Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-июлу № 471
"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Т.Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 471 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ө.Ч.Текебаев, Т.Т.Туманов, Н.В.Никитенко, К.Абдиев, Г.А.Скрипкина, Т.У.Шайназаров, Э.А.-А.Кочкарова тарабынан. демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү билдирет.
1. Мыйзамдын долбоорунун 5-беренеси боюнча:
1-бөлүктүн 3-пунктундагы "зыяндын ордун толтуруу жана мүлктү мүмкүн болгон конфискациялоо" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, анткени айтылгандар аткаруу документтерине тиешелүү документтердин ушул пункттарда берилген чөйрөсүн азайтат.
Ошондой эле 1-бөлүктүн 6-пунктундагы "мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндө" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, анткени "мүлктүк өндүрүп алуу" менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын же кызмат адамдарынын токтомунун негизинде адамды мүлккө болгон менчик укугунан ажыратуу болжолдонууда, бул Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине каршы келет, ага ылайык менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилет.
2. 6-берене боюнча:
1-бөлүктүн 4-пунктундагы "банктык реквизиттери" деген сөздөрдү "банктык маалымдаректери жөнүндө маалымат, ал болгон учурда акча каражаттарын которуу үчүн зарыл болгон банктын аталышы жана БИК, алыш-бериш эсебинин номери жана валютасы жана башка кошумча банктык маалымдаректери көрсөтүлөт" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени бардык эле юридикалык жактардын алыш-бериш эсептери жок.
1-бөлүктүн 9-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген талаптар сот жана нотариус тарабынан чечимдин резолюциялык бөлүгүн чыгарууда жана аткаруу жазууларын жүргүзүүдө эсепке алынышы керек.
Аткаруу барагына кол коюу учурларын конкреттештирүү максатында 3-бөлүктүн акыркы сүйлөмүн төмөнкү редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Аткаруу документине соттун төрагасы же болбосо судья ишке жарамсыздык барагы боюнча убактылуу ишке жарамсыз болгон, кезектеги эмгек өргүүсүндө, узак кызматтык иш сапарында жүргөн жана мыйзамда белгиленген тартипте судья кызматынан бошотулган учурда төраганын орун басары кол коёт".
3. Өндүрүп алуучу бир эле адам болушу мүмкүн болгон, бир эле карызкорго карата бир нече аткаруу документинин түшүшү мүмкүн болгондуктан, 10-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"1. Бир өндүрүп алуучунун пайдасына ортоктош өндүрүп алуу боюнча бир нече карызкорлорго карата аткаруу өндүрүшү, ошондой эле бир өндүрүп алуучунун пайдасына ошол эле карызкорлорго карата бир канча аткаруу документтери боюнча козголгон аткаруу өндүрүшү жыйынды аткаруу өндүрүшүнө бириктирилет.".
4. 11-берене боюнча:
3-бөлүктөгү ''дароо" деген сөздү "токтоосуз" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
2-бөлүктүн 8-пунктунда соттук аткаруучунун токтомунда токтомду даттануу тартибин жана мөөнөтүн милдеттүү түрдө көрсөтүү белгиленген. Буга байланыштуу соттук аткаруучунун тиги же бул процесстик иш-аракеттерин даттануу тартиби тууралуу талаш-тартыштарды болтурбоо үчүн аталган беренеде даттанылууга тийиш токтомдордун тизмегин көрсөтүү керек, анткени даттанылууга тийиш эмес орто-аралык токтомдор бар.
5. 13-берененин 1-3-пункттарында "жеке ишкер" кошумча субъектин кароону сунуштайбыз.
6. 25-берене боюнча: Бул берене эки вариантта жазылган.
1-вариант боюнча төмөнкүлөрдү белгилейбиз. Ага ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпай турган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-пунктун көңүлгө алуу менен, 1-бөлүктүн 5-пунктундагы ''мыйзамдарда'' деген сөздү "мыйзамда" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени "мыйзамдар" деген түшүнүк мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды өзүнө камтыйт.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 208-беренесине ылайык мезгилдин бир учуру менен аныкталган мөөнөт календардык күндөн кийинки же анын башталышы аныкталган окуя болгондон кийинки күндөн башталат. Буга байланыштуу 2-бөлүктөгү "ар бир төлөмдүн мөөнөтү келип жеткен күнүнөн тартып" деген сөздөрдү "ар бир төлөмдүн мөөнөтү келип жеткен күндөн кийинки күнүнөн тартып" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунда 25 жана 27-беренелердин эки варианты каралгандыктан Мыйзамдын долбоорунун 25, 27-беренелеринин 1-вариантында баяндалган редакцияда колдонууну сунуштайбыз.
7. Мыйзамдын долбоорунун 37-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 3-пунктту (2-вариант) жана 4-пунктту алып салууну; аны менен бирге 10-пунктту төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"10) аткаруу документинде белгиленген аткаруу мөөнөтү келип жете элек.".
8. 38-берененин 3-бөлүгүндөгү "10 жумушчу күндүн ичинде" деген сөздөрдү "5тен 10 күнгө чейин" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз, анткени аталган ар бир конкреттүү окуяга жараша соттук аткаруучуга аткаруу өндүрүшүнүн процессин кыскартууга мүмкүндүк берет, мында кыйла кыска мөөнөттө ыктыярдуу түрдө аткаруу мүмкүн болот.
9. Долбоордун 39-беренесинин 1-бөлүгүн уюлдук байланыш операторлоруна, салык органдарына, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарына, бажы органдарына, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына ж.б. суроо-талап жиберүү менен гана чектелбестен, карызкордун турган жерин, мүлкүн, анын кирешелерин төлөө булактарын издөө үчүн мамлекеттик органдарга жана башка уюмдарга суроо-талап жиберүү боюнча иш-аракеттер менен толуктоону сунуштайбыз.
10. Мыйзамдын долбоорунун 43-беренесинде карызкордун мүлкүн камакка алуунун алдында укуктары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда катталган үчүнчү жактардын өздөрүнүн ниеттери жөнүндө кабарлоосу боюнча алардын карызкордун мүлкүнө укуктары бар экендигин текшерүү боюнча соттук аткаруучунун милдеттерин кароону сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, мүлк камакка алынган учурда коргоо жана үчүнчү жактардын өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү каршылыктарын берүүсүнүн механизмин, ошондой эле аткаруу өндүрүшүнүн процессинде укуктары бузулган үчүнчү жактардын арызы боюнча соттук аткаруучунун өзүнө же жогору турган соттук аткаруучуга мындай арыздардын соттук аткаруучу тарабынан каралышынын чектүү кыска мөөнөтүн белгилөө менен, үчүнчү жактын тандоосу боюнча соттук тартипте даттануу механизмин кароону сунуш кылабыз.
11. "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 56-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 126-беренесине ылайык банктык сырды ачуу жана банктын кардарынын макулдугусуз эсебиндеги акча каражаттарын камакка ачуу сот актысынын негизинде гана мүмкүн.
Мындан тышкары банктын кардарынын эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу үчүн негиз сот актысы болуп саналат, аны аткаруу үчүн резолюциялык бөлүгү, өндүрүп алуучу, анын банктык маалымдаректери жөнүндө маалыматты камтыган аткаруу барагы жазып берилет. Эгерде өндүрүп алуучу юридикалык жак болсо, анда карызкордун эсебинен акча каражаттарын эсептен чыгаруу жолу менен аткаруу банк мыйзамдарына ылайык аткаруу барагы боюнча жүргүзүлүшү керек.
Бирок долбоордун тексти боюнча соттук аткаруучулардын соттук акты болуп саналбаган, аны менен кийин өндүрүп алуучуга акча каражаты берилүүчү токтомдорунун негизинде карызкордун эсебинен алардын депозиттик эсебине акча каражаттарын которуу боюнча банктардын милдети көрсөтүлгөн, бул банктар тарабынан банк мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушуна алып келет, буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 44, 54-56, 90-беренелеринин редакциясын карап чыгууну сунуш кылабыз.
12. Мыйзамдын долбоорунун 49-беренесинде карызкордун мүлкүн баалоо тартиби каралган. Алсак, аталган беренеге ылайык соттук аткаруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү менен баалоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн, ал тарабынан дайындалган баалоочуга же баалоочу уюмга материалдарды жиберет. Ушуга байланыштуу баалоочунун/баалоочу уюмдун кызмат көрсөтүүлөрү кайсы каражаттардын эсебинен төлөнө тургандыгын конкреттештирүү максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мындан тышкары соттук аткаруучу мүлктү сатуу мөөнөтүнүн чектелгенин, мажбурлап сатуунун жана аны сатууда тоскоолдуктардын (мүлк ээсинин жана аны пайдалануучунун каршылыгы ж.б.) болушун, мүлк жайгашкан жердин инфратүзүмүн, мүлктүн адамдардын чектелүү гана чөйрөсү пайдалана алышы мүмкүн болгон өзгөчөлүктөрүн жана мүлктүн наркына олуттуу таасирин тийгизүүчү башка факторлорду эске алуу менен наркын аныктоо жөнүндө маселени баалоочунун алдына коюушу зарыл деп эсептейбиз.
Коррупциялык схемаларды болтурбоо үчүн, ошондой эле жактардын ортосундагы макулдашуунун аткаруу өндүрүшүнүн процессинде да, андан кийин да жетишилиши жана кийин деле аткаруу өндүрүшү козголушу/кайра жаңыланышы мүмкүн экендигин эске алуу менен, долбоордун 49-беренесинин 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"Эгерде тараптар жазуу жүзүндөгү макулдашууда таризделген, ошол эле тараптардын ыйгарым укуктуу адамдары кол койгон мүлктүн наркы жөнүндө макулдукка жетишсе, соттук аткаруучу баалоо тууралуу токтомду чыгарбайт.".
13. Мыйзамдын долбоорунун 51-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кийин сатуу же өндүрүп алуучуга берүү үчүн карызкордон камак салынган мүлкүн алып коюу ушул Мыйзамдын 43-беренесинин 5-бөлүгүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Аталган бөлүктө 43-беренеге шилтеме ченем камтылганын белгилей кетүү керек, анда карызкордун мүлкүн камоого алуу тартиби гана белгиленген. Мында 43-берененин ушул бөлүгүндө камакка алынган мүлктү алып коюу же сатуу тартиби каралган эмес.
14. Ошондой эле Мыйзамдын сунушталган долбоорунда укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөргө өбөлгө түзүүчү ашыкча шилтеме жасалган, жалпыланган, конкреттүү эмес түшүнүктөр камтылганын белгилейбиз, анткени алар тиешелүү субъектке кеңири, дискрециялык ыйгарым укуктарды же болбосо мыйзамдар менен бекитилген так критерийлерди жетекчиликке албастан, тиги же бу кырдаалды өз билгениндей чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Мисалы, Мыйзамдын долбоорунун 52-беренесинде мажбурлоочу мүнөздөгү аткаруучу аракеттер каралган. Алсак, бул берененин 3-бөлүгүндө соттук аткаруучу тарабынан колдонулуучу мажбурлап аткарылуучу чаралардын толук эмес тизмегин аныктоо сунушталган.
Ошентип 52-берененин 3-бөлүгүнүн 13-пункту ''мыйзамда же аткаруу документинде каралган башка аракеттерди" караштырат.
Соттук аткаруучулардын иш-аракеттеринин ар кандай жана кеңири чечмеленишин жараткан так эмес аныктама берилгенин эске алуу менен, соттук аткаруучунун иш-аракеттеринин бардык тизмегин конкреттүү аныктоону сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 95-беренеси, 99-беренесинин 1-бөлүгү, 102-беренесинин 2-бөлүгү, 122-125-беренелери боюнча ушундай эле сын-пикирлер.
15. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 12-беренесине ылайык менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга соттун чечими менен гана жол берилгендиктен, Мыйзамдын долбоорунун 53-беренесинин 1-бөлүгүн "Карызкордун мүлкүнөн өндүрүп алуу" деген сөздөрдөн кийин ''сот актысынын негизинде" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
16. 54-беренеде өндүрүп алуучунун банкка же башка финансы-кредиттик мекемеге (ФКМ) аткаруу документин түздөн-түз көрсөтүү укугун, ошондой эле банктын жана ФКУнун аткаруу документин мыйзамдын талаптарына шайкеш экендигин текшерүү укугун кароону сунуштайбыз.
17. 55-берененин 1-бөлүгүндөгү сүйлөмдөгү "сатып алуу-сатуу күнүндө" деген сөздөрдү "сатып алуу-сатуу учуруна" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз, анткени "Чет өлкө валютасы менен операцияларды жүргүзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык банктар менен акча алмашуу курсу бир күндүн ичинде бир нече жолу белгилениши мүмкүн жана акча алмаштыруу учурунда стендде жарыяланган курс колдонулат.
18. Мыйзамдын долбоорунун 64-беренесинин 3-бөлүгүндө Күрөө кармоочунун талаптарын канааттандыруу үчүн өндүрүп алуу жүргүзүлгөн күрөөгө коюлган мүлк ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сатылат.
Буга байланыштуу "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык аталган Мыйзам менен күрөө жөнүндө негизги жоболор аныктала тургандыгын белгилейбиз. Бул Мыйзам менен жөнгө салынбаган Кыргыз Республикасында күрөө боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
Ушуга байланыштуу 64-берененин 3-бөлүгүн жана 66-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын "күрөө жөнүндө мыйзамдарда" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
19. 70-берене боюнча:
66-берененин 1-бөлүгүнүн жобосун эске алуу менен 1-бөлүктүн биринчи сүйлөмүн "сот аткаруучусу" деген сөздөн кийин ", ошондой эле күрөө жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык иш алып барган адистештирилген уюм" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 335, 336-беренелеринин жана ''Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 63-беренесинин талаптарын сактоо максатында 3-бөлүктү төмөнкүдөй редакцияда баяндоону сунуштайбыз:
"3. Күрөөгө коюлган буюмдун баштапкы сатылуучу баасы соттун чечими менен аныкталат, соттун чечиминде ал жок болсо, күрөө берүүчүнүн жана күрөө кармоочунун ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.".
20. Долбоордун 74-76-беренелерин Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 336-беренесиндеги жана "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун эсепке алуу менен, өндүрүп алуучуга күрөөгө берилген карызкордун мүлкүн аукцион аркылуу сатуу бөлүгүндө күрөө жөнүндө мыйзамдын ченемдерине шилтеме жасоо менен кайра карап чыгуу, ошондой эле сатылбаган мүлктүн калганы тууралуу өндүрүп алуучуга кабарлоо мөөнөтүн узартуу зарыл деп эсептейбиз.
21. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 265-беренесинин 1-бөлүгүнүн жобосун эске алуу менен, 88-берененин 7-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "үч" деген сөздү "беш" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
22. 92-беренеде аткаруу аракеттерин кийинкиге калтыруу же мажбурлоо менен аткартуу чараларын колдонуу тартибин киргизүү сунушталган.
Мында аталган беренеде аткарууну кийинкиге калтыруу же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу үчүн негиздемелер келтирилген эмес.
Буга байланыштуу, ошондой эле аталган беренин ченемдери коррупциялык көрүнүштөргө, атап айтканда аткаруу өндүрүшүнүн тараптарында аткаруу процессин созуу боюнча мүмкүндүктөрдүн пайда болушуна өбөлгө түзөрүн эске алып, Мыйзамдын долбоорунун 92-беренесин алып салууну сунуштайбыз.
23 93-берененин 4 жана 5-бөлүктөрүнүн редакциясын кайра кароону сунуштайбыз, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 409 жана 410-беренелерине ылайык аткаруу өндүрүшүн токтото турууга сот гана укуктуу, ошондой эле сот аткаруу өндүрүшүн токтото турууга милдеттүү же токтото туруучу учурлар белгиленген.
Мыйзамдын долбоорунун 97-беренесинин 1-бөлүгү боюнча ушундай эле сын пикирлер.
Муну менен бирге аткаруу өндүрүшүн токтотуу боюнча айрым ыйгарым укуктарды соттук аткаруучуга өткөрүп берүү маселесин кароо максатка ылайык деп эсептейбиз. Мисалы, бул анын негизинде аткаруу документи берилген сот актысы жокко чыгарылган, өндүрүшкө алынган аткаруу документи жокко чыгарылган же жараксыз деп таанылган учурда мүмкүн. Ошондой эле аткаруу өндүрүшүн токтотууга кайсы негизди сотко, ал эми кайсынысын соттук аткаруучуга өткөрүп берүү керектигин бөлүштүрүү керек.
24. Аткаруу документин кайтарып берүүнүн учурларын толук чагылдыруу максатында Мыйзамдын долбоорунун 98-беренесинин 1-бөлүгүн төмөнкү мазмундагы 9-пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"9) эгерде сот тарабынан чечимди аткаруу кийинкиге жылдырылса, ал эми аткаруу өндүрүшү башталып калса.".
99-берене боюнча:
1-бөлүктүн 6-пунктундагы "аткаруу документин карызкор-юридикалык жактын жоюу комиссиясына (жоюучуга) жиберилгенде" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз, анткени бул ченем аткаруу өндүрүшүн бүткөрүүгө негиз боло албайт, себеби соттун чечими жоюу комиссиясынын иштөө мезгилинин ичинде аткарылышы керек.
Мыйзамдын долбоорунун 6-бөлүгүндө "аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарды, аткаруу жыйымдарын" жана "карызкордон өндүрүү жөнүндө толук жана жарым жартылай аткарылбаган токтомдор боюнча аткаруу документтерин" деген сөздөрдү алып салууну сунуштабыз, анткени аткаруу жыйымын өндүрүп алуу соттун гана актысынын негизинде жүргүзүлүшү керек. Демек, эгерде аткаруу жыйымы аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө төлөнбөсө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушун четтетүү максатында мындай жыйымды соттук тартипте өндүрүп алуу жөнүндө ченемди киргизүү зарыл.
26. Мыйзамдын долбоорунун 16-главасында соттук аткаруучулардын бардык актылары, аракеттери (аракетсиздиктери) боюнча сотко чейинки даттануулар толук же жарым-жартылай каралышынын так көрсөтүлүшүн сунуштайбыз. Алсак, долбоордо талаш-тартыш пайда болгон учурда сотко кайрылуу шилтемеси бар, мисалы, камакка алуу тизмесинен чыгаруу (Мыйзамдын долбоорунун 112-беренеси) же Мыйзамдын долбоорунун 110-беренесинин 7-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөй даттануу боюнча соттук аткаруучу чыгарган чечимге гана даттанууга болот.
27. Аткаруу өндүрүшүнүн созулушунун алдын алуу максатында Мыйзам долбоорунун 106-беренесинин 1-бөлүгүндө бардык аракеттер жана аракетсиздиктер даттанылышы мүмкүн экендигин конкреттештирүү керек.
28. Мыйзамдын долбоорунун 108-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда аткаруу жыйымын өндүрүп алуу же өндүрүп алууга уруксат берүү жөнүндө сот аткаруучусунун токтомуна даттануу каралган, бирок Мыйзамдын долбоорунда даттануу жол-жобосу түшүнүксүз бойдон калган, ошол токтом даттанылууга тийишпи же сотко даттанылабы.
Коррупциялык көрүнүштөрдү болтурбоо максатында жогоруда аталган берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун мөөнөттү калыбына келтирүү жана мөөнөттү калыбына келтирүүгө карата чектер үчүн негизди регламенттештирген ченемдер менен толуктоо керек.
29. Мыйзамдын долбоорунун 110-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "процесстик мыйзамда белгиленген мөөнөттө сотто талашууга" деген сөздөрдү ''процесстик кодексте белгиленген мөөнөттө административдик сот өндүрүшү тартибинде сотко даттанууга" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
30. 113-берене боюнча:
Ушул берененин 1-бөлүгүндө аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн көрсөтүлгөн мөөнөттө аткаруу документинин талаптарын аткарбагандыгы үчүн аткаруу акысы карызкорго салына тургандыгы белгиленген. Муну менен бирге 2-бөлүктө аткаруу жыйымы өндүрүп алуучудан өндүрүлүүчү учурлар каралган.
Буга байланыштуу жыйымды карызкордон гана төлөтүүнү караган концепцияны кайра карап чыгуу зарыл деп ойлойбуз.
7-бөлүктүн экинчи сүйлөмүн "судьялар кеңешине" деген сөздөрдөн кийин "жана Жогорку сотко" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени ыйгарым укуктуу орган (Сот департаменти) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдында иштейт.
10-бөлүккө ылайык соттук аткаруучуларга ушул беренеде белгиленген тартипте жана өлчөмдө которулган аткаруу жыйымынын толук суммасы төлөнүп берилет.
Мында, колдонулуудагы мыйзамдарга ылайык соттук аткаруучуларга акчалай сый акыларды бөлүштүрүү жана төлөп берүү маселеси Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу же облустун башкы соттук аткаруучусу тарабынан чечилет. Мында соттук аткаруучуларга төлөнүүчү акчалай сый акылар Кыргыз Республикасында белгиленген минималдык эмгек акынын 25 ставкасынан ашпоосу керек.
Буга байланыштуу соттук аткаруучуларга төлөнүүчү сумманын максималдык чегин аныктоо керек эле.
Мындан тышкары адамдардын соттук коргонууга конституциялык укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында, ушул беренени төмөнкү маанидеги бөлүк менен толуктоону сунуштайбыз:
"Аткаруу жыйымын өндүрүү сот актысынын негизинде гана жүргүзүлөт.".
31. 117, 120 жана 121-беренелерде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын аталышын бирдейлештирүүнү сунуштайбыз, анткени Мыйзамдын долбоорунун 120-беренесинде Сот департаменти деп айтылган, ал эми 117 жана 121-беренелерде соттук аткаруучулардын ишин уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жобосун жана штаттык санын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыйгарым укугун бекитүү каралган.
Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунун 117-беренесинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы тарабынан бекитиле тургандыгын белгилөө сунушталган.
Буга байланыштуу бул ченем "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине каршы келерин белгилей кетүү керек, ага ылайык мамлекеттик кызматкерлердин, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин башка категорияларынын санынын чегин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.
32. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат.
Буга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 119-беренесин төмөнкүдөй баяндоону сунуштайбыз:
"119-берене. Соттук аткаруучулардын ишинин укуктук негизи
Аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө мыйзамдар Конституциядан, ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.".
33. Мындан тышкары, беш күндөн ашпаган мөөнөттөрдү эсептөөнү кайра кароо зарылдыгына өзгөчө көңүл буруп, аны аларды календардык күндөргө эмес, жумуш күндөрүнө карата эсептөө керек, өндүрүп алуучунун сатылбаган мүлктү өзүнө балансына алуусунун так мөөнөтүн белгилөө зарыл, соттук актыны аткаруу бурулган учурда, эгерде доогер доосунан баш тарткандыгына же сот ынтымак келишимин бекиткендигине байланыштуу бул иш боюнча өндүрүштү кайра кароо токтотулса өндүрүштү буруу мүмкүн эместигин, мүлктү жана акчалай каражатты өткөрүп берүүгө байланышпаган чечим боюнча аткарууну буруу мүмкүн эместигин, ал эми айрым учурда акчалар талаптар боюнча да чечимди аткарууну бурууга уруксат берилбестигин мыйзамдар менен жөнгө салуу керек.
Ошондой эле жашы жете электердин, эмгекке жарамсыз адамдардын жана башка калктын социалдык жактан корголбогон категориялардын укуктарын коргоо максатында төмөнкү учурларда аткаруунун бурулушуна жол бербөөнү караштыруу керек: эмгек мамилелеринен келип чыккан талаптар боюнча акчанын суммасын өндүрүү, илим, адабият жана искусство чыгармаларына, аткарууга, ачылышка, ойлоп табууга, пайдалуу моделдерге, өнөр жайлык үлгүлөргө укуктарды пайдаланганы үчүн сый акыны өндүрүү, алименттерди өндүрүү, майып кылуу же ден соолукка башка зыян алып келүү же багуучусунун каза болушу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө.
Эгер иш-аракет жашы жете элек баланын же жашы жеткен ишке жарамсыз алимент алуучунун өкүлү тарабынан жасалса, алименттер кайра өндүрүлүп алынбайт, ал эми төлөнгөн алименттин суммасы алимент төлөөгө милдеттүү болгон адамдын доосу боюнча күнөөлүү өкүлдөн өндүрүп алынат.
34. Айтылгандардан сырткары мыйзам менен төмөнкүлөрдү аныктоо керек деп эсептейбиз:
1. Жоопкерди сот чечиминде аныкталган иш-аракеттерди жасоого же алардан карманууга мажбурлоо жөнүндө чечимдерден тышкары, ченемдик жана ченемдик эмес актыларды, ошондой эле мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана иш-аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндө иштер боюнча аткаруу барактары берилбейт.
2. Мыйзамдардын талаптарына жооп бербеген аткаруу документтери, анын ичинде сот актысынын негизинде берилген аткаруу барагы аткарылбастан соттук аткаруучуларга кайтарылып берилүүгө тийиш. Аткаруу барагы сотто талашуунун өз алдынча предмети боло албайт жана жарактуу эмес деп да таанылбайт.
3. Эгерде аткаруу документинде анда камтылган талаптарды токтоосуз аткаруу каралган болсо, анда аларды аткаруу соттук аткаруучулардын бөлүнүшүнө же башка органга аткаруу документи келип түшкөн күндөн кийинки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен башталышы керек.
4. Жазаны айып түрүндө аткаруу тартиби жана мүлкүн конфискациялоо тууралуу соттун өкүмүн аткаруу тартиби Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси менен аныкталат.
5. Соттук аткаруучунун актысына жана иш-аракетине (аракетсиздигине) карата райондор аралык сотко арыз берүү, администрациялык жоопкерчиликке тартуу, ошондой эле аткаруу барагы берилген сот актысын аткаруу тууралуу актыны кошпогондо, талашылып жаткан актынын же иш-аракеттин күчүн токтото албайт. Мында аткаруу документин аткаруу орду боюнча райондук (шаардык) сот аткаруу өндүрүшүн токтотууга укуктуу экендигине көңүл буруу керек, бул тууралуу сот жүйөлүү аныктама чыгарат.
6. Аткаруу өндүрүшүн токтотуу соттук аткаруучулардын иш-аракеттерин даттануу боюнча райондор аралык соттор тарабынан каралуучу иштер боюнча доону камсыз кылуу чарасы болуп саналбайт.
7. Күрөөгө коюлган мүлктү сатууда тооруктарды уюштуруучу (соттук аткаруучу) мезгилдүү басылмаларга тооруктун дайындалганы тууралуу жарыяны, болуучу тоорук тууралуу маалыматты жарыялоодон тышкары, аларды "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 75-беренесинин 5-пунктунда белгиленген мөөнөттө күрөө берүүчүгө жана күрөөгө коюлган мүлккө катталган укугу бар башка адамдарга да жибериши керек. Бул талап аткарылбаса, сатык жараксыз деп таанылат.
8. Күрөөгө коюлган мүлккө буруу жолу менен карызды өндүрүү жөнүндө аткаруу документин аткаруунун натыйжалары боюнча аткаруу жыйымы карызкордон өндүрүлүүгө тийиш. Карызкор менен күрөөгө берүүчү бир эле адам болуп, келишимде андан башка нерсе келип чыкпаса, күрөөгө берүүчүдөн аткаруу жыйымы өндүрүлүп алынышы мүмкүн.
9. Эгер ынтымак келишиминин шарттары боюнча тараптардын ар бири экинчи тарапка карата бир эле мезгилде өндүрүп алуучу жана карызкор болуп чыкса, анда аткаруу барагы ар бир тарапка берилерине көңүл буруу керек.
10. Соттук аткаруучунун актысы жана иш-аракети (аракетсиздиги) эгерде, алар аткаруу документинин аткарылышына тоскоолдук жараткан укуктук кесепеттерге алып келбесе жана талашты туура чечүү үчүн олуттуу мааниге ээ болбосо, формалдуу негиздер боюнча жараксыз же болбосо мыйзамсыз деп таанылбайт.
11. Өндүрүп алууну күрөөгө коюлуучу буюмга буруу жөнүндө ишти кароодо, күрөөгө коюлган буюмдун баштапкы сатылуучу баасы ал сот тарабынан сатылганда күрөөгө коюучу менен күрөө кармоочунун макулдашуусунун негизинде аныкталат, талаш жаралган учурда сот өзү чечет. Ишке катышкан адамдар күрөөгө коюлган мүлктүн баштапкы сатылуучу баасын соттук аткаруучунун иш-аракетине (аракетсиздигине) даттангандай сот актысын аткаруунун жүрүшүндө эмес. соттун чечимин даттанганда талаша алат.
12. Соттук аткаруучу соттун чечиминде көрсөтүлгөн баштапкы сатылуучу бааны өзгөртүүгө укугу жок.
13. "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 76-беренесинин 3-пунктуна ылайык экинчи тоорукта күрөөгө коюлган буюмдун баштапкы (старттык) сатылуучу баасы уюштуруучу тарабынан аныкталат. Тооруктардын уюштуруучусу биринчи тооруктардын баштапкы (старттык) сатылуучу баасын чектөөгө же жаңы (баалануучу) баасын коюуга укуктуу. Мында Мыйзамдын долбоорунда соттук аткаруучу базар баасынан төмөн болбогон, бирок соттун чечими менен белгиленген баадан төмөн болушу мүмкүн болгон биринчи тооруктардын баштапкы (старттык) сатылуучу баасын же жаңы (баалануучу) баасын белгилөөгө укуктуу деп аныктоо сунушталат.
14. Күрөөгө коюлган мүлктү сатуу боюнча экинчи тооруктар болгон жок деп жарыяланган учурда, күрөө кармоочу күрөөгө коюлган буюмду экинчи тооруктарда белгиленген баадан 10 пайызга төмөн эмес суммада баалоо менен аны өзүнө калтырууга укуктуу.
15. Тооруктар болгон жок деп жарыяланган учурда күрөө кармоочуга күрөөгө коюлган буюмду өткөрүп берүү соттук аткаруучу (тоорукту уюштуруучу) жана күрөө кармоочу тарабынан колу коюлган тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протокол менен таризделет, ал келишимдик күчкө ээ болот. Мындай эреже күрөөгө коюлган мүлк болуп саналбаган мүлктү сатуу боюнча тооруктарды болгон жок деп жарыялоодо да колдонулууга тийиш. Акыркы учурда тооруктардын жыйынтыктары тууралуу протоколго соттук аткаруучу менен өндүрүп алуучунун ортосунда кол коюлат.
16. Эгер күрөөгө коюлган мүлктү саткандан түшкөн сумма күрөө кармоочунун күрөө менен камсыз кылынган талабынын өлчөмүнөн ашып кетсе, айырмасы каражат түшкөн учурдан тартып 10 күндөн кеч эмес күрөө кармоочуга кайтарылат ("Күрөө жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 80-беренесинин 2-пункту).
17. Тооруктар болгон жок деп жарыяланган учурда өндүрүп алуучу (күрөө кармоочу) эгер күрөө келишиминде башкача каралбаса, аткаруу боюнча чыгымдарды эсептен чыгаруу менен, сатылуучу баа менен карыздын суммасынын ортосунда болгон айырманы төлөгөндөн кийин гана мүлктү өзүнө калтырууга укуктуу.
18. Экинчи тооруктар болгон жок деп жарыялоо жана өндүрүп алуучунун сатылуучу буюмду өзүнө калтыруудан баш тартуусу же болбосо андан сатылбаган мүлктү өзүнө калтыруу тууралуу чечим жөнүндө кабарлоо мөөнөтүндө келбеши (ал мыйзам менен аныкталат) камсыздоо чараларын жокко чыгаруу, мүлктү камоону алып таштоо, ошондой эле мүлктү карызкорго кайтарып берүү үчүн негиз болот.
19. Соттук аткаруучу түзгөн мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы талашуунун өз алдынча предмети болуп саналбайт. Соттук аткаруучу тооруктардын жыйынтыктары жөнүндө протоколдун ордуна мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 410-беренесинин 1-пунктуна жана "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесинин 3-пунктуна ылайык тооруктарды жүргүзүүдө соттук аткаруучунун иш-аракеттерин даттануу учуруна ага башка далилдер менен кошо баа берилет.
Мыйзамдын долбоорун, атап айтканда 50, 127 жана 128-беренелерин жүзөгө ашыруу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды талап кыла тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата финансы-экономикалык эсептөөлөр жана мүмкүн болуучу чыгымдарды баалоо жөнүндө корутундуга ылайык каржылоого жалпы керектөө 32,7 млн. сом өлчөмүн түзөт.
Мында Мыйзамдын долбоорунан келип чыгуучу милдеттер практикалык 2016-2017-жылдардан эрте эмес ишке ашырылышы мүмкүн экендигин белгилейбиз, себеби Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2015-жылдарга болжолунда Мыйзамдын долбоорунан келип чыгуучу милдеттерди жүзөгө ашырууга каражат каралган эмес.
Муну менен бирге орто мөөнөттүү келечекте республикалык бюджеттин таңсыктыгынын жогору экендигин эске алуу менен жакынкы 1-2 жылда каржылоо булактарын табуу кыйынчылык алып келет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоорун сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен, ошондой эле өлкөнүн реалдуу финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эске алып, өзүнчө институттарды этап-этабы менен ишке киргизүүнү караган мыйзамдын долбоорун иштеп чыгуу шартында кабыл алууну максатка ылайык деп эсептейт.