Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2016-жылдын 2-февралы № 49
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммаларынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи 2-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруунун суммасын эсептөө методикасы 3-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүлөрүнүн тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актыларды иштеп чыксын.
3. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун убактылуу эрежелеринин колдонуу мөөнөтү 2017-жылдын 1-февралына чейин белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 16-февралында N 16 жарыяланды
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Т.Сариев |
2-тиркеме
Бир турак жай үчүн жылдык камсыздандыруу сый төлөмү базалык камсыздандыруу тарифин камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө көбөйткөнгө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,12 пайызга барабар.
Эсептелинген базалык тариф жылдык болуп саналат.
Камсыздандыруу келишими боюнча минималдык камсыздандыруу суммасы турак жайдын жайгашкан аймагына жараша болот жана камсыздандыруу суммаларынын белгиленген минималдуу өлчөмдөрүнөн аз болушу мүмкүн эмес:
- шаар жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү - 1000000 сом;
- айыл жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү - 500000 сом.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Өрттөн жана табигый кырсыктардан турак жайларды камсыздандыруунун убактылуу эрежелерине ылайык калктын социалдык аялуу катмарларына тийиштүү жеңилдиктер берилет.