Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-январы № 14
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынын демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 18-январындагы № 14 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөндөгүлөрдү билдирет.
Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата программасынын өңүтүнөн караганда актуалдуу болуп саналат. Мыйзам долбоорунун максаты менен милдеттери Программадагы аныкталган жергиликтүү кеңештердин депутаттарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларына коюлган квалификациялык талаптарды жогорулатуу, шайлоо процессинин катышуучуларына бирдей шарт түзүү, шайлоо процессинде саясий партиялардын монополиясын жоюу багытында, талапкерлерди көрсөтүүчү субъекттерди кеңейтүү аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жарандардын ишеничин калыбына келтирүү милдеттери менен айкалышып турат.
Мындан сырткары, Мыйзам долбоору иш жүзүндө айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын статусун жогорулатып жана аларды айылдык кеңештердин депутаттарынын ыксыз кысымдарынан жана саясий интригаларынан коргоо жагынан практикалык мааниге ээ.
Ошондой болсо да, Мыйзам долбоору "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын талаптарына толугу менен жооп бербейт.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде түшүнүктөрдү жана терминдерди алардын түшүндүрмөлөрү менен берүү сунушталган. Андагы "жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы (мэрия, айыл өкмөтү)", "жергиликтүү жамаат", "жергиликтүү жамааттын мүчөсү" деген түшүнүктөр "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган түшүнүктөргө каршы келет.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук жана укуктук негиздерин аныктаган негизги мыйзам экендигин эске алуу менен, сунушталган Мыйзам долбоорундагы аталган түшүнүктөрдү ушул Мыйзамдагы түшүнүктөргө ылайык баяндоо сунушталат.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында шайлоочунун ким экендигин ырастоочу документ болуп Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ID-карта) же жалпы жарандык паспорту эсептелгендиктен, Мыйзам долбоорундагы "шайлоочунун инсандыгын ырастоочу документ" деген түшүнүктү аталган Мыйзамдагы терминге ылайык баяндоо сунушталат.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде аскер кызматчылардын, ошондой эле студенттердин жана аспиранттардын шайлоо укуктарын чектөөнүн каралышы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине каршы келет.
Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө тиешелүү администрациялык аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, шайлоо өткөрүлө турган тиешелүү аймакта эки жылдан аз эмес жашаган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештин депутаттарын, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоого укуктуу деп аныктоо сунушталган.
Мыйзам долбоорунун аталган беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, шаарлардын мэрлерин, айыл өкмөтүнүн башчыларын түздөн-түз шайлашат. Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына шайлоолорго катышуусунун негизги принциби жашыруун добуш берүү менен жалпыга бирдей жана тикелей шайлоо укугу эсептелет.
Бирок Мыйзам долбоорунун 64-беренесинин 1-бөлүгү менен шаардын мэрин шаардык кеңеш кыйыр добуш берүү аркылуу 4 жылдык мөөнөткө шайлаарын белгилөө сунушталган. Бул шаардын мэрин шайлоодо Кыргыз Республикасынын жарандары тикелей шайлоо укугуна ээ эмес дегендик болот, анткени шайлоо кыйыр добуш менен болот да, жарандын эрки шаардык кеңеш аркылуу билдирилет.
Жогоруда айтылгандар Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү менен 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн ортосунда жоюуну талап кылган ички карама-каршылыктардын бар экенин көрсөтөт.
Мындан сырткары жарандын шайлоо укугу тиешелүү аймакта 2 жылдан кем эмес жашагандан кийин пайда болот деген ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келет.
Ушундай ички карама-каршылык Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн, 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн жана 65-беренесинин 1-бөлүгүнүн ортолорунда дагы бар.
Мисалы, 5-берененин 1-бөлүгүндө жергиликтүү кеңештердин депутаттары, шаарлардын мэрлери жана айыл өкмөттөрдүн башчылары 4 жылдык мөөнөткө шайланаарын белгилөө сунушталат. Ал эми 64-берененин 1-бөлүгүндө шаардын мэрин шаардык кеңеш кыйыр добуш берүү аркылуу 4 жылдык мөөнөткө шайлай тургандыгы айтылса, 65-берененин 1-бөлүгүндө шаарлардын мэрлерин шаардык кеңеш өзү чакырылган мөөнөткө шайлайт деп көрсөтүлгөн.
Белгилей кетчү нерсе, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдүк органдары. Аталган Мыйзамдын 43-беренесинин 1-бөлүгүнө, 49-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык шаарлардын мэрлери менен айыл өкмөттөрдүн башчылары тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан алардын чакырылган мөөнөттөрүнө жашыруун добуш берүү жолу менен шайланышат.
4-берененин 7 жана 8-бөлүктөрү менен 63-берененин 2 жана 3-бөлүктөрү мазмуну жана мааниси боюнча бири-бирин кайталап калган жана акыркы берене менен жөнгө салынууга тийиш. Көрсөтүлгөн ченемдерде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчылыгына талапкерге коюлган талаптар камтылган, андыктан 4-берененин 7 жана 8-бөлүктөрүн алып салууну, 63-берененин 2 жана 3-бөлүктөрүн бир бөлүккө бириктирип, редакциялык жактан кайра иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Ушундай эле сын-пикирлер Мыйзам долбоорунун 56-беренесинин 4-бөлүгү менен 31-берененин 15-бөлүгүнө да тиешелүү.
"Мыйзамдар" жана "ченемдик укуктук акт" түшүнүктөрү жалпыланган түшүнүктөр болгондуктан ар кандай чечмелөөгө мүмкүнчүлүк берет. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде: мыйзамдар - коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзамдардын жана ченемдик укуктук актылардын жыйындысы; ченемдик укуктук акт - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган), укук ченемдерин (укуктук ченемдерди) белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ деген аныктама берилген. Мында бул Мыйзамдын 5-беренесинде ыйгарым укуктарына жараша тиешелүү чөйрөлөр боюнча гана ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга укуктуу ченем жаратуучу органдардын (кызмат адамдарынын) толук тизмеги келтирилген. Андыктан келечектеги ченемдик укуктук актылардын жөнгө сала турган предметтерин талдап, аны кабыл алуучу субъектилерди так көрсөтүп, жыйынтыктоочу жоболордо ал субъектилерге аткаруу мөөнөтүн көрсөтүү менен тапшырмалардын камтылышы максатка ылайыктуу болот.
Жогоруда айтылгандардын негизинде 8-берененин 1-бөлүгүн, 23-берененин 2, 7, 8-бөлүктөрүн, 25-берененин 6-бөлүгүн, 28-берененин 1-бөлүгүн, 29-берененин 7-бөлүгүн, 32-берененин 18-бөлүгүн, 37-берененин 18-бөлүгүн, 42-берененин 4-бөлүгүн, 45-берененин 1-бөлүгүн, 58-берененин 5-бөлүгүн жана 63-берененин 2-бөлүгүн кайра иштеп чыгуу сунушталат.
16-берененин 15-бөлүгүндө талапкер өз талапкерлигин алып салган, шайлоочулардын топтору, саясий партия тарабынан өздөрүнүн талапкерлерин чакыртып алган, саясий партия тарабынан талапкерлердин тизмесин чакыртып алган же талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо алынып салынган (жокко чыгарылган) учурда шайлоо фондуна келип түшкөн акча каражаттары аларды төккөн жарандар менен уюмдарга токтоосуз кайтарылып берилүүгө тийиш экендиги айтылат. "Токтоосуз" деген түшүнүк коррупциялык көрүнүштөрдү жаратышы ыктымалдыгын жана субъекттерге тигил же бул учурду мыйзамдар менен аныкталган так талаптарды жетекчиликке албастан, өз билгендеринче чечмелешине мүмкүндүк берээрин айтмакчыбыз. Андыктан так мөөнөтүн көрсөтүү менен бул жобону кайра иштеп чыгууну сунуш кылабыз.
12-берененин 1-бөлүгүндөгү ("эң жогорку ыңгайлуулуктарды түзүү"), 19-берененин, 5-бөлүгүнүн 3-пунктундагы ("зарыл"), 37-берененин 17-бөлүгүндөгү, 41-берененин 2-бөлүгүндөгү, 42-берененин 7-бөлүгүндөгү, 43-берененин 7-бөлүгүндөгү, 44-берененин 4 жана 7-бөлүктөрү ("дароо") түшүнүктөрү боюнча дагы жогорудагыдай эле сын-пикирлер бар.
Жогоруда көрсөтүлгөндөрдөн сырткары сунушталган Мыйзам долбоорунда бөлөк укуктук актылар менен жөнгө салынуучу жоболор дагы киргизилип калган. Ушуга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын ортосунда коллизия болгон учурда жана алардын ичинен бирөөсү дагы жогору юридикалык күчкө ээ болгон актыга карама-каршы келбесе, укуктук мамилелердин аталган чөйрөсүн жөнгө салуучу актынын жобосу колдонулаарын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык шайлоо өткөрүү убагында катталган талапкер администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызматтан) бошотулушу же анын макулдугу болмоюнча башка ишке (кызматка), уюмду (юридикалык жакты) жойгондон же болбосо иш берүүчүнүн (жеке жак) иши токтогондон башка учурларда которулушу мүмкүн эмес деп сунушталган. Каттоодон өткөн талапкердин шайлоого катышкан убактысы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына кошулат.
Бул боюнча, жарандардын эмгек укуктарына байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси менен жөнгө салынаарын айтмакчыбыз.
Мыйзам долбоорунун 19-беренесинин 7-бөлүгү боюнча дагы ушундай эле сын пикирлер бар.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунун 25-беренесинин 1-бөлүгүндө талапкерлер, саясий партиялар, шайлоочулардын топтору ушул Мыйзамдын 22-беренесинин 18-бөлүгүнүн колдонулушуна туш келген жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймактарда телекөрсөтүүлөрдү, радиоуктурууларды жүзөгө ашыруучу телерадио уюмдарынын каналдарында аларга акысыз берилген обо убактысын пайдаланууга укуктуу деп айтылат. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле жана радио программалары аудиториянын көпчүлүгүн чогулткан мезгилде - саат 20дан саат 24кө чейинкиге туура келүүгө тийиш экендиги көрсөтүлөт.
Бирок Кыргыз Республикасын аймагында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү маселелер "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынаарын белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 44-беренеси добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына даттануу маселесин жөнгө салууга арналган.
Бул берененин 8, 9 жана 10-бөлүктөрүндө соттун биринчи инстанциясынын чечиминин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна көзөмөл иретинде даттануунун тартиби жөнүндө жобону, ошондой эле жана соттун көзөмөл инстанциясынын токтомунун күчүнө кирүү тартибин бекитүү сунушталган.
Бирок Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 256-258-беренелери менен жарандардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын укуктарын коргоо процедурасы аныкталганын айтмакчыбыз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 5-бөлүгүн, 25-берененин 1-бөлүгүн жана 44-беренесинин 8, 9 жана 10-бөлүктөрүн алып салуу керек деп эсептейбиз.
Жогорудагылар менен катар сунушталган Мыйзам долбоору шайлоолорду өткөрүү боюнча учурдагы талаптарга жооп бербестигин айта кетүү маанилүү. Мисалы 2014-жылы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги милдети шайлоочулардын актуалдаштырылган маалыматтар базасын түзүү болуп эсептелет. Аталган Мыйзамдын кабыл алынышы шайлоо процессине биометриялык жана персоналдык маалыматтардын негизинде добуш берүү системасын киргизүүгө шарт түздү.
Мыйзам долбоорунун 32 жана 33-беренелеринде добуш берүүнүн жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнүн тартиптери каралган. Бирок ал беренелерде "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык жарандардын биометриялык маалыматтарынын негизинде добуш берүүнүн жаңы процедурасынын маселелери эске алынбаган. Андыктан көрсөтүлгөн беренелерде добуш берүүнүн жаңы технологиясын чагылдыруу зарыл деп эсептейбиз.
Маалымат иретинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан шайлоолорду жарандардын биометриялык маалыматтарынын негизинде өткөрүүнү караган "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору демилгеленип, 2015-жылы 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 778 токтому менен жактырылып. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилгендигин билдиребиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, ошондой эле шайлоолорду бир тартипте өткөрүүнү камсыздоо максатында Мыйзам долбоорунун жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 6-главасында шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөттөрдүн башчыларын шайлоо каралган. 65-берененин мазмунуна ылайык шаардын мэрин шаардык кеңеш шайлайт. Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 66-71-беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн башчысы баарына бирдей шайлоо укугунун принцибинде шайланат. 66-беренеге ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (мындан ары - Боршайком) дайындоосу сунушталат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 106-беренеси боюнча Боршайком Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат. Демек, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону Боршайкомдун дайындашын анын ыйгарым укугуна сыйбаган маселе катары караса болот.
Ченем жаратуучу техника боюнча, долбоордо пайдаланылган шилтеме жасоочу нормаларда долбоордун структуралык элементтерине карата колдонулган шилтемелер туура эмес экендигин белгилейбиз. Атап айтканда 13-берененин 3-бөлүгүндө, 58-берененин 6-бөлүгүндө жана 67-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда.
Мыйзам долбоорунун 72-беренесинин 2-бөлүгүн "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 7-бөлүгүн ченемдик укуктук актыны күчүн жоготту деп табууда ошол актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген бардык ченемдик укуктук актылар же алардын бөлүктөрү күчүн жоготту деп табууга жатат деген талабына шайкеш келтирүүнү сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 65-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык шаардык кеңешке шаардын мэрин мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотуу укугу берилет, ал эми "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүндө ылайык бул укук Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине таандык.
Мыйзам долбоорунун 71-беренесинин 14-бөлүгүндө айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин Боршайкомдун ыйгарым укугуна берүү сунушталат. Бул "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүгүнө жана "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнүн 11-пунктуна каршы келет. Аталган ченемдерге ылайык айыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотуу укугу райондук мамлекеттик администрациянын башчысына таандык.
Демек, бул Мыйзам долбооруна шайкеш келтирүү үчүн жалгыз эле "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жокко чыгаруу жетишсиз. Ал үчүн "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө", "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө'', "Борбордун статусу жөнүндө", "Ош шаарынын статусу жөнүндө", ''Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө'' ж.б. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Мисалы, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ченемдик укуктук актынын кабыл алынышына байланыштуу аныкындай же андан азыраак юридикалык күчкө ээ болгон бардык актылар же алардын структуралык элементтери, эгерде алар жаңы актыга киргизилген ченемдик укуктук көрсөтмөлөргө каршы келсе же алар менен камтылса, же өзүнүн маанисин иш жүзүндө жоготсо, күчүн жоготту деп эсептелүүгө тийиш. Андыктан, ошондой эле мыйзамдарда карама-каршылыктарды болтурбоо жана мыйзам колдонуу практикасында так эместиктер болбошу үчүн бул мыйзам долбоору менен катар жогоруда аталган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү белгилөө, мыйзам долбоорлорунун пакетин киргизүү максатка ылайыктуу деп эсептейбиз.
Бул Мыйзам долбоорунун алкагында каржылоо тиешелүү мамлекеттик органдарды каржылоого каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлүшү керек.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык коомдук талкуу болуучу учурларда долбоордун негиздеме-маалымкатында долбоорду коомдук талкуулоонун жыйынтыгы чагылдырылышы керек. Бирок, негиздеме-маалымкатта коомдук талкуулоонун жыйынтыгы жөнүндө маалымат берилген эмес.
Жогоруда айтылгандардын негизинде бул Мыйзамдын долбоорун айтылган сын-пикирлерди жана берилген сунуштарды эске алуу менен толуктап иштеп чыгуу зарыл деп эсептейбиз.