негизги фондулардын кубаттуулугун, курамын жана эскиришин;
- негизги фондуларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө жана реконструкциялоого бөлүнгөн каражаттарды өлчөмүн;
- калктуу пункттун климаттык жана башка жергиликтүү шарттарын эске алуу менен сапаттын кепилденген деңгээлин белгилөөгө укуктуу.
Аткаруучу кабыл алынган чечимдер жана кызмат көрсөтүүлөрдүн акысынын өлчөмүнө тиешелүү түрдө киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу керектөөчүлөргө маалымдап турууга милдеттүү.
1.8. Аткаруучу керектөөчүгө ушул Эрежелер тууралуу ачык жана жеткиликтүү формада маалымат берүүгө милдеттүү.
2. Кызмат көрсөтүүнүн жана
ага акы төлөөнүн тартиби
2.1. Кызматтар мамлекеттик, муниципалдык же коомдук фондунун турак үйлөрүндө жашап жаткан граждандарга мүлктүк жалдоо келишимине же башка келишимдерге ылайык көрсөтүлөт.
Коллективдүү жана жекече турак жай фондусунда жашап жаткан граждандарга, ошондой эле мамлекеттик, коммуналдык жана коомдук турак жай фондусунун үйлөрүндөгү турак жайлардын менчик ээлерине - келишимге же тейлөө боюнча контрактка ылайык (мындан ары - келишим).
2.2. Келишимде төмөндөгүлөр чагылдырылат:
- кызмат көрсөтүүнүн сапаты, кызмат көрсөтүүгө стандарттын номери жана белгиси;
- сапатсыз кызмат көрсөткөндүгү үчүн акыны азайтуунун өлчөмү;
- кызмат көрсөтүүнүн режими жана керектөөнүн нормативдик көлөмдөрү;
- бузулууларды жана аварияларды оңдоонун тартиби жана мөөнөтү;
- акы төлөөнүн белгиденген өлчөмдөрү жана шарттары;
- эсептешүү мезгили жана төлөө мөөнөттөрү;
- кызмат көрсөтүүгө өз убагында акы төлөбөгөндүгү үчүн үстөк;
- турак жайлардагы инженердик жабдуулардын, анын ичинде электрдик турмуш-тиричилик машиналарынын, приборлордун, аппаратуранын максималдуу кубаттуулугун аныктаган техникалык мүнөздөмөлөрү;
- аткаруучунун жана керектөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги.
2.3. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтардын тутуму турак үйдүн же квартиранын ыңгайлуулук даражасы менен аныкталат.
2.4. Кызмат көрсөтүүгө акы төлөөнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет.
Көрсөтүлгөн кызматтардын эсептешүү мезгили жана аларга акы төлөө бир айга белгиленет. Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акы төлөө мөөнөтү келишим менен аныкталат, келишим жок болсо - эсептешүүдөн кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Кызмат көрсөтүү үчүн акыны өз убагында төлөбөй коюу аткарууучу менен кызматты керектөөчүнүн ортосундагы келишимде (контрактта) айтылган чаралардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара колдонууга алып келет.
2.6. Көрсөтүлгөн кызматка накталай же накталай эмес тартипте төлөөнүн формасы керектөөчү менен аткаруучунун ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. Накталай тартипте акы төлөө контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен атайын төлөө документинин жардамы менен же кассалык кириштөө ордерине квитанция берүү жолу менен жүргүзүлөт.
2.7. Стандарттар жана келишимдер менен каралган кызмат көрсөтүүнүн сапатына карата талаптарды бузгандыгы үчүн кызмат көрсөтүүнүн акысы керектөөчү тарабынан тийиштүү түрдө азайтылат. Керектөөчү менен эсептешүүлөрдө тартип бузуунун тизмеси жана аларды тариздөөнүн тартиби керектөөчү үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коопсуздугун көзөмөлгө алуучу мамлекеттик башкаруу органдары, алардын аймактык органдары тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте белгиленет.
Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөндөгөндө төлөөлөрдү кайра эсептешүүлөрдүн сунуш кылынган шарттары ушул Эрежелердин Тиркемесине ылайык аныкталат.
Эгерде кызмат көрсөтүүлөрдөгү үзгүлтүк граждандардын ден соолугуна, өмүрүнө жана айлана чөйрөгө коркунучту четтетүү менен, мүлккө зыян болтурбоого же аткаруучуга байланышы жок себептерге байланыштуу болсо акы төлөөнү төмөндөтүүгө жол берилбейт.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун тартиби
3.1. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу ушул Эрежелердин жана келишимдин (контракттын), ошондой эле:
- электр энергиясын, жылуулук энергиясын;
- лифттерди;
- муздак жана жылуу суу менен жабдууну;
- канализацияны пайдалануунун, катуу жана суюк турмуш-тиричилик таштандыларын ташып чыгаруунун;
- газ менен жабдуу жана квартираларда, подъезддерде ж.б. ремонтту жүргүзүүгө байланыштуу кызмат көрсөтүүлөрдүн Эрежелеринин негизинде жана аларга ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
3.2. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануунун тууралыгын көзөмөлгө алуу жагы келишимге ылайык аткаруучу тарабынан же жылуулук, электр, газ, суу менен жабдуу жана канализация орнотууга укугу бар адистештирилген ишкананын өкүлү тарабынан көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын көзөмөлгө алуу милдеттери жүктөлгөн мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Кызматты керектөөчүнүн укуктары жана милдеттери
4.1. Керектөөчү төмөндөгүлөргө укуктуу:
4.1.1. Белгиленген сапаттагы, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө, өзүнүн өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунучсуз, өзүнүн мүлкүнө жана курчап турган чөйрөгө зыян келтирбегидей кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууга.
4.1.2. Кызмат көрсөтүүлөрдөгү кемчиликтердин, келишимде белгиленген мөөнөттөрдү бузгандыктын кесепетинен өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыяндардын жана залалдардын толук көлөмдө төлөнүп берилишин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган өлчөмдө жана тартипте моралдык зыяндын аткаруучудан талап кылууга.
4.1.3. Аткаруучунун күнөөсү боюнча толук көрсөтүлбөгөн кызмат үчүн келишимде белгиленгенден көп үзгүлтүктөрдүн убагындагы акыны төлөбөөгө. Төмөн сапаттагы кызмат көрсөтүүлөрдү алгандыгы үчүн кайра эсептешүүлөрдү талап кылууга. Мында акы төлөөнү токтотуу аткаруучуну зыян менен залалдын ордун толтуруудан бошотпойт.
4.1.4. Аткаруучунун кызмат көрсөтүүдө аныкталган кемчиликтерди келишимде белгиленген мөөнөттө четтетишине.
4.1.5. Өзүнүн укуктары бузулган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик же соттук жактоо алууга.
4.1.6. Көрсөтүлө турган кызматтын тизмеси жана саны жөнүндө аткаруучудан ишенимдүү маалыматты талап кылууга.
4.2. Керектөөчү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
4.2.1. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн өз убагында, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө төлөп берүүгө.
4.2.2. Кызмат көрсөтүүлөрдү алардыа түздөн-түз арналышы боюнча сарамжалдуу пайдаланууга.
4.2.3. Келишимдерди (контракттарды) жана башка эрежелер менен белгиленген кызматтарды пайдалануунун тартибин бузгудай аракеттерди жасабоого.
4.2.4. Кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланууда коопсуздук техникасынын талаптарын сактоого.
4.2.5. Кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун өкүлдөрүнө, ошондой эле электр, жылуулук, газ, суу менен жабдуу, канализация орнотуу боюнча иштөөгө укугу бар адистештирилген ишканалардын өкүлдөрүнө аварияларды четтетүү, инженердик жабдууларды, эсепке алуу жана контролдоо приборлорун карап чыгышына жол берүүгө.
4.2.6. Коммуналдык максаттагы санитардык-техникалык жана башка жабдууларга, көрктөндүрүү обьекттерине, тигилген бак-дарактарга сарамжалдуулук менен мамиле кылууга, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоого.
4.3. Керектөөчүнүн мөмөндөгүлөргө укугу жок:
4.3.1. Тийиштүү органдар менен макулдашпай туруп тирөөч конструкциялардын пландаштырылышын жана инженердик тармактардын жана суу түтүктөрүнүн курулуштарынын, канализациянын жана квартиранын ичинде жайгашкан борбордук жылытуу системасынын бүтүндүгүн бузууга.
4.3.2. Электр тиричилик приборлорун жана үйдүн ичиндеги электр тармагынын техникалык мүмкүнчүлүгүнөн жогору кубаттуулуктагы машиналарды орнотуу, кошуу жана/же колдонуу.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3.3. Кызмат көрсөтүүнү эсептөөнүн болгон схемасын бузууга.
4.3.4. Жылуулук берүү системаларында жылуулук алып жүрүүчүнү түздөн-түз максаты боюнча эмес пайдаланууга, жылуулук берүү системасынан жана приборлордон сууну агызууга.
4.3.5. Жалпы пайдалануудагы жерлерди, тепкич клеткаларын, лифттерди, подъезддерди, үй жанындагы аймактарды санитардык жактан күтүү эрежелерин бузууга.
4.3.6. Суу түтүктөрүнүн, канализациялык жана жылуулук кудуктарынын люктарын ачууга, жылуулук, суу менен жабдуу системаларынын кадимкидей иштешинин бузулушуна алып келе турган кыймылдаткычтарды жөнгө салууга, пломбаларын жулуп салууга.
4.3.7. Аткаруучунун уруксаты болмоюнча суу түтүктөрүнө, электрдик, канализациялык жана жылуулук тармактарына кошулууга.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги N 232 токтомунун редакциясына ылайык)
4.3.8. Жүргүнчүлөр лифттерин пайдалануунун эрежесин бузууга, лифттерли бузууга жана зыян келтирүүгө.
4.3.9. Белгиленген талаптарды бузуу, аткаруучунун мүлкүнө зыян келтирүү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен керектөөчүнүн жоопкерчиликке тартылышына алып келет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусунун
укуктары жана милдеттери
5.1. Кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун төмөндөгүдөй укуктары бар:
5.1.1. Керектөөчү төлөөнүн мөөнөттөрүн бузган учурда келишимде каралган чараларды колдонууга.
5.1.2. Керектөөчүнүн инженердик жабдууларынын абалын карап чыгуу жолу менен кызматты керектөөнү көзөмөлгө алууга.
5.1.3. 2.4-пунктта каралган акы төлөөнүн мөөнөтү өтүп кеткен учурда же Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн ушул Эрежесинин 4.3-пунктунун талаптары бузулганда кызмат көрсөтүүлөрдү токтотуу (карызды жойгонго же аныкталган тартип бузуулар четтетилгенге чейин).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Аткаруучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
5.2.1. Кызмат көрсөтүүгө келишимди же контрактты түзүү боюнча чараларды өз убагында көрүүгө.
5.2.2. Келишимде (контрактта) белгиленген тийиштүү сапаттагы жана көрсөтүлгөн мөөнөттө кызмат көрсөтүүгө.
5.2.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча белгиленген сапаттагы кызмат көрсөтүүнү жана кызмат көрсөтүүдө кемчиликтерди четтеттүүнүн мөөнөтүн бузгандыкка байланыштуу керектөөчү койгон талаптарды (дооматтарды) каттоонун формасын жана кемчиликтерди жоюунун мөөнөтүн белгилөөгө.
5.2.4. Керектөөчүгө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын бузууларды алдын алуу жана четтеттүү боюнча өз убагында чараларды көрүүгө.
5.2.5. Кызмат көрсөтүүлөрдүн технологиялык процесстерин бузууга жана сапатын төмөндөтүүгө жол бербөөгө, керектөөчүлүк касиеттерди жана көрсөтүлө турган кызматтардын сапатын жогорулатуу, ошондой эле суу жана энергетика ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды алдын ала көрүүгө.
5.2.6. Калктын чыныгы кирешелеринин өсүшүн эске алуу менен турак жайды техникалык тейлөөнүн акысынын жана коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн (электр жана жылуулук менен камсыз кылуудан тышкары) тарифтеринин ставкасын кайра карап чыгууга.
6. Аткаруучунун жоопкерчилиги
6.1. Аткаруучу көрсөтүлгөн кызматтын сапаты үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Эрежелерге жана келишимдерге ылайык жооп тартат.
6.2. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатында кемчиликтер табылган учурда керектөөчү аткаруучудан кызмат көрсөтүүнүн акысын азайтууну талап кылууга укуктуу.
6.3. Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатындагы кемчиликтерди четтетүүнүн келишимде көрсөтүлгөн мөөнөтүн бузгандык үчүн же кызмат көрсөтүүдөгү жол берилген үзгүлтүктөрдөн ашып кеткендик үчүн аткаруучу ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн бир айлык нормативдик акынын суммасынан (бирок бир айлык акыдан ашпаган) үч процент өлчөмүндө керектөөчүгө неустойка төлөп берүүгө милдеттүү.
Кызмат көрсөтүүнү токтотуунун фактысы жана узактыгы, келип чыккан материалдык зыян керектөөчүнүн кат жүзүндөгү арызы же телефонограммасы боюнча аткаруучу менен бирдикте керектөөчү түзгөн акт менен күбөлөндүрүлөт.
Керектөөчү тийиштүү түрдө кабарлаган убактан кийин алты сааттын ичинде аткаруучунун өкүлү келбеген учурда алар үчүн жалпы, жабдуу тармактары боюнча кызматынан пайдаланган башка үч керектөөчү менен бирдикте керектөөчү тарабынан акт түзүлүшү мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
6.4. Аткаруучу керектөөчүнүн өмүрүнө, ден соолугуна же мүлкүнө келтирген зыяны үчүн толук көлөмдө, ошондой эле моралдык зыян үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ылайык аныкталган өлчөмдө жана тартипте жооп тартат.
6.5. Эгерде көрсөтүлгөн кызматтын сапаты ал аткаруучуга байланышпаган себептер боюнча бузулганы кызыкдар болбогон ведомстволордун катышуусу менен, зарыл болгондо эксперттерди тартуу менен же сот тартибинде далилденсе, көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты бузулгандык үчүн жоопкерчиликтен бошотулат.
6.6. Сапатсыз көрсөтүлгөн кызмат үчүн акыны азайтуу колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгиленет.
7. Ушул Эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алуу
7.1. Ушул Эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алуу өзүнүн компетенциясынын чектеринде төмөндөгүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Энергетика боюнча мамлекеттик агентство, Кыргыз Республикасынын Турак жай-коммуналдык чарба ишканаларынын жана уюмдарынын мамлекеттик бирлиги, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча коомдук уюмдар.
| Кыргыз Республикасында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Эрежелерине тиркеме |
Коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн сапаты төмөндөгөндө төлөөлөрдү кайра эсептөөнүн шарттары
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 232 токтомунун редакциясына ылайык)
Кызмат көрсөтүүнүн түрү | Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын көрсөткүчтөрү | Кызмат көрсөтүүнүн сапатынын төмөндөшүнүн түрү | Кызмат көрсөтүүнүн төмөндөшүнүн жол берилгидей деңгээли |
|
1. Суу менен жабдуу | Жыл бою, сутка ичинде үзгүлтүксүз Туташтырылган жерлердеги суунун басымы (кысым) | Суу берүүдөгү үзгүлтүктөр же берүүнүн азайышы ("Суу түтүктөрү-канализациялык курулуштарды пландык - алдын ала ремонттоону өткөрүү тууралуу" Жобого жана суу түтүктөрүнүн тармак- тарын жана курулуш- тарын жууп тазалоону жана дезинфекциялоону өткөрүүнүн санитардык-эпидемиялык көзөмөлдүн аймактык кызматтары менен макулдашылган Графиктерине ылайык жумуштарды өткөрүүгө кеткен убакыттан тышкары) | Суу берүүдөгү үзгүлтүктөрдүн суммаланган узактыгы айына 8 сааттан ашпайт. Суу берүүдөгү үзгүлтүккө же берүүнүн төмөндөшүнө "Суу менен жабдуу. Сырткы тармак тар жана курулуштар" 2.04-02-84 СНИПке ыла- йык калктуу пункттардын категориясына байланыштуу жүргүзүлүүчү ремонтту өткөрүү убактысында жол берилет |
|
Бир жолку текшерүүдөгү суунун курамы жана касиеттери "Иче турган суунун" стандарттарынын, тазалык нормаларынын жана эрежелеринин талаптарына ылайык келет |
| |||
Эсептегиден аз | Жол берилбейт |
| ||
Суунун курамынын жана касиеттеринин белгиленген нормативдерге туура келбестиги | Жол берилбейт |
| ||
2. Ысык суу менен жабдуу | Келишимде белгиленген убакыттын ичинде үзгүлтүксүз камсыз кылуу | Ысык суу берүүдөгү үзгүлтүктөр (профилактикалык убакытка кеткен убакыттан тышкары) | Келишимдин шарттары боюнча |
|
Ысык суунун температурасынын, курамынын жана касиеттеринин нормативдик көрсөткүчтөрү менен камсыз кылуу | Суу таркатылган жер- деги ысык суунун температурасы 57 С ден аз. Сапаты эч болбогондо 1 көрсөткүчү боюнча стандарттардын талаптарына ылайык келбейт | Жол берилбейт |
| |
3. Суу жет- кирүү | Жыл бою үзгүлтүксүз сутка бою | Суу жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр | Бөтөнчө учурларда жергиликтүү жаратылышты коргоо органдары менен жана авариялык канал аркылуу кир сууларды агызуу мүмкүн болбогон учурларда СЭС менен макуулдашууга ылайык жол берилет |
|
4. Электр менен жабдуу | Үзгүлтүксүз сутка бою, жыл бою | Электр менен жабдуудагы үзгүлтүктөр | Контрактта каралгандан тышкары учурларда жол берилбейт |
|
Колдонуудагы стандарттарга ылайык келиши | Чыңалуунун, жыштыктын четтөөлөрү жана башкалар | Жол берилбейт |
| |
5. Жылуулук менен жабдуу | Жылытуу приборлору долбоорлорго ылайык келген жана жайларды жылуулоо боюнча иш-чаралар аткарылган шарттарда турак жайлардагы абанын температурасын камсыз кылуу | Турак жайдагы абанын температурасы 18 С ден төмөн | Жол берилбейт |
|
6. Газ менен жабдуу | Үзгүлтүксүз сутка бою жыл бою | Газ берүүдөгү үзгүлтүктөр | Контракттын шарттары боюнча |
|
7. Лифттер | Жыл бою үзгүлтүксүз сутка бою иштөө | Иштеги келишимде белгиленгенден көп үзгүлтүктөр | Келишимдин шарттары боюнча |
|
8. Турмуш-тиричилик таштандыларын ташып чыгаруу | Таштанды төккүчтөрдөн жылдын жылуу мезгилинде - күн сайын, суук мезгилинде - 3 суткада 1 жолу (андан сейрек эмес) ташып чыгаруу. Таштанды төккүчтөрдү жана аянтчаларды 10 күндө 1 жолу, таштанды түтүктөрүн 7 күндө 1 жолу санитардык жактан тазалоо | Өз убагында ташып чыгарбоо жана таштанды топтолгон жерлерди санитардык жактан тазалоонун жоктугу | Жол берилбейт |
|