Загрузка документа…
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген |
Ушул Методика (мындан ары - Методика) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн эсептөөнүн тартибин аныктайт.
Методика турак жайдын конструкциялык элементтерин анын наркына карата пайыздык бөлүштүрүүгө негизденет. Курулуш материалдарын жана жасалгалоо материалдарын колдонууга жараша турак жайлар бири-биринен айырмаланышаарын эске алып, ушул Методикада орточо көрсөткүчтөр алынды, алар кийинчерээк кайра каралышы мүмкүн.
Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр пайдаланылды:
үстүңкү жабуу - имараттын үстүңкү, суудан сактоочу катмары же чатыры. Конструкциясы боюнча жабуу такта, рулон, кабырчыктуу, жайма (стяжка) жана пленка түрүндө болот;
пол - жабуунун же жердин үстүңкү бетине (имараттын биринчи кабатындагы) төшөлүүчү (же жасалгалоочу) катмар. Полдор адатта жабуудан (эксплуатациялоо таасирине түздөн-түз дуушарлануучу катмардан), астыңкы катмарлардан, жаймадан (стяжка), гидроизоляция катмарынан, унду тосуучу катмардан, жылуулук сактоочу катмардан, ошондой эле таман негизи боюнча оордукту бөлүштүрүүчү төшөлгөн катмардан турат;
шып - бөлмөнүн төбөсүн чектеп тосуп туруучу конструкциянын астыңкы бөлүгү. Шып үстүңкү жабуунун төмөнкү бөлүгү менен байланышта болушу же өзгөчө конструкциялык элементтер менен жасалышы мүмкүн;
жабуу - имараттын чектеш бөлүктөрүн бийиктик боюнча бөлүп турган, ички горизонталь жабуучу конструкция. Жабуулар арналышы боюнча: кабаттардын ортосундагы жабуу, жертөлөнүн үстүндөгү жабуу жана чатырдын жабуусу деп бөлүштүрүлөт;
жасалгалоочу материалдар - имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоону жакшыртуу, эстетикалык сапаттарын, атмосфералык жана башка таасирлерге туруктуулугун арттыруу максатында колдонулуучу курулуш материалдары жана буюмдары;
дубал - имараттын тикесинен тосуп жана тиреп туруучу конструкциялык милдетти аткарган бөлүгү. Дубалдар ички жана сырткы деп бөлүнөт;
пайдубал - имараттын же курулмалардын жер астындагы же суу астындагы бөлүгү, таяныч болгон жер кыртышына келүүчү салмак пайдубал аркылуу берилет. Пайдубалдар түркүк, кессон түрүндө, жер таман, тереңдеги тирөөчтөр жана адаттагы болот;
терезе - жарык кылуу, күндүн жарыгынын тийиши, желдетүү үчүн имараттын сырткы дубалдарындагы оюктар;
каалгалар арналышы боюнча сырткы, тепкичтен бөлмөгө кирүүчү каалга, ички шкафтык каалга, чатырдын каалгасы, жертөлөнүн каалгасы ж.у.с., ошондой эле атайын каалгалар болуп бөлүнөт;
санитардык-техникалык жумуштар - имараттын жылытуу, желдетүү, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу түтүктөр жана канализация системалары менен байланышкан жумуштар.
Турак жайдын айрым элементтеринин анын наркына пайыздык катышы (жеке менчиктеги үйлөр үчүн):
1-таблица
Турак жайдын айрым элементтеринин аталышы | Турак жайдын жалпы айрым элементтеринин анын жалпы наркына пайыздык катышы (%) |
Пайдубал | 10 |
Пол | 15 |
Дубалдар (ички жасалгасы) | 30 |
Толтурулган боштуктар (каалгалар, терезелер) | 15 |
Жабуу | 10 |
Чатыр | 10 |
Тышкы жасалга | 10 |
Баардыгы | 100 |
Турак жайдын айрым элементтеринин наркынын имараттын наркына пайыздык катышы (квартиралар үчүн):
2-таблица
Турак жайдын айрым элементтеринин аталышы | Турак жайдын айрым элементтеринин наркынын имараттын жалпы наркына пайыздык катышы (%) |
Пол | 20 |
Шып | 20 |
Дубалдар (ички жасалгасы) | 30 |
Толтурулган боштуктар (терезелер, каалгалар) | 15 |
Инженердик, сантехникалык жабдуулар | 15 |
Баардыгы | 100 |
Турак жайдын жалпы аянты жана анын бузулган бөлүктөрүнүн жалпы аянтка карата пайызы аныкталат. Камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасы камсыздандыруу суммасын турак жайдын бузулган бөлүктөрүнүн пайызына жана айрым элементтердин наркынын пайыздык катышына көбөйтүү менен аныкталат.
Шaap жериндеги жеке менчик үйлөр үчүн камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн мисалдары:
№ 1 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруу объектиси | Шаардагы турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бүткүл үйдүн ички жасалгалары бузулган: ички жасалганын 100% |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 300000 сом (1000000 х 30%) |
№ 2 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруу объектиси | Шаардагы турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бир бөлмөнүн ички жасалгасынын айрым бөлүгү бузулган: - ички жасалганын бөлүгү катары турак жайдын бардык дубалдарынын аянты эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 54 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын пайызы: 20% (54 х 100 / 270) |
6 | Орду толтуруу суммасы | 60000 сом (1000000 х 30% х 20%) |
№ 3 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруунун объектиси | Шаардагы турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Турак үйдүн дубалдары жарылып, ички жана тышкы жасалгалары бузулган: - жасалганын бөлүгү катары турак жайдын тышкы дубалдарынын аянты эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - жасалганын бөлүгү катары турак жайдын ички дубалдарынын аянты эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - тышкы дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 15 м2 (шарттуу түрдө); - ички дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 35 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган тышкы дубалдардын пайызы: 5,7% (15100/270); - бузулган ички дубалдын пайызы: 13% (35 х 100 / 270) |
6 | Ордун толтуруунун суммасы | 44700 сом (1000000 х 10% х 5,7% + 1000000 х 30% х 13%) |
№ 4 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруунун объектиси | Шаардагы турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы: | Үй адамдардын андан ары жашоосу үчүн жараксыз |
6 | Ордун толтуруунун суммасы | 1000000 сом |
Айыл жериндеги жеке менчик үйлөр үчүн камсыздандыруунун ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн мисалы:
№ 1 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруунун объектиси | Айыл жериндеги турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Үйдүн ички бүткүл жасалгалары бузулган: Ички бүткүл жасалганын 100% |
6 | Ордун толтуруунун суммасы | 150000 сом (500000 x 30%) |
№ 2 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруу объектиси | Айыл жергесиндеги турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бир бөлмөнүн ички жасалгасынын айрым бөлүгүнүн бузулушу: - ички жасалганын бөлүгү катары турак жайдын бардык дубалдарынын аянты эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 54 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын пайызы: 20% (54 х 100 / 270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 30000 сом (500000 х 30% х 20%) |
№ 3 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруу объектиси | Айыл жергесиндеги турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Турак үйдүн дубалдары жарылып, ички жана тышкы жасалгалары бузулган: - турак жайдын тышкы дубалдарынын аянты жасалганын бөлүгү катары эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - турак жайдын ички дубалдарынын аянты жасалганын бөлүгү катары эсептеп чыгарылат: 270 м2 (шарттуу түрдө); - тышкы дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 15 м2 (шарттуу түрдө); - ички дубалдардын оңдоо зарыл болгон аянты эсептеп чыгарылат: 35 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган тышкы дубалдардын пайызы: 5,7% (15100 / 270); - бузулган ички дубалдардын пайызы: 13% (35 x 100 / 270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 22350 сом (500000 х 10% х 5,7% + 500000 х 30% х 13%) |
№ 4 мисал
№ | Аталышы | Сүрөттөлүшү |
1 | Камсыздандыруу объектиси | Айыл жергесиндеги турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Үй адамдардын андан ары жашоосу үчүн жараксыз |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 500000 сом |