КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-ноябры № 808
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министри | Т.Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-1-статья. Калктуу конуштарды бийик тоолуу конуштарга жана алыскы барууга кыйын зоналарга киргизүүнүн критерийлери жана эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү
Калктуу конуштарды бийик тоолуу конуштарга киргизүүнүн төмөнкү критерийлери жана бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн эмгек акысына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин:
Топ | Калктуу конуштарды бийик тоолуу конуштарга киргизүүнүн критерийлери (бийиктик диапазону метр менен) | Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү |
1 | 2 | 3 |
1 | 2000-2200 | 1,1 |
2 | 2201-2400 | 1,2 |
3 | 2401-2600 | 1,3 |
4 | 2601-2800 | 1,4 |
5 | 2801-3000 | 1,5 |
6 | 3001 жана андан бийик | 1,6 |
Калктуу конуштарды алыскы барууга кыйын зоналарга киргизүүнүн төмөнкү критерийлери жана алыскы барууга кыйын зоналарга жашаган жана иштеген адамдар үчүн эмгек акысына жана башка төлөмдөрүнө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин төмөнкү өлчөмдөрү белгиленсин:
Калктуу конуштардын категориялары | Калктуу конуштарды алыскы барууга кыйын зоналарга киргизүүнүн критерийлери (транспорттук жеткиликтүүлүк коэффициентинин өлчөмү) | Эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө кошумча төлөөлөрдүн коэффициенттеринин өлчөмдөрү |
1 | 2 | 3 |
Салыштырмалуу барууга кыйын | 7,1-12,0 | 1,20 |
Барууга кыйын | 12,1-17,0 | 1,30 |
Баруу абдан кыйын | 17,1 жана андан ашык | 1,40 |
Калктуу конуштун транспорттук жеткиликтүүлүк коэффициенти Бишкек шаарынан (Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын калктуу конуштары үчүн) жана Ош шаарынан (Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарынын калктуу конуштары үчүн) алыстыгын, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдордун узундугун, жол катмарынын сапатын, ашуулардын болушун жана татаалдыгын эске алуу менен эсептелинет.
Транспорттук жеткиликтүүлүк коэффициентинин өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Ктр = (0,01 S1 + 0,02 S2 + 0,03 S3) х Кт,
мында:
S1 - эл аралык маанидеги автомобиль жолунун калктуу конушка чейинки узундугу, км;
S2 - мамлекеттик маанидеги автомобиль жолунун калктуу конушка чейинки узундугу, км;
S3 - жергиликтүү маанидеги автомобиль жолунун калктуу конушка чейинки узундугу, км;
0,01 (0,02 жана 0,03) - жолдун сапатын билдирген коэффициенттер;
Кт - жолдогу ашуулардын болушун жана татаалдыгын эске алуучу түзөтүү коэффициенти.
Түзөтүү коэффициенти төмөнкүдөй формула боюнча аныкталат:
Кт = 1,1 + D1+2+...+n
мында:
D1+2+...+n - эңкейиштин бийиктиги жана тиктиги менен аныкталуучу ашуунун татаалдыгын балл боюнча баалоо тоолуу жерлердеги автомобиль жолу менен жүрүүнүн кошумча татаалдыгын эске алууга мүмкүндүк берет.
D = 0 көрсөткүчүндө ашуу жеңил, баллдын D = 0,2 көрсөткүчүндө - татаалдыгы боюнча орточо, баллдын D = 0,4 көрсөткүчүндө - татаал болуп саналат.".
2) 29-статьянын үчүнчү абзацындагы "5" деген цифра "3" деген цифра менен алмаштырылсын.
2-берене.
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эмгек акыга жана башка социалдык төлөмдөргө белгиленген кошумча төлөөлөр ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин аталган кошумча төлөөлөрдү алышкан адамдар үчүн сакталат жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ошол эле өлчөмдө төлөнөт.
3-берене.
1. Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга шайкеш келтирсин.