Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-августу № 563
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Расмий тилде бекитилсин:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Бажылык идентификациялоо каражаттарын колдонуу тартиби;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине жана" деген сөздөр алынып салынсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарын ыңгайлаштырууга карата коюлуучу талаптар жөнүндө жободо:
- 3-пункттагы "эркин бажы зонасынын бажы режими" деген сөздөр "эркин бажы зонасынын бажы жол-жобосу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 10-пункттагы:
2-пунктчадагы "бажылык тариздөө" деген сөздөр "товарларды бажы жол-жобосунун алдына коюу менен байланышкан бажы операциясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4-пунктчадагы "ички бажы транзитинин жол-жоболору" деген сөздөр "товарларды жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товарларды жеткирүү бажы операциясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Тосмонун алдында (дарбазанын маңдайында же контролдоо-өткөрмө пункттарында) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган бажы контролунун зонасын белгилөө жана түзүү тартибине ылайык мамлекеттик, расмий жана англис тилдериндеги бажы контролунун зонасы экенин билдирген, белгиленген формадагы белгилер илиниши керек.".
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 524 "Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- преамбуладагы "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө товарлардын бажы контролу боюнча нускамада:
Нускаманын жана тиркемелердин бардык тексттери боюнча:
- бардык текст боюнча тиешелүү жөндөмөдөгү "бажы режими" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "бажы жол-жоболору" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "ата мекендик товарлар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандардагы "Евразия экономикалык бирлигинин товарлары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси" деген сөздөр "бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын бажы аймагы" жана "Кыргыз Республикасынын аймагы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамы менен" деген сөздөр "бажы иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу" деген сөздөр тиешесине жараша "Ички керектөө үчүн чыгаруу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Ушул Нускама менен жөнгө салынбаган бөлүгүндө "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жоболорун колдонуу тартиби 2010-жылдын 18-июнундагы Бажы бирлигинин бажы аймагында эркин (атайын, өзгөчө) экономикалык чөлкөм жана эркин бажы чөлкөм бажы жол-жобосу маселеси боюнча Макулдашууга ылайык аныкталат (мындан ары - Макулдашуу)";
3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Бажы алымдарын, салыктарды төлөөнүн өзгөчөлүктөрү "Эркин бажы зонасы" бажы жол-жобосун аяктоодо ушул Нускамага жана Макулдашууга ылайык жүргүзүлөт";
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 12-пунктта:
биринчи абзацтагы "1998-жылдын 3-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 715 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык чөлкөмдөрүндө жасалган товарлардын чыгаруучу өлкөсүн аныктоо тартибине" деген сөздөр жана цифралар "Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "жогоруда аталган Тартипке" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пункттагы "Кыргыз Республикасынын аймагынан ЭЭЧнын аймагына ЭЭЧнын субъекттеринин өндүрүш керектөөлөрү үчүн зарыл болуучу ата мекендик акциздик товарларды алып келүү" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин аймагынан ЭЭЧнын аймагына ЭЭЧнын субъекттеринин өндүрүш керектөөлөрү үчүн зарыл болуучу Евразия экономикалык бирлигинин акциздик товарларын алып келүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 29-пункттун биринчи абзацында "ЭЭЧнын аймагында тыюу салынбаган" деген сөздөрдөн кийин, "эгер мындай операцияларды жасоо ЭЭЧнын аймагында иш жүргүзүү тууралуу макулдашуунун шарттарына ылайык келсе" деген сөздөр менен толукталсын;
- 31-пункттагы "Ички бажы транзити" бажы жол-жобосуна" деген сөздөр "товар жеткирүүнүн автоматташтырылган системасын колдонуу менен товар жеткирүү бажы операциясына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36-пункттун 2-пунктчасындагы "Транзит" деген сөз "Бажы транзити" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 37-пункттагы "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр "Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 42-пунктта:
биринчи абзацтагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "бажы брокери" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бажы өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
экинчи абзац "ушул бапта" деген сөздөрдөн кийин "жана Макулдашуунун 17-беренесинде" деген сөздөр менен толукталсын;
- 46-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"46. ЭЭЧнын аймагында жасалган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарлары деп таанылган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагында чыгаруу Макулдашуунун 17-беренесинин 8-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
ЭЭЧнын аймагында жасалган жана Евразия экономикалык бирлигинин товарлары деп таанылбаган товарларды Евразия экономикалык бирлигинин аймагында чыгаруу Макулдашуунун 17-беренесинин 9-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат";
- 47-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 48-пункттагы "көрсөтүлгөн кызматтардын наркынан бажы жыйымы жана КНС төлөнөт" деген сөздөр жана аббревиатура "Реимпорт" бажы жол-жобосуна киргизүү менен жүргүзүлөт" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 49-пункттагы ",47" деген сөз алынып салынсын;
- 10-бап күчүн жоготту деп таанылсын;
- тиркемелердин бүткүл тексти боюнча;
- ар кандай жөндөмөлөрдөгү "жүктүн бажы декларациясы" жана "ЖБД" деген сөздөр жана аббревиатура тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "товарларга декларация" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "эркин жүгүртүү" деген сөз "ички керектөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- "ТОИ ТН" жана "ТЭИ ТН" аббревиатуралары "ЕАЭС ТОИ ТН" аббревиатурасына алмаштырылсын.
5. Ушул токтом менен бекитилүүчү, Товарларды автомобиль, темир жол, аба жана транспорттун башка түрлөрү менен ташууда товарлардын жана транспорт каражаттарынын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына келгенде жана аймагынан кеткенде бажы органына берилүүчү документтер жана маалыматтардын тизмеси менен билдирүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 7-главасы ушул токтом күчүнө кирген күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет деп белгиленсин.
Ушул токтом 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигине Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө келишим күчүнө кирген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмү, коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |