Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 26-январы № 26
"Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мγчѳ мамлекеттердин кызматташтыгы жана ѳз ара аракеттенγγлѳрγ жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жѳнγндѳ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγ
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер жактырылсын:
- "Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мγчѳ мамлекеттердин кызматташтыгы жана ѳз ара аракеттенγγлѳрγ жѳнγндѳ макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору;
- Уфа шаарында 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мγчѳ мамлекеттердин кызматташтыгы жана ѳз ара аракеттенγγлѳрγ жѳнγндѳ макулдашууга Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тѳрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзамдын додбоорун Караганда Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн расмий ѳкγлγ болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1- берене
Уфа шаарьшда 2015-жылдын 10-июлунда кол коюлган Чек ара маселелери боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мγчѳ мамлекеттердин кызматташтыгы жана ѳз ара аракеттенγγлѳрγ жѳнγндѳ макулдашуу ратификациялансын.
2- берене
Кыргьв Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун кγчγнѳ кириши γчγн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жѳнγндѳ Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.
3- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кγндѳн он кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти